Үч куплет ыр, эки бөлмөлүү үй

Ижарадан ижарага көчүп, күлү додо болбогон көчмөн кыргыздын шаардагы көчмөн турмушу башталат. Бир уулу шаардын бурчунда төрөлсө, бир кызы шаардын дагы бир көчөсүндө көз жарат. Анан да атагы чыгып калган акындын дос-тамыр, тууган-уругу, кайын журту дегендей, келим-кетими артат. Балдары бар, жары бар, бирок достору жолукса “жүр үйгө” дээр үйү жок. Ал убакта ошондой болчу, кыргыздарга үй берилчү эмес, берилмек турсун аларды прописка кылууга тыюу салынган өткөн кылымдын 60-жылдарында. Же үйдө жок, же Чүйдө жок кыргыздар орустардын ижарасында баш калкалап көчүп, конуп жүрүшчү. Ал эми Сибирден келген орустар эки айдын ичинде прописка болуп, үчүнчү айда үй алышчу. Ошол учурларда курулган микрорайондордон үй алган кыргыздардын саны таздын чачындай бирин-серин болчу. Фрунзе шаарында орустар 70-75 пайызды түзгөн. Кыргыздардын базары тарып, орустардын ооматы жүрүп турган орусташтыруу саясаты сасыган ушундай учурда үй алып көр.

Көргөн кордук, сезген ыза атуулдук намысты алоолонтуп жиберет окшобойбу. Өзүнүн:

“Жери эмес бул жер өзгөнүн,
Жети атаң өскөн өз жериң,
Өз жериң менен шаарыңда,
Өзүңдү мейман сезбегин”.
(“Шаарга келген карыга”), — деген ыры жетелеп көчөгө алып чыгат акынды. “Чын эле өз шаарымда мен эмне үчүн үйсүз жүрүшүм керек. Орустар бүтүрүп жаткан ишти мен деле колуман келишинче бүтүрүп жатам го… жакшылык кылбаса да калыстык кылар жан жокпу?” Ит мурдуна суу жеткенде сүзөт. Кыргыз да ит жандуу чыдамкай келет. Чылгый кайыш болуп баарына чыдап, чыдай албай калганда гана араң кыймылдайт. Анан да жанда жок жалкоолугучу. ”Жатып ичер аш болсо, жалкоолук жанга тынч экен” деп ыр чыгарып алганын кара. Кыргыз үй эмес, ооруганда да ошондой, орустар чүчкүрөр замат врачка чуркаса, кыргыздар температурасы кырк болуп балыктай туйлап жатса да, эртең оңолуп кетем деп көк тиктеп жата берип, оорусун күчөтүп алат. Ошо чыдамкайлыгы өзүнүн башына таяк болуп тийгенде гана көзү ачылып, чачын жулуп чамгарактай баштайт. Байдыкең да ушундай абалга келип калган. Анан да ал учур казактын кара жаак акыны Касым Аманжоловдун Алматынын шаар башчысына үй сурап кирип, “үй жок!” деген үмүтсүз жообун уккан соң:

“Бербесең бербей ак кой баспанаңды.
Сонда да тастамаймын астанамды.
Жаксы жыр мен жылытам мен өзүмдү,
Жане де айелимди, жас баламды”
деп жалгыз түрмөк ыр жазып калтырып кеткенин казактардай эле ар бир кыргыз тамшана угуп, тайманбас талантына таңыркап жүргөн учур болчу.

Ошентип Байдыкең шаар башчынын кеңсесине кирсе, үй сураган камыштай калың эл жүнүн жейт. Кыжыкыйыма элдин арасынан суурулуп барып, бир барак кагаз алат да “Шаардык аткаруу комитетинин председателине” деп туруп:

Мал айдап тоого көчкөн миң,
Баласы менмин көчмөндүн.
Баш паанек берер бекенсиң,
Байырлайм шаарга деп келдим.

Калаанын ичин жаңылап,
Катар жыл көп үй салынат.
Катар жыл менин кезегим,
Арылап барат, арылап…

Үй, үй – деп жүрүп агайын,
Өткөрдүм күндүн далайын.
Болбосо… шаардан конуш бер
Боз үйдү тигип алайын”
– (“Ак калпак”) үч түрмөк жазып, Байдылда Сарногоев деп колду коюп, болсоң беш, болбосоң он беш дейт да берчү жерине берип кете берет. Ал убакта тартип кандай! Ар бир эмгекчинин арызына өлчөлүү убактын ичинде жооп берилчү. Эки жумага жетпей Байдыкеңди шаардык аткаруу комитетине чакырат. “Ыр менен жазылган арызды биринчи окушум”,-дейт чакырган жигит. Бул маселени чындыгында биз чече албайбыз, үй чоң маселе, муну Министрлер Совети чечет. Эки-үч күндүн ичинде бул кат Болот Мамбетовдун колунда болуп калат. Сиз эртерээк жазылып, ошол кишиге кириңиз”… Ал жигиттин айткан жол-жобосун туура аткарат. Жума өтпөй Министрлер Советинин Председатели Болот Мамбетов кабыл алат. “Ии, Байдылда Сарногоев деген жигит сен турбайсыңбы?”-дейт төрага учурашып бүткөндөн кийин. “Ооба, аксакал”,-дейт Байдыкең отуруп жатып. “Ии, балам сүйлөй бер”,-дейт Председатель. “Мен сүйлөгөн сайын,-дечү,-ал кишинин башы “макул, макул, болуптур” дегендей эле ийкелип турду. Мен болсо: “Атаңгөрү, бир сөзүм да талаага кетпей жакшы болбодубу, сөзүм бу кишиге куп кана ынады”-деп ичимен сүйүнүп турам. Көрсө, ал кишинин башы өзү ошондой экен, өзү эле ийкелип турат экен. Согушка катышканбы же, оорулуубу билбейм. Анын ортосунда сөздү сөз келгенде айтпаса атасы өлөт деп “кадимкилерден” да дыр койдуруп жибердим. Күлдү. “Болуптур, эми бара бер, кабарлайбыз”-деп жагымдуу узатты кетээрде. Ошо ошо болот, Байдыкең эки айга жетпей эски аэропорт тараптан эки бөлмөлүү үйлүү болот.

Анатай ӨМҮРКАНОВ, Кыргыз эл акыны, «Эркин-Тоо», 07.09.2012 ж. 

Соц тармактар:

Добавить комментарий