Асман каганаты

Тарыхый баян

Кунай Медетхан менен Мамасалы Апышевдин “Асман каганаты” аттуу VI кылымда Кыргызстандын аймагында болгон окуяларга арналган тарыхый баяны жарыкка чыкты. Бул Улуу Түрк Каганатына арналган чыгарма дароо эле үч тилде – кыргыз, орус жана түрк тилдеринде жарыяланды. Тең авторлор чыгарманын баш сөзүндө мындай деп жазышат: «Бул ирет биз көркөм адабиятта алиге чейин такыр белгисиз бойдон калып келе жаткан, жалгыз бир эле элдин эмес, бүтүндөй түрк элдеринин башаты катары, келечек урпактарынын тагдыры үчүн бурулуштуу ролду ойногон ошондой орошон доорлордун бири жөнүндөгү баянды замандаштарыбызга сунуш этип, бул баян жетишээрлик деңгээлдеги тарыхый маалыматтарга негизделсе да, көркөм адабияттын каражаттарын колдонуу аркылуу окурманга жеткирүү аракетин көрмөкчүбүз…”   Окурмандарга ушул жаңы тарыхый чыгармадан айрым үзүндүлөрдү жарыялап коюуну туура таптык.

…Шаадеми жалаң гана ар кандай кырчылдаган кагылышуулардан, кыл чайнашкан кармаштардан өтүп, сыналган жигиттеринен турган, “карышкырлар” деп аталып калышкан жоокерлерден куралган аскерлердин ичинен дагы тандалып, иргелип алынган, эң ишеничтүү, өзүнө жакын болгон жүзбашы жигиттеринин биринин колун дагы бир кыйла чыңдап туруп, аны кагандын ордосун кайтаруучу аскерлерине кошту да, өзү башка бир жүзбашынын атчан курал-жарактуу колу менен алыскы сапарга таң жаңы гана сүрө баштаган кезде аттанып жүрүп  кетти.

Ал атчан жоокерлердин аттарынын туяктарынан чыккан дүбүрт жер дүңгүрөткөн добушка айланып кеткендиктен улам, али тынч уйкуда жаткандар чочуп ойгонуп кетишсе да, Шаадеми бул ирет көнүмүштөй болуп калган, кандуу жортуулга аттанбай эле, биринчи жолу алдыда ак боз атын алчактата, өзүнүн моюнуна өтө жооптуу, оор элчилик милдет тагылып бара жаткан.

Анын эки капталында жанаша, коштой бастырып бара жатышкан эки атчандын аттарынын ээринин кашына бекемдеп байланып, асаба таягы атчан жоокердин үзөңгү боолуу такымдарына кыстарылган, эки башка түстөгү туу алды жакта желбиреп, жол көрсөткөн  маяк сымал болуп, баштап бара жаткан. Оң жагындагысы – дал орто ченинде көктүрктөрдүн алтын жиптер менен саймаланып, түшүрүлгөн көкбөрүнүн башынын сүрөтү бар Көктүрк кагандыгынын туусу болсо, сол жагындагы атчан жоокердин колундагысы, – али таң сүрө элек үрүл-бүрүл жарыкта ап-аппак болуп алыстан көрүнүп, жер үстүндө жылып бара жаткан булут сымал желбиреп бара жатканы, — алыстан, бет алдыдан караган адамдарга, бул удургуп, селдей каптап келе жаткан атчандардын ак ниетин, тилегин билдирип турган туу – элчиликтин ак желеги болчу…

***

Адегенде, башкаларга караганда эң алыста отурукташкан болушса да, жорго аттары менен кырк күнчүлүк жол жүрүшүп, мыкты жасалгаланган ат жабдыктары көз жоосун алып, тандалган тулпарларынын салтанаттуу, алчактаткан басыктары менен, өздөрүнүн азганакай гана сандагы жарактуу жансакчы жигиттеринин коштоосунда, Алтай тоолору тараптагы жана Улуукем суусунун бойлорундагы, Чач  шаарынын айланасындагы түрк урууларынын кагандарынын атчандар топтору биринин артынан бири келип, ыргыштап, ооздуктарын чайнашкан аттарынын башын бура, тизгин жыя тарта, токтошуп, алдынан тосуп чыккандардын аларга көрсөткөн чоң сый-урматы менен кабыл алынышып, кызматчы жигиттер алардын аттарын алышып, өздөрүн колтуктан көтөрмөлөй кармап, аттарынан түшүрүп алып, сый өргөөлөр тарапка узатып, беленделген жайларга киргизип  жатышты.

Түмөн каган аларды мурдатан алдын ала даярдалган, ар жерге топ-тобу менен тигилген, жүздөн ашуун ак өргөөлөргө жайгаштырууга буйрук берип жатып, ичинен сызган зор канаат­тануу сезимин баштан кечирди. Ооба, анын жеке өзүнө карата зор ишеним бар болгондуктан гана ушундай болду.

Антпесе, мынчалык аз сандагы жансакчылары менен келишмек да эмес.  Ичтеринде кылдай эле арам ойлору бар болсо, же такыр келишпей коймок, же келишсе да, барымтага алышпасын деп чочулашып, чоң, күчтүү  колдун коштоосунда гана келишмек!..

Каган болсо да, түпкү атасы бир Түрк Атанын балдары болгон бир туугандарына, өзүнө жасалган  мындай ишеничтүү мамилелери үчүн жөнөкөй адам катары эле ичи жылып, Түмөн каган терисине батпай, төбөсү көккө жетип, кубанып турду…

Андан соң, көп узабай эле, дал белгиленген мөөнөткө, кечикпестен жетип келишкен Тараз, Атлах, Ош жактагы түрк урууларынын кагандары да ошондой эле жогорку сый-урмат көрсөтүү менен кабыл алынышты.

***

Жамгыр басылып, ансыз деле салкын жайлоонун абасы ого бетер серүүндөп калган кезде, түнкү уйкуга баш коер алдында, буту-колду жазыш үчүн сыртка чыгышкан кагандар жана аларды тегеректешкен адамдар бир ажайып табигый кубулушка күбө болушту: дал төбөлөрүндө, илинип калгансыган, узарып созулуп кеткен, бир учу береги аркайган тоо чокуларына кирип кетип, экинчи учу тээ күн батыш тараптагы көз жеткис мейкиндикке барып такалган, миң нурлуу кубулжуган, кооз күн желеси көк Асмандын бетинде тартылып туруптур.

Мындай кооздукка баары тең таң калыша да, кубаныша да, суктаныша да карап калышты. Сыртка чыккандардын баары тең эле чалкалай калышып, асман бетине атайылап тартылгандай, жаа сымал иймекей, бир учу күн чыгышты, бир учу күн батышты таянып, тирелип калган, көз жеткис кооз нурлардан куралган күн желесин карап жатышты…

Түмөн каган бул табигый кубулушту Көк Теңирден, Асмандан жеке анын өзүнө карата берилген бир сырдуу белги катары жоромолдоп, жакшылыкка жоруду. Демек, ынтымак менен ырысыбыз өсүп, кулачыбыз чыгыштан батышка чейин жетип, кубатыбыз артат экен! – деп ойлоду да:  О-о, жараткан Көк Теңир, бир өзүң колдой көр, көк Асмандын, Түрк Атанын балдарын унутта калтырбай, – деп ичинен күбүрөндү… Ооба, улуу кагандар да, ушинтип, кез-кезде өтө сейрек учурларда гана болсо да, жаратылыш жиберген жышаандарга ишенип, келечектен жакшылык тилеген, Жараткан Теңирден жардам, колдоо сураган учурлары болот!

Түмөн каган ушул саам бала чагында атасынан уккан, ал эми атасы — өзүнүн ата-бабаларынан уккан байыркы уламышты өзгөчө сыймык менен эсине салды. Бул уламышты көктүрктөрдүн урпактары баары тең билишет да, байыртан бери кандайдыр бир ыйык ишеним катары тутунуп келишет.

Ал уламышта Түрк Атанын урпактары кандайча жаралып, кандай таркаганы баяндалат. Байыркы доорлордун биринде, Хан Теңир тоосунун ак муз, көк мөңгүлүү зоокаларынын бетине Көк Асмандан дал ушул күн желесиндей болгон Нурлар агылып түшө баштайт да, ал нурдан жерге түшкөн, ыңаалаган ымыркай баланын үнү угулат. Ал кезде бул чөлкөмдөр дээрлик ээн болуп, жапайы айбанаттар гана мекендеп турушчу  экен.

Тоодогу жымжырттыкты жаңырта бузуп, ыңаалап ыйлап жаткан баланын үнүн угуп, жаңы гана тууган бөлтүрүктөрүнө жем таппай, жортуп жүргөн карышкырдын канчыгы жыт алат да, ошол нурлар төгүлүп жаткан жерге жетип келет. Ошентсе да, ымыркай балага тиш салууга батынбай, четтен улуп-уңшуй карап, кыймылсыз олтуруп калат. Жаңы туулгандай болгон баланын денеси жылаңач болгону менен, сыртынан көз уялткан, кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн тосмо сыяктуу нурларга бөлөнүп, сыртынан нурлар менен чулганып турган болот.

Карышкырдын канчыгы баягы каптап турган нурлар көк Асманга көтөрүлүп кеткен соң, Жогортон өзүнө берилген буйрукка эриксизден баш ийип, баланы оозуна тиштей, үңкүрүнө алып келип, ошол күндөн тартып, баланы дагы бөлтүрүктөрү менен чогуу эмизип, багып чоңойто баштайт!.. Ошентип, Көктүрктөрдүн жаралышы тууралуу ал баянда, жалпы түрк эли дал ошол Асмандан нур аркылуу түшүрүлгөн баладан таркашкан деп айтылып калат. Дал ошон үчүн көктүрктөр карышкырды дагы түпкү энеси катары ыйык санашып, өз энбелгилеринде анын элеси түшүрүлгөн сүрөтүн көтөрүп жүрүшөт. Көктүрктөр өздөрү түптөп, көтөргөн кагандыктын туусунда дагы алтын жиптер менен тигилген, көкбөрүнүн башынын элеси түшүрүлгөн сүрөттүн бар экендиги дагы дал ошондон улам!..

Түмөн каган дал тактысынын оң жагында сайылып турган, көк асмандын түсү сыяктуу асаба таягы көккө боелгон, кагандыктын асман түстүү туусуна сыймыктана карап алды. Көк Асман жана Теңир дайыма колдоп турса, көктүрк элинин келечеги да кең, баскан жолу да байсалдуу болот! Кагандын көкүрөгүндө ушул тапта дал ушундай бекем ишенич, изги үмүт-тилектер дал эле асман бетине кериле тартылган күн желеси сымал болуп, жүрөк тушуна орноп, андан чачыраган кулпурган көп түстүү нурлар сыяктуу, эргиткен түркүн сезимдер уялап турган чак болчу…

***

Бир жагынан улуу каган менен бала кезинен моюндаш өскөн бир тууганы болгондуктан, экинчи жагынан, аскербашчы катары ага кагандыктын коопсуздугуна толук бойдон жооп берүү милдети жүктөлгөндүктөн, бир гана Шаадеми ачуу чындыкты Түмөн кагандын бетине ачык айта алмак.

Ошондуктан, бул ирет Түмөн каган аскербашчысынын маанайы эмне үчүн чөгүңкү экенин сураганда, ал дароо, токтоосуздан эле, чартылдап, атырылып тийди:

– Баарына ырайымдуу, айкөл каган боломун деп ойлоп, болгон ишке көздү жумуп коюп гана олтура беришти токтотуш керек! Тымызын кирип, көбөйүп алышкан жужандар биздин элге ачык эле кордук көрсөтө башташты!.. Кытайдан, жужандан келишкен соодагерлерге тилмеч болумуш этишип, шаардагы соода базарларынын баарын ээлеп алышканы аз келгенсип, эми көктүрк элин Теңирим өзү берген жеринен дагы кысып, ыдык көрсөтө башташты…

Түмөн каган бул акыры ачык айтылуучу кепти күтүп жүргөндөй, Шаадеминин кийинки кадамы кандай болорун билгиси келгендей, ага айтылган сыны үчүн эч ачууланбай, үнсүз гана суроолуу тиктеп туруп калды.

– …Өз элин сатып кеткен каган, өзүнүн элин коргой албай калган аскербашчы деген атка калгандан көрөкчө, өлүп алган артык эмеспи, туурабы?!

– Айтчы, ким өз элин бирөөгө сатып жибериптир?! – өзүнө айтылган ачуу сөзгө чыдай албай, демейде жай гана, бир калыпта, коңур үн менен сүйлөчү Түмөн каган инисинин сөзүн оозунан жула, ачуу айкырып жиберди.

– Эл ошондой деп жатат да… Жужандарга күйөө бала болсоң, аның аз келгенсип, Анагуй кайын агаңа тандап туруп, каалаган аймагынан жер бөлдүртүп берип, талтаңдатып эркелетсең?..

– Мен муну жужандарды, же Анагуйду ойлоп жасаган жокмун. Өз элим тынч жашасын, мартабасы ашып, байысын деген ойдон улам гана жасаганмын. Теңирим өзү көрүп турат, – менде андай изги тилектен башка кылдай да арам ой жок!..

– Андай болсо, азыр мага кагандын бир гана жарлыгы жетишпей турат! Керек болсо, – мен бул коюнубузга жыландай болуп, билинбей сойлоп кирип келип, оролошуп, ичибизге кирип алган душманды көздү ачып жумгуча кырып, жок кыламын!

Эми экөө тең ойго батып, бирин-бири түшүнө, унчукпай калышты. Ачуу кыйкырышуудан кийинки оор жымжырттык кыйлага өкүм сүрүп турду. Көктүрктөрдүн жужандар менен болгон өзара мамилесиндеги абал күндөн-күнгө оорлошуп, татаалдашып бара жатканын Түмөн каган өзү да жакшы түшүнүп турган.  Адегенде азганакай, бир ууч тили буруулардын улам биринин артынан экинчиси соодагер, дубана кейпин кийип алышып келип жатышып, акыры кыска эле мезгил ичинде ушундай “өз алдынча эл” делип айтылып каларын ал кезде ким болжоптур?!

– Кечээ мен Суябдын тээ төмөнкү суулуу өрөөнү тарапка, арызданган  элдин абалын көргөнү бардым. Ал жакты ээлеп алышкан жужандарга көктүрктөр жайкы жайыттарына көчүп кеткенге чейинки ээлешкен жайларын бошотуп бергиле деп айттым. Эмне деген шумдуктуу жооп алганымды билгиң келеби сенин?.. – Шаадеми, агасына катуу айтып алганы үчүн, эми өзү да өкүнө сүйлөдү.

– Эмне дешти?.. – Түмөн каган аны менен каган катары эмес, иниси катары сүйлөшкөнгө өттү.

– “Биз — жужан эли, – Анагуй ханга гана баш ийебиз. Ал эмне деп айтса, дал ошондой кылып аткарабыз” – дешти! Сен канаттууга кактырбай, дайыма коргоп, чыгыш өлкөлөрү менен элчи катары пайдаланып жүргөн Анагуйду ал жужандар Анагуй хан, – же өздөрүнүн тилинде Анахуань деп атап алышыптыр!.. Мына, акыры ушуну көрмөкчү элек..

Түмөн кагандын деми ичине кыстыгып, көкүрөгү кысыла түштү. Ага эл арасындагы сөздөрдү жеткирип жүрүшкөн тыңчылардан баарын угуп жүрсө да, ушул жөнүндө алиге чейин уга элек болчу!.. Демек, ошол эң жагымсыз жаңылыктарды ташып келип турушчу жанкечти тыңчылар дагы анткор Анагуйдун өзүн хан деп жарыялап алганын айтуудан айбыгышкан экен го?!

Кунай МЕДЕТХАН, Мамасалы АПЫШЕВ, “Кыргыз туусу”, 18.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий