Гүлсана Сарногоева: «Атама ичи күйгөндөр менен жолугуп, баарлашкым келет…»

«Мен Киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Кылган иш, ырым менен кубантсам дейм
Кыргызды, кыргыз сүйгөн замананы»
— деп өз ырларында жатык тили менен кыргызды, элди, жерди, мекенди даңазалап, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган эл акыны Байдылда Сарногоев көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Аз жашаса да, артында калган эмгеги опол тоодой инсанды канча эскерсек да, даңазаласак да аздык кылат. Төмөндө акындын кызы Гүлсана Сарногоева менен эскерүү маекке орун берсек.

— Өзүңүздү улуу акындын кызы катары биринчи жолу туюнган учур эсиңиздеби? «Мен акындын кызымын» деген көкүрөк толтурган сыймыктануу сезими сизде качандыр бир учурда пайда болгон чыгар?
— Мени бир жашымда Ысык-Көл областынын Түп районунун Талды-Суу деген кереметтүү кыштагында жашашкан таята, таенем багып алышкан. Ошондуктан, атам менен болгон биринчи жолугушуумду баяндап берейин. Менин беш жашка чыгып калган курагым эле. Бир күнү кошуна Аралкан аттуу эже: «Сүйүнчү, Зина, акын күйөө бала балдары менен келе жатышат, тосуп алгыла» — деп чуркап келди. Ошондо мен «акын күйөө бала» деген сөз келе жаткан кишинин аты-жөнү го деп ойлогом. Анан акырындап «АКЫН» деген сөздүн маанисин таятам менен таенем түшүндүрүп беришкен. Ошентип, беш жарым жашымдан баштап бул сөздүн маанисин билгем. Ал эми атамдын кандай адам экенин, кандай акын экенин 8 жашка чыкканымда биринчи жолу Фрунзе шаарына жайкы каникулга келгенимде байкагам. Бир күлкүлүү окуя эске түштү. Биринчи жолу мени Фрунзеге Айна таежем алып келген. Бир убакта килейген үйдү көрсөтүп: «Мына, жеттик, ушул үйдүн ичинде эже-жездең (мен 18 жашыма чейин ата-апамды «эже-жезде» деп атап жүрдүм) жашайт» — деди. Ошондо мен эже-жездемдин килейген үйү бар экен деп, үйдүн ичине киргенимде эле чуркап, ар бир эшикти каккылап «эже-е, жезде-е» деп баштагам. Анда таежемдин: «Жок, бул эшиктер башкалардыкы, эже-жездеңдики болгону кире бериш бир эшиги бар» — деп айтканы эсимде. Көрсө, ата-апам 4-кабатта эки бөлмөлүү квартирада жашашчу экен. Тактап айтканда, үйү «Манас» театрынын жанындагы «Онежская» аттуу көчөдө болчу. Кийин шаардын мэри төрт бөлмөлүү квартира бөлүп берип, Совет (азыркы Абдырахманов атындагы) көчөгө көчүп келишкен.

Сөзүмдү атама бурайын, ошентип эки ай каникулдун ичинде бир топ нерсени көрүп, ошону менен бирге атамдын кандай адам экендигин байкай баштагам. Атамдын кез-кезде колуна дептер кармап, жазып жатканын байкап калчумун. Анан балконго олтуруп алып, асманды ойлуу тиктеп олтуруп калчу эле. Биз кичине балдар балконго чыга калып ойнойлу десек: «Тиги жакка барып ойноп тургулачы, азыр ойлонуп жатам» — деп калчу. Көрсө, «кандай ыр жазам?» — деп кыялданып олтурган убагы болчу турбайбы. Ошентип, атамдын акын экенин, эл жөнүндө, туулган жер жөнүндө жазганын билип, кубанычта болгом.

— Эл акыны үй-бүлөдө кандай ата эле?
— Атамдын мүнөзү абдан жумшак болчу. Көп сүйлөчү эмес, көбүнчө радио угуп, гезит окуп, анан комуз чертчү. Кез-кезде апам менен олтуруп алып: «Айылдын ары жагында, Алмалуу бактын жанында…» — деген ырды комуздун коштоосу менен абдан берилип ырдап калышчу. Мен жайкы каникулга эки айга келип кетчүмүн. Бизге (беш бир тууганбыз) мамилеси абдан жакшы болчу. Ал эми апам экөө кез-кезде үй ичиндеги, үй тышындагы маселелерди кантип чечүү тууралуу ар кандай ой-пикирлерин ортого салышып, эгер пикирлери келишпей калышса, уруша да кетишчү.

— «Атаңды көргөн өлбөсүн» деп коюшат эмеспи, жакын достору кимдер?
— Кичинекей чагымда мен көрүп-билип калган атамдын акын достору: Сооронбай Жусуев, Өскөн Даникеев, Абдылда Белеков, ыраматылык Совет Урманбетов, Мукамбеткалый Турсуналиев, Жанболот Абдраимов… Чоңоюп калган кезимде атамдын достору, инилери сынчы Кадыркул Даутов, акындар Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов, Кыялбек Урманбетов, анан да атамды сыйлаган, ардактаган эң көп адамдар: Болот Шерниязов, Накен Касиев, Алканов, сүрөтчү Кожон аттуу адам, айтор, баарын санап олтурса, узара берет. Ушул адамдар атамды майрамы менен куттукташып, же демейдеги күндөрдө жөн гана келип турушчу. Журналисттер телефон чалышып, ал-акыбалын сурап турушчу. Область, райондордон кишилер келип-кетишчү. Атам аларды көрүп кубанчу, алар атамды көрүп кубанышчу. Мен бул адамдардын баарына ыраазымын.

— Жакын досторунун ичинен агайдын чыгармачылыгына көз артып, ичи күйгөндөр бар беле?
— Эми сиз ушундай суроо берип жаткандан кийин, айтпай кетпеске болбойт. Мен жакын досторунун ичинен андайды байкаган эмесмин, бирок, чогуу иштеген бир-эки акындын атама ичи күйүп жүрөт дегендерин кээ бир кишилерден өз кулагым менен уккам. Мен чындыгында, ушакты жактырбайм. Өз көзүм менен көрмөйүн, өз кулагым менен укмайын, чынбы, калппы, ашыртып айтып жатабы, билбейсиң да. Ошондуктан, мен ошол «ичи күйдү» деген кишини өз көзүм менен көрүшүм керек деп, атамдын көзү өтүп кеткенден бир топ жылдан кийин өзүнө кезиктим. Албетте, «баланча киши сиз жөнүндө айтты эле» деген жокмун. Ал кишинин чыгармачылыгы жөнүндө сүйлөштүм, мага жакшы мамиле кылып, атам жөнүндө жакшы ой-пикирин айтты. Ал кишинин ырларын да окугам, мага көп ырлары жакты, анан ичимден «атама ичи күйгөн кишиге окшобойт» деп ойлоп калдым. Дагы бир аксакал («ичи күйдү» дегендердин экинчиси) акын агам бар. Ал киши менен да жолугуп көрөйүн деп жүрөм, аны менен да сылык сүйлөшүп, атам жөнүндөгү ой-пикирин билгим келет. Бирок, ачыгын айтканда, кайсы гана тармакта иштебесин, бирөөлөр чоң даражага жетип, эл-журтка жагып, сый-урматка ээ болуп баратса, аларга ичи күйбөй эле, тескерисинче, жөлөк болуп, урмат-сый көрсөткөн туура эмеспи!

Баса, бир нерсени көп жылдан бери ачык айтам деп айталбай жүрөм. Кээ бир кишилер атамдын кумири болгонунанбы же билбейм, эмне үчүн ошондойго барышты. Атамдын ырларын абдан жаттап алышып: «Мен Байдылдамын» деп элди чогултушчу экен да, анан айтып беришчү экен. Бир күнү мага бир таанышым: «Бир кишини көрдүм: «Мен Байдылда акынмын!» — деп элге ырларды окуп жатыптыр. Анан менин жиним келип, экинчи андай кылбаңыз дедим»- деп айтып келди. Кээ бир адамдар атамдын жазган ырларын өзүлөрүнүн ыры кылып, айтып жүрүшөт дешет. Бир жолу атама айтсам: «Мейли, айтып жүрүшсүн, мен ырларымды эл үчүн жазгам, эл менен кошо жашасын» — деп жооп берген. Ал эми кээ бирөө «Байдылданын ыр саптары» дешип, өзүлөрү чыгарып алып, айтып жүрүшкөнүн эшиткеним бар. Андай жердештерим менен макул эмесмин. Анткени, өзүлөрү деле таланттуу акындар деп ойлойм, тайманбай эле өзүлөрүнүн атынан айтышканы оң болмок.

— Үй-бүлөдө салтка айланган майрамдар? Мисалы, туулган күндөрдү кандай өткөрчүсүздөр?
— Менин туулган күнүм 9-июлда, так эле жайкы каникул убагында болгондуктан, Фрунзе шаарынан ата-энемдин үйүнөн өткөргөн күндөрүм болгон. Абдан жакшы өтчү, ал эми чоңоюп, мектепти бүтүп, бир жолу ата-энемдин колуна келгенимде майрамдын баарын чогуу өткөрчүбүз. Айт күнү, аялдардын эл аралык күнү, эркектердин 23-февралдагы күнү, 1-май эмгекчилердин эл аралык күнү, жалпысынан бардык майрамдарды көңүлдүү өткөрчүбүз.

— Турмушта эмнеге кейичү?
— Атамдын кейип жүргөнүн байкап калчумун. Негизи атам ичинде болгон кайгысын, эмнеге кейигенин оңой менен тышка чыгарчу эмес. Мүмкүн эмнеге кейигенин апама, анан абдан ынак сырдаш досторуна айтып берсе керек.

— Эмнеге сүйүнчү?
— Атамдын сүйүнгөн убактары көп эле болгон. Бир мисал, ыраматылык Баястан байкем 13 жашында Фрунзедеги мектептер арасындагы шахмат боюнча мелдештен биринчи орунду алып келгенде атамдын кубанычын айтпай эле коёюн. Атам кез-кезде жер кыдырып, эл менен жолугуп, ырларын окуп берчү. Ошондо барган жерлердин баарына суктанып, үйгө кайтып келгенинде сүйүнүчүн биз менен бөлүшүп, бизге маек куруп берчү. Атам менен кошо биз да сүйүнүп калчубуз.

— Элибизде кыргыздын улут катары бийиктигин Байдылда Сарногоевтей жеткилең бере алган акындар саналуу. Анын ырлары бүгүнкү күндө да абдан актуалдуу, элибиздин чыныгы мекенчил жарандарынын демине дем кошуп турат. Ал балдарын бул багытта кандай тарбиялай алды?
— Атам-апам бизди жакшы тарбиялады деп айтып кетсем жаңылбайм. Менин түшүнүгүм боюнча мекенчил деген сөз — өз элин жерин, тилин сүйүүдөн тышкары адамдарга жакшы, сый мамиле жасоо. Атам бизге — балдарына жериңди, элиңди, тилиңди сүйүп, ошону менен бирге башка улуттардын тарыхын, маданиятын билгенге аракет кылгыла, алардын динин, тилин сыйлагыла дечү. Атам альтруист киши болчу.

— Байдылда агайдын ырларынын тузу куйкум сөздү эбин келтире колдонгон чеберчилигинде эмеспи. Ал турмушта да тамашакөй адам беле?
— Тамашаны абдан аз айтчу. Бирок, тамаша айтканда баарыбызды абдан күлдүрүп, укмуштай сонун айтчу. Каалаган кезинде ыр менен да айтып жиберчү. Баса, атам жөнүндө жана башка таланттуу адамдар жөнүндө «күлкүлүү, тамашалуу анекдотторду айтып жүрүшөт» деп мага жеткиришкен. Ал анекдотторду ойлоп тапкан автор менен жолугайын деген жакшы оюм бар.

— Учурда мекенден алыста жашайт экенсиз? Кыргызстанга кайтып келүү тууралуу оюңуз барбы?
— Менин чет өлкөгө кеткенимдин өзүнчө чоң себеби бар. Кайра куруудан мурун атам китептеринен түшкөн абдан көп акча каражатын сактык кассасына «карып калганда мага, байбичеме, балдарыма керек болот» деп салдырып койгон. Анын баары күйүп кетти. Бир тыйын алган жокпуз. Почтада иштегендер чындыгында «акчаларыңарды алгыла, долларга алмаштыргыла» деп кабар беришкен. Мен ошол кезде кино тармагында америкалыктар, италиялыктар менен иштеп жүргөм. Шашпай кино бүткөнгө жакын калганда алмаштырам деп жүрүп, убагын өткөрүп жибергем. Күнөө, албетте, менде. Айлам кетти, ата-энемдин алдында уят болдум. Бишкекте иштейин десем, иш жок (кайра куруу убагы башталганда көп адамдар ишсиз калбадыбы), эмне кылаарымды билбей олтурсам, «Келечек» киностудиясынан мага үч айга Италияга барып келүүгө документтеримди даярдап беришти. Ошентип, Италияга кетип калдым. Кооз жерлерин кыдырып, ошону менен бирге иштеп, үйгө акчалай жардам бере баштадым. Чындыгында, эгер турмушта болбосом, Кыргызстанга кайтып келет элем, бирок, жолдошумду кыйбайм. Жолдошум Паоло дурус адам, мени, апамды, бир туугандарымды, маркум атамдын арбагын сыйлайт. Мен өтүп кеткен жакындарыма куран окуганымда калпак кийип олтуруп, алаканын жаят. Италияда «ERAIYM» аялдар коомунун Европа боюнча башкы кеңешчиси болуп үч жыл иштедим. Бир жигитибизге Рим шаарындагы Киноакадемияга өткөнгө жардам бердим. Кээ бир эл аралык конференцияларга катышкан жердештериме котормочу болуп жүрдүм. Азыркы убакта Рим шаарындагы телевидениеге кез-кезде барып иштеп турам. Жыл сайын үйгө барып-келип, кат жазышып, телефон аркылуу сүйлөшүп турам, бирок, ошого карабастан, апамды, бир туугандарымды, кыргыз жерибиздин кооздугун, абасын күн сайын эстеп, сагынып турам.

— Быйыл эл акыны Байдылда Сарногоев агабыз 80 жашка чыкмак. Бул мааракени өткөрүүгө карата республикалык деңгээлде көңүл бурулдубу?
— Атамдын 80 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде өткөрөбүз деген, өкмөт тарабынан кол коюлган. Бирок, бир гана атам эмес, андан тышкары дагы 30га жакын киши бар экен. Той өткөрүүгө бир топ акча каражаты кетээри баарыбызга эле белгилүү эмеспи. Өлкөбүз экономика жагынан кыйналып турган кези, ошондуктан, мен экономика каатчылыгы болуп турганда кантип атамдын тоюн өткөрөбүз дешкен деп абдан ойлоном. Өкмөт башыларынын, элдин астында өзүмдү бир чети ыңгайсыз сезсем, бир чети атамдын талантын, арбагын сыйлап жаткандарына абдан ыраазымын. Эгерде чыгармачыл адамдарга арналган атайын ачылган фонд болсо, Бишкектин бир көчөсүн атамдын атынан коюшса, бир гана биз — үй-бүлөсү гана эмес, атамдын чыгармачылыгына баа берген жалпы эл кубанычта болушмак.

Даярдаган Г.Турдалиева
(Баарлашуу «Фейсбук» аркылуу жүрдү. Бишкек- Ангвиллара-Сабация/Италия.),
“Майдан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 29.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий