Тил маданиятына келгенде кайсы саясатчы көп алешемдик кетирет?

Эсенбай НУРУШЕВ, публицист:
Кеңешим – «Манасты» окушсун

– Саясатчылар кыргызча сүйлөй албайт. Азыркылардан Каныбек Иманалиевди эле мыкты билет деп белгилейт элем. Калгандары ашкана деңгээлинде эле билсе керек. «Толук кандуу», «толук баалуу», «бутуна туруу» деп бири бирине кайрылып атышпайбы. Кыргызча бул туура эмес. Булар калька сөздөр. Гезиттер эмнени жазса, ошону кайталашат. Кеңешим, кыргыз тилин окушсун. «Манасты», элдик дастандарды, тил байлыгы, казынасы ошол жакта. «Мен ойлойм», «мен эсептейм» деп сүйлөм башташат. Бул туура эмес, кыргыз тилинде этиш эң аягына келет. Орусча «я думаю», «я считаю» дегенди ошентип которуп колдонушат.

Базарбай КОДОРОВ, БГУнун мамлекеттик тил боюнча проректору:
БӨТтүн бир эле тамгасын каткалаңга алмаштырса эмне болот?!

– Эми мамлекеттик тил боюнча мыйзамыбыз деле бар, анда айтылат: кыргыз тили кандай мекеме болбосун адабий ченемдер менен колдонулсун деп. Саясатчыларыбыз да шарт-ахыбалга жараша болуп атпайбы. Жогорку Кеңешти карап көргүлөчү! Атын атабай эле коёюн, өткөндө элге аттын кашкасындай таанымал, айылда чоңоюп-өскөн депутатыбыз «жаратылышка өтө мамиле кылып, аркар-кулжаларды аткылап, баарынын боюнан түшүрүп койдук» – деп атат. «Ой боюнан түштү», «бала салды» деген сөздөрдү кимге багыттап сүйлөсө болот, орду бар да. Бул абдан одоно катаа. Аралаштырып, башка сөздөрдү чалып сүйлөгөндөрүн айтпай эле коёюн. 10 сүйлөм айтса, жарымын орусча аралаштырышат. Дагы бир кейиштүү көрүнүш пайда болду: саясатчылар кайсы чөлкөмдөн болсо, ошонусуна басым жасап, диалектикалык сөздөрдү катыштырып тийишүү. Гезиттер «баланча аке», «үке не кылгаңыз» деп саясатчыларга кайрылууга өтүп атат. Бул анын аброюна шек келтиргенге барабар да. Түштүк диалектикалык говорлорду колдонушуп, мисалы, сөз болуп аткан кишиси Баткенден болсо, баланча аке бовойт да деп. Мындайды токтотпосо, аягы жакшы менен бүтпөйт.

Кыскартуулар боюнча да айта кетейин, өткөндө БӨТ эле БӨТ дешет. Ал эмнеси десем, көрсө, саясатчынын аты-жөнүн кыскартуу экен.  Кыскартканда да этияттап кыскартуу керек. БӨТтүн бир тамгасын эле каткалаңга алмаштырып койсо, эмне болот?! Башкача маңыз берип калат. Ошондуктан тилге астейдил мамиле кылсак.

Раимжан КУРБАНОВ, Кыргыз тили коомунун президенти:
Акүйдө намазканадан көрө кыргыз тил кабинетин ачуу керек

– Саясатчыларда тил маданияты өтө начар. Сөз байлыгы да жарды. Бийик трибунадан сүйлөгөндө уккулуктуу, көркөмдүү сүйлөш керек. Элге  күзгүдөй үлгү болуш керек да. А биздикилер көбүнесе орусча аралаштырып, таза, так сүйлөй албайт. Мындан улам алардын сөздөрү таасирдүү да эмес. Кыргыз тилин өз деңгээлинде сүйлөгөн саясатчыларга Өмүрбек Текебаев, Жылдызкан Жолдошева жана Каныбек Иманалиевди мисал келтирет элем. Булардан башкаларынын басымдуу көпчүлүгүнүн сөз байлыгы эптеп эле. Акүйдө намазкана ачышты го, эми билбейм, ал канчалык деңгээлде керек. А көрөкчө оратордукту үйрөтүүчү кыргыз тил кабинетин ачып койсо кандай болот эле. Ушу кыргыз тилге кошуп, аралаштырган эң көп сөздөр деп орусчадан «действительно», «конечно», «вообщем» деген сөздөрдү кулагым чалат. Анан саясатчыларда «жанагы эмее» деген да сөз бар тилди бузган. «Чала молдо дин бузат, чала кыргыз тил бузат» болбойлу. Кыргыз тили билгенге бай, билбегенге жарды көрүнөт.

Рыскелди МОМБЕКОВ, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы:
Элде жок сөздөрдү ЖКда тапсаң болот, башканы кой, жаргондорду кошуп сүйлөшөт

– Айта берсең, кемчилик толтура. Саясаттын чордону парламент да, карап отурсаң өзүнчө эле мыскыл жана тамаша. Элде жок, эл колдонбогон сөздөрдү Жогорку Кеңеште тапса болот. Башканы кой, жаргондорду кошуп сүйлөшөт. Өзүң уяласың. Ошол жерде мушташып атышкан алар уялат дейсиңби? Качан болсо «процедурный вопрос», «микрафонду включать этип койгула» деп отурушат. Саясатты бузгансып тилди да бузуп отурушат ошол жакта. Тажикстанды карагыла, былтыр мамлекеттик кызматкерлерде тажик тилин билүү боюнча тастыктамасы болуш керек деген мыйзам кабыл алышкан. Быйыл депутаттыкка талапкерлерде, депутаттарда эмес,  талапкерлерде тажик тилин билүү боюнча тастыктама болсун деп талап коюп, мыйзам кабыл алып атышат. Бизде андай муктаждык жаратуу эмес, мамлекеттик тил боюнча сын айтсаң секиришип, «улутчул» дей башташат.

Ошентсе да кубандырганы – Жогорку Кеңеште генералдар Исмаил Исаков менен Токон Мамытов, Курмантай Абдиев, Курмантай Абдиев, Курманбек Осмонов мамлекеттик тилдин маңызын кадырлаган адамдар. Тилди бурмалап, аралаш сүйлөгөндөр деп Садыр Жапаров, Нурлан Төрөбековду белгилейт элем.

Кенжаалы САРЫМСАКОВ, журналист, тил жаатында 40 жыл ТВде иштеген:
«Мени айтчы, мени айтчы» деп сөздөр сагаалайт

– Эми саясатчылардын аты-жөндөрүн айта албайм, жетимишке чыккан карыямын да. Жалпылап эле айтайын. Мынабу, элдин жетекчиси катарында кабылданган адамдар ар дайым так сүйлөбөсө, өтө зыяндуу. Кыргыз тилинин кутун качырган сөздөр күчөп колдонулуп атат. Мисалы, «четке кагып»  дешет, отрицает дегенди, туура эмес которушкан. Кактырбай эле башка сөздөр колдонсо. «Толук кандуу» деген сөз, биртоп болду, ушунчалык жайылып кетти, кыргыздар «кан» кошуп сүйлөгөн эмес. Анан «таанышып алыңыздар» дешет, кабардар болуңуздар, билип коюңуздар деген сөз так, даана турат, сагаалап, «мени айтчы, мени айтчы» деп, бирок ошого карабай «таанышып алыңыздар» эле дей беришет. Дагы бир сөз  «бутуна туруп» дегенди айтышат, башка деле кыргыздин сөзү толуп атат да.  Эми кийинки кезде, эки үч айдай болду го, мынабу депутаттардан башталды деп байкап калдым, «мен ойлойм» деген сөз эл оозунда ушундай чагылгандай тарап баратат. Эки сөзүнүн бири эле «мен ойлойм». Анан дагы бир сөз бар, мынабу жыйындарда «уруксат этиңиздер, уруксат этиңиздер» дешет. Жөн эле айта бериш керек да. Ушунчалык көп колдонушат. Кыргыз тилинин өзөгүнө тим эле бир балта чаап атышат. «Баланчага сөз берүүгө уруксат бериңиздер» дешет. «Чакырууга уруксат этиңиздер» дешип… Ой ушу уруксат сурап отурбай эле айта бербейби. Бул майда барат деле эмес, бара-бара тилдин кутун качыра турган нерселер.

Жумагул КАРАГУЛОВА, ЖК котормочуларынын жетекчиси:
Депутаттар алдыңкылардан болуп, мамлекеттик тил мыйзамын аткарып атат

– Кыргызстанда кыргыз тили боюнча мыйзамды Жогорку Кеңеш депутаттары алдыңкылардан болуп аткарып атат деп айта алам. 10 жыл мурун ЖК жыйындары кыргыз тилинде өтсүн деген талап коюлуп, регламентке кирген. Мына эми азыркы төрага да талап коюп, документтерди кабыл алганда кыргыз тилинде гана алат. Эми бүт комиссиялар жанталашып эки сүйлөмдүк кат болсо да котортуп кетип атышат.

Мурун андай эмес болчу, керек болсо депутаттар ант бергенде да кыргызча акцент менен айтып аламбы деп коркуп, орусча айтчышчу. Эми кыргыз эмес улутундагылар да кыргызча ант берип атпайбы. Кыргыз тилин таңуулабай аны үйрөнүү, билүү талабы коюлууда. Ушул чакырылышта тил коргоочулары көп. Төрага баш болуп, Урмат Аманбаева, Исмаил Исаков, Эгемберди Эрматовду белгилейт элем. Кыргызча суроо берилгенде кыргызча жооп берүү этикага деле жатат да. Алар ушундай талап коюшат.

Дагы бир жакшы жөрөлгө, мамлекеттик түзүмдөрдөгү эларалык бөлүмдөргө көбүнчө чоңдордун балдары келери жашыруун эмес. Мурда ал бөлүмдөрдө англис тилин билгендерге артыкчылык берилсе, азыр кыргыз тилин билүү артыкчылык болуп калды.

Бир нерсе белгилеп кетейин, жакында эле казактар бизге казак тилинде кат жөнөтүптүр, биз да протоколду сактап, кыргыз тилинде кат жөнөткөнбүз. Казактар аны түшүнбөйбүз деп Казакстандагы элчиликке которуп бергилеп дешиптир. Ал жактагы элчиликте катты кыргызча которгонго киши жок, 1 ай жатканы тууралу уктук. Мындай фактылар да бар.

Кейиштүү дагы бир нерсе, ЕККУ, БУУ, ЮСАИД өндүү эларалык уюмдар мыйзамды сактап, кыргызча котормочуларды жалдап келишет. Бирок алардын акчасына кызыгып, синхрондук котормочубуз деп тилдин тамтыгын чыгаргандар көбөйдү. Ушул да кыргыз тилине мүнөздүү көйгөй азыр.

Элеонора САГЫНДЫК кызы, «24.kg» MA, 17.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий