Кытай кийизинен жасалган калпак каптап кетти

Ак калпак Ала-Тоону символдоштурган мырзалардын баш кийими. Өтө чеберчилик менен жасалган баш кийим улуктардын бири катары улагада эмес, төрдө илинип турган. Элибиздин эзелтеден жамандык-жакшылык күндөрү ак калпагын башынан түшүрбөй, «ак калпактай бийик болгула» деген улуулугун даңазалаган эчендеген ураандар эл оозунан түшпөйт. «Бабабыз кийген ак калпак,/Баркына жетип жүрөлү» — деген саптар баш кийимдин баркын арттырат. Кыргыз калпагы мурдагы эл чарбачылыгынын Бүткүл союздук көргөзмөсүнө коюлуп, «күмүш медалына» татыктуу болгон. Азыр мейли, мамлекетке, мейли, үйүбүзгө келген коноктун башына ак калпак кийгизип узатуу салтка айланган.

Калпактын түрлөрү

Калпак тигилишине карай «Тилик калпак», «Айры калпак», «Сайма калпак», «Туюк калпак» болуп негизги бөлүккө бөлүнөт. Бирок ар бир уз өз мүмкүнчүлүгүнө карап, формасын, түсүн түрдүүчө өзгөртө алат. Мисалы, түсүнө карап, «кара кыргак» же «ак кыргак» деп жасап жүргөндөрү да бар.«Айры калпак» — төрт талаасынын кошулган жерлери жана жээги «кыюуланып», төрт жеринен кичине шара тилик калтырылып, шырып тигилет.

«Тилик калпак» төрт талаасы «кыюуланбайт» да, ак жип аркылуу бириктирилип, эки жеринен чоңурак тилик калтырылат. «Туюк калпакта» жүн калпак түрүндө уютулат, муну улам катуу басып, анан өбүлүктөп, кайра бышырып, төбөсү топтоголок, этеги тегерек түргө келтирилет.

«Сайма калпак» бөтөнчө уютулуп жасалган чеберчиликти талап кылган өзгөчө баш кийим. Аны шөкөттөөдө көркөм көчөттөрдү элестеткен назик сайма менен шырылат. Уздардын кыял чабытына жараша – чөптөрдүн сабагы, мөмө-жемиштердин сабын элестеткен оюмдар менен кооздолот. Ыңгайлуусу, бул калпакты эркектер эмес, кыз балдар да кийсе болот.

Калпактын жасалышы

«Кыргыздын кол өнөрчүлүгү» деп дүйнө эли улуттук кийимдерибизге бекеринен жогорку баа бербесе керек. Аты айтып тургандай, кол менен жасалган буюм-тайым жогору бааланары маалым. Кол менен жасоо түйшүктү талап кылганы менен сапаттуу. Калпак жасоодо өзгөчө басым кийизине жасалат. Калпактын сапаты анын кийизинин кандай жасалганында. Чеберлер ак койдун (меринос койдун) күзгү же жазгы жүнүн керектешет. Биринчи кадам жүн тазаланып, майда тытылат. Жүндүн«сабамы» 1,2,3 тарам болот. Сабоо табылгыдан жасалат. Эң биринчи таза тарамы үстүңкү бетине чыгат. Аны уютууда абалы ысык сууну чачып, чийди оройт да, экиден кем эмес адам чий басат. Чий камыштан жасалат. Калпакка керектелүүчү кийиз оң сол басылат да уюгандан соң кургатылат, кайра басылат. Бул көрүнүш үч жолу кайталанат. Кургаган кийиз даяр болгондо калпактын төрт талаасы бычылат. Муну менен эле токтоп калбастан, оюсу же калпактын гүлү салынат.

Кытай кийизинин багын ачкан кыргыз калпагы…

Күз келип, калпак жасаган чеберлер жаны тынбай иштеген учуру. Бир тойго аз дегенде эле 100дөн ашуун калпак пайдаланылат. Бирок базардан же дүңүнөн алып сатуучулардан сурасаңыз, колго жасалган кийиз калпактардын аз экенин билесиз. Айрым жерлерден издеп да таппайсыз. Бирок укмуш жасалгаланган кадимки ыргыз калпагын көрүүгө болот. Ал кадимки эле кытайдан ташылып келинген синтетикалык кийизден даярдалган өндүрүш. Фактурасы кийизге өтө окшош. Курамы 100% синтетика же биз билген синтепон.

Синтепон экенин айырмалоо

Синтепон менен кол кийизден жасалган калпакты айырмалоо айрымдар үчүн оор. Кээ бирлерибиз мыкты чеберчиликти карап отуруп, синтепон калпакты байкабай да калабыз. Коёндой окшош калпактар кадимки компьютердин жардамы менен кооздолот. Ошондуктан бирин экинчисинен айырмалоо мүмкүн эмес. Бул алда канча аз түйшүктү талап кылат. Синтетикалык кийизден (синтепондон) жасалган калпакты кармаганда катуу жана жука болуп, ак түсү жалтырап турат. Эгер жаанга калса, эртеси кийүүгө мүмкүн эмес. Анткени, суу тиери менен өзүнүн формасын жоготот. Колго жасалган кийиздин калпагы, жумшак анан күңүрт түстө болот.

Меринос койлору калбай баратат…

90-жылдары жүргүзүлгөн реформа негизинде чарбалар менчиктештирилип, мал жеке менчикке өтүп,жеке фермерлер кой башын азайтып жиберишкен. Ошондой эле асыл тукум иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, малдын кунары түшүп, асыл тукум сапаты начарлап кеткен. Кой чарбачылыгынын продукциясына (жүнгө) суроо-талап болбогондуктан, аларды багуу чыгашалуу болуп келген. Кой эти кымбаттагандыктан, фермерлер эт багытындагы койлордун породаларын багууну колго алышып, алардын башын көбөйтүүдө. Меринос койлору кайда багылууда?

Чоң чарбалардын тизмеси: Ысык-Көл облусу боюнча – «Оргочор» мамлекеттик асыл тукум заводунда (МАЗ) койдун башы 2600 баш;

Талас облусу боюнча – «М.Н.Лущихин» атындагы МАЗ – койдун башы 6500 баш. Андан башка 10 фермердик асыл тукум чарбалары бар. Алардын ар биринде 500 баштан 2000 башка чейин койлор багылууда.

Ош облусу боюнча «Катта-Талдык» МАЗ койдун башы 3600.

Сактап калуу үчүн көрүлгөн аракеттер…

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан жалпы мал чарбасын өнүктүрүү максатында 2012-2016-жылдарга карата концепция иштелип, өкмөттүн кароосуна берилген. Ошондой эле уяң жүндүү койлорду багуучу чарбаларды түзүү боюнча бизнес долбоорлор иштелип чыгып, эларалык инвестор-донорлорго сунушталууда. Мал чарбасын өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчи адиси Өмүрбек Шералиевдин берген маалыматына таянсак, 2012-жылы жүргүзүлгөн асыл тукум мал чарбаларын аттестациялоо жана кайра аттестациялоонун жыйынтыгы менен асыл тукум чарбаларда багылуучу койлордун жалпы саны республика боюнча 50887 башты түзгөн.

Уздар эмне дейт?

Гүлжаркын, калпак чебери, сатуучу:

– Алгач иш баштаган чеберлерден азыр саналуу эле калдык. Баары эле жүндүн кымбаттыгына шылташат. Эл катары мен деле жүндү алууда кыйынчылыкка көп дуушар болом. Жүндү көбүнчө Алайдан анан Алайкуудан алдырабыз. Мына азыр карасаңыз, 1000 сомдук кийизден жасалган калпактан беш-алтоо эле турат. Калганынын баары синтепон. Анан калса, той-ашка баары эле арзан калпак алышат. Ошого да көбүнчө синтетикалык кийиз пайдаланабыз.

Айдай Асангулова, дизайнер, кийизчи:
– Былтыр биз «Муундан муунга» деген бир жылдык долбоор менен иштегенбиз. Ушул долбоордун алкагында Ысык-Көл жана Нарындагы калпактарды сүрөткө тартып, тарых барактарына таянып изилдегенбиз. Азыркы синтетикалык баш кийимдер менен күрөшүү максатында, консепция да иштеп чыкканбыз. Мисалы: Ар бир мүчөлдүн өзүнө тиешелүү оюлары жана түсү бар. Бул калпактарды жасоодо биз колго жасалган кийизди гана колдонобуз, фабриканыкын колдонбойбуз. Негизи Кыргызстанда жүн маселес аябай курч, сырт жакка сатып жиберишет да, кыргыз кол өнөрчүлөрүнө жетпей калат. Ак койдун жүнү Кыргызстандагы кол өнөрчүлөр арасында эң чоң маселе.

Маалымат үчүн..

Бишкекте кийиз калпак 400-2000 сомго, синтепон калпак 80-150 сомго чейин. Жүндүн баасы чеберлердин айтымында: 1 кг. 500-700 сом. Айрымдары 300-500 сомго чейин сатылат. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматында 1 кг. жүн учурда 150-200 сом. Жүндөн жасалган калпак кышы жылуу, жайы салкын. Кооздук үчүн гана кийбестен, медициналык жактан да пайдалуу. Колдо жасалаган кийиз сапаты эң мыкты, мисалы, бир калпакты 5-6 жыл кийсе боло.

Самара САГЫНБАЕВА, «24.kg» MA, 05.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий