Акылманга аян болду

Кыргыз  эл  жазуучусу  Калканбай  Ашымбаев – 80  жашта

-Кадырлуу Каке, сексен жылдык мааракеңиз кут болсун. Сизди көргөндөр алтымышта болсо керек дешет. Жаштыкты сактагандай кырчоо көрүнүштүн сыры неде?
-Бул жөнүндө жаштар собол салганда айтканым бул: “Чылым чекпедик, чийинден сырт кетпедик, шарап ичпедик, шапар теппедик, айлуу түндө адашпадык, аягы суюктарга жанашпадык, өлчөп жеген өмүр табат, ачуусун тыйган алыска барат. Дене кумарын баскан — булбулу сайраган ачык асман!”-десем, бир улан: “Оуу, ата, сиздин айтканыңыз боюнча жыргал жок тура, анда жашап кереги эмне?”-дейт. Ээ, уулум жыргалдын түбү жалаа болот, он мекияндуу короз сегиз жылга зорго барат, бир бактеги менен көгүчкөн элүү жылдык өмүр табат. Бул экөөнү айра албаган жашоосун шорго малат десем, ата, ушул кебиңиз депутаттарга жетсе болмок экен дешет…

-Ардактуу, Каке, жашыңыздан бери такыба, каниетчил, акыйкатчыл, талбаган мээнеткеч болуп өсүшүңүзгө эмнелер таасир этти деп ойлойсуз?
-Мен, токчулук жылында төрөлүпмүн. Отузунчу жылкы ачарчылыктан тентип келген Каркыралык казактар күзүндө элине кайтып баратканда чоң энем алардын алдын тосуп, жентек жегиле, жалгыз уулум эркек балалуу болду деп балбалактап сүйүнүптүр.

Жентек жегендер: “Небереңиздин ысмы коюла элек болсо, биз койсок макул табаар белеңиз?-дейт карысы. Андай аттуу күн кайда, меймандарым, дегенде карыя:

-Казакта калкам деген сүйүктүү сөз бар. Эл, журтка сүйкүмү арткан – Калкамбай болсун,-дешет. Ошентип менин атымды казак агаиндер азан чакырып, атап кетишиптир.

— Каке, демек адамга берилген ат да баланын жаш кезинен баштап, чыйрак, сезимтал, көргөндүн ичин жылыткан адам болуп жетилишине көмөк этерин көптөгөн аңыз-санжырадан эшиткен элек. Көрсө…
-Адамга берилген ат аны өмүр бою жакшылыкка багыттап жүрөрүн тарыхый дастандарда айтылат. Экинчиден, баланын өнүп-өскөн чөйрөсү, ата-энеси көп көмөк этери айдан ак эмеспи. Чоң энем Ашпак кызы Мария: “Карааным жалгыз жаның бар. Элдин батасына тун”,-деп кары-картаңдын жумушуна жибере турган. Ошентип, мен бир эле ата-энеден таалим-тарбия албай, көптөгөн үй-бүлөнүн отуна жылындым, жан дүйнөмө баталарын азык катары урундум. Тил алчаак, илбериңки өсүп, көпчүлүктүн иши менин ишимдей сезилди.

Экинчи бир тарыхый жагдай: Улуу Ата Мекендик согуш маалында чоңдорчо күч бердик. Биздин балалык күндөр, жаштык курак Ата Журтка эмгек этүү менен өткөнүнө, ошол учурда болоттун куймасы сымал калыптанышыбызга сыймыктанабыз. Биз Сталиндик духта тарбияландык, бул дух күнү бүгүн элдик ишке талпындырып, мүлдө жаштарга акыл айткызып, бата бердирип келет. Отуз бешке толо элек жашымда 1946-жылы 26-мартта “Улуу Ата Мекендик согуш (1941-1945-жылдарындагы) эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланганым күнү бүгүн ар мүнөттү баш көтөрбөөгө үндөйт. “Сокмо көйнөкчөндөр” аттуу повестим ошол жеңишчил күндөрдү баян этет.

-Баса, сиз математик болуп, сабак берип жүрүп, кай себептен адабият майданына аттап өттүңүз?
-Ырас, мен жазуучулукка оойм деген ойдон оолак элем. Элүүнчү жылдын алдында Сары-Камыш орто мектебинде окуп жүргөндө Мукулуй аттуу агай: “Сен, мыкты математик болосуң, Фрунзеден оку”,-деп кеңешин берди. Элүүнчү жылы эл мыктап тоюна элек кези. Атам Мамбеталы: “Кайырма-Арыктан туруп, картошка ыргытсам Караколдон тосуп аласың”,-деп муютту. Ошентип Караколдогу мугалимдер институтунун физика-математика факультетин ийгиликтүү бүткөн соң Нарын областынын Кочкор районунун мектептеринде математика мугалими болуп жети жыл эмгек эттим. Педагогикалык окууларга катыштым. Баса, нак ошол Кочкор өрөөнүн жазсам дегенде ак эткенден так эттим. Республикалык басма сөздөргө ырлары чыгып, элге дайын  болгон мугалимдер бар экен. Аларга караганда менин тилим элпек өңдөндү. Байкеев Төлөмүш, Мамытов Төлөмүш экөө менен сырдаш болуп жүрдүм. Күндөрдүн биринде болгон окуяларды жазсам “Жаш Ленинчи” журналына “Атасы айыктырды” деген сатиралык аңгемем, “Мугалимдер газетасына” “Домкраттуу Дардаңбек” деген пьесам жарык көрдү. Ошол күндөн адабият түн түшүмдөн кетпеди. Горькийдин “Адабият жөнүндөгү” томдугун окуйм. Айтор, кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын калтырбадым.

Экинчи бир жагдай, “Ленинчил жаш” газетасына фельетон, сатираларым арбын чыкты. Редакцияда иштейин десем, редактордун орун басары Токтомуш Баетов дароо буйрук чыгарып, адабий кызматкер болуп калдым. Бул мага журналистика жана көркөм адабияттын каалгасын ачууга шарт түздү.

-Адабиятка сүңгүп киришиңизге кимдер тушооңузду кесип, көмөк этишти?
— Айрыкча алтымышынчы жылдардын алды жана үстүндө өзгөчө бир сыйкырлуу көрүнүштөр кездешти, таланттуулардын кешигин ичкен жайым бар. Оболу колума элүүнчү жылдын этегинде “Өмүрдү узартуунун маңыздары” деген үч профессордун биргелешкен эмгектери кыргызчага которулуптур. Тамеки, ичимдиктер, аял, соргоктук, ачуулангандык, кыймылсыздык, спорттон оолактаган өмүр жөнүндө беш-алты бөлүмдөн турган илимий кеңештер жазылган. Булар көкүрөгүмө жат болуп, андан карыш узагыс болдум. Күнүгө жүгүрүп, гимнастика ойноп, денени чыңай бердим.

Экинчи дем – жаш жазуучулардын республикалык тунгуч жыйыны өткөрүлдү. Докладды “Ала-Тоо” журналынын башкы редактору Касым Каимов жасады. Ал алтымышынчы жылдын башында такшалган таланттуу жаштардын тобу өсүп чыкты деп, бир топторду атап өтүп:

-Чеховдук маанайда жазган Калканбай Ашымбаевдин “Түйүлгөн топурак” аттуу аңгемеси анын келечектүү жазуучу болорлугунан кабар берип койду-деди. Мына ошол жылуу сөз менин өзүмдүн талантыма, эмгегиме толук ишенимди бекемдеп койду. Ошондон баштап Касым Каимов устатым болуп калды. Үчүнчү жагдай. Элүү тогузунчу жылдын август айынын орто ченинде газетаны чыгарышып жатып, Букиникалык китеп дүкөнүнө кире калсам Түгөлбай Сыдыкбеков атабыз орто кылымдын улуу ойчулу Бекондун эки томдугун алып олтурган экен. Саламдашкандан соң: “Аба, философиядан окуйт экенсиз го” деген осол собол салсам болобу. Абабыз мени бир карап алып:

-Эгер, сен, философияны казып окуп, аны жан дүйнөңө азык этпесең жазгандарың мазмунсуз, супсак, ойсуз шылдыр суу болуп калат. Өзүң басмырт, уяң мүнөз күткөн иним экенсиң, эч качан атак-даңкка азгырылба да байлыкка умтулба. Антпесең, көөдөнүңдө сайрап турган бир нерсеңди учуруп коесуң. Анда сыйкырың качат. Ушул сөз көөдөнүмө уюду белем.

Ошол жылдары “Байыркы Грек акылмандарынын адабият жөнүндө айткандары” деген китеп колума тийди. Окусам, байыркы Грек жазуучулары оболу философиялык мектептен өтүп жүрөгүн аруу тутушуптур. Көрсө, көөнөрбөс сөз тунук дилден агылат белем. Демек, Түгөлбай абабыз деле кеменгер белем.

-Сөзүңүзгө аралжы, Сизге элүү тогузунчу жылдары ак калпактуу карыя жолугуптур деген кепти айтып жүрүшөт. Ушул окуяны чечмелеп берер бекенсиз?
-Элүү тогузунчу жылы сентябрь айынын аяк ченинде “Ленинчил жаш” газетасынын кабарчысы катары алгач ирет Жалал-Абад областына чыгармачыл сапарга аттандырды. Өмүрүмдө биринчи жолу “ЯК-40” самолетуна түшүп учушум. Эми, ошол кездеги сезимди бийлеген кыялды айтыш кыйын. Булуттун үстүндө калкып баратканда Жалал-Абад базарына тийе өтүш керек деген ой туулду. Самолет конгон соң конок үйүнөн жай алдым. Бир аз шам-шум эткен соң базарга жөнөдүм. Аларым деле жок, базарда эл аз. Кыдырып баратсам, ак кийиздин үстүндө ак калпакчан, мүлдө ак кийинген, ак сакалы көкүрөгүн жапкан, улгайган адам олтурат. Мен андан көз албай, чукулдап барып салам айтаарда, ал:

-Ассолоому алейкум, — деп жиберди. Жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Муунум калтырап:

-Ата, мен салам айтаарда озунуп жибердиңиз, — дедим.

-Озунуп салам берген, сооп табат, — деди.

Алдында анча-мынча буурчак, жаңгак жатат. Мен ал атаны базарга олтурушка ыраа көрбөдүм.

-Ушуларды мен алсам, сиз, бул жерге олтурбай эле койсоңуз болобу?-дедим.

-Уулум, мен өмүр бою эл менен жашап келем. Бир маал келип элди көрүп, ыракат алам,-деди.

Мен кетишке камынып, кош айтыштым. Муунумдун калтырагы тарай элек болчу.

-Эсен жүр, уулум, — деп батасын берди.

Бир аздан соң базарга барсам, алиги ак кийинген, ак кийизде олтурган карыя жок экен. Бул көрүнүштү эч кимге айтпадым. Бирок алтымышты аралаганда “айланайын” деген сөз оозума кирип, көрүнгөнгө озуна салам айтып, бата бере баштадым. Эми ойлосом: “Адамдардын жан дүйнөсү жакырланган кезде элдик нарк-салтты ала жүрүп, аларга таалимчи болосуң”-деген сыйкырдуу белгидир деп кетем.

Сүйүнбай Эралиевге айтсам, Чыңгызга да эшекчен чал кезиккен тура. Айтор, ааламда бир зор күч бар экени чындык. Батаңды берип аман жүр деди.

-Сиздин калемден сөз кунары, ой булагы оргуштап турат. Айрыкча сөз байлыгына кантип жеттиңиз?
-Атам Мамбеталы Ашымбаев «Манас» үчилтигин түгөл билген чечен, ойчул адам эле. Андан оошкондур. Айылыбызда Кайдуу, Бөкөл, Ыймамолдо, Коңурбай, Ырыскулу, Курман, Улактын уулу Орозобай чечен өңдүү алп жомокчулар, санжырачылар өткөн. Алардын кешигинен жуккандыр. Улуу Ата Мекендик согуш маалында карыларга элдик кенже эпосторду, акындардын ырларын шар окуп берчүмүн. Алардан көрөңгү күткөндүрмүн. Сөздүк да түзүп жүрдүм. Күнү бүгүн да сөз казынасына үңүлө берем. Ата-баба мурасы – сөз! Жогоруда айттым го философтордун чыгармаларын калтырбадым.

-Жыйырмадан ашык роман, повесттериңиз бар экенин билебиз. Ошолордун ар бири кандай илхамдан улам жарык көрдү?
-Менин чыгармаларым зарылдуулуктан улам жаралып келет. “Интергельпо” романым биздин өкмөт 1970-жылдары Кыргызстандын оор жана жеңил өнөр жайларынын өсүшүнө зор салым кошкон Чехословакиялык интернационалдык достук жардамын түптөп, ишке ашырган жумушчулар жөнүндө жазуу керек экендигин жазуучуларга милдет катары такты. Ошол учурда “Кыргызстан маданияты” жумалыгынын редактору Касым Каимов демилге көтөрүп, чыгармачыл топ менен акылдашып туруп, аны жазуу милдетин мага тапшырышкан. Мен он жыл бою изилдеп олтуруп, “Интергельпо” романын жараттым. Учурунда он миң нуска менен басылган… Ошондой эле “Даанышман”, “Теңиз жан”, “Академик өмүрү” роман, повесттерим да өтө зарыккандан улам жарык көрдү.

“Чалдарында бата жок, балдарында ата жок заман келбегей эле”,-дептир Арстанбек. Бата бере албагандар көбөйгөндө “Батакөй чалды” жаздым. Энелер молдого барып, тумар чийдирип алгандарын көрүп, “Бой тумар” аттуу 300 акыл-насааттан турган китеп чыгардым. Акыл кемип, ой жакырланып турган чакта “Акылмандын каухар таш” жаралды. Айрыкча ушул үч китеп, колдон колго өтүп окулууда. Улуттук радионун алтын казынасына коюлду.

Маектешкен Карбалас БАКИРОВ, «Эркин-Тоо», 29.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий