“Жаш кезде баарыбыз романтик болобуз ”

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, эл акыны, драматург, котормочу Эгемберди ЭРМАТОВ  менен түз байланыш

-Алло, түз байланыш бекен? Мен Айтмаматов Касым Кара-Балтадан чалып жатамын. Урматтуу Эгемберди Эрматович, менин сизге бир топ суроолорум бар эле, саламатсызбы?
-Саламатчылык, айта бериңиз.

-Мени кызыктырган нерсе жаңы Өкмөт жетекчилигине Жантөрө Сатыбалдиевди өткөрдүңүздөр. Эми ушунун келечеги кандай болот, иштеп кетээрине көзүңүз жетеби?
-Жантөрө Сатыбалдиевдин кандидатурасын СДПК эле эмес, “Ар-Намыс”, “Ата Мекен” партиясы да жактырып, үч фракциянын колдоосу менен сунушталып, парламенттик жыйынга чыгарылды. Эми бул киши 36 жылдан ашык убакыт эмгектенип, жөнөкөй жумушчудан тартып, вице-премьерликке чейин жеткен экен. Биз анын өмүр баянын окуп отуруп, саясат менен алектенбеген, жалаң экономиканын, жалаң чарбанын ишин көтөрө турган, ошол өндүрүштү түз колу менен, жону менен сезип турган адам катары анын талапкерлигине токтолдук.

-Бизге Кыргызстандын оңолгону жакшы, ылайым жакшы иштесин. Сизге башка суроом да бар. “Мухаммед Пайгамбар” аттуу диний  романыңызды кандайча жазып калдыңыз?
-Мухаммед Пайгамбарыбыз жөнүндө ыр менен жазылган дастанды 2000-жылдары баштаганмын. Баягы союз тарап эл көр тиричилик үчүн Россияга, Бишкекке кача баштаганда, мен балдарымды алып Кадамжайга көчүп кеткен элем. Ошондо абдан көп материал топтогомун. Диндин бардык тарыхый окуяларын окуп, үйрөнгөмүн. Айылга барып, Пайгамбарыбыздын образына токтолдум. Анткени биздин азыркы заманыбызда элдин ыйманы кетип, бири-бирин алдап, алдым-жуттум болуп, кыргыздын кыз-жигиттери ар кандай динге өтүп жатканын көрүп, Мухаммед пайгамбарды элге жеткирип, окурмандарга ибарат болсун деген  ниетте ушул чыгарманы жаздым.

-Сиз Москвада Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунда окуп жүргөндө үй-бүлөңүздү багыш үчүн көчө шыпырып иштеген экенсиз, көрсө сиз ошондо эле мигранттардын турмушун башыңыздан өткөргөн турбайсызбы, ушул чынбы?
-Москвада окуп жүргөндө түнү кароолчу болуп иштеп, эртең менен туруп алып көчө шыпырып, бала-чакамды баккамын. Эми ал мезгилде Россия менен бир мамлекет элек. Москванын көчөлөрүн таң атканча айланып жүрө берчүбүз. Эми мезгил таптакыр башка. Россия өзүнчө, биз туубузду көтөрүп өзүнчө мамлекет болдук.  Бир жагынан мигранттардын бардыгына да шүгүр деймин.

Айылдаштарым менен сүйлөшсөм ар бир үй-бүлөдөн бирден киши Россияда иштейт экен. Ошолордун тапкан акчаларына заңгыратып үй салып жатышат. Биздин кичине айылда 200дөн ашык машина бар тура. Алар көчөлөрдү оңдогонго жардам берүүдө. Мигранттар Россияда жөн эле жүрбөй, кыйынчылык мезгилде бүт мамлекетибизди, элибизди олку-солкулуктан сактап өтө чоң жардамдарды берип жатышат.

-Дагы бир суроом бар, өткөндө “Кумтөр” боюнча маселе каралганда, Садыр Жапаровду колдоп, өтө жалындуу сүйлөдүңүз эле, жүрөгүм дүкүлдөп сыймыктануу менен уккамын. Кийин кайра Садыр Жапаровго каршы добуш бергениңизди билдим. Бул кандай болуп калды?
-Маселе мындай, биз Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештеги долбоорун окуганбыз. Изилдеген материалдары жакшы. Ал бир чоң көйгөйдү алып чыкканы чын, бирок биз “Кумтөрдү” шарт эле улутташтыра турган болсок дүйнөлүк инвесторлордун алдында аброюбуз кетип калмак. Биз фракцияда муну талкуулап көрүп, мыйзам жолу менен баралы, Өкмөттөн атайын комиссия түзүп, ошол комиссиянын мүчөлөрү кынтыксыз, жылчыксыз кылып изилдесин, дүйнөлүк чоң эксперттерди алып келели деген фракциянын чечими менен мен ага каршы болуп калдым.

АЙДАРАЛИЕВ Максат, Бишкек шаары:
— Кыргызстан эмне үчүн өнүкпөй жатат? Ушуга сиздин көз карашыңыз кандай?
-Биздин өлкөнүн өнүкпөй жатканынын бир топ себептери бар. Биринчиден, жыйырма жылдын ичинде ууру, элди тоногон, өзүнүн гана чөнтөгүн ойлогон, үй-бүлөсүн ойлогон падышаларды бийликке алып келдик. Ошолордун жоро-жолдоштору, достору, тааныштары бир ууч элди талап жеди. Алардын кесепетинен эки жолу революция болуп отурат. Аны баарыбыз жакшы билебиз. Экинчиден,  кыргыздардын баары тең бийликти жакшы көрөт экен. Билимдүүсү да, билими жогу да бир столду кучактап отурганды жакшы көрөт. Эң негизгиси атка минерлердин улуттук аң-сезими өскөн эмес. Улуттук атуул сезими өспөгөндүктөн жалгыз мага гана болсун, күн, ай мага тийсин, сууну мен гана ичейин деген принципте жашагандыктан, мамлекетибиз бүгүнкүдөй кыйчалыш учурда өсүп-өнүгүп кете албай турат.

-Котормо маселесине кандай көз караштасыз?
-Түз көз караштамын. Эгерде биз өзүбүздүн эле казаныбызда кайнап, дүйнөлүк адабиятты, кошуналардын адабиятын, Батыш, Чыгыш адабиятын билбей кала турган болсок, анда биз өсүп өнүккөн элге айланбайбыз. Дүйнөлүк адабияттын мыкты  үлгүлөрүн, болуп жаткан адабий тенденцияларды, жаңы адабий агымдарды окуп, билип, үйрөнүп турушубуз керек. Бул жагынан союз учурунда эң жакшы жөрөлгөлөр бар эле. Ошол дүйнөлүк чыгармаларды жазуучуларыбыз тизмелеп алып, которуп, басмадан чыгарылып, элибизге тарайт эле. Мен дагы жаш кезимде ошол көркөм котормолорду окуп жүрүп көп нерсени түшүндүм. 4-класста окуп жүргөндө Сервантестин “Дон-Кихот” романы кыргыз тилинде жарык көргөн. Ошол эки килограмм китепти кызыгып окуп чыккамын. Андан соң адабиятка болгон кызыгуум таптакыр башка нукка өткөн. Бүгүнкү күндө бюджетибизде каражат тартыш болуп, котормо тургай акын-жазуучулардын өзүлөрүнүн чыгармаларын чыгара албай отурабыз. Бирок кудай кааласа оңолобуз. Ниетибизди түз кылышыбыз керек. Жаман жаман дей берсек, баары жаман болуп кетет. Биз бул азамат, бул шумкар, бул бүркүт деген сөздөрдү үйрөнгөнүбүздө гана элибизди жакшы нукка бура алабыз.

АЛЫМБЕКОВА Нуржамал, Аламүдүн району:
-Сиз азыркы КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Москвада бирге окупсуз. Ал мурда чыгарма жазчу экен, неге кийин таштап койду?
-Кызык суроо экен. Жаш кезде баарыбыз романтик болобуз. Залкар акын, жазуучуларды ойлоп, ошого жеткенге максат  кылабыз. Алмаз Москвада окуп жүргөндө адабиятка  кокусунан эле адашып келип калган жок. Ал башкаруу институтунда окуйт эле. Мен адабият институтунда окучумун. Ал бизге тез-тез келип турчу. Анткени бизде акын, жазуучулар, ушундай бир эркин калк жашайт эле. Алар менен пикирлешип, талашып-тартышканды жакшы көрөт эле. Башка багыттагы институтта окуганы менен дүйнөлүк адабиятты казып окуганын билишчү. Байкасам, Фолькнер, Маркестин китептерин менден мурда эле окуп коюптур. Ошентип адабиятка кызыгып кетип, биринчи Элүүбай Отунчиевдин “Алтын казык” повестин орусчага которуп, “Жаш гвардия” басмасынан өзүнчө китеп кылып чыгарды. Анда студент болчу. Ал гана эмес Шатман Садыбакасовдун “Күндөр” аттуу көлөмдүү романын орус тилине которуп, “Советтик жазуучу” басмасынан чыгарды. Андан сырткары Казат Акматовдун, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Ашым Жакыпбековдун бир топ аңгемелерин которгон. Ошондой эле менин студент кезимде жазган көптөгөн ырларымды которуп берген.

-Өзү да ыр жазчу беле?
-Ошол кезде жазчу, ыр эле жазбай, кайсыл жерде отуруш болсо, ошол жердин эрке баласы болор эле. Анткени гитарада эң мыкты ойноп, мыкты ырдачу.

Ал тургай гитара менен обон чыгарып, ал обону белгилүү режиссер Замир Эралиевдин бир киносуна киргизилген. Дагы бир нерсе кошумчалай кетейин. Алмаз Москвадан келип 26 жашында Жазуучулар союзуна мүчө болуп өттү. Адабий фондду башкарды. Ал гана эмес жазуучулар союзунун катчысы болуп дайындалган. Арашандагы жазуучулар үйүн бүгүнкү күнгө чейин каржылап, биздин жазуучуларга бекер аш, жатакана алып берип, чыгармаларды жаздырып жатат. Жыйырма жыл оппозицияда жүрүп ошол акын-жазуучулардын жылуу сөз айтып койбогонуна карабай, аларга жардамын аябай, ошол Литфонддун эсебинен көптөгөн чыгармачыл инсандарга миң сомдон стипендия  берип келет.

-Наамдарга кандай карайсыз?
-Мамлекет болгон соң, анын камчысы да, токочу да болуш керек. Албетте, наам берүү тартибине катуу кароо зарыл. Бүгүнкү күндө бир жаңы мыйзам жазылып жатат. Ага Жогорку Кеңеште кабыл алынган соң наамдарды берүү өзгөрөт. Быйыл Президентибиз наам берүүгө мораторий жарыялап койду.

-Бүгүнкү күндө өзүңүз кандай чыгармаларды жазып жатасыз?
-Нуржамал карындашым, мен Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенден кийин, чынымды айтайын, чыгарма жазуу бир топ аксап калды. Аны жашырып эмне. Себеби том-томдогон мыйзамдарды жазууга туура келет. Аларды окуш керек. Маани-маңызын билбей туруп добуш берип алсаң  элге терс таасирин тийгизиши мүмкүн, ошентип жоопкерчилик күчөйт экен.  Ошого карабай былтыр 60 жылдыгымды өткөрүп, жети томдук чыгармаларымдын жыйнагын чыгарып, элиме тартууладым.

-Жети томдук кандай чыгармалардан түзүлгөн?
-Жаш кезимден  бери жазып жүргөн ырларым, поэмаларым, котормолорум, драмаларым, кара  сөз менен жазылган эсселерим кирди. Бир томдугума Низами Гянжабинин “Жети сулуу” аттуу көлөмдүү дастаны  кирди. Аны мен беш жыл котордум. Бир томдугуна жалпы эле чыгыштын гений акындарын көп жылдардан бери которуп жүрдүм эле, аларды чыгардым.

НАЗАРБАЕВ Абдинаби, Кадамжай району:
-Мына бийлик алмашты, бирок эч кандай өнүгүп-өсүү болбой атпайбы, жаңылык жок. Жыйырма жылдан бери баш мыйзам 8 жолу алмашты. 1993-жылдан башка баш мыйзамдардын баары чет мамлекеттердин кызыкчылыгын көздөйт. Премьер-министр 24 жолу алмашыптыр.
-Абдинаби, айтып жаткан суроолоруңдун баарын билебиз, ток этер жерин айт.

-Ток этер жери, ким гана бийликке келбесин алгач мамлекеттин идеологиясын иштеп чыгыш керек.
-Биринчи мамлекеттик идеология жөнүндө айтсам, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова атайын демилге көтөрүп, эл аралык уюмдар, улуттук жазуучулар союзу, интеллигенттер менен биргеликте иштеп чыгып, сунуш кылган. Ошондой сунуш менен мурдагы Президент Роза Отунбаева да чыккан.  Идеология деген жөн эле жазылып кала турган сөз эмес. Идеология – бул каныбызга, жаныбызга, күндөлүк жашоо-турмушубузга сиңип кала турган нерсе. Ал бизде бар, болгону аны биринчи планга алып чыгып, өңүн жаркыратып жакшынакай сунуш кылуу маселеси жок болуп жатат. Сени жакшы билемин. Көп жылдардан бери ушул маселеге аралашып атайын китеп жазып, талкууларга катышып жүрөсүң. “Күйгөн катын кошокчу” демекчи, сенин айтканыңда да чындык бар. Бирок Кыргызстанда ушундай экен. Ар ким өзүнүн чындыгын, өзүнүн гана “менин” көрсөтө берип, бири-бирибизди укпай, түшүнбөй “мен”, “мен” деп төш кага берип ушул акыбалга жетип отурабыз.

-Мен Надира Нарматовага үч жолу телефон чалып байланыштым. Идеология менен жалпы мамлекетти бекемдөө керек, а тигилердин идеясы бир бутагын эле камтып жатпайбы, ошону далилдедим. Комиссияга  эмне үчүн мага окшогон айылдыктарды кошпойт?
-Өзүңдүн жеке демилгең менен келип комиссияга дарегиңди бер. Ошол боло турган  күнү катышып турсаң эч ким жок дебейт. Бул бир. Экинчиден, улуттук идеология барып келип эле экономикага такалат. Экономика өзүң айткандай кен байлык. Алар жыйырма жылдан бери тонолду. Кечээ “Кумтөрдү” көрдүк. 17 жылдын ичинде 260 тонна алтын өндүрүптүр. Ошол 260 тоннанын 1 гана тоннасын Кыргызстан алыптыр. Айлык эсебинде, демөөрчүлүк эсебинде, салык эсебинде.

(Уландысы кийинки санда)

Түз байланышты алып барган Карбалас БАКИРОВ, «Эркин-Тоо», 07.09.2012 ж. 

Соц тармактар:

Добавить комментарий