Айтматовго болгон сагыныч же анын кусалыкты жазган асыл ойлору

Айтматов ааламынан баарын тапса болот. Мага Айтматовдун чыгармачылыгы турган турушу менен поэзия катары туюлат. Карапайымдык, жөнөкөйлүк, дирилдеген сезимдер, ошол эле учурда даанышмандык, бийик интеллект бири-бирине ширелишип кеткен. «Ак жаан» повестинен баштап «Тоолор кулаганда» романынан ар бир айылдык кыргыз өз балалыгын, жүрөгүн кытыгылаган сезимдерди, шайыр жеңелерди, өкүнүчкө айланган аселдерди көз алдына тартып, ал күндөрдү сагынып, кусаланып алат. Ошол эле учурда дүйнөлүк проблемалар менен кошо канткенде адам уулу адам болот деген суроо жүрөктү тилип өтөт. Айтматовдун «Ала-Тоо» аянтына койгон айкели мүмкүн 100-200 жылдан кийин эч нерсеге жарабай калар, а бирок анын өзүнө өзү курган СӨЗ эстелиги адамзат жер үстүндө бар кезде урабайт, кулабайт.

Адам жана айбан
«…Бирөөнүн каны — бирөөнүн жеми, тирүүлүк башталгандан келаткан жосун ушул. Жашоонун башка жолу жок, тиричиликтин башаты ошол. Мында эч кимисинин адилеттиги да, күнөөкөрлүгү да жок, таразалаган калысы да жок, күнөөкөр эле болсо — биринин канын бирине жем кылып жаратып койгон Эге болор… (Адам тагдыры гана башкача — мээнет кылып нан таап, мээнет кылып эт таап, адам өз табиятын өзү курат». («Кыямат» романынан)

Адисинен ашкан адамдар бараткан жол же космос монахы Филофейдин каты «Кассандра-эмбрион жиберген жооптун маңызы болжол менен төмөндөгүдөй: «Эгер эрк өзүмдө болсо мен туулбай коюуну артык көрөр элем. Силердин сурооңорго жооп кылып мен белги берем, силер андан мени, менин жакындарымды да, келечекте тагдырдын оор жазмышы, бөөдө кырсык күтүп турарын чечмелеп биле аласыңар. Эгер силер ал белгилерди чечмелей ала турган болсоңор, анда билип алгыла, мен, кассандра-эмбрион, эч кимге артык жүк болбой, туулбай туруп туна чөгүүнү артык көрөм. Силер сурадыңар — мен жооп бердим. Менин жашагым келбейт. Бирок эркиме койбой, жарык дүйнөгө келүүгө мажбур болсом, анда мен, баардык эле адамдардай, маңдайыма кандай тагдыр жазылса аны дал ошондой кабыл алам. Эмне кылуу керек — аны өзүңөр чечкиле, баарыдан мурда мени боюна бүтүрткөн менин энем чечсин. Ага чейин айтканымды угууга жана түшүнүүгө аракет кылгыла. Мен — кассандра-эмбрионмун! Менден кутулуу али кеч эмес, мен ага даярмын. Мен, кассандра-эмбрион, дагы биртоп күн силерге белги берип турам. Мен, кассандра-эмбрион, туулгум келбейт, келбейт, келбейт… Мен — кассандра-эмбрионмун!»

«Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк»
(Чыңгыз Айтматов менен Султан Раевдин маегинен үзүндү, 2004-жыл.)
«Султан Раев: — Чыңгыз Төрөкулович, сиздин кайсы чыгармаларыңызды албайлы, «Жамийланыбы», «Кылым карытар бир күндүбү», «Гүлсараттыбы», «Кызыл алманыбы» сиз сүйүүнү даңктап келесиз. Сүйүүнү сүйө билген адам гана даңктай алат деп жүрүшөт. Деги эле адам жашоосундагы бул сезим тууралуу дагы бир жолу өз оозуңуздан уксак дейбиз…

Чыңгыз Айтматов: — Сүйүүсүз жашоо жок. Сүйүү сезимин айтып түгөтө албайсың, ал бүтпөс тема. Дүйнөдөгү улуу иштин баары сүйүүнүн урматына жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк!

Султан Раев: -Сиз четте көп жүрүп калдыңыз. Жер, эл жөнүндө ойлойсузбу?

Чыңгыз Айтматов: — Ойлобогондо, ой-санаамдын баары ушул жакта. Албетте, элимди, жеримди сагынам. Бирок ар нерсенин чеги бар, акыры эртеби-кечпи өзүмдүн эл-жериме келем…

Султан Раев: — Чыңгыз Төрөкулович, «эң мыкты китеп алдыда» деген сөзгө кандай карайсыз?

Чыңгыз Айтматов: — Туура… мен дагы ошо сөзгө ишенип кээде капа болом. Убактым аз, ары-бери жүрүш көп. Бирок жазуучу табияты ушундай экен али жазылып бүтө элек чыгармаң өзүңө башкача көрүнөт… ал жазылып калса жаңылык, жаңы бир үмүт болобу деп ойлойсуң. Чындыгында эң мыкты китеп алдыда.

Сабырдын жарыяланбаган чыгармасы

«Добулбастын үнү басылган күнү,
Арбактардын баары туруп чогулар,
Журт көзүнө, жан көзүнө көрүнбөй,
Ээн жерден жалгыз мага жолугар, —
Ошондо мен кандай жооп кайтарам?
Кызыл кыргын, кара сүргүн чоң согуш-
Жанын кыйды миңдеп, сандап жарандар.
Журт көзүнө, жан көзүнө көрүнбөй,
Арбактардын баары туруп чогулуп,
«Биз кырылдык, сен тирүүсүң эмнеге?»-
Деп сурашса ээн көрдөн жолугуп, —
Ошондо мен кандай жооп кайтарам?
Үйдө ыйлатып эне менен атаны,
Өлгөндөрдүн кимге убалы, азабы?
Өз да, жат да катар жатат жер тиштеп,
Бүткөн өңдүү тирүүлөрдүн чатагы.
«Бүттүңөрбү» — деп сураса жолугуп
Ошондо мен кандай жооп айта алам?..»
» («Фудзиямадагы кадыр түн» драмасынан)

Кудайга болгон аео
«… О, жараткан Эге, эгер өзүң бар болсоң биздин аз айып, көп күнөөбүздү кечир, кулуң Казангаптын жанын кабыл ал, ашкере айыбы жок болсо кечиримдүүлүк кылып, жаннатынан түбөлүк орун бер. Биз колубуздан келгенин жасадык. Калганы өз колуңда!

… Пенделериңдин айтары бышык, аясаң, жардам берсең, калкалап калсаң деп, сурана беришет. Адал, арам иштериңде да сага кайрылып, ашкере ынсапсыздык кылат. Бирөөнү өлтүргөн киши да сени өз тарабына тарткысы келет. Сен болсоң унчукпайсың. Пенде деген ошо да. Пенделериңди кыйынчылыктан куткаруу үчүн гана сен асманда жүргөндөй ойлошот. Жалынычыбыз жамгырдан арбын, сага кыйын эле, аны билем. Өзүң жалгыз болсоң кыйын болбой анан.»

Учурда жүрүп аткан көрүнбөгөн ядролук согуш
«Айтматов: — Ооба, ХХ кылым адамзатты эки чоң дүйнөлүк согуш менен удаа-удаа кан төгүүлөргө, ядролук жардыруулар менен жер силкинүүлөрүнө, космосту багындырып, илимий-техникалык жетишкендиктерге күбө кылып гана тим койгон жок, ошону менен катар эчен миң жылдар урпактардын элегинен өтүп, иргелген рухий байлыктын эң башкысы адамгерчилик касиеттердин бөксөрүшүнө, тиричиликти азып-тозуп жакырдануусунан аман сактап келаткан улуу махабат сезиминин тайыздалышына бүлүндүргүч, адепсиз кылыктардын мазактоосуна айланып алсызданышына жол берди. Менимче бул — адамзат коомуна ядролук согуштан кийинки өтө кооптуу жагдайы ушул.» («Аскада калган аңчынын ыйы» субхатынан)

Ак балтыр жеңеге болгон ак сезим
«… Ооба, мен жеңемди эч кимге ыраа көрбөй кызганам, анын иреңдүүлүгү менен, өзүн эркин алып жүргөн мүнөзү менен ичимден сыймыктанчумун. Билбейм эмне үчүн экенин. Бирок биз өтө жакын элек, биринен-бири эчтеке жашырбас сырдаш курбулар сыяктуу элек. Ал кезде айылдагы эркектер аз, ошондон улам кээ бир көкүрөк көтөрүп, дөгүрсүнгөн жигиттер өзүн «мен гана» дегендей сезип, аял алар үчүн кеп эместей. Бир жолу чөп чабыкта, улам эле жөнү жок ыржактап, айтканым сая кетпейт дегендердин бири — биздин тууган сөрөй Осмон тийише бергендиктен, Жамийла анын сенек колун жактырбай силкип салды да, көлөкөдө отурган жеринен өйдө боло берип:

— Турчу нары! — деди. Анан тескери карап, өзүнчө капалана үшкүрдү. -Аңгиликтен башка колуңардан эмне келет дейсиң?» («Жамийла» повестинен)

Жүрөктү үзө тарткан бир эпизод
«…Там ичине караңгылык уюп алды. Баарыбыз тең уктабай жатканыбызды билип жаттым. Ар кимибиз өз оюбуз менен алпуруштук. Байтемир менин уулум менен бир керебетте. Маал-маалы менен эркелете кобурап, ооналактаган баланын үстүн жаап жатты окшойт. Асел анда-санда мууна үшкүрүнөт. Жаш кылгырып жылтылдаган көздөрүн мен караңгыда көрүп жаткансыдым. Ал эмнени ойлоп жатты, кимди ойлоп жатты? Азыркы жаткан үчөөбүз тең Аселге байланган экенбиз… Мен сыяктанып ал дагы экөөбүздүн башыбыздан өткөн жакшы менен жаманды териштирип ойлоп жаткандыр. Ким билет? Азыр Асел мен үчүн кол жетпес жерде, ойлогон оюна да оюм жетпейт. Ушул өткөн жылдардын ичинде Асел өзгөрүп калыптыр, көздөрү да өзгөрүптүр… Баягы нурдай таза жылтылдаган, ишенчээк көз жок». («Делбирим» повестинен)

Даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 14.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий