Асыл Сарыгулов: «Башкысы атаандаштар менен татыктуу кармашуу»

Сүрөт http://www.erkintoo.kg/ сайтынан алынды

Өтүп кеткен 31-август күнү Бишкек шаарыбыздагы «Ак Кула» ат майданында Эгемендүүлүгүбүздүн 21 жылдыгына карата көк бөрү боюнча финалдык турнир өттү. Анда КРнын президентинин Кубогун алыш үчүн үч команда алдыңкы орундарга ат салышкан. Мына ошол таймаштан 1-орунду жеңип алган «Бөрүлү» командасынын оюнчусу Асыл Сарыгулов жана 2-орунду алган «Суусамыр» командасынын спортчусу Рамис Жунусалиев менен маек курдук.

— Асыл Учкакбекович жеңишиңер кут болсун! Алдыңкы орунду ээледиңер, жеңиш жеңилдикке турбады окшойт. Таймашка катышар алдында канча күн мурун жана кандай шарттагы даярдыктарды көрдүңөр?
— Рахмат. Барган сайын улуттук спорттогу атаандаш командалар күчтүү болуп келе жатат. Андыктан өзүңөр көргөндөй мелдеште болгон күчүбүздү жумшап жатып араң дегенде жеңишке жеттик. Ал эми даярдыктар боюнча токтолсом, беттешке бир ай калганда гана даярдык көрө баштаганбыз. Тактап айтканда биринчи тандоо турун өткөрдүк. Анда көк бөрү оюнуна шыгы бар жигиттерди, аттарды тандап алдык. Андан кийин Cокулук айылына барып, ал жактан эки командага бөлүнүп алып эртеден кечке чейин аталган оюнду ойноп машыккан элек.

— Оюндун жыйынтыгы чыккандан кийин, байге деп сиздерге алтын жалатылган кубок жана 500 миң сом беришти. Мындай көп суммадагы акчаны биринчи жолу утуп жатсаңыздар керек?
— Биз былтыркы жылы мелдешке чыгып 1 миллион сом жеңип алганбыз. Бирок кеп акчада эмес. Бул спорт байыркы ата-бабадан калган мурас оюнда. Ошондуктан биз үчүн эң негизгиси таймашта атаандаштар менен татыктуу кармашуу.

— Жашыруун болбосо бир миллион сомду эмнеге сарптадыңыздар?
— Ал акчага оюнга эң керектүүсү болгон күлүк жылкыларды сатып алдык. Андан кийин аларды кышы менен багыш үчүн жем, чөп, туз жана башка жылкыга керектүү шаймандарды алыш үчүн акча кетти. Атайын аттарды баккан жайга да төлөйбүз. Мындан тышкары, мелдешке карата баарыбызга окшош спорттук форма тиктирдик. Мына ушинтип аркы-берки шаймандарга жумшап отуруп эле уткан акчаларыбыз билинбей короп кетти.

— Байкашымча сиздердин командаңар аябай күчтүү экен. 1-орунду канча жолу алганга жетиштиңер?
— Биз уткан оюндарды башынан эсптей келсек, бул биздин алтынчы жеңишибиз экен. Эскерте кетсем, 2006-жылдан баштап 5 жыл катарынан алтын медаль тагынганбыз. Эми бул айтылган жеңиштер менен эле чектелип калбайбыз, алдыда дагы мелдештер турат. Буюрса мындан аркы таймаштарда байгелүү орундарга мөөрөй талашып, дагы ийгиликтерди, жетишкендиктерди багынтабыз деп ойлойм.

— Рамис Майрамбекович мелдеште 2-орунду утуп алдыңар. Мындай орун да сыймыктуу болуп эсептелгендиктен, кандай сезимдерде болуп жатасыздар?
— Биз бул таймашка катышар алдында, атайын аттарды КаМАЗга жүктөп алып, бир айга Суусамырга даярданганы барган элек. Ал жактан жигиттер дем-күч алып келгенден кийин биз экинчи эмес биринчи орун алабыз деп ойлогонбуз. Тилекке каршы спортто буйруктан экен. Андыктан күмүш медалды тагынып, «сыйлыктуу орун алдык» деп кубанып турабыз.

— Атайын Суусамырга барып даярдык көрүпсүңөр. Анда таймашта кандай ката кетирип утулуп калдыңар?
— Таймаштын башында жакшы эле кармашып болгон күчүбүздү жумшап жатканбыз. Анан эле экинчи таймга келгенде жигиттер чарчап калдыбы же дагы бир нерсе болдубу эмнегедир шашпай, жай ойноп калдык. Ал эми оюндун жыйынтыгы чыкчу үчүнчү таймда, биздин улакчылар кайра жанданып, жакшы ойногон менен упайдан алдырып жиберип жеңилип калдык.

— Аталган ат майданда биз дагы оюнга көз салып отурдук. Байкашымча анда сиздер талашкан улак улам-улам эле жерге түшүп кетип жатты. Анын салмагы оор болуп жеңилип калган жоксуңарбы?
— Өзүңөр көргөндөй ары бери талашкан улактын салмагы болжол менен айтсам 38 кг чыгат. Бирок кеп анын салмагын көтөрө албай жеңилип калганда эмес. Мелдеште мындан да оор улактарды талашкан учурлар болгон. Андыктан оюнда эң маанилүүсү шамдагай болуп, жаткан улакты атка өңөрүп алып, алдыңан чыккан атаандаштарыңа аны алдырбай буйтап өтүш керек. Мындан тышкары, спортчулар оюн учурунда улакты жулмалап тартышып жатканда аттын башы денеге катуу тиет, ооруксунат. Бирок биз мындай майда-чүйдөгө көңүл бура бербейбиз.

— Таймашта канча акча уттуңуздар жана аны эмнеге коротолу деп жатасыздар?
— Мелдеште 250 миң сом алдык. Мындай жылда жеңген акчаларыбыз жылкыларга короп кетет. Анткени, эл бир жылкыны багыш үчүн канча деген акчаны жумшап жатышат. А биз болсок, жыйырмадан ашык жылкыны багып, карайбыз.

— Көк бөрү улуттук спортуна кызыгып «мен дагы ойноп көрөйүнчү» деген жигиттерди ала бересиңерби?
— Эми чындыкты айтсам бул кыргыздын нукура оюнун шаардык балдар эч качан ойной алышпайт. Себеби, алар кара жумуш жасабай күчтү көп топтогон эмес. Мындан тышкары, «мен ойноп көрөйүнчү» деген балдардын барын ала бербейбиз. Негизгисин айтсам бул спортко биз 20 жаштан жогору жана оюнду чеберчилик менен ойногондорду тандап алабыз. Ал үчүн алар көк бөрүчү болуп төрөлүшү керек. Тактап айтканда, бала кичине чагынан баштап эле аталган кыргыздын спортуна кызыгып, ал тургай эрежелеринин барысын билип, үйрөнүшү зарыл. Ошондой эле ат үстүндө өзүн көргөзө алса, калтырбай ар кандай улактарга катышса, анда андан «эң мыкты» деген көк бөрүчү чыгарына ишенсе болот.

Маектешкен АБДЫРАЙ кызы БЕГАЙИМ,
«Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07. 09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий