«Жумгалдагы Дүйшөн», же алгачкы агартуучу

Кыргыз элиндеги алгачкы агартуучулардын бири, бүткүл өмүрүн, билимин эл-жерине арнаган, калкы кадырлап, атын аңыз кылган Ниязалиев Субанбектин жаркын элесин эскерүү, ысымын айылдык китепканага, Аблас Сулайманов атындагы орто мектептин атайын бир классына берүү, ошондой эле айылдын маданият үйүнүн жанына орнотулган айкелин ачуу аземи Жумгал районуна караштуу Куйручук айылында болуп өттү.

Жумгал жергесинин көп жеринде улуу муундагы адамдар тарабынан «Бизди окуткан агай эле»-деген урматтоо сезими менен эскерилип жүргөн Ниязалиев Субанбек 1898-жылы Жумгалдын Курманкожо болуштугунда орто чарбалуу үй-бүлөдө туулган.

Замана агымына, мезгил талабына шыктанган Субанбек өз өмүрүн бала окутуу, тарбиялоо жаатына арноону чечип 1923-жылы Пишпектеги мугалимдерди даярдоочу атайын окуу жайын бүтүргөн. Мына ушул мезгилден тарта Жумгал жергесинин айылдарында кат-сабатсыз элди илим-билимге үгүттөп, агартуу майданында алгачкы мугалим катары өтөгөн түмөн-түйшүктүү эмгеги башталат.

Субанбек Ниязалиев 1924-жылы Жумгалда алгачкылардан болуп ачылган «Айгыр-Жал» (Кызарт айылы) башталгыч мектебинде балдарды чогултуп окута баштаган.

1926-жылы «Кара-Баткак» (азыркы Кызыл Жылдыз айылы) башталгыч мектебинде ишин улантат. Ал жерден география, математика, тилди жакшы билген адис катары сабак өтөт. Бул айылда 2 жыл үзүрлүү эмгек өтөгөн соң, кайрадан «Айгыр Жал» мектебин жетектөөгө которулат.

1934-жылы жаңы окуу жылына карата чатыры камыш менен жабылган, 5 класстан турган имарат балдарга алгачкы жолу эшигин ачат. Ушул маанилүү окуядан 1 жыл өткөндөн кийин, 1936-жылы жогору жактан «Мектеп башталгыч баскычтан 7 жылдык окууга өткөрүлсүн»-деген буйрук чыгарылат да, директорлугуна Субанбек Ниязалиев бекитилет.

Ал эми кан күйгөн согуш башталганда ишке жараган эр-азаматтар майданга кеткенден улам тамак-ашы жетишпей муңкүрөп турган элдин, ачкалыктын айынан ак шишик болуп четинен кемий баштаган жетим бала, жесир энелердин көз жашын көрүп, кыйналган элге кабыргасы кайышкан Субанбек, эл тагдырын жеңилдетүү үчүн өз өмүрүн тобокелге салган. Кампада сакталып турган, кол тийбес үрөндүк буудайдан жетишпеген үй-бүлөгө аз-аздап тараттырат. Бул өтө опурталдуу, кылмыштуу кадам эле. Бирок, өз өмүрү коркунучта калганы менен бул кадамга барбаса, эгинди таратып бербесе колхоз элинин уютку тамырын үзүп алаарына көзү жеткен шекилдүү. «Бардыгы жеңиш үчүн, бардыгы фронт үчүн»-деген ураан астында жүрүп жаткан күрөштүн шартында кампадагы эгин тургай аңызда жаткан машак, бир тоголок данды сураксыз эңкейип алганы билинип калган жан болсо, НКВД кызматкерлери тарабынан кармалып кетип, сотсуз, сураксыз эле узак мөөнөткө кесилип кетчү. Жасаган ишин ашкерелеген айгакчы чыгып, тиешелүү органдарга жеткирилсе Субанбекти да мына ошондой оор тагдыр күтүп турган. Көп өтпөй, «Субанбек кампадагы эгинди элге бүт таратып жиберди» деген арыз жетип, НКВДнин кызматкерлери айылды капыстан басып, элди четинен суракка ала башташат. Ошондо айылда жашаган төрт урук элдин Шамбек, Дуйшөнаалы, Кукен, Шарше, Мамбетаалы, Мусабек, Осмонаалы баштаган аттуу-баштуу кишилери чогулуп келип, «Суке, эмне деп жооп беребиз?»-дешкенде: «Мен эгинди өз кызыкчылыгыма жумшаган жокмун. Жетим-жесирлерди өлүмдөн арачаладым, эл алдында кандай күндө болсом да жүзүм жарык. Кандай жооп беришти өз пейилиңерге койдум»-деп айткан экен. Ошону менен айыл аксакалдары тарабынан айтылган акылга уюган айыл эли бир ооздон, «Айгакчынын арызы жалган»-деген жообун айтышкан. Муну менен алар өздөрүнө жакшылык жасаган адамын коргосо, бир чети өзүлөрүнө да келип турган коркунучтан оолак болушкан.

Субанбек Ниязалиев кан күйгөн согуш мезгилинде 1942-1944-жылдары «Чоң-Дөбө» жети жылдык мектебин жетектеген. Бул мектептин да окуу базасын чыңдап, кошумча класстык бөлмөлөрдү куруп кеткен. Айылына гана эмес, райондо алгачкы агартуучу мугалим катары таанылган Субанбек Ниязалиев агартуу тармагына кырк жылга чамалаш өмүрүн арноо менен жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу эл-жерине өтөгөн эмгеги учурунда «Ардак белгиси» ордени, «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси жана бир катар медалдар менен белгиленген. Согуш маалында Сталиндин колу коюлуп келген грамота, андан тышкары ар-кандай мезгилде Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак Грамотасы менен 4 жолу сыйланган. Айылдык Советтин 5 жолку чакырылышынын депутаты, райондук Советтин депутаты болгон. Пенсияга чыккандан кийин да «Кызыл-Туу» колхозунун баштапкы партиялык комитетинин көзөмөлдө комиссиясынын башкармасы болуп бир нече жыл эмгектенет. 1969-жылы узакка созулган оорудан кийин, дүйнөдөн көзү өткөн.

«Кереге» («Кыргыз гезиттер айылы»), 05. 09.2012-ж.

Соц тармактар:

«Жумгалдагы Дүйшөн», же алгачкы агартуучу: 3 комментария

  • 18.09.2012 в 11:51
    Permalink

    Место Геройскому поступку есть ВСЕГДА!!!

    Ответ
  • 18.09.2012 в 11:53
    Permalink

    Я горжусь своим дедом!!! и его геройскому поступку!!!

    Ответ
  • 21.06.2013 в 20:53
    Permalink

    И я горжусь своим дедом и отцом!

    Ответ

Добавить комментарий