“Устасы менен эл жакшы, Устаты менен эр жакшы”

Мен Калканбай байкени тээ алтымышынчы жылдан бери жакындан билем. Окууну жаңы эле бүтүп, Жумгал районундагы Ленин атындагы колхоздо ветврач болуп иштеп жүргөм. Ошондо тааныштык. Биздин айылга командировкага келди. “Ленинчил жаш” гезитинин өз кабарчысы болуп иштейт экен.

Ал менин жазгандарымды тажабай отуруп окуп чыккан соң, өз оюн айтты: “Сенде психологизм бар, – деди Калканбай байке мага карап, – жазгандарыңдын ички кайрыктарынан байкалып турат. Кемчилигиң – калемиң жакшы төшөлө элек экен. Грамматикалык эрежелер сакталбаган, сюжет түзүүдө баш аламандык, алешемдик көп жүрөт…”

“Турмуштун чордонундасың, эмгектин кайнаган жериндесиң, – деди дагы мага карап күлмүңдөп сүйлөп, – сеникиндей шартка жеткен да бар, жетпеген да көп. Ишиңди жакшы иште, көп оку. Көп ойлон, бышып жетилген ойлоруңду гана сөз берметтери менен шөкөттөп кагазга түшүр. Адам баласы үчүн анын ичинде өзгөчө калемгерлер үчүн, сөздөн күчтүү курал жок.

Жашоонун маңызы болгон кү­рөштүн данакери – сөз. Кишинин эң улук, эң ыйык касиети сөз. Ар бир каармандын өзүнө гана таандык, өзүнө гана энчилүү сөзү болот. Жазуучунун вазийпасы – сөзүнө жараша каарманды иргеп, издеп табуу. Типтүү образдар системасын жаратуу оңой-олтоң иш эмес. Токсон тогуз процент эмгекти талап кылат. Бул адабияттын талабы. Ошон үчүн Достоевскийдин мындай деп айтканы бар: “Искусствонун эң негизги милдети, жеткилең реализм менен адамдан адамды табуу” деген экен акылман. Анан дагы айта кетейин, жаман сөздүн да, жакшы сөздүн да жоопкерчилигин көңүлүңө түйүп жүр. Кат жазышып, кабарлашып туралы.

Ошондон көп өтпөй эле “Ленинчил жаш” гезитинин биринчи бетине менин “Комсомол” деген ырым жарыяланып калды. Калканбай байке жылуу сөзүн айтып, ак жол каалаптыр. Калп айткан менен болобу, мен ошого демдене түштүм, жакшы сөз жан семиртет деген чын окшойт. Кийин атайы барып Фрунзедеги жашаган үйүнөн жолуктум. Күлүп-жайнап тосуп алды.

Эки бөлмөлүү тар квартирада жашашат экен. Айжаркын кичипейил кара-тору аялы, мотурайган эки баласынан сырткары үйү толтура кишилер жүрөт. Айылдан келгенби, билбедим. Айтор сүрмөтоп конок үстүнө конокко келгениме бир аз ыңгайсыздана түштүм. “Кичинекей жер төлөгө сыгылышпай эле, мейманканага барсамбы…” деп ойлонуп ичимден бушаймандандым. Анүстүнө кур кол келгениме да өкүндүм. Чукулунан чакырылып республикалык айыл чарба кеңешмесине келгенбиз. Бирдеме ала келүү оюма да келбептир. Кудай жалгап, үй ээси менин кайдан, эмнеге келгенимди да сурабады. Агынан жарылып, үйүнүн төрүнө өткөрдү. Сыйлуу конок болдум.

Алып кеткен менин кол жазмаларымды машинкага бастырып, басмага даярдап койгонун көрсөттү. Калканбай байкенин жолдошу Сакен эже машинистка болуп, чогуу иштешет экен. Менин чыгармаларымды мезгилдүү басма сөз беттерине ыгы менен берип турушаарын билдиришти. Мен да ыраазылыгымды айттым. “Булар мага кимдер деги, – деп ойлодум ошондо, – буларга мен эмне жасап берем десең?”.

Калканбай байкенин дагы бир артыкчылыгын байкадым. Ал такай эртең менен жүгүрүп, спорт менен машыгат экен. “Сергек өмүр сүрүү керек, ден-соолугуң, үй-бүлөң, тазалыгың, эмгегиң – сенин бак-таалайың, өмүрүң, жашооң…” – деп күлүп койду. “Көк конверт” деген китебине колтамга жазып берип, адабият теориясы боюнча жана классик жазуучулардын китептеринен бир таңгак кылып көтөрүп келип, мени автовокзалдан жөнөттү. Колумду бекем кысып: “Жолуң шыдыр болсун, жолдошуң кыдыр болсун, адабият пири колдосун…” деп күлмүңдөп узатып калды.

Ошо кездешүүдө Калканбай байкеден үй-бүлөлүк сүйүүнүн, меймандостуктун, сергектиктин, чыгармачылык эргүүнүн үлгүсүн алып, ушундай бактылуу үй-бүлөлүү чыгармачыл адам болууну эңсеп, терең ойго чөмүлүп, автобуста термелип бараттым…

Мына ошондон кийин мен чыныгы чыгармачылык түйшүктү баштан кечире баштадым. Жазуу түйшүгүнө киришем, көбүнчө түн ичинде. Мемиреген түнкү тынчтыкта шыктанып жазам. Уйкум умачтай ачылып кетет. Чыгармачылык эргүү келет. Кабар жазам, ыр жазам. Жакканын кайра-кайра окуп көрүп, анан конвертке салып, ылайыктуу редакцияларга багыштайм. Жакпагандарын тытып таштайм, тыткан баракка өкүнүп да калам. Көзүмө уруна калган гезит-журналдардан кабарларды окуп кирем. Кээде китеп окуп, адабият теориясын конспектилеп алам, роман, повесттерди улантып окуйм. Таңга маал чарчап калам, талыкшып уйкум келет.

Эртеси чала уйку болуп ордумдан туруп кетем. Денем салмактанат. Шалдырап шайым ооп, жазуудан көңүлүм калат. “Ушинтип жанымды кыйнап, азап тартып не кылам, жазбасам күнүм өтпөй калыптырбы? Карызым барчылап. Апам айткандай, ушуну кудай кут кылсын деп тынч эле мал доктур болуп жүрө берсең деле болот да, эмне жетпейт, мага, менде баары эле бар турбайбы”, – деп ойлоп, кээде жазгандан тажап, мал доктурлук ишимди аркалап кетип калам көпкө чейин. Мээ сергий түшкөндө, кайрадан ээрчип, мал док­турдан жазганга келем. Жазбай коё албайт экемин. Эки өнөр кесиби мага эгиз баладай көрүнөт. Ыймандай сырымды Калканбай байкеге билдирип кат жазам, жооп кат келет. Анда: “Эки чылбыр, бир тизгинди бекем кармап, мен – математик мугалими жазып жүрбөйүнбү, Чыңгыз Айтматов – зоотехник, дүйнөнү дүңгүрөтүп жатпайбы. Спорт менен машык”, – деген кеңешин берет…

Негизи Калканбай байкенин өрнөктүү өмүрү өзүнчө дастан жазууга арзыйт. Маараке тоюңуз кут болсун, Калканбай байке! Сексен жаштын даражасына жеткен бар, жетпеген бар дегендей токсон жаш даражаңызда дагы жолугалы.

Канболот БЕРДИКЕЕВ, жазуучу, “Кыргыз Туусу”, 14.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий