ПОЭЗИЯГА келаткан жолдо

Уландысы. Башы

Окууга келип калсам Малаховдордукуна келип турмак болуп сазга жеттик. Аттан түшүп жатып Малахов айтты:

– Абаң кан сорот экен э! — деди.

– Мурда сорчу, кийин асмай тартып калган — дедим мен. Малахов унчукпай шинелин кийип алып жолуна түштү. Ошондо балалыгым менен Малаховдун сөзүн түшүнгөн эмес турбаймбы.

… Күндөгүдөй үрүң-бараңдан туруп, жылкыларды айдап келип, желеге кулундарды байлап жатсам өйдөдөн, ылдыйдан эле кишилер самсып келе баштады. Аттарынан түшпөй туруп:

– О, Бөкө барсыңбы, бар болсоң бери чык, — дешип, үйдөн обочороок токтоп калышты. Абам үйдөн каадасынча чапанын желбегей жамынып чыга келип, саламдарын алик алып:

– Ие, эртелеп келип калыпсыңар, деги тынччылыкпы, — деп, баары менен кол алышып учурашты.

– Ой Бөкө, букаң бар экен. Эмгиче кууттан чыгып калыш керек эле да. Уйлар былтыркыдай болуп текши кысыр кала турган болуп турат. Чогулуп сага келдик.

– Бука зоот, асыл тукум — деди абам, – бир уйга он сом, – деп эле чорт айтып таштады. Ат минип турган немелер ээрден жалпы копшолуп кетишти:

– Кымбат го, Бөкө. Элде акча жок эмеспи.

– Ой Жанкейиш, бука асыл тукум да, — деп ишендире айтты абам.

Букадан чыгара турган ую деле жок окшойт, Коңулчу деген мурду менен сүйлөгөн совхоздун чабаны бар эле:

– Ай Бөлөкбай, кудайды бир карап иш кылсаң боло, уйларга тим эле өзүң бука болуп берчүдөй сүйлөйсүң да, он сомго Боронзого эки барып келбейминби. Асыл тукум эмес тим эле киши туудуруп берсе дагы, ылдыйла — деди Коңулчу, абама теңтушураак неме баса көктөп.

– Жок, ылдыйлай албайм — деди абам дагы көжөлөнүп. — Бука тим эле Чүйдөн келген, зоот.

Коңулчу чом токулган арык жээрдесинин тизгинин кагып бастырып баратып айтты:

– Те, кудай ырас урган тува-буканын бир бүрккөн сийдигин он сом деп… – Коңулчу дагы бирдемелерди сүйлөп, кудай билет, абамды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп кетип баратты.

Турган атчандардын бири айтты айласы кетип:

– Теле макулчу. Уйлар кысыр калбаса болду акыры, дагы кайда карайлайт элек.

Ошентип, ошо күндөн тарта Көк Букага кезмет тизмеси түзүлүп, кадимкидей эле тартип орноп калды. Күнүгө уюн жетелеп келгендер айланага толуп кетет. Кыл аркан менен өзү октолоп байлаган Көк Буканы абам улам бир уйдун аркасына алып келип: «Лү-ү-лүл, лүлүл, лүлүл, лүлүлөп» ырдап үн салып бир аз турган соң Көк Бука секирип берет. Ошондон кийин гана ээсинен акчасын алат да, абам экинчи уйдун артына барып «лүлүлөйт». Ошентип бир топ уй тейлегенден кийин:

– Силер эми, эртең келгиле бука зоругуп калды, — деп, калгандарын жолго салат. Бир жумадай ушул ишти колго алган соң абам мага айтты:

– Эми балам, ме, окууңа бар, бу буканын акчасынан, — деп, колума эки он сомдук карматты. – Сенин да жолуң бар экен — деди да, – Малакка айтпай эле кой, — деп койду.

Абакир байкем үйлөнүп, Кажы-Сайга ишке орношуп көчүп келген. Жер төлөө тамда экен алар. Көмүр жаккан кире бериш карала-торала кир экен. Көк жашыл, гүл аңкыган жайлоодон келген киши мен, киргенде эле жийиркенип, бой салалбай койдум. Ошол замат жайлоо көзүмдөн учту. Кажы-Сай өзү шиленген кызыл кумдуу чап жер эмеспи. Жайлоо менен салыштырганда ит токтой турган жер эмес. Азап мына ушундан башталды. Баскан-турган айланаң бүт шагыл. Жапырак тамдардан капкара түтүн буркурайт. Тоого эле кетким келет. Айла жок. Мектепке барыш керек. А мектепте жалаң орус. Коля деген кошуна орус бала менен алтынчы класска бир күнү бардым. Бирок көнө алчудай эмесмин. Байкеме айттым:

– Мен биерден окубайм!

Байкем айттырбай эле түшүндү да:

– Кой, Тосордон эле окучу, — деди. Мен ага анча деле сүйүнүп кеткен жокмун. Көңүлүмдөн тоолор эле кетпей туруп алды. Уктасам жылкы айдап жүргөн болом: жылгалар, Узун-Кыр, Тастар-Ата, Сары-Күңгөйлөр түшүмө кирет. Жер жайнаган жылкыларды жер дүңгүрөтүп айдап жүрөм. Минген атым чуркабай эле учуп барат. Суу кирип сай толуп кетет. Анда мен чөкпөй эле агып бараткан болом… Көк Бука качырып келип мүйүзүнө илерде учуп кетип кутулам… Жылкыбайлардын чалыш кунанын үйрөтүп алып чаап баратсам ала канат бүтүп асманга учуп жөнөйт. Маркү ылдыйтадан ак жоолугун булгалап турат… Бүркүттөн кудуган улар талп этип бут алдыма түшүп, кайра туруп койнуна кире качат… Эртең менен желенин бээлерин айдап келгени барсам арасында кийиктер жүрөт. Ушинтип тоодо жүрүп көргөндөрүм адамдар, койлор, уйлар кулун-тай, алышкан айгырлар бүт түшүмө кирип чыгат да кээде шолоктоп ыйлап атканымды туюп калып байкем ойготуп алып, жалынып-жалбарып кайра уктатып коёт.

Ошондой абалдарым катмарланып отуруп, эң алгачкы китебимдин аты кантип «Тоо күндөрү» аталганын сезип-билбептирмин кайда, кийин-кийин байкап, билдим. Андагы «Кыйылып турам» деген эң алгачкы ырым кантип жазылганын билбейм. Бирок ага азыр окуп алып таң калам.

Жылкы айдап үрүң-бараңдан,
Жылганы бойлой бастырсам.
Жайлоонун салкын абасы,
Эркелей согуп астыртан.
Көңүлгө сиңген гүл жыты ай,
Көркөмү менен мас кылган.

Ашуу-Төр менен Чолок-Төр,
Эңседим сени сагынып.
Жадырап өскөн гүлдөрүң,
Жакама үзүп тагынып.
Аваным созсом бөлүшчү,
Аскаңан чыккан жаңырык.

Тоодогу өскөн балалык,
Тобулгу чикит чабышып.
Бир күндө он жол урушсак,
Он жолу кайра табышып.
Куушуп ойноп жүрчү элек,
Кулундар менен жарышып.

Ушинтип жүрчү күндөрүм,
Бүлбүлдөп узап баратат.
Кыйылып турам кош дебей,
Кымбаттуу курбум бала чак.
Мен тойбос жаштык кезимди,
Мезгилим колдон талашат.

Көп томдон турган чыгармаларымдын ушул 1-томундагы баш сөз – «Поэзияга келаткан жолдо» деген өмүр баян-романымдан кыскартылган үзүндү болду. Муну баш сөзгө келтиргенимдин эки себеби бар. Биринчиси – ар бир чыгармачылык инсандын өмүр жолун окурман билгиси келет, ага кызыкдар болот. Экинчиси – өмүр жолу менен чыгармаларынын бир-бирине байланышын изилдеген жаш адабиятчыларга кандайдыр бир деңгээлде жардамы тийип калабы деп тилек кылдым.

Кийинки чыга турган томдордо «Поэзияга келаткан жолдун» уландылары келтириле берсе жаман болбойт го дейм.

Омор СУЛТАНОВ, “Эркин-Тоо”, 04.09.2012 ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий