“Шашпа, сени тоого алып чыкканда…”

Жылдар өтүп, заман закымдайт экен. Улуу драматург Токтоболот Абдумомунов менен ал кездеги Кыргызстан театрлар коомунда бирге иштешип калдым. Сексенинчи жылдар. Рама­тылык Током биздин төрагабыз. Анда ал драмаларынын мурдагыларына кошумча киргизип, оңдоп-түздөп, жаңысын баштап, убаралана берер эле. Ал кишинин чыгармачылыгынын ушунчалык көп кырдуулугуна таң калбай коё албайсың. Зор масштабдуу драмалардан баштап, терең психологиялык, комедиялык, сатиралык жанрлардын баарын камтыганын айт. Кыргызстан театрлар коомунда (кийин ал КТИС – Кыргызстан театр ишмерлер союзу болуп түзүлгөн) жылына бир ирет Токомдун жеке демилгеси менен жаш драматургдардын окуу-семинары өткөрүлчү. Кабинетине жаш кесиптештерин кийирип алып, кээ күндөрү тынбай 3-4 саат сүйлөчү. Улуу драматургдун сөзмөрдүгүнөн, өзүнө арбап алган чечендигинен отургандардын бирөө да козголуп, бир жакка шашып коюшчу эмес. Семинардан кийин: “Токтоболот агайдын лекциясына жаш драматург болуп кирип, өзүндөй чоң драматург болуп чыктык”, – деп коюшчу чын-тамашадан.

Койдон корккон конок кыз

Ал жылдары Москвадан ВТОдон (кыргызчасы Бүткүл союздук театрлар коому) жиберген театр сынчылары, драматургдар, аттуу-баштуу москвалык актерлор да келип турушар эле.

Бир жолу ВТОнун башкы аппаратынан Борисов деген театр сынчысы аялы, 16 жаштагы кызы менен келип, ал 1-май майрамына тушталып калды. Майрам болгон соң москвалык меймандардын урматына бир тирүү койду машинеге салып, Фрунзеден 30 чакырымдай аралыктагы бабалар жердеген тоолорго жөнөдүк. Аппараттын кызматкерлери, маданият министрлигинен театр сынчысы раматылык А.Жунушев кошулду. Он-он бештей кишилерди салган бир “Волга”, бир РАФ автоунаалары кеңсебизден чыгарда эле Током жигиттерге: “Койду мос­квалык сынчынын аялы менен кызына көрсөтпөй соёсуңар”, – деп көрсөтмө бергендей болду. Анда Абдрасул агай: “Койсоңузчу, Токо, эмне уурдап алган малыбыз беле?” – деди. Анда Абдумомунов: “И-ий, көрөсүңөр, москвалык меймандын өзү таң калып отуруп тамак ичет. Аялы уялып жатып эт жейт, кызы ыйлап ата-энесинин айласын кетирет”, – деп койду. Бул сөздүн жандырмагын таба албай баарыбыз жапырт машинелерге отурган элек.

…Күн да чайыттай ачылып, теребел көпкөк. Олбурлуу шопур балдардын бирөө койго бата тартылгандан кийин “шыйрактарын байлап туруп муузда” дегенге эрдемсинип көнбөй, “байлап отургандай жылкы беле” деп, койду бир мүшөк картөшкөдөй кылып жерге көтөрүп чаап, балбан тизеси менен ныгыра басып мууздап жиберди. Ошондо тиги москвалык орустун кызы мууздоо процессин, канды көрүп, “ба-аа!” деген бойдон бетин басып, ары карап кетти. Чоң мегаполисте төрөлүп, алыскы элетке эгерим чыкпаган өспүрүм кыз экен. Этти дүкөндөн сатып жеп көнгөн немелер, жандык сойгондо мындай болорун ойлобосо керек. “Ой, бедная барашка”, — деп бышактаган ал койдун эти бышканда же бир кесим ооз тийсечи… Энеси кызын сооротуп, баарыбыздан улам кечирим сурай берип, аргасы куруду. Атасы болсо, кызынын жоругуна бирде күлүп, бирде сооротуп атып, акыры өз жайына тим койду. Мейман кадыры кылып, тиги кызды улам бирибиз барып, дасторконго чакырабыз. Борисов өзү ушунча болуп кыргыздын “Манастан” башка да кенже эпостору барын, алардын баары Саякбай, Сагымбай сыяктуу оозеки айткан өнөр ээлери аркылуу биздин күндөргө жеткени боюнча анча маалыматы жок экен. Аны сөз арасынан сезип калган кыраакы Током: “Шашпа, сени тоого алып чыкканда жай отуруп айтып берип, оозуңду бир ачырбасам элеби!” — деген тура. Алиги атасы таң калып отуруп тамак ичет дегени ушул тура… Залкар драматург ал жолу да кыргыздын маданий мурастарынын асылдыгы, баалуулугу, бөлөк улуттардан айырмаланган руханий өзгөчөлүгү тууралуу чарчабай узакка кеп курган болчу…

Адамгерчилиги ай!..

Чыгармаларындагы персонаждарга айжаркын деген салыштырууну көп колдоно турган. Өзү да турмушунда ошондой айжаркын адам эле. Театрлар коомунун алдындагы актёрлор үйүнүн директору болуп Алиев деген киши иштеген. Анын үстүндө үйү жок болгондуктан, иштеген кабинетинде эле түнөп калчу. Өзү карапайым, тамашакөй, жапакеч киши эле.

“Ысык тамак ичиңиз” деп кызматкерлерибиздин бири үйүнө ээрчитип барып жаткырып, бир нече ай жашатып жүрдү. Бирок, ал жакка батпадыбы, айтор кайра эле өзүнүн кызматтык бөлмөсүн пааналап, бир матрацтын үстүнө уктап, плиткага чый-пый бышырып жечү. Кимибиз жумушка эрте келсек, түз эле ага баш багып, акыбалын сурачубуз. Ал киши түнкүсүн кандай уктаганын, дүкөндүн пельменин сууга бышырып жегенин эринбей кайталап айта берчү. Токтоболот агай анын кызматка түнөп калганын билип, унчукчу эмес, аяй турган.

1984-жыл болсо керек эле. Кыш айлары. Бир күнү Алиев Таласта командировкалап жүрүп, күтүүсүздөн каза болду. Токтоболот агай: “Сөөк биздики, Театрлар коомунун короосуна боз үй тиккиле, чыгымын бүт өзүбүз көтөрөбүз!” – деп чыкты. Баары эп көрүштү. Бир сутке дүрбөлөң түшкөндөн кийин гана балдары табылып, сөөктү алып кетишти.

“Арак кылды да…”

Кайсы жылдар экени азыр так эсимде жок. Баарыбыз үчүн жагымсыз бир окуя болду. Күндөрдүн биринде Токтоболот Абдумомунович кабинетинде бирдеме жазып отурган. Кабылдамада мен, иши боюнча шефке кирейин деп отурган башкы бухгалтерибиз Анфиза Трегубова жана дагы башкалар бар эле.

Бир учурда агай өңү бозоруп, ачуусу келип кабинеттен чыга келди. Биз, катуу сүйлөп, жетекчибизге тоскоолдук кылдык го деген “күнөөлүү” ой менен ордубуздан тура калдык. Бир саамга ал унчукпай туруп, анан: “Фотограф балдарды чакыр”, – деди. Ал көп учурда өзүнөн кичүү “Эл артисти”, “эмгек сиңирген артисти”, “маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамдарына ээ болуп калгандарды деле “бала” дей берген адаты бар болчу. Биз фотолаборатория деген түзүмдө иштешкен Эрнис Мусаев, Турат Кашымов деген жигиттерди чакырып келдик. Көрсө мындай окуя болуптур. Орустар айтмакчы “көзү өткөн адам тууралуу жакшы сөз же эч нерсе айтпоо керек” дегендей эле кеп. Сыйлык-наамдардын баарына жетип, атагы таш жарган эжекебиз бар эле. Теңдешсиз талантына карабай ачкыл-кычкылга жакын болчу… Ал россиялык атактуу актриса курбусу Касаткинанын мааракесине баруу үчүн ошондон бир апта мурда Москвага сапар тарткан. Тетрлар коомуна кайрылганда Токтоболот агай биздин мекемеге караштуу комбинаттан чыгарылган айымдарга ылайыктуу кийим, улуттук сувенир, комузду “курбуңа белекке алып барасың” – деп карматкан. Андан тышкары, ошол эле комбинаттын каражатынан материалдык жардам жаздырып, болжол менен 400-500 рублдей акча берген. Москвадагы той бүтүп, Фрунзеге кайра кайтарында актриса айымдын жол киреси жок калат. Ал ВТОнун төрагасы Царев дегенге барып: “Мага Кыргызстандын маданият министрлиги да, Театрлар коому да, өзүм иштеген театр да эч нерсе бербей узатты. Жол кирем жок”, – деп даттанып барыптыр. Царев Москвадан Токтоболот Абдумомуновго телефон чалып: “Ушундай таланттуу актрисаны ызалантканыңар кандай?” – деген мааниде уяткаргысы келиптир. Мындай калпты уккан агай алиги эжекебиз бухгалтериядан кол коюп алган дүмүрчөктү фотограф балдарга тартып түшүрттүрүп, Москвага салдырып жиберттирген. Биз: “Кайран эжекебиз ичпегенде өзү жакшы эле айым, ичине градус киргенде тигинтип калат. Арак кылды да”, – деп тим болгонбуз.

“Ак куулар кетти ээрчишип…”

Сулуулуктун, көркөмдүктүн, арзуунун символу катары ак куу ажайып куш эмеспи. Түгөйүнөн айрылган ак куу куураган талдай соолуп, мүңкүрөп, ал түгүл кооздугун да муңга чөктүрүп жиберет дешет. Акыры өзү дагы жан биргесин издеп артынан кетет экен…

Муну кайсы бир акын ойлоп тапкан эмес. Табиятынан ушундай жаралган… Адамзат бул сырга болгону суктанып гана келет. Токтоболот агай мындай керемет сүйүү тууралуу тынбай жазып, анан да жарым кылым чамалаш Тамара эже экөө мага дал ошонун өзүндөй жашап келген жалгыз түгөйлөрдөй сезилет.

1985-жылдын кыш айлары. Төраганы Москвага кызмат командировкасына узатууга аэропортко жубайы, мен, шопуру Мурат болуп келдик. Аба ырайына байланыштуу самолёттун учуусу кармалып жатты. Күтүү залында отурганбыз.Тамара эженин чыйрыгып ооруп турганы бизге да сезилди. Анысы аз келгенсип, үстүнө жука пальтосун кийип алыптыр. Бир убакта агай улуу кызы Стелла белекке берген сары-кызгылт карышкыр тонун чечип, жубайынын үстүнө жаап коймокчу болду. “Кыйналып кеттиң го, айланайын Такы” (Ал Тамара эжени дайыма ушинтип атачу), – деп үйрүлүп түшүп, жалбарып ийди. “Капырай, менин үстүмдө пальто турбайбы, кий өзүң”, – деп, эже кайра абышкасына түрттү. Алардын бири-бирин аяп, акыйнек айтышканын ары жактагы күркөдөн гезит алып жатып карап турдук. Шопур жигит: “Эми сары тонду бир далайга чейин көтөрүп чабышат, жарыктыктар”, – деди. “Бырс” күлүп жибердим. Тердеп кеттим деген болуп, шопур өзүнүн жылуу курткесин эжеге жаап, тонду агайга кайра берди. Экөө монтоюп отуруп калышты. Мына ошол отурушунда экөө агайдын айжаркын, асылкеч каармандарына окшошуп кетишти.

…Улуу драматургдун көзү өткөнүнө эки жылга аяк басып калган. Тамара эжеге учурашканы кирип калсам, агайдын чыгармаларын кудум өзү жазчудай иретке келтирип, 2 томдук жыйнагын басууга даярдап жатыптыр. “Жакында ооруканадан 70 жаштан ашкан бир таанышыбызды врачтар бала-чакасына: “Чыгарып кеткиле, мал болбойт”, – дептир. Ошол кишини көрүп келдим. Ушундай чын дүйнөгө камынган адамды уксам Токомо передача берип жиберчүдөй сезимде боло берем”, – деп, адегенде күлгөн болду да, анан эриндери диртилдеп, эженин көзүнө жаш айланып кетти. Тамара эже агайдын томдорун чыгарды. Уулу Исхактын балдарын көрүп, небере жытын искегенге үлгүрдү. Ошондо гана ак куунун түгөйү Улуу Көлдү айлана үн чыгара учту да, ардагын издеп кетти…

Азыркы учурда Бишкектеги Кыргыз академиялык улуттук драма театры Токтоболот Абдумомуновдун ысымын алган. “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо”, “Слово Кыргызстана”, “Жаңы ордо” гезиттеринин редакциялары жайгашкан көчө да залкар драматургдун ысмын алып жүрөт. Баса, кээде ушул көчөнүн атын “Абдымомунов” деп жазып алгандарды көрөм. Байболгурлар, улуу драматургдун фамилиясы Абдумомунов болчу…

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу», 04.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий