Кыргызстанда улуттук биримдиктин идеологиясы барбы?

Сүрөт http://kyrgyzsalam.net сайтынан алынды

“Кыргыз Туусу” гезитинин бүгүнкү меймандары белгилүү ишкер, “Айылбанк” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Токтосун Мадияров жана тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Койчиев улуттук аң-сезим, улуттук биримдик жана мекен келечеги жөнүндө кеп куруп беришти.

– Кыргызстандын келечеги жөнүндө кеп кылганда экономикабыз бечел, эл аралык саясатта көз карандыбыз, ошондуктан өнүкпөй жатабыз деп калабыз. Бутка туруп өр тартып кете албай жатканыбызга башка да себептер барбы деп сиздерден сурагым келет.

Токтосун Мадияров:
– Туура. Биз жыйырма жыл бою “эгемендүүлүк” ураанын чакырып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдап атканыбызды айтып, кериле көкүрөк койгулаганыбыз менен, иш жүзүндө регионализм менен уруучулуктун идеологиясын ургалдуу жайылтуу жаатында көбүрөөк аракеттенип алдыкпы деп калам. Улуттук аң-сезимди жаңы деңгээлге көтөрүү, улуттук биримдикти чыңдоо мүдөөсү айтууга жеңил болгону менен оңбогондой оор иш болот турбайбы да, ага караганда уруучулук менен регионализмдин урааны оңой оозго алынып, тез жайыларын кыргыздын тажрыйбасы таасын көрсөттү. Натыйжада, уруучулук менен регионализмдин идеологиясы азыркы кыргыз саясатынын жүзүн аныктаган факторго айланды да калды. Маселен, тигил кызматка түкүнчө аймактын өкүлү келди, бул кызматка баланча аймактын өкүлү келди деп, бийлик бутактарында аймактык өкүлчүлүктү сактоонун талап кылынышы сындуу көрүнүштөр мен айткандардын айкын далили.

Арслан Койчиев:
– Маселенин дагы бир орчундуу өңүтү бар. Болуптур, азыркы муун трайбализм менен регионализмдин идеологиясын тирилтип, кайра жараткан муун экен, ал эми кийинки муун эмне болот? Көргөн күнү не болот? Азыркы жаш муун трайбализмдин уусуна ууланып, аң-сезимин регионализмдин уусуна чактырып алган жокпу? Кыргызың илгертен кадр жагынан чукак эл, анткенде азыркы жаш муун мамлекеттин эртеңки жүгүн аркалай алабы? Демек, кыргыз мамлекетинин тагдырына жооптуу азыркы муундун алдында трайбализм жаатында бир эмес, эки милдет бар: биринчиден, бул оорудан ири алды өзүн-өзү дарылап, арылуусу зарыл, экинчиси, жаш муунду улуттук биримдиктин идеологиясында тарбиялоонун ары оор, ары ардактуу озуйпасын жүзөгө ашырмагы шарт.

– Улуттук биримдиктин ураанын чакырган күчтөр жокпу?

Арслан Койчиев:
– Эмнеге жок? Бар. Мына, трайбализм менен регионализмдин арааны жүрүп атканына кыргыздын дени-карды соо, улут жандуу уул-кыздарынын деле жаны кашаят экен, ошол себептен «Кыргыз Туусу» ушул маселени көтөрүп атасынар да. Бирок, кыргыз сындуу эле «мамлекеттүүлүктү» түптөөгө тырбалаңдаган элдердин тагдырына сереп салган англис тарыхчысы Арнольд Тойнбинин бир сөзү эске түшкөндө, аргасыздан баш чайкайсың.

“Жаш улуттардын арасынан чыгаан лидерлери суурулуп чыгып, эл-журтун баштоого, тарых айдыңына аралаштырууга канчалык аракет кылбасын, алар чабалдыгын карматып, натыйжада лидерлери сунуштаган жолго түшө алышкан жок” деп айтат Тойнби, анын сыңарындай…

Токтосун Мадияров:
– Анчалык пессимизмге алдырууга негиз жок. Улуттук биримдиктин ураанын чакырган күчтөр жанагы сиз Тойнбинин сөзүнөн келтирген “чыгаан лидерлер” сыяктуу эле тынымсыз аракетте деп ойлойм. Кеп ошол күчтөрдүн биригишинде, мунасага келишинде. Түндүк аймактан чыккан лидерлер деле улуттук биримдиктин ураанын чакырууда, түштүк аймактан чыккан лидерлер деле улуттук ынтымактын ураанын чакырууда. Бирок өкүнүчтүүсү, ошолор өз ара жакындашпагандан улам, эки ортодогу эл бузарлар аларды чабыштырып, кайраштырып, аларды кайнаса каны кошулбаган эки башка саясий агымдын өкүлдөрү катары көрсөтүп жиберишүүдө. Маселен, президент Алмаз Атамбаев кыргыздын ынтымагын баарынан жогору койгон инсан. Ырк бузулуп, кырды-бычак болуп турган кыйын кезеңде ал кишинин минтип айтканы бар: “Дүйнөгө түркүк болгон киши жок. Бакиев да кетет, Кулов да кетет, Атамбаев да кетет, бирок кыргыз эли калышы керек”. Президенттикке киришкенден бери ал Манас атанын “курама таптап журт кылдым” деген улуу осуятын такай кайталап, ушул багытта күч үрөп жатат. Улут ынтымагын, ар-намысын бийик туткан азаматтардын бири – Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов. Менин баамымда, ал жигит кыргыздын ынтымагы үчүн жан аябай кызмат кылууга өмүрүн арнап койгон. Мындай карасаң, экөө тең эле “кыргыз!”деп күйгөн азаматтардан, бирок эл ичинде экөөнү кайраштырган, ал түгүл бирин “түштүкчүл”, бирин “түндүкчүл” көрсөтүүгө умтулган карасанатай күчтөр бар.

– Азыркы муун тууралуу кеп кылдыңар, алар аны кандайча ырбатып алды?

Токтосун Мадияров:
– Эгемендүүлүк алган жылдардан бери “улуттук идеологияны” издеп калдык да, аны тапкан жокпуз. Тетирисинче, улуттук идеологияны издеп жатып, трайбализм менен регионализмдин идеологиясын таап алыптырбыз да, кудай бетин салбасын, жапырт баш отубуз менен кирип, активдүү иштетип атыппыз. Аны ооздуктайлы деген аракет болбоду. Албетте, аны таптакыр эле совет учурундагыдай сары изине чөп сала куугунтуктайлы деген киши жок, бирок саясатташтыруунун нормасын биле жүрөлү.

Арслан Койчиев:
– Туура, саясатташтыруунун нормасын биле албай жаңылдык. Маселен, Бакиев бийликке келгенде, түркөй аң-сезимде анти-түштүкчүл маанай “дүрт” этти. Эртеси күнү эле “оштуктар каптап кетти” деген пропаганда башталбадыбы. Чүйдүн боорун орус баш болгон толгон-токой, атын атам укпаган элдер каптаганда кыргызың кайда жүрдү эле да, “оштук” дегенде ойгонуп кетти, тобо! Ага саясий оппозициянын да ишмердиги кошул-ташыл болду. Себеби, оппозициянын анти-бакиевчил беш жылдык ишмердиги беш жыл бою анти-түштүкчүл пропаганда менен коштолуп отурду. Ушул жерден карапайым элди таарынтып
алдык.

– Болуптур, андай болсо Улутту бириктирүүнүн жолун чапкан, өткөндүн сабагы барбы?

Токтосун Мадияров:
– Бар. Элүүнчү-алтымышынчы жылдарды алалы. Элибиз социалисттик кайра жаралуунун жыргалын баштан кечирип, сан жагынан кудай буюрса миллионго чамалап баратабыз деп, миллиондуу калк болууну самап, кыялга баткан заманы эле. Ошол жылдары Кыргыз ССРин Искак Разаков, Төрөбай Кулатов, Абды Сүйөркулов үчөө жетектеп турган. Абды Сүйөркулов Кетмен-Төбөнүн кулуну болгону менен административдик жактан жердиги “Ош облусу” деп саналчу, ошентип үчөө тең азыркынын тили менен айтканда, түштүктөн эле. Бирок Кыргыз ССРин жалаң түштүктүн өкүлдөрү башкарууда деген нааразылык болгон эмес. Муну ошол кишилердин жетекчилиги астында иштеген, ушул эле “түндүктүн” өкүлдөрү айтып беришкен. Бул өткөндүн сабагы эмей эмине!

Арслан Койчиев:
– Мен андан да илгерирээк болгон окуяны, Арнольд Тойнбинин теориясына куп жарашкан мисалды келтиргим келип турат. Ашынган трайбалист Жусуп Абдыракманов трайбализмдин саясаты акыры кыргыз элинин шорун кайнатаарын эки-үч жылда жазбай түшүнүп, 1926-1927-жылдары чыгаан улуттук лидер болуп чыга келген дагы, кыргыз улутун калыптандыруунун, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн эң бир амбициялуу долбоорун сунуштаган экен, чиркиндики. Ал киши кыргыз улутунун жалаң кыргыз уруу­ларынан гана эмес, кыргызга тектеш майда элдерден дагы куралышын жактап, Кара-Кыргыз автоном облусунун курамына кыпчак, курама, ферганалык түрк, каракалпак сыяктуу этностордун киргизилиши үчүн күрөшкөн. Ушул идея деп жүрүп, Москва менен Ташкентке жаман-жакшы көрүнгөн. Башкача айтканда, курама топтоп журт кылуунун чыныгы үлгүсүн көрсөтүүгө бир аракет жасаган. Анын “манасчыл” бул саясаты Москваны кой, кыргыздардын арасынан колдоо таппады, аттиң! Албетте, Абдыракмановдун учурундагы шансты жоготтук, бирок анын саркындысын синирип калууга али да болсо мүмкүнчүлүгүбүз бар деп, такай айтып келем. Тилекке каршы, Абдыракмановдун мүдөөсү улантылбай, колдоо таппай келет.

Токтосун Мадияров:
– Кайран гана Абдыракманов десең! Аны айтып отурсаң, Абдыракмановдун долбоору ишке ашып калганда, эмне болмокпуз деп чоочуп алдым. Бу кебетебиз менен Абдыракманов чаап берген жолдун да өтөлүнө чыга албай,“сен – түрксүң, сен – каракалпаксың” деп ызылдашып, тытышып жүрмөк экенбиз да. Деген менен сен кеп кылган долбоорду өзбектер эң сонун ишке ашырды. Карагылачы, токсон боолуу өзбек урууларынан сырткары, азыркы өзбек улутунун курамына Фергана, Ташкенттин быкпырдай кайнаган сарттары, Ташкендин тегерегиндеги курама эли, кыпчактар, түрктөр, карлуктар, дагы-дагы толгон-токой майда элдер жуурулушуп, бир бүтүн өзбек улуту аталып, Өзбекстан эли болуп чыга келди. Өзбекстандын лидерлери курама топтоп журт кылуунун эң сонун үлгүсүн көрсөтүштү.

Арслан Койчиев:
– Туура, эң сонун үлгүсүн көрсөтүштү. Борбор Азияны жиктештирүүнүн авторлорунун бири Зарубин деген адам “узбекский народ создан на глазах истории” деп айтты эле, айла кеткенде, “атаңгөрүү, Манастын осуяты ошол жакка ооп кеткенби!?” деп таңыркайсың.

Токтосун Мадияров:
– Азыркы муун трайбализмден арылышы керек деп атпайсыңбы. Кантип арылыш керек? Биз совет учурунда жетишилген ийгиликтерди андан ары бекемдөөнүн үстүндө иштешибиз керек. Абдыракмановдун осуятын улантып, кыргызга тектеш элдерди боорго теппей, боор кылышыбыз абзел. Кел ушунун үстүндө иш алып баралы. Андан сырткары, улуттук маңызды түшүнүүнүн деңгээлин бийиктетели. Мына, карапайым кыргызды кой, билимдүү деген киши деле улуттун тилиндеги бирин-экин терминден, маданияттагы регионалдык айырмачылыктардан “саясат” жасап, “тигил тияктык экен, бул буяктык экен” деген деңгээлден чыга албай, улуттун өрүшүн тарытып атпайбы.

Кыргыздын тилиндеги аймактык, говордук айырмачылыктар тилибиздин байлыгы, маданияттагы айырмачылыктар маданиятыбыздын көп кырдуулугу деп кабылдаган даражага чыгалы.

Арслан Койчиев:
– Ысык-Көлдүн кыргызы Баткен кыргызынын маданиятын өз маданияты, тилин өз тилинин бир бөлүгү деп санаган күнү, Оштун Кара-Суусунун кыргызы нарындык кыргыздын маданиятын, жүрүм-турумун, тилин өзүнүкү деп эсептеген күнү, Таластын кыргызы Лейлек кыргызынын маданияты менен говорун сүйүп, суктанган күнү кыргыздын улуттук аң-сезими оңолуп, түндүк-түштүк деген бөлүнүүдөн арыла баштаган болобуз, жаңы муунду тарбиялап аткан болобуз.

Токтосун Мадияров:
– Ооба, бу түбүң түшкүр бөлүнүү, жердешчилик, трайбализм кайдан башталды, каякка алып барат деп калкыбыздын башы маң болуп турган чагы. Өткөндө Ошко барсам бир аксакал сурап атпайбы: “Бу кыргыз тарыхта анжияндык-аркалык” болуп бөлүнүп, мурда согуштук беле?” деп. “Жок! Эзели укпаптырмын” дедим. ”Анда эмесе, эл ынтымагы эмнеге бузулду?” дейт. Мукактанып, каңырыгым түтөдү. Ошондо, түндүк-түштүк ынтымагын бекемдеген, кыргыздын биримдигин күчөткөн, ал күчтү мамлекеттин келечегине багыттаган улуу ишти аркалай турган “Ала-Бел форумун” түзөлү деп чечтик.

Суроо салган Көчөр Карбоз, “Кыргыз Туусу”, 11.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий