Ашыраалы Айталиевдин байбичеси Наиля апа: «Ашыке мени «эки бөлмөлүү үйүм бар» деп алдап алып келген»

Сүрөт http://www.azattyk.kg/ сайтынан алынды

Айтылуу «Нарындан жазган салам кат» ырын укпаган, аны кыңылдап ырдабаган кыргыз жок болсо керек. Дал ушул ырды караламан калың элге сиңирип кеткен, ак таңдай акын Ашыраалы Айталиевдин арабыздан кеткенине быйыл үч жылдын жүзү болду. Мындай залкар таланттар өткөндө аргасыздан «атаганат, ушундай адамдар өлгөнчө жер чайпалса болбойбу да, суу толкуса болбойбу» деп кейип аласың. Чындыгында, мындай адамдар өлбөйт, алар өлбөстүккө аттанышат. Акын атабызды эскерүү максатында бирге өмүр сүргөн байбичеси Наиля апаны кепке тарттык.

— Апа, сөздү сиздин татар кызынан кыргыз кызына айланып, ак таңдай акын менен кандайча таанышып калганыңыздан баштасак?
— Мен Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулгам. Ата-энем билимдүү адамдар эле, атам — башкы бухгалтер, энем — медицина кызматкери болчу. Ал кез союз убагы эле, жогору жактагылар ата-энемди жумушунан Куланак айылына жөнөтүп, менин балалыгым Куланакта өттү. Улутубуз татар болгону менен, кыргыздар менен алакалаш болуп, үйдө жалаң кыргызча сүйлөшүп, кыргыз болуп чоңойдум.

Анда мен турмушка чыгып бир кыздуу болуп, кайра ажырашып кеткем. Кызымды апамдар багып, өзүм Нарындын борбордук почтасында иштечүмүн. Бир күнү адаттагыдай эле жумушта олтурсам Ашыраалы досу менен почтага келет, анысын кийин айтып жүрдү. Ал жерге бир күндө канча адам келип кетет дейсиң, ошолордун бири катары көргөндүрмүн да, аларды байкаган деле эмесмин. Өзүм ачык, шайыр, тарсылдаган кыз элем. Сүйлөп ары-бери басып жүрсөм, алар «кебетеси орус болуп, кыргызча сүйлөйт экен» деп таң калып, бир чети кызыгып калышат. Кеч кирип почтаны жаап жатсам, Ашыкем дос баласы менен жаныма басып келип таанышып калдык. Ал «мен Ашыраалы Айталиевмин» деди, ал убакта мен Айталиев дегендин ким экенин деле билчү эмесмин. Маани деле бербей, атымды «Нина» деп койдум. Эртеси дем алыш күн болчу, кызыма барып келейин деп апамдарга Ат-Башыга кеттим. Бир нече күндөн кийин кайра келсем, Турсун деген коңшу курбум «Наиля, Айталиев деген кыргыз акыны сени издеп келди» деп калды. «Андайды мен тааныбайм, өлүп кетейин, кандай неме экен?» десем, «чачты артка тараган, фотоаппарат асынып, көк пальто кийип келип кетти» деди. Көрсө, Ашыкелер Нарынга гастролдоп келиптир, мен иштеген жерге барып кадрлар бөлүмүнө кирип, мен жөнүндө толук маалымат алыптыр. Ошондон кийин кат жөнөтүп, телефон чалып тынбай калды. Мен «күйөөм түрмөдө, беш балам бар» деп алдайм, ал ишенбейт, көрсө, эчак эле менин жолдошум жок экенин билип алыптыр. Мени сынайбы, же өжөрлүгүбү, «беш балаң болсо мейли, жолдошуң менен ажыраш мен сени алмайынча тынбайм» дейт. Чынында Ашыкеге турмушка чыгам деген ой менде такыр жок эле. Кайра-кайра кат жазып, посылка, жибек жоолук салып жатып көңүлүмдү алды. Бир чети буйрукка айла жок экен.

— Качан баш коштуңуздар анан?
— Экөөбүз 1968-жылы таанышкан болсок, 1975-жылга чейин артымдан калбай койду. Ошол убакта Ашыке 49, мен 34 жашта элем. Билинбегени менен жети жыл сүйлөшүптүрбүз, 16-февралда мени айылдан көчүрүп келди. Көчүрүп келгени курусун, мени алдап алып келди да. Мага айылдан өкмөт бир бөлмө үй берген, кызматым бар, акчам колумда, жакшы жашачумун. Анан Ашыке «менин шаарда эки бөлмөлүү үйүм бар» деген. Мен ага ишенип үйүмдөгү кычкачымдан бери салып көчүп жөнөдүм. Жолдон эч нерседен бейкапар эле келдим, борборго киргенден баштап эле Ашыке эмнегедир бир ордуна олтура албай, ойдолоп башкача болуп баштады. Бир убакта машинаны токтоттуруп «Наиля, сени алдадым» дейт, «эмне деп алдадың?» десем, «менде үй жок, бир батирге сүйлөшкөм, азыр ошол жакка барабыз» деди. Мен эмне дейин, айылдагы үйүмдүн ачкычын биротоло тапшыргам. Эми артка жол жок, батирге келдик. Кичинекей эки бөлмө экен, оокаттарым батпай калды. Ошентип ар кайсы орус кемпирдин үйүн тазалап көчүп-конуп жашап жүрдүк.

— Өзүңүздөр үйгө качан жеттиңиздер?
— Батирден абдан тажаганда «Ашыке, бул эмне деген турмуш? Эптеп аракет кылалы, болбосо мен кетем» дедим, ошондо анан кыймылдап, ары-бери чуркап жүрүп эч кандай шарты жок, барак тибиндеги бир бөлмөлүү үй алдык. Ал жерде жашап жүргөндө айылдан 10-классты бүтүп кызым келип калды, аңгыча кайненем ооруп калып, аны алып кайнатам келди. Ашыраалы жалгыз бала эле. Анын туугандарыбы, менин төркүндөрүмбү, шаарга келгени эле биздин үйгө келет. Ашыке болсо үйдө беш күн болсо, гастролдо бир ай болуп эч нерсени деле билчү эмес, үйдөгү түйшүктүн баары мага жүктөлчү. Жумуштан бир аз бошосом эле маданият министри Асанбек Стамовго барып: «Ашыкенин эмгегин бааласаңар боло, апасы айылдан ооруп келди. Жашаган үйүбүздө шарт жок, үй жагынан жардам бергиле» деп жалдырайм. Ал киши мени алдап коюп чыгарып жиберет. Анан баары жаныма батты, Ашыраалы келгенде «жүр, алдыма түш, барып үй сурайсың, мен баарынан тажап кеттим. Эгер жок десең, өз оокатыңды кыл, мен кетем» деп коркута баштадым. Байкушум кенебеген киши эле, аргасыздан алдыма түштү. Стамовго барып «жеңең жанымды койбой, уктатпай жатат» деп мени бетине кармап тартынып араң сүйлөдү. Министр болсо «үйлөр жетпей жатканын көрүп жатасыз го? Эми биринчи салынганын эле сизге берем» деп адатынча жөнөтүп жиберди. Кудай берем десе алдыңдан өзү чыгарат экен. Кетип жатсак алдыбыздан Кеңеш Кулматов (ким экенин азыр так айта албайм, айтор, чоң болуп иштечү) чыгып «кайдан келатасыз?» деп сурап калды эле болгонун болгондой айтып, араң турган жаным мен да ыйлап арызданып койдум. Биздин сөздү угуп, таңыркап «ушунчалык залкар акында үй жокпу? Кокуй турбайсызбы? Дароо арыз жазып мага жеткириңиз» деди. Дароо арыз жазып жеткирттик. Эртеси күнү кагаз келди, ошол кишинин аркасы менен азыркы жашап аткан үч бөлмөлүү үйүбүздү алдык.

— Сиз жөнүндө «башка улуттун кызын алыптыр» деген сөздөр болгон жокпу?
— Кайнатам менен кайненем өтө түшүнүктүү кишилер эле. Алардан андай сөз уккан күндөрүм болгон жок, эрке келин болдум. Атаңардын мага чейинки биринчи алган жубайы дагы татар болгон. Ал Таластан болгону менен казактардын арасында өсүптүр. Укканыма караганда кесиби медик, өзү абдан жакшы айым болгон экен. Экөө беш балалуу болгондо жапжаш каза болуп калыптыр. Үйлөнө элегибизде мурда үй-бүлө курганын да айткан эмес эле мага.

— Балдарына эне боло алдыңызбы?
— Албетте. Мени «апалап» турушат. Жакшылык-жамандык турмак, тыңыраак кесмеси болсо деле чакырышат. Мен Ашыке менен 37 жыл жашадым, бул оңой убакыт эмес. Ушунча жыл аралыгында эне-баладай болуп калдык. Аларды төрөбөгөнүм эле болбосо, жүрөгүм ошолор менен бирге. Өзүмдүн кызым болсо Казакстанда жашайт, үй-жайлуу, беш баланын энеси болуп калды. Анын улуу кызын 2 жашында Ашыке экөөбүз багып алганбыз. Ашыке өлгөндөн кийин турмушка узаттым, азыр чөбөрө көрүп олтурам.

— Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда бала болгон жокпу?
— Жок. 1978-жылы айылга бара жатып кырсыкка учурап, жети жарым айлык балам боюмдан түшүп калды. Кырсык абдан катуу болгондуктан, өзүбүздүн аман калганыбызга шүгүр кылганбыз. Ошондон зыян таптымбы, Ашыкеден бала төрөгөн жокмун. Бул нерсеге ал да өкүнүп калчу.

— Ашыраалы ата сизге кандай жар болду?
— Жакшы жар болду, жакшы жашадык. Эми турмушта өйдө-ылдый болбой койбойт эмеспи, анын баарын жеңдик. Ашыке экөөбүз бири-бирибизди сыйлашып турчубуз. Анын туулган күнү 8-мартта эле, ошол күн келээрде экөөбүз «менин майрамым» деп талашчубуз. Ашыке «байбиче, түшкө чейин сенин майрамың, түштөн кийин менин майрамым болсун» деп бөлүштүрүп койчу. 8-март келгенде таң атпай туруп, кучак гүл, мен жакшы көргөн «Красная Москва» аттуу атырды алып келип, бир куплет ыр жазып баарын столдун үстүнө коюп, анан мени ойготуп куттуктачу. Ашыкеден айрылгандан кийин 8-март болгон сайын ошол көз ирмемдерди эстеп бир ыйлап алам.

— Агайдын ден соолугу кандай эле?
— Жакшы болчу, оору дегенди көп билчү эмес. Кийинчерээк гана жүрөгү ооруп калды. Анда да эмгеги убагында бааланбаганына ичтен сызып, эч кимге айтпай жүрө берип өзүнө зыян келтирип алды. Анын үстүнө да 60 жашка чыкканда «эс алууга барыңыз» деп филармониядан узатып коюшту. Бул нерсе да оор тийди. Бирок кыргыздын «өнөрлүү өлбөйт» деген сөзү таамай айтылган экен, Ашыкем андан кийин жөн жаткан жок. Аны Щубин атындагы музыкалык мектебине жаш балдарга терме, дастан, «Манас» үйрөткөнгө чакырышты. Кийин Абдраев атындагы мектепке да кирип, эки жерге иштеп калды. Сүрөт тарткан да таланты бар эле, аны да балдарга үйрөтүп жүрдү. Анан Садык Шер Нияз эки сөздү улап ырдаган балдарды чогултуп, «Айтыш» коомун түзүп, Ашыкени балдарга устат катары чакырып алды. Ошол балдарды өлөр өлгөнчө окутту, ооруп кыйналып жатса да «байбиче, мени таксиге салып жиберчи, акын балдарыма сабак өтүп келейин. Мен барбасам, жаш балдар ойноп отуруп алышат» деп болбой кетчү. Аны таксиге салып коюп, Элмирбек, Азаматтарга «атаңар кетти, тосуп алгыла» деп телефон чалып койчумун. Ошол убакта жүрөгү үч жолу приступ берип инфаркт алды. Бирок дарыланып жакшы болуп эле калган, анан бир күнү телевидениеге барып, ошол жактан жыгылыптыр, андан кийин бат-бат ооруп такыр оңоло албай койду. Ооруканада он күн жатты, өзүм багып, өз колум менен узаттым. Асылган оору акыры албай койбойт экен, мени Ашыкемден ажыратып тынды. Кайран киши 81 жашка караганда оо дүйнөгө кете берди. Азыр мага баары жетиштүү, турмушум ойдогудай, бир гана — Ашыке эле жок. Карыганда жалгыз калган эң кыйын экен. Абышкам маңдайымда болуп, экөөбүз кобурашып олтурсак болбойт беле?..

Динара Чокоева, «Леди.КГ» («Кыргыз гезиттер айылы»), 28.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий