Улуттук оюндун уңгусу уланып жатабы?

15-февралда өкмөттүн токтому менен “Улуттук спортту өнүктүрүү борбору” ачылып, анын жетекчилигине Алмазбек Касенов дайындалган. Учурда улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлүп, улуттук оюндар борбору жыл жыйынтыгына даярданууда. Ал эми аталган борбор же болбосо улуттук оюндар боюнча мыйзам өз натыйжасын берип жатабы деген суроого так жооп алууга кызыктык.

Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбордун жетекчиси Алмазбек Касенов:
“Улуттук оюндардын өзөгүн таап, эрежесин тактоо, аны элге жеткирүү чоң милдет.

Улуттук оюндар боюнча борбор ачылган күндөн тартып, аны калкка жаюу максатында жер-жерлерде мелдештерди өткөрүп жатабыз. Жыл башынан борборго 22 млн. 400 миң сом каралган. Ушул каражатты ченеми менен иштетүүдөбүз. Жай айында Сары-Челекте улуттук оюндар боюнча адистерди даярдоо боюнча окуу-семинарларды өткөрүп келдик. Эми кезектеги окутуулар октябрь-ноябрь айларына пландалды. Жакынкы аралыкта Ош, Жалал-Абад облустарында чоң мелдештерди өткөзгөнү турабыз. Улуттук оюндарды өнүктүрүү үчүн болгон күч аракетибизди жумшап, көптөгөн идеяларыбызды ишке ашырып жатабыз”.

“Көкбөрү” федерациясынын пре­зиденти Канат Исаев:
“Улуттук борбор ачылгандан тартып, кыргыздын улуттук спорт оюндарында алдыга жылыш байкалды. Мамлекеттик бюджетти да карап жатканда улуттук ат оюндарына өзүнчө каражат бөлүнгөн. Жылда 31-август күнү эгемендүүлүк майрамына карата ат оюндарын өткөзөөрдө өлкө жетекчилеринен каражат сурап жүрчүбүз. Быйылкы жылы бюджеттен каралган 2 млн. сомдун эсебинен кыйналбай өткөздүк. Жылда көкбөрү, ат чабыш оюндарында байгелер көңүл жылытаарлык болбой калчу. Өткөн жылдарга салыштырмалуу бул жылда көйгөйлөр аз болду. Ырас, “Көкбөрү” федерациясынын уюшулганына бир топ жыл болду. Күлүктөрдүн баалары болбоду дегенде 30-40 миң доллардын тегерегин түзөт. Ошондуктан, баардык шарттарды жакшыртууга аракеттенип жатабыз. Биздин командалар коңшу Казакстандын командаларынан кем калышпайт. Ушундай жыйынтыктардан улам көкбөрү боюнча командалар ишеничти актап, өздөрүнө тийиштүү милдетти аткарып жатышат”.

“Тогуз коргоол” федерациясынын президенти Камчыбек Касымов:
“Мыйзамда каралган улуттук оюндар тууралуу кагаз түрүндө жазылганы менен иш жүзүндө аткарылышы канааттандырарлык эмес. Анткени, мыйзамда ЖОЖдо, мектептерде улуттук оюндар окуу программасына киргизилсин деп каралган. Бирок, окутуу маалында бул маселеге кайдыгер мамиле жасалып, бир топ улуттук оюндар көмүскөдө калды. Мурун ЖОЖдордо, мектептерде тогуз коргоолдун тактасы жок, кантип үйрөтөбүз?» – деген көйгөй айтылчу. Азыр ар бир мекемеде заманбап компьютерлер бар. Такта болбосо компьютер аркылуу үйрөтсө болот. Дене тарбия сабагында футбол менен волейбол ойноткондун ордуна кыргыздын тогуз коргоолун ойногонду үйрөтүп коюшса болмок. Улуттук спорт түрлөрүнүн статусу бекитилген эмес. Мисалы, спорттун олимпиадалык түрүнөн дүйнөлүк чемпион чыкса, ага стипендия берилет. Ал спортчуга көңүл бурушат. Ал эми улуттук спорттун түрүнөн дүйнө чемпиону чыкса, андай көңүл бурулбайт. Жакында эле тогуз коргоол боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Андан 4 бала коло медаль алып келишти. Эгерде олимпиадалык спорттун түрүнөн медаль келсе спортчуга да жакшы көңүл бөлүнүп, машыктыруучусунун айлык акысына эки эсе кошулмак. Эгерде кыргыздын улуттук оюндарын даңазалагыбыз келсе, аны олимпиадалык оюндардын түрлөрүнөн да эки эсе жогору коюшубуз керек. Азыркы тапта Улуттук оюндар боюнча борбор түзүлгөндөн бери курама командалар өзүнчө түзүлүп, чачырап кеткендер четинен жыйналып жатат”.

Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун усулчусу Табылды Асыгалиев:
“Жай мезгилинин келиши менен Ысык-Көлдө эс алып жаткан меймандар үчүн улуттук оюндарды тынымсыз өткөрдүк. Улуттук оюндар боюнча түзүлгөн федерацияларга борбор тарабынан материалдык, моралдык да жардам көрсөтүлүүдө. Курама команда Чехиянын Пардубице шаарында өткөн тогуз коргоол боюнча дүйнөлүк чемпионатка, Краснодарда өткөн ат чабыш боюнча биринчиликке катышып келишти. Улуттук оюндар боюнча окуу-семинарларын өтүп, адистер даярдалууда. Улуттук оюндар боюнча жер-жерлерде мелдештер азыр да өткөрүлүп жатат. Бир гана өтүнүч: Улуттук оюндар борбору үчүн атайын жер бөлүнүп берилсе жакшы болмок. Тилекке каршы, Президентибиз мындай сунуштан баш тартыптыр. Жетекчибиздин өзүнчө “Кыргыз ордо” ачсакпы деген идеясы бар эле”.

Бермет НУРУБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”, 21.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий