Элди эл кылып келген тыюу-чектөөлөр

Башка социалдык кубулуштар сыяктуу этикет — карама-каршылыктуу, көп өңүттүү түзүлүшкө ээ. Андыктан, этикет маселеси эреже катары тилдик жана тилдик эмес кошумча каражаттардан болгон үндүн түрдүү угум, басым, тынымдарын, ымдоо-жаңсоолорун өз ичине камтыйт. Ошондуктан, өз ара сүйлөшүү учурунда колдонулган бул белгилер карым-катыштын бир булагы катары этикеттик жагдайга да кызмат кылат.

Ар бир элдин этноэтикетиндеги бул айырмачылыктар улуттун маданиятын түптөйт. Кыргыз элинин байланыш-катыш учурундагы этикет эрежелерин камтыган ымдоо-жаңсоо белгилеринин улуттук өзгөчөлүгү, табияты алардын көчмөн турмушта жашагандыгына тыгыз байланыштуу. Кыргыз эли көчмөн турмушта жашагандыктан, жашоо-шарты бозүй менен тыгыз байланышта болгон.

Төр түшүнүгү
Көчмөн жашоодо «төр» түшүнүгү жөн эле сый орун эмес, ал адамдын социалдык-саясый даражасы, чен-өлчөмү менен бааланган. Адатта, кыргыз эли коногун төргө олтургузат, бул — сыйдын, урматтын белгиси. Эгерде келген конок төргө олтуруудан баш тартса, үй ээсине болгон терс көзкарашын, карама-каршы пикирин ачык билдирүү деп эсептелинген. Абил бий: — Төргө өт, баатыр, — деди шашылбай. Бекназар сес кылдыбы, өчөштүк билдирдиби, улагага сыңар тизелеп отурган бойдон, унчукпай былк этпей койду (Т.Касымбеков, «Сынган кылыч»).

Бул түшүнүк бардык улуттарга мүнөздүү көрүнүш эмес. Айталы, кыргыз элинде төр — конок, улуу адамдардын орду болсо, ал эми полинезиялык урууларда тескерисинче, сыйлуу орун деп босогого жакын орун эсептелет.

Азыркы учурда өз ара сүйлөшүү мезгилинде колдонулуп жүргөн ымдоо-жаңсоо белгилеринин келип чыгуу тамыры ритуалдык, архаикалык мүнөзгө ээ экенин эстен чыгарбоо зарыл. Алардын өткөн мезгилдеги мааниси колдун, көздүн, чачтын ж.б. адамдын дене мүчөлөрүнүн ритуалдык-мифологиялык символикасы менен тыгыз байланышкан. Жогоруда айтылган ой-пикирлерди элибиздин этикетинде колдонулуп жүргөн төмөндөгүдөй конкреттүү факт-материалдар тастыктай алат.

Кол алышуу
Бул биз үчүн азыркы мезгилде өтө эле көнүмүш болгон сүйлөшүү учурунда колдонулуучу этикеттик кыймыл-жаңсоо болуп саналат. Көптөгөн элдердин маданиятында кол алышуу бири-бирине ашык болгондордун белгиси катары каралган. Кыргыз эли эзелтен эле колду адамдын дене мүчөсүнүн эң маанилүү бөлүгү катары карап, «кол — кудайдын мөөрү» деп эсептеп келишкен. Демек, кол алышууну «убадага туруу», «бек болуу», «макулдашууну бузбоо» деген мааниде карашкан. Кыргыз элинин салтында кол алышуу, кол беришүү өтө сейрек болгон. Ыйык жайларга барып келген касиеттүү деп аталган адамдарга гана кол беришкен. Ар кандай ыйык деп саналган нерсени таза кол менен кармаган. Оорулар кол аркылуу жуга турганын билип, «котур колдон жугат, жоор жондон жугат» деген өңдүү макалдарды чыгарышкан. Учурашканда алыстан гана колун төшүнө алып таазим кылып койгон. Эң бир жакын деп эсептелген туугандар, достор гана алыс жерден келгенде кучакташып, төшүн-төшкө тийгизишип көрүшкөн. Чындыгында, кол алышып-беришүү салты Европа маданияты менен биргеликте кирген. Кол алышуу — антташканда, бири-бири менен катуу убадалашканда гана колдонулган. Ритуалдык кол алышуунун ар кыл формалары кеңири таркалган. Кыргыз эли да байыркы мезгилдерде казатка аттанарда, чырлуу маселени чечип, бир пикирге келерде ак боз бээни мууздап, канын бир идишке тосуп алып: «Мындан ары арабыз бузула турган болсо, убададан кайтсак, так ушул ак боз бээдей мууздалып калалы» деп уруу башчылары, баатырлары жеңин түрүп, колун канга матырышкан. Ошол анттан кыргыз кайткан эмес. Мисалы «Манас» эпосунда:

Ак боз бээни алышып,
Ай туягын чалышып,
Качкандардын баарысы
Как ушундай болсун деп,
Карысынан кандарың,
Канга колун малышып
, — деп антташкандары айтылат. Демек, «кол алышуу» антташканда, убадалашканда гана болгон. Мына ушундай себептерден улам, жогоруда эскерткендей, элибиздин салтында кол беришип көрүшүү өтө сейрек кездешкен. Андыктан да «Манас» эпосунда кол алышып учурашуу ишараты жөнүндө дээрлик эч нерсе айтылбагандыгын да ушул себептер менен түшүндүрсөк болот.

Кыргыз элинде жынысы бөлөк эки адам эч убакта кол алышып көрүшкөн эмес. Улгайган аялдардын жаштар менен учурашканда колунан өөп тооп кылган же ийнинен сылап, андан соң өздөрүнүн колун өөп коюу адаты кеңири колдонулган. Оң колду көкүрөккө коюп, башты бираз кыйгачтанта ийилип салам берүү — адеп эрежесинин улуу үлгүлөрүнөн болуп саналган. Азыркы учурда учурашуунун мындай түрү түштүк жергесинде кеңири колдонулуп келет. Кичүү — улууга, жеке адам — көпчүлүккө, атчан — жөөчөнгө салам берген.

Этикеттик эрежелер
Бул туурасында сөз кылганыбызда сүйлөшүү учурунда айтуучу менен угуучунун жүрүм-турумунда кездешкен дененин түрдүү ал-абалы жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт. Этикет боюнча, коммуниканттардын тик туруусу, отуруусу, жүгүнүү-ийилүүсү сыяктуу тулку-боюнун ал-абалы да олуттуу мааниге ээ. Бул учурда адамдын көөдөнүнүн абалына (түз же жантайыңкы отуруусу), буттардын, колдордун, баштын жайгашуу абалдарына жараша да кошумча эрежелер болушу мүмкүн. Маселен, тулку-бойдун абалы, жалпы жонунан, адамдын туруп тургандыгы же отуруп тургандыгына жараша да биртоп өзгөчөлүктөргө ээ. Улуу адамдар менен сүйлөшкөн учурда же алар көрүнө калганда, кичүүлөрдүн аларга сый көрсөтө ордунан тик туруп туруусу — көпчүлүк эле элдерге мүнөздүү көрүнүш. Бирок бир караганда универсалдуу көрүнгөнү менен бул эреже бардык эле элдерде толук сактала бербейт. Маселен, Фиджи жана Тонга аралынын жашоочулары, тактап айтканда, жашы жана рангасы боюнча кичүү адам өзүнөн улуулар менен сүйлөшүп жатканда, тескерисинче, отуруп турушу керек болгон. Ал эми витуто уруусунда пикирлешин тике карабай, отуруп сүйлөшүү сыйлап-урматтагандыкты билдирген. Ал эми сүйлөшүү учурунда мындай «отуруп-туруу, тик туруу» көрүнүштөрүнүн кыргыз элинин жүрүм-турумуна тийгизген таасири биртоп. Маселен, кыргыз жаштары улуу адамды көрүшөрү менен ордуларынан тура калышат, улуу кишинин көзүнчө жамбаштап жатпайт, алардан жогору төргө олтурбайт. Бири-бирин сыйлабаган, карама-каршы пикирдеги адамдар гана ордунан туруп, бири-бирине ийилип ызат көрсөткөн эмес.

Этикет тарабынан уруксат берилген мындай ымдоо-жаңсоо белгилери, жүрүм-турум ал-абалы тууралуу сөз кылганыбызда, сөзсүз түрдө, этикет тарабынан тыюу салынган мыйзам-чектөөлөр туурасында да айта кетүү зарыл. Себеби тыюу-чектөөлөр менен этикет тарабынан уруксат берилген кыймыл-аракеттер бири-бири менен тыгыз байланышта. Мындай тыюу-чектөөлөр этнография илиминде «табу» деген термин менен белгилүү. Демек, «табу» деп, кандайдыр бир сөздү, көрүнүштү айтууга гана тыюу салуу эмес, кээ бир кыймыл-аракеттерге, жүрүм-турумдарга салынган тыюу-чектөөлөр деп түшүнөбүз. Алардын көпчүлүгү этикет эрежелери менен биргеликте каралат. Түрк тилдериндеги табу менен эвфемизмдерди иликтеген окумуштуу А.Ахметов өз эмгегинде табунун келип чыгуу табияты магияга байланыштуу деген кызыктуу далилдерин мисал келтире кетет. Магиялык ишеним боюнча, адамдар кээ бир иш-аракеттердин кесири, жамандыгы тиет деген ой-пикирдин негизинде тыюу-чектөөлөрдү пайда кылган. Кыргыз элинде да, «тигиндей кыймыл, иш-аракет кылсаң жаман болот, же, тескерисинче, ишиң оңолот, бактылуу болосуң, өмүрүң узарат» деген сыяктуу ишенимдердин негизинде табу түшүнүгүнүн пайда болгонун көрүүгө болот.

Кыргыз эли эзелтен адамдын социалдык, жыныстык жана жаш өзгөчөлүгүнө карата ымдоо-жаңсоо белгилеринин колдонулушун жөндөп-тескеп турган. Алар байыртан бери колдонулган этикет эрежелеринен, диний ырым-жырымдарынан кеңири чагылып турат. Бул тыюуларды этикет эрежелеринен жана диний ишенимден пайда болгон тыюу-чектөөлөр деп экиге бөлүүгө болот. Этикет эрежелерине туура келбеген жана диний ырым-жырымдардан улам пайда болгон тыюу-чектөөлөргө, ымдоо-жаңсоолорго төмөндөгүлөр кирет: сүйлөшүү учурунда оозуңду кербе, эстебе (адеп эрежеси); бутуңду өйдө көтөрбө (душманыңдын даражасы көтөрүлөт); башыңды шылкыйтпа, башыңды чайкаба, таңдай такылдатпа (жамандык болот); чайды оң кол менен узат (адеп эрежеси); телмирип тиктебе (көзүң тиет); камчыңды үйгө сүйрөп кирбе (адеп эрежеси); улуу адамдын жолун кеспе (адеп эрежеси); жер таянбай олтур (колуң сынат); жер таянып олтуруп тамак ичпе (ичкен тамагың боюңа сиңбей калат); далыңды салба (душман гана далысын салат); колуңду силкилдетпе (адеп эрежеси); түкүрүнбө, тиш кычыратпа (адеп эрежеси); камчы менен малдын башын чабууга болбойт, малды теппе (малдын кусуру урат, кедей болосуң); түнү ышкырба (жылан келет); таякка сүйөнбө (жакының өлөт); бешикти кур терметпе (баласыз болосуң); эки кишинин ортосунан өтпө (адеп эрежеси); баланы таманынан өппө (балаң жалкоо болот); ат жалына бутуңду артпа, аркан чыйратып жатканда түбүнөн өтпө, керилген арканды, жипти аттаба (боюң өспөй калат); эшикти тээп ачпа (үйдүн куту учат), желбегей жамынба (жамандык болот, колуң сынат); үйдү айланып чуркаба, үйгө, айылга чуркап же ат чаап келбе (өлүм-житим болуусу күтүлөт); күйгөн отко түкүрбө, туз төкпө (үйдөн ырыс-дөөлөт кетет); нанды тебелебе (каргышка каласың); идиш-аяк калдыратпа (үйдөн бак качат); колду, бутту, моюнду жип менен байлап ойнобо (туткун болуп калышың мүмкүн); кийип жүргөн баш кийимин бирөөгө бербейт (башынан бак кетет); баш кийимди жерге таштаба (башың ооруйт); чачыңды жайба, чачыңды жулба, кара түстөгү кийимди кийинбе (эриң өлөт); босогого турба (кедей болосуң); кыбыланы тээп жатпа, бутту айкаштырып жатпа (өзүң өлөсүң); бейитти колуң менен көрсөтпө (колуң чирийт); босогого туруп бой кербе (боюң өспөй калат); керегеге бутту артпа (үйдөн кут кетет); боюнда бар аял капка олтурбайт (төрөтү кыйын болот); аял киши ата-энесинин төшөгүнө отурбайт (бул сыйлабагандыктын белгиси); мылтыкты, бычакты адамга каратпа (жамандык, кокустук болот) ж.б.

Албетте, мындай тыюу-чектөөлөрдү кыргыз элинин коомдогу жүрүм-турумдарга салынган мыйзам-ченеми катары кароого болот. Кыргыз эли жаш баланын колун аркасына алып жүрүшүнө катуу тыюу салып келген. Бул белгинин улуттук маанисин Ч.Өмүралиев төмөнкүчө чечмелейт; «…колун аркасына алган баланы кыргыз жаман көрөт, «тарт, колуңу аркаңа алба», же «бала киши колду аркасына алчу эмес» деп жемелеп тыят. Бул — Теңирчиликтеги байыркы символ. Ал атасы жоктукту билгизет. Ата гана колду аркасына алган, ал «үй ээси», «үй башы» дегендикти билдирген. Эпаадам, бала киши колун аркасына алып турса «атасын жутуп алган турбайбы, бечара» деп алдыртан шыпшынып коюшкан, ага бир үйдүн жүзү, добушу катары мамиле кылган».

(Уландысы кийинки санда)

Айшат Ботобекова, «Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07. 09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий