Ысмайыл КАДЫРОВ: «Дүйнөлүк Гиннес китебин бир пиво кайнатуучу чыгарса, азыр бүтүндөй бир институт иштейт»

Ы.Кадыров китеби менен
Сүрөт http://members.vb.kg сайтынан алынды.

Жазуучулар арасында Ысмайыл Кадыровду басып жүргөн тирүү энциклопедия деп коюшат. Чындыгында эле ошондой. Эмне тууралуу билгиңиз келсе Ысмайыл агайдан сурасаңыз болот. Үч ыр жыйнактын, бир проза китептин, бир нече котормолордун, ар багыттагы энциклопедиялык китептердин автору, жөн эле балдар акыны же жазуучу эмес. Ал кенен маалыматтуу инсан. Кадыров өзүнүн бул өзгөчөлүгүн жалпы журт менен да бөлүшүп улуттук басма сөзүбүздүн тарыхында биринчи жолу кыргыз элинин Гиннес китебин түздү. Ал башкасын айтпаганда да өзүнүн ушул эле эмгеги менен кыргыз эли үчүн опол тоодой эмгек кылды.

— Агай, эл билбеген кызыктуу маалыматтарды кайдан жыйнап жүрөсүз? 
— Мен бала кезден эле жазуучулук өнөргө кызыгып, гезит, китеп көрсөм калтырбай окуп калчумун. Учурда гезит жайнап кетти. Бирок азыр деле силер баштаган негизги гезиттерди калтырбай окуйм. Журналистиканы жакшы көрөм. Бала кезде эле Ат-Башыдагы «Жеңиш жолу» деген гезитке макалаларым, ырларым чыгып жүрдү. Андан кийин 1968-жылы жазган макалам «Ленинчил жашка» чыкканда абдан сүйүнгөм. Ошондон бери эле иштеп келатам. Өзүм журналист болсом, адабиятчы болсом деген тилек менен эки жыл катары менен университеттин филология факультетине тапшырдым. Анын биринде конкурстан өтпөй калдым. Экинчи жолкусунда биринчи эле сынакта дил баяндан «4» алып калып, анан баары бир конкурстан кулайм деп документтеримди кайрып алып, кайра ошол эле университеттин механика-математика факультетине тапшырып, аны бүттүм. Бирок баары бир журналистика, жазуучулук өзүнө тартып университетте окуп жүргөндө майда-чүйдө макалаларым борбордук гезиттерге чыгып, аныма биртоп эле калем акы алып башка балдарга караганда байыраак жашадым окшойт. Окууну бүтөр замат Кыргыз совет энциклопедиясына келип алгач физика-математика боюнча иштеп калдым. Баш-аягы 1977-2000-жылдар аралыгында Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, улук илимий редактор, жетектөөчү редактор болуп иштедим. Анан жумушум мени өзүнөн өзү көп маалыматтуу инсанга айлантты окшойт. Мындан сырткары, 2000-2004-жылдары өкмөттүн аппаратында референт, эксперт, 2005-жылдан сектор башчысы болуп эмгектендим.

— Жалаң кургак маалыматтар, Ак үй, Көк үйдөгү кагаз иштери сиздин жеке чыгармачылыкка жолтоо болгон жокпу? 
— Чынында мага энциклопедияда иштегеним көп жардам берди. Мен бул жерде иштеп жүрүп көп нерсени түшүндүм. Анткени бул жерде математика боюнча эле эмес, бардык техникалык тармак боюнча, кийинчерээк айыл чарба, «Манас» энциклопедиясы, адабият, каада-салт энциклопедиясын жаздык. Бул ошо дүйнө таанымды кеңейтип бардык тармактан кеңири түшүнүк алып универсал болууга тарбиялайт экен. Анан өкмөттөгү өкмөттүн чечимдерин чыгаруу бөлүмүнө барып иштей баштадым. Бул жер редакция сыяктуу. Мында биз өкмөттүн чечимдерин, ченемдик укуктук актыларын даярдайбыз. Бизге кыргыз тилинде да, орус тилинде да келет. Басманын ишиндей эле кыргызчасын редакциялайбыз, орусчаны кыргызчага, кыргызчаны орусчага которобуз. Андыктан бул жерде да энциклопедияда иштегендей эле универсалдык мүнөздөгү сапат талап кылынат. Мында бирде билим берүү боюнча, бирде айыл чарбасы боюнча, бирде медицина боюнча, айтор ар кандай тармактагы токтом, буйрук, чечим келет. Анан албетте бул ишмердик мага чыгармачылыкта бир жагынан көп нерсени билүүгө шарт түздү, экинчи жагынан көп нерсеге жетише албай калдым. Мен деги эле атайын отуруп алып чыгарма жазайын деп убакыт бөлбөйм. Буга чейин жазган чыгармаларымдын баары жумушка баратканымда же келатканымда жазылды.

— Сиз түзгөн кыргыздын Гиннес китеби эң мыкты эмгек. Бул маалыматтарды сиз кайсы жылдардан бери топтоп келгенсиз? 
— Мен бул маалыматты качантан баштап чогулта баштаганымды деле так айта албайм. Ага чейин гезит-журналдардан, Гиннес китебинен деп которулуп басылган маалыматтарды окуп жүрүп, анан бир күнү эмне үчүн кыргыздын өзүнүн Гиннес китеби болбош керек деген ой келип, биздин деле өзүбүздүн алыбызга чак рекорддорубуз бар да деп аз-аздан маалымат жыйнай баштадым. Бул 15-20 жылдай убакытты алды окшойт. Себеби анчалык деле артынан кууган жокмун. Тапкан ар бир маалыматымды эки-үч маалымат булактарынан текшерип жүрүп отурдум. Бул эми жөн гана алгачкы дебют. Муну бара-бара чоңойтобуз. Дүйнөлүк Гиннес китебин деле бир пиво кайнатуучу киши чыгарган. Ал майда-чүйдө рекорддорду жазып, ошондон уланып кеткен. Учурда бул боюнча бүтүндөй бир килейген институт иштейт. Бизде кийин институт болбосо да бир редакция иштесе деп ойлойм. Себеби бул бир киши үчүн өтө эле чоң эмгек. Биринчиден, ал адам бош болуш керек.

— Алдыда бул китеп дагы уланат экен да.
— Уланат. Менде азыр чогулуп турган материалдар көп болуп кетти.

— Ысмайыл агай, сиздин бул китептеги жыйнаган кызыктуу маалыматтарыңызды көп эле гезит-журналдар алган булагын атабай пайдаланып келатат. Андай кемчилик бизден да кетти. Ушул маселе боюнча кечирим сурайбыз…
— Албетте, ар бир эмгек өз балаңдай болуп калат. Силерден башка ММКлар да кээде жеке эле Гиннес китебиндеги маалыматтарымды эмес балдар ырларымдын да авторун айтпай колдонуп калууда. Чынында бул капа кылат. Андыктан мен силерге жана башка гезит-журналдарга кыргыздын Гиннес китебиндеги маалыматтарды берүүдө эгер менин атымды атагыңар келбесе жок дегенде «Кыргыздын Гиннес китебинен алынды» деп жазып койгула деп өтүнүп кетет элем.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 31.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий