Эмил Шадыканов: “Саруу менен мундуздар Кемероводо да бар”

Эмил Шадыканов Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Жусуп Баласагын атындагы КМУну бүтүрүп, Таш-Көмүрдөгү “Кристалл” заводунда мастер болуп иштеген.1995-жылдын январынан 2005-жылга чейинки он жыл аралыгында Стамбул университетинде эл аралык байланыштар бөлүмүнүн магистратурасын, андан кийин докторантурасын бүтүргөн. 1997-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы билим берүү министрлигинин өкүлү болуп, андан соң Стамбул университетинде илимий кызматкер болуп иштеген. Докторантураны бүткөндөн кийин түрк фирмасына ишке кирген. Ошондон бери жеке менчик ишканаларда, холдингдерде иштеп келе жатат. Акыркы 7 жылдан бери Кузбасста тоо-кен өндүрүшү боюнча цехтерди тейлөөчү кызматтарда жана Кемерово шаарындагы “СИБОПТПРОФИ” ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген. Биз Алтайда жүргөн сапарыбызда Эмил мырза менен ат жалында маек алдык.

– Алтайды байыркы кыргыз жери деп жалпысынан билебиз, азыркы учурун бизге айтып берсеңиз?
– Бул аймак Тоолуу Алтай жана Алтай аймагы деп экиге бөлүнөт. Байыркы тарыхты алып көрсөк Алтай ата-бабаларыбыздын жери. Бул жерде VI-VIII кылымдарда кыргыз императорлугу болгон. Азыркы карта менен алып караганда Новосибирскиден Байкалга чейин кыргыздын жери экен. Жарымы азыр Монголия­нын, жарымы Кытайдын ичинде. Алтайдын түштүк жагы Монголияга, жарымы Кытайдын ичине кирип кетет.

– Кыргыздын биринчи мамлекетинин борбору Хакасия деп айтылат, сиз бул тууралуу жакшы билет чыгарсыз, изилдеп жүрсөңүз дегендей…
– Ооба, Хакасиянын борбору Абакан. Абакан деген сөздү чечмелей келсек “Аба” деген сөздөн келет, тактап айтканда “ата” деген эле маанини билдирет. “Кан” деген сөз болсо эки мааниси бар, биринчисинде кадимки эле ханды түшүндүрсө, экинчиси жери же мекени дегенди билдирет, “Абанын жери” дегенди түшүндүрөт.

Кыргыздар тарыхта IX кылымдан тарай баштаганы белгилүү. Кыргыздардын бул жерден кеткенинин себеби, монголдор аскер алып, согушту беттеп кете беришкен улам арылап, ошондон эл азайган. Монголдордон кийин 1700-жылдары Кытай жактан жунгарлар келип басып алган. Согуштардан улам чоң жоготуулар болуп турган. Жунгарлар эркектерди өлтүрүп, аялдарды, балдарды өздөрүнө кул катары иштетүүгө алып кетишкен. Кыргыз уруулары ошондон азайып кеткен.

– Чынгызхандын кол башчылары татар-монголдор, бирок ошолордун ичинде кыргыздардан да болгон. Ошондо кеткен кыргыздар азыр башкырттардын, татарлардын ичинде болуп тилдери да өзгөрүп калган. Азыр аларда кыргыз уруулары бар.

– Бул жердеги калып калган, азыркы замандагы кыргыз урууларынын урпактары кандай аталып калган, кандай шартта туру-шат?
– Негизинен Тувада кызыл кыргыздар турат. Азыр эли үчкө бөлүнүп кетти. 100-200 жылдык саясаттан улам “тувалыкпыз”? “шорбуз”, “телеутбуз” деп өздөрүн бир эл катары билишет. Тувалыктардын түпкү тегин карап көргөндө кызыл кыргыздардан турат. Хакастардын эски кыргыздары ошол жерде. Монголияга жакын болгон үчүн буддизмдин таасири бар. Кийими, үрп-адаттары да ошолорго окшош, кээ бирлери бул динди кабыл алышкан.

Мисалы, “шорлор” деген уруу бар, ошолорду эски кыргыздар десек болот. Алардын урпактары Кемерово облусунда көп. Анан “телеуттар”- деген бар. Бизде аларды “дөлөңгүттөр” дешет эмеспи. Рысбек Алимов деген илимпоз экөөбүз атайын барып, дөлөңгүттөрдүн үрп-адатын, тилин, биз менен болгон байланышын изилдедик. Кудай буюрса, ал тууралуу китеп кылып жарыкка чыгаралы деп жатабыз. Аны өзүлөрү да билишпейт. Замандын агымы бөлүп олтуруп, бири-бирибизди билбей калдык да. Башка илим адамдары өзүлөрүнүн саясатына жараша тарыхты жаратат, ошого жараша тарых бурмаланат. Биз ага карабай чындыкты кашкайта алып чыгып, көбүрөөк изилдешибиз керек. Бул биздин жер, ата-бабабыздын жери да.

Новокузнецк дагы кыргыз жерине кирип кетет. Бул жерде 1700-жылдары курулган бир гарнизон бар. Орус империясы чыгыш жакка өздөрүнүн чегин кеңейте баштаган. Аскердик штабы Томскиде болгон. Ошондо бул жерге гарнизон коюшкан. Төбөдө ким каерден өткөнүнүн баары көрүнүп турат. Ошол жерде картасы дагы бар: “Бул жерде кыргыздар жашайт” деп жазылып турат.

– Шорлор жөнүндө тагыраак маалымат айта аласызбы?
– 1800-жылдарга чейин шорлор кыргыздар деп аталып келишкен. Сая­саттын, жердин шарты менен кийинчерээк “шорлор” аталып кеткен. Анткени жери шорлуу келет. Бирок кенге бай, ал жерден темир чыгат, алюминий бар. Менделеевдин системасындагы элементерге бай жер. Тили биздикиндей, биздин эле сүйлөгөн сөздөрүбүздү алар да сүйлөшөт, бир аз бурмаланып калган. Орустар басымдуулук кылып, ошолордун динин кабыл алып, тилдери да оогон. Бир учурда орусташтыруу саясаты болбоду беле, ошонун таасири менен аттары да орусча аталып кеткен. Быйыл жазда жергиликтүү калктардын абалы тууралуу конференция болуп, кыргыз экенин тааныттык. Кыргыздар ким экени, каяктан келгени, шорлор ким, кандай байланышы бар экенин терең түшүнүк бердик. Алар тарыхты билбейт, эми билип жатышат. Эски тарыхты казып чыгып, түшүндүрүп кароону айттым. Юрий Арбачаков деген шор жигит менен дос болуп кеттим. Ал спортто чоң ийгиликке жетишкен жигит, бокстан 10 жолу дүйнөнүн чемпиону болгон. “Кемеровонун Ардактуу атуулу” наамын алган. Келинчеги японка. Биздин Орзубек Назаров менен бирге Японияга кеткен. Азыр бул жакта чебердик классын уюштуруп алган. Кыргызстанга барып да келген.

Таң калыштуусу – шорлордун ичинде саруулар бар экен. Мен саруумун десем, бизде да саруулар бар дейт. Кыргыздын жери экенинин бир далили ушул эмеспи. Орус империясынын эски картасында “Алтай Кыргыз жери” деп жазылган. Москвадагы тарых музейиндеги картада “Кыргыз каганаты” деп ошол убакта эле кыргыздар алтынды, темирди кантип иштеткени жазылып дагы турат.

Ошондо эле кыргыздарда бул жерде темирден зергерчилик абдан жакшы өнүккөн. Согуштук курал-жарактарды биздин усталар жасаган. Рысбек Алимов университетте доцент, күчтүү окумуштуу, экөөбүз биргелешип иштедик.

– Телеуттар боюнча изилдөөлөр да барбы? Дегеле булар кыргыздын салт-санаасын, үрп-адатын, өз тилин жоготуп бара жаткан элдерден эмеспи?
– Рысбек аны бир топ эле изилдеп, жазды. Тил боюнча эл аралык деңгээлде маселе көтөруп чыкты, англис тилинде китеп даярдап жатат. Россиядан келген орустарга жакшы жерлерди бөлүп берип, кыргыздарды тоого сүрө баштабады беле. 1916-жылкы көтөрүлүш ошондон чыккан. Ошо сыяктуу саясат бул жакта да болгон, бирок көтөрүлүшкө чыгышкан эмес, жерлер көбүнчө Россиянын батыш жагынан келген дыйкандарга берилген.

Телеуттар дагы бөлүнүп кетет. “Сен кайсы сөөктөнсүң?” – дешет. Сөөк деп урууну айтышат. Ошол жерден Рысбек туугандарын таап алды, көрсө мундуздар бар экен. Булардын үрп-адаттары биздикине абдан окшош. Бирок, сиз айткандай, чынында эле тилдери жоголуп бара жатат. Себеби дегенде, өз тилдеринде окутуучу мектеп жок, чогуу жашаган жерлери аз. Телеуттарда эки эле айыл калды, калган айылдар орустарга сиңип кетти. Жаш балдары дегеле өз тилин билбейт. Орто жаштан жогорулары бир аз билет. Ошолор өз маданиятын, салт-санаасын сактап калганга эми аракет жасап жатышат. Бирок, ага да каражат керек. Ошол жетишпейт.

– Азыркы шартта бул жакка Кыргызстандан иштегени келген кыргыздар көп эмеспи, алардын жашоо-шарттары, өз ара байланыштары кандай?
– Иштегени келип туруп калышкан кыргыздар көп. Новокузнецк шаарында эле 3000дей туугандарыбыз бар. Жашоо шарттары ар түркүн. Кээ бири жакшы иштеп, үй-жайлуу болгондор бар. Кээ бирлериники жумушу ойдогудай болбой калат. Ар ким өзүнүн жолу менен буюрган күндү көрөт да. Кемерово облусунда кыргыздардын эң көп жайгашкан жери Новокузнецк шаары. Чогулуп, жолугушуп турганга аракет кылышат. Бул жылы Нооруз жакшы өттү.

– Сиздин кесибиңиз такыр башка турбайбы?
– Ооба, кесибиме жараша изилдөөлөрдү жүргүзүүдөмүн. Мисалы, көмүр калдыктарынан бензин, солярка чыгарса болот, мен азыр ошонун үстүндө изилдеп, иштеп жатам. Биз бирок шартка жараша кайда жүрсөк да максаттарды ишке ашырсак деген асыл ой менен жашайбыз. Кыргызстанда бир чоң ишке катышканы да турам, балким ишке ашып калса, илимий ишибизди тизгиндеш алып чыга беребиз. Биздин тилегибиз – элибиз аманчылыкта, тынчтык менен биримдикте болсун.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 21.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий