КРнын Эл артисти Арзыбек Бедияров: «Сезимимдин күчүнө чыдабай өксүп ыйлагам»

Кыргызда төбөсү көрүнгөн ырчы, обончулар көп. Ар биринин өзүнө тиешелүү чыгармалары, кулк мүнөзү, жеке жашоосу бар. Алардын бири – өзгөчө обондордун жаратуучусу, кыргыз элинин көзгө басар уулу, КРнын Эл артисти Арзыбек Бедияров.

ОБОНЧУ ТУУРАЛУУ

  • 1952-жылы 11-октябрда туулган.
  • Кичи мекени – Сузак району, Кызыл-Сеңир айылы.
  • 4 обондуу ырлар жыйнагынын ээси.
  • 1999-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы Эл артисти наамдарына ээ болгон.
  • Үй-бүлөлүү. 5 баланын атасы, 13 неберенин чоң ата, таятасы.

– Арзыбек агай, чыгармачылык чөйрөсүндө жүргөнүңүзгө канча болду?
– Чыгармачылык өмүрүм, быйыл, буюрса, 38-жылга таяп баратат. Өзүм менен үзөңгүлөш адамдарга караганда, мен бул чөйрөгө кечирээк аралашкан экенмин. Биринчи ырымды 1971-жылы, студент кезимде апама арнап «Эне тилеги» деп жазгам. Андан бери далай чыгармалар жаралды.

– Билишимче, сиз «Күлгүн жаш» деген ырыңыз менен элге таанылдыңыз. Кийин ушул эле аталышта элдик-эстрадалык топ ачкансыз…
– Ооба, бул топту түзүүгө менин «Күлгүн жаш» деген ырым себеп болгон. Аны кийинчерээк Динара Акулова Москвада өткөн «Май розалары» аттуу сынакта ырдап, лауреат болуп келген эле. Ошондон кийин атагым чыкты десем болот. 1991-жылы Жалал-Абад шаарына көчүп келдим. Шаарга келгенден кийин эле ырларым элге сиңип, топ түзүүгө дилгирленип калдым. Топтон азыркы атактуу ырчылар Шахра Талипова, Кутман Жолдошев, Алтынай Эшбаева чыккан.

– Ырларыңыз элге сиңип, чыгармачыл дүйнөдө атагыңыз чыкты. Убагында сизге сезимин арнаган айымдар да көп эле болгон чыгар?..
– Ооба. Бирок аны айтканга болбойт да (күлүп). Менин ырларымдын өз каармандары бар, алар өздөрү билишет. Бирок 9 жылдан бери бир гана адамга арнап ыр жаратып келем.

– Ал ким болду экен? Сиз менен кытайлык кыргыз кызы, ырчы Арзыгүл тууралуу көп сөз болду эле…
– 2004-жылы 28-февраль күнү мага Оштон бир жигит чалып, Кытайдан Арзыгүл аттуу кыз белек, кат берип жибергенин айтты. Катты окусам, Арзыгүл өзүнүн дарегинен баштап иштеген жумушу, башы бош экендигинен бери жазып, сүрөтүн да салып жибериптир. Ошондон таасирленип, мен аны менен байланыша баштадым. Кээде түшүмө да кирип калчу болду. Ошол түштөрдөн улам «Түшүмө кирдиң түндө сен» аттуу ыр жаралып калган. Аны жазгандан кийин Арзыгүлгө сүйүнчүлөдүм. Телеграфка барып чалдым да, ырдап бердим. Кийинчерээк Үрүмчүгө каттагандардан өзүмдүн аткаруумда ырды салып жибердим. Ал ыр Арзыгүлгө да аябай жаккан экен, өзү ал жактан аранжировка жасатып ырдап калды. Үнү мукам, уккулуктуу эле. Бирок экөөбүз шартка жараша сегиз жылдан соң, 2011-жылы жолугуштук. Аны менен кат алыша баштагандан бери ага арнап 10дон ашык обон жаралды. Жалаң махабат, сүйүү ырлары. «Ашык болдум, сагындым…» деп жазчу элем ырларды. Аны эл деле билет.

– Жолукканда сизди издегенинин себебин билдиңизби?
– Сурай алган жокмун. Ал менин ырларымдын угарманы, аткаруучусу. Ага сезимим артып «Түшүмө кирдиң түндө сен», «Бул ырлар сага белегим», «Таарындым сага бул ирет», «Өмүрлөш болсом, каражан», «Жүрөгүң сенин таш беле?», «Жетем сага» деп жаза бердим. Бирок анын сезими мен үчүн табышмак бойдон калды.

Арзыгүл Кыргызстанга эки жолу келип, менин үйүмдө жүрдү. Жубайым жок жерде экөөбүз тамашалашып калабыз. Айланабызда эл бар маалда унчукпай сыр бербейбиз.

– «Жубайым жокто…» дегениңизге караганда, кызганчаак го өмүрлүк жарыңыз?
– Арзыгүл экөөбүз жолукканга чейин анча кызганчу эмес. Кийинчерээк эл арасындагы кептерди угуп алып кээде кызаңдачу болду. «Эл айтып жатпайбы…» деп өзүнүкүн бербей, мага ишенбегенсип калат. Мен болсо «үйгө чакырып коноктоп жүрүп, өзүң демилгечи болуп бизди жүз көрүштүрдүң эле го, ортобузда эч нерсе жок. Эл айтса айтар, бирок мен бир кадам жылбай жаныңда эле жүрөм…» дейм.

– Жубайыңыз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
– Ал кезде Сузак райондук ооруканасында усулчу болуп иштечүмүн. Түштөн кийин жумушум азайып калганда терезеден өткөн-кеткендерди карап отурар элем. Ошондой күндөрдүн биринде татынакай, болтойгон кызды дароо эле баамдап, көз салып калдым. Бугубай деген кесиптешим экөөбүз барып таанышып, аны менен эки айча сүйлөшүп жүрдүм. Мен да, ал да сезимдерибизди ачыкка чыгарбай, унчукпай жүрө бердик. Анан эки айдан кийин ала качып кеттим. Айтор, мына, быйыл баш кошконубузга 36 жыл толду. Кудайга шүгүр, 5 балам, 13 неберем бар.

– Эркек кишиге отуздан оогондо, кыркка таяганда катуу сүйүү келет дешет. Бул сөзгө кошуласызбы?
– Сүйүүгө кабылып, сезимин чыгармачылыкка гана каткан кишини кандайдыр бир деңгээлде баатыр деп эсептейм. Мен да, балким, баатыр чыгармын… Сүйүү келсе же жөн гана кыялымда жашаган болсо, аны чыгармачылыгым менен «ичиме жутам». Кээ бир эркектер бар эмеспи, үй-бүлөсүн уратат, жеңил ойлуулук кылат. Мен анткен жокмун, өз ордумда калдым. Ал сезимдер менин ырларымда гана жашайт.

– Сүйүү жөнүндө сөз баштаган соң балалык сүйүүңүз тууралуу да эскере кетели…
– Окуучу кезимде аябай уяң болчумун. Анан да минтип ачылып сүйлөп калганыма 10 эле жыл болду. 10-класста окуп жүргөндө бир кызга катуу ашык болгом. Анын колунан кармап, жүзүнөн сүйбөптүрмүн. Убадаларыбыз бар эле, шерттешкен элек. Бирок аны ала качып кетип, башкага жар болгон. Ошондо сезимимдин күчүнө чыдабай өксүп ыйлагам. Ошол кез, ошол сезимдер дагы эле баягы ыр саптарда камтылат экен. Ага арнап «Эсиме ал кез түшкөндө» деген ырымды жазгам.

Азыр да эстеп жүрөмүн,
Өзүңдү көрсөм өзгөчө,
Өрөпкүп турчу жүрөгүм…

– Кызыктуу маегиңизге терең ыраазычылык билдиребиз. Бар болуңуз.

Гүлжан Эшбаева, “Супер-инфо”, №516 21-27-сентябрь, 2012-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий