«Манасчыларды акчага байлап салабызбы?»

Чексиз көк асмандай, чалкып жаткан океандай болгон «Манас» темасын айтып да, жазып да бүтө албайсың. Ошентсе да бүгүн манасчылык касиет, кайыптар дүйнөсү, жакын арада өтө турган (миллион сом сайылган) манасчылардын конкурсу тууралуу кеп козгоп, манасчылар Талантаалы Бакчиев, Рыспай Исаков, жана Самат Көчөрбаевди, маданият изилдөөчү Индира Райымбердиеваны, Философия илимдеринин кандидаты Саветбек Абдрасуловду «чайлашууга» чакырып, кең-кесири баарлаштык.

Df: -Манасчыларды жараткан бизге жибергендей же ата-бабанын арбактары, кайыптар жибергендей сезилет. Эки дүйнөнүн көпүрөсүндөй сезилет. Деги эле манасчылардын жарык дүйнөдөгү миссиясы кандай? 

Талантаалы Бакчиев: -Совет доорунда манасчылык боюнча кайчы пикирлер айтылып келген. Манасчылыкты өнөр деп айтышат, бирок өнөрдү үйрөнүп алса болот да. Менимче, манасчылык бул касиет. Касиет жогору жактан келет. Кудайдан дейбиз, кайыптан, арбактан, табигаттан дейбиз. Манасчылыкты паралап, карызга сурап алууга, үйрөнүүгү мүмкүн эмес. Эгер үйрөнүп алса, ал манасчы эмес. Манасчылык атам замандан бери келаткан, кыргызды кыргыз кыла турган касиет, көрүнүш, кубулуш. Манасы жок кыргыз элин элестетүү кыйын. Сиз айткандай, манасчылар Манас дүйнөсү менен тирүүлөр дүйнөсүнүн көпүрөсүндөй.

Рыспай Исаков: -Биринчи кезекте касиетти тутунган адам өзү ошону тулку-бою менен сезиш керек. Анан эл баалаш керек. Ал касиетти көтөрүнүп жүргөн адам башка тургай, мактанууга да акысы жок. Анын мойнунда милдет, жүк бар.

Самат Көчөрбаев: -Айткандай, каалаган эле киши манасчы боло албайт. Учурда «манасчылык өнөрдү аркалагандар канча» десе, санай келсең уучуң толбойт.

Саветбек Абрасулов : — Манасты эл да кабыл ала турган болуш керек. Таза булак турса, аны иче турган жан болбосо, булактын кереги эмне? Манасчылар биздин байлыгыбыз. Аларды сыйлашыбыз керек. Булар эки дүйнөнү эле байланыштырбай, туура багыт көрсөткөн адамдар. Касиетти туура түшүнбөсөк, анда келечегибиз туңгуюк болоор.

Индира Райымбердиева: -Манасчылык — илимий тил менен айтканда, кайып, кубулуш. Манасчылык адамдын аң-сезимин башка дүйнө, жогорку деңгээлге чыгарган механизм. Мисалы, Саякбай атабызды айтсак, ал кайсы чөйрөдө болбосун, адамдын психикасына күчтүү таасир берген.

Df: -Жер жүзүнүн төрт тарабынан Манас аттуу ысымды, ыйык жерлерди кезиктирүүгө болот. Ушул тууралуу жана дин менен «Манастын» байланышы тууралуу пикириңиздер?

Талантаалы Бакчиев: -Манаска байланыштуу жер-суу аттары кыргыздарда эле эмес, Индияда, Түштүк Америкада, Түндүк Америкада да, Кавказда, Африканын түндүгүндө ж.б. жерлерде бар. Айтор Манас бул жалпы адамзатка таандык кубулуш болуп келген. Балким доор өткөн сайын көрүнүшүн, турпатын өзгөртүп келе бергендир. Манасты ар кандай чечмелесе болот. Жогорку акыл-эс, чыгаан инсан же адам деп, адамдын адамы, биринчи адамы деп чечмелешет. Кыргыз тилинде асмандын же кудайдын баласы деп чечмелешет. Исламга мен эч кандай терс ой-пикиримди айткым келбейт. Ислам менен биз жашап келгенбиз. Ал кыргыздын исламы болчу. Теңирчилигин, үрп-адат, салтын кошо алып жүргөн. Балакет басып, азыр биз арабдардын маданиятын кошо алып жатабыз. Же араб эмес, же кыргыз эмес, ортодо калдык. Кыргызда атасынан, агасынан мурун сакал койчу эмес. Азыр он эки жаштан кийин эле сакал-мурут кое башташты.

Df: -Тепселип, унутулуп бараткан рухий дөөлөттөрүбүздү көтөрүп чыгууга далалаттанганыбыз менен көртирлик кайра эле көтөрүп чапкансыйт. Рухий дүйнө менен көртирликтин айкашы тууралуу оюңуздар кандай? 

Рыспай Исаков: -Ар кимдин өзүнүн кабылдоосуна жараша. Биз заманга шылтап коюп, булганыч нерсеге үйрөнүп алдык. Кокус бирөө ашык тыйын берсе, аны кайтармай жок. Базар шарданына киргени кыргыздын жан дүйнөсү кыйроого учурады. Жан дүйнөсү жардыланып, жоголуп жатат. Ким бай болсо, ошону үлгү тутуп жатабыз. Рэкеттер Эр Төштүктөй баатыр болуп калды. Ууру-кескиби, каракчыбы, аны менен эч кимдин иши жок. Дүнүйө менен иши жок, адамгерчилик менен жүргөндөрдү элес албай калышты.

Df: -Манас тууралуу макала жазсаң да үстүңдү жүк баскандай кыйналасың. Манас айтып, манасчы болуунун өзү чоң жүк болсо керек?

Самат Көчөрбаев: -Биз манасчылар, өзүбүз манас айтканда эс алып, үстүбүздөгү жүктү алгандай болобуз деп жатпайбызбы. Мисалы, комузчу же ырчылар өнөрүн тартуулап жаткан учурун көзөмөлгө алып тура алат. Манасчылыкта болсо башында өзүңдү көзөмөлдөгөнүң менен акырында көзөмөлдөн чыгып кетесиң. Байыркы доорду, рухтарды көздөй аттанасың. Өзүңдү жоготосуң. Ошол эле учурда угуп жаткан адам да кандайдыр бир деңгээлде транска кирет. Ар бир кыргызда Манастын каны бар. Каны жүгүрүп турат. Манасты айтуучу да, угуучу да кандайдыр бир кубулуштарга дуушар болот.

Df: -Садык Шерниязов бир миллион сом сайып, 20-сентябрдан тарта 7 күн манасчылардын конкурсун өткөргөнү турат. Буга манасчылар арасында кайчы пикирлер жаралууда?

Талантаалы Бакчиев: -Манас деген- бул кыргыз элинин антивирусу. Кандайдыр бир кыжаалат иш же кандайдыр бир коркунучтуу окуялар болгондо кыргыздар Манаска кайрылган. Табигый кырсыктар болгондо да, эпидемиялык оорулар болгондо да, Манаска кайрылышкан. Бакыт Романов машина тапшыргандан соң манасчылар: «Мындан ары кароо-сынакты токтотолу, муну падыша же топ адам сынай турган нерсе эмес», — дегенбиз. Анан эле конкурс болот деп калышты. Манас атанын арбагын сыйлагандыктан гана катышайын деп атам. Кароо-сынакты уюштургандар конкурс кылбай эле, фестиваль өткөрүп койсо болмок. Кароо-сынак өткөрүү менен манасчыларды акчага байлап коюп атабыз. Манасчылыкта атаандашуу болбошу керек. Манасчыны устаты гана сынай алат. Эми миллионду сайып коюп, «жыйырма биринчи кылымдын Саякбайын аныктайбыз» деп олтурушат. Манасчылыкты жеке Саякбайга эле таяп койгондо Акылбекти эмне кылабыз? Чоңбаш, Чоюке манасчыларды, Тыныбек, Сагынбай манасчыларды эмне кылабыз? Бул ойлонбой жасалган иш болуп калды. Бул — Батыштын көз карашы.

Рыспай Исаков: -«Кыймылдуу киши жаңылбайт» дейт. Бул сынак манасчылардын арасындагы биринчиси да, акыркысы да эмес. Буга чейин Кошой-Коргондо, Соң-Көлдө, Бишкекте өттү. Эч кандай деле ажырымды алып келген жок. Жөн эле сыйлай берсе, бир азыраак жерин жаттап алып деле айта беришет. Бул конкурстун өзгөчөлүгү- манасчыларды узак мөөнөттө айттырып көрүү. Мен бир-эки сааттан ашык тынбай айтып көрө элекмин. Биздин бабалар күндөп-түндөп айтса, биз ошол деңгээлге жооп бере алабызбы, ошону эл угуп бере алабы, элге дагы сынак. Мен үчүн дагы кызыктуу болуп турат. Биз, манасчылар, көп нерсени шылтоо кылып олтурабыз. Эл кыдырганга шарт жок дейбиз. Мисалы, молдолор үй-бүлөсүн унутуп, даваат айтып жүрүшөт. Биз эмнеге ошенте албайбыз? Эгерде элге чыгып, кыдырып айта турган болсок, эл «Манасты» да, манасчыларды да башкача кабыл алмак.

Саветбек Абдрасулов: — Манасты эл угушу керек. Өтүп кеткен манасчылардын, азыркылардын манас айткандарын аянттан жаңыртып угузуп койсок, кандай сонун болор эле. Өзгөчө күндөрдө болсо манасчылардын төрүндөй атайын орун жасалып, манасчылар менен угуучулардын ордосуна айланса кана. Башка улуттар үчүн да өзгөчө көрүнүш болмок. Айтылган манас элибизге, жерибизге дем бермек. Биз өзүбүзгө өзүбүз дем, күч-кубат бергенди билбей жатабыз. Иреттүү багыт алсак, келечегибиз кең болот.

Индира Райымбердиева: -Менин оюмча сынак болобу, фестиваль болобу ошол иш-аракеттин жыйынтыгы коомго терең руханий таасирин тийгизиш керек. Биз азыр материалдык доордон башкача бир руханий доорго өтүп жатабыз. Ошол доорго өтүүнүн эң негизги этабы ниетти, пейилди түздөө керек.

Жамиля Таштанбекова, «Де-Факто» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий