“Катаал күндөгү ак куулар”

Коомдук ишмер, жазуучу Салима Шарипованын “Катаал күндөгү ак куулар” аттуу китеби коомчулукта татыктуу орун тапты. Бул китептин авторунун ар дайым изденүүдө болгону кубандырат, – дейт филология илимдеринин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин  доценти Николай Мурадылов. Эмесе,  Ш.Шариповага чыгармачылык зор  ийгиликтерди  каалап, китептеги Султан  Ибраимов тууралуу  аны  менен  бирге  иштешкен замандаштарынын  ой-пикирлери- нен үзүндүлөрдү окурмандарга тартуулайбыз.

“Колхоздун кассасына кол салба”

“Кызыл мехнат”  колхозунун төрагасы болуп он жыл иштеген Насир Карабаев:

– Султан Ибраимовичтин айткандары ар дайым эсимде. “Сен жашсың, өзүңдүн жана балдарыңдын татыктуу келечеги жөнүндө ойлонгун. Эч качан, кандай гана кыр-даал болбосун колхоздун кассасына кол салба. Өздөрүнүн төрагасын колхозчулар кандай болсо да багып алышат, колдошот…” деп калар эле.

Мен иштеп турганда колхоз өндүрүшү 60% рентабелдүүлүккө жетишкен. 1973-жылы мамлекетке 4400 тоннанын ордуна 5300 тонна пахта тапшырдык. Бирок Султан Ибраимовичтин колдоосу болбогондо биз мындай ийгиликтерге жетише алмак эмеспиз. Анын өзгөчөлөнгөн мектеби – ар түрдүү семинарлар, активдердин чогулуштары бизге чоң жардам  болгон.

Султан Ибраимовдун “Акыркы дубал” аттуу макаласы “Правда” гезитине жарыяланганы эсимде. Ооба, макалада айтылгандай, чындыгында эле  бийик, ылайдан тургузулган эски дубалдар биздин шаарлардын жана айылдардын көркүн бузуп туруучу. Макала чыккандан кийин, идео-логия­лык күрөш жарыяланып, Кадамжайда облустун ар түрдүү деңгээлдеги 400 жетекчиси үчүн семинар уюштурулган. Натыйжада эски ылай дубалдардын ордуна жыгачтан жасалган тосмолор коюлганда айылдар татынакай көрккө бөлөнгөн.

Сузак районунун бир катар айылдарында 1963-1971-жылдарда мээрман айым, фельдшердик-акушердик пункттардын башчысы болгон  Муяссар Мутыева Султан Ибраимовду жылуу сезим менен эскерет:

– Эгерде Сузак райкомунун биринчи катчысы Александр Кондратенко менен обкомдун  биринчи катчысы Султан Ибраимов болбогондо менин тагдырым кандай болорун ким билет…

Күтүүсүздөн эле мен райкомдун аппаратына партиялык ишке көтөрүлдүм. Анткени, жыйындарда мен өзүмдүн кесиптик көйгөйлөрүм жөнүндө кызуулана сүйлөгөнүмдү А.Кондратенко байкап калган болуу керек деп ойлоймун.

Султан Ибраимович адамдардын маанайына жана ой-пикирине алардын бышып жетилген маселелерге болгон реакциясына көп көңүл бурар эле. Ошого карап, аларга багыт берип туруучу. Ал ар дайым жолукканда мени мактап калуучу:

– Муяссар Мутыевна, сиз азаматсыз, чарчоону кандай жеңилдетүүнү жакшы билесиз. Сиздин жан дүйнөңүздө докторлук сакталып калган…

Анын мындай жылуу-жумшак мамилеси чынында эле менин чарчаганымды алып салчу.

Султан Ибраимов  жана түштүктүн башкы дарыгери

Султан Ибраимовдун даанышмандыгынын башкы критерийлеринин бири – кадрлардын алтын фондусун жана резервин тандап алууда эле. Азыр мен анын кадрларынын бири – Түштүктүн башкы дарыгери деген атакка ээ болгон Камил Атаханов жөнүндө айтып берейин.

Атаханов Камил Кыргыз мамлекеттик медицина институтун 1952-жылы аяктагандан кийин Көк-Жаңгак шаардык ооруканасынын башкы дарыгерлигине жөнөтүлөт да, ошол эле учурда, обкомдун колдоосу менен Жалал-Абад облустук саламаттык сактоосунун шаардык бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган, ал эми 1953-жылы шаардык кеңешке депутат болуп шайланган.

1964-жылы ал облустун билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына  дайындалган. 1968-1978-жылда-ры Султан Ибраимов менен үзөң­гүлөш болуп тыгыз иштешкен. С.Ибраимовдун карапайымдыгы жөнүндө К.Атаханов дайыма айтып келет.

– Ал эч качан үнүн көтөрүп сүйлөп, столду муштагылачу эмес, – дейт К.Атаханов. – Ал кырдаалды жөн эле түшүндүрө билүүчү, тапшырмаларды берүүчү, милдеттерди коюучу жана ошол эле учурда кандайча аракеттенүү керектиги тууралуу багыт берүүчү.

Ага келгендерди ким экендигине карабастан, столунан туруп келип, жылуу тосуп алуучу. Ал келген кишиге ушунчалык жылуу жана ишеним менен карагандыктан, проблема жана анын себептери өзүнөн-өзү эле чечилип калуучу. Келген кишини кандай жылуу тосуп алса, дал ошондой маанайда жылуу-жумшак узатып коюучу. Балким ал кишинин маселеси чечилбей калышы мүмкүн. Бирок, ар бир киши анын кабинетинен  ыраазы болуп чыгуучу.

Ал Ошко келгенде 41 гана жашта болучу. Энелердин жана ымыркайлардын өлүмү С.Ибраимовду аябай тынчсыздандыруучу эле. Облустун катардагы жарандарынын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн күн-түн дебей иштөөчү, гинеколог жана пе-диатр дарыгерлерди бийик тоолуу райондорго кантип алып келүүгө жана аларга керектүү шарт түзүп берүүгө олуттуу мамиле жасаган.

Азыркы кезде айтып жүрүшкөндөй, Султан Ибраимов биринчилерден болуп Ташкентте Борбор Азиялык педиатрдык медициналык институтту түзүүгө көмөк көрсөткөн жана Ош облусунун абитуриенттери үчүн жүз орун бөлдүрүп алууну, аларды стипендия жана жатакана менен камсыз кылууну союздук деңгээлде чечүүгө жетишкен.

Султан Ибраимовичтин учурунда Памирде эл аралык альпинисттик лагерь түзүлгөн. Андан биздин дарыгерлер медицинанын чыныгы мектебин көрсөтүшкөн.

Албетте, ал лагерде медициналык тейлөө боюнча жакшы шарттар түзүлгөн. Андыктан, айыл тургундарынын ооруп калуу көрсөткүчү кес­кин азайган.

Ири мал чарба бирикмелеринде чабандар үчүн душ жана мончолор курулган. Врачтык амбулаториялар, керек-жарак союзунун дүкөндөрү, кино көрсөтүүчү аппараттары жана китепканалар болгон бирдиктүү автопоезддер түзүлүп, жайлоолордо жана кыштоолордо, пахта талааларында калкты тейлөө жолго коюлган.

Андан тышкары С.Ибраимов жолдорго да көңүл бурду. Ал адамдар керектүү жерине аба ырайынын ар кандай шарттарында беймарал каттоосун каалаган. Партиянын Ош обкомунун биринчи жетекчиси адистерди алып, атка минип Кадамжайдан Чоң-Алайга чейин кыдырып көрүп, изилденип далилденген техникалык-экономикалык негиздемени республиканын жогорку жетекчилерине жеткирип, жол куруунун эл чарбасы үчүн маанилүүлүгүн далилдеп көрсөткөн.

Султан Ибраимов жана Виталий  Сергеев

Виталий Сергеев КРнын эмгек сиңирген курулушчусу, КРнын эмгек сиңирген врачы, Ош шаарынын ардактуу жараны. Уулу экөө Калуга шаарында жашаса да, Ошко жылына үч ирет келип кетет. 1965-1994-жылдары Оштогу ооруканада иштеген.

Султан Ибраимович жөнүндө аңгемелешүүбүз Виталий Прокофьевич Өзгөндөн Ошко кандайча которулгандыгынан башталды. Андан соң жылмаюу менен эскерүүсүн улантты:

– Биз ал кезде азыркы шаардык оорукананын эски имаратында болчубуз. Бир жолу бир катуу оорулууну алып келишти. Аны палатага жаткырып, дарылай баштадык. Анан кеч күүгүмдө аны көрүүгө Султан Иб-раимович келди. Көрсө, оорулуу аял анын жубайы Рева Касымовна экен.

Азыр мындай фактылар жок. Анын үстүнө, азыр төртүнчү башкы башкармалыктын адистештирилген бөлүмү иштейт. Мурда ал жок эле да. Башка бир адам болгондо сөзсүз коңгуроодон улам коңгуроо кагылмак, буйрук, тапшырмалар берилмек. Бүткүл Кыргызстан, өзгөчө өлкөнүн түштүгү үчүн Султан Иб-раимов теңирдин белеги болгон десем жаңылбаймын, – дейт Виталий Прокофьевич.

Султан Ибраимович талыкпастан билимге, көп кырдуу, эң жаңы маа­лымат алууга умтулган. Мисалы, ал Балтика боюндагы республикада алдыңкы оорукана бар экенин билип алат да, республиканын жетекчилиги менен макулдашып, алардын тажрыйбасын үйрөнүп, ишибизде колдонуу үчүн бизди жиберген.

Султан Ибраимов Министрлер Советинин төрагасы болуп турганда Камил Атаханович экөөбүздү жакшы билип, ар тараптан колдоо көрсөтүп жүрдү. Ошондо Султан Ибраимовичтин колдоосу менен облустук аткаруу комитетинин төрагасы Абдибаит Тажибаевге барып, анын кассасынан каражат алып, врачтардын тобун Москвага барып, заманбап медицина жабдууларын, ошол кезде жетишсиз болгон УЗИ, эндоскопия аппараттарын ж.б. жабдуулары алдырып келүүгө жибердик. Ошентип, биздин медицина тармагыбыз болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө ээ болду. Анын натыйжасында, биз менен тажрыйба алмашуу үчүн бүткүл Борбордук Азия­дан врачтар келип-кетип турушту.

Салима ШАРИПОВА, жазуучу, “Кыргыз туусу”, 18.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий