Улуу устат

Мындан туура 100 жыл мурда, 1912-жылы тогуздун айынын 28инде Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында болочоктун залкар сүрөтчүсү Гапар Айтиев туулган эле. Анын тагдырына кыргыз адистик көркөм сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири болуу жана кыргыз элинин биринчи улуттук сүрөтчүсү болуу буюрган окшобойбу.

Гапар Айтиев СССРдин Эл сүрөтчүсү, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жана көптөгөн сыйлыктардын ээси. Ал кыргыз искусство тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Анын чыгармачылыгында 1930-жылдарда гана пайда болгон кыргыз сүрөт искусствосунун түптөлүшүн, өнүгүү тарыхын күзгүдөн көргөндөй баамдоого болот.

Улуу устат катары да анын эмгеги зор. Өзгөчө улуттук кадрларды даярдоо боюнча бүт күчүн үрөгөн. 1950-жылдары биринчи жолу Ленинградга Ж.Кожахметовду, А.Усубалиевди, К.Керимбековду жиберип, окуткан Гапар Айтиев болгон. Ошондой эле мына биз, 1960-1970-жылдардагы муундун сүрөтчүлөрү, Гапар Айтиевичтен көп таалим-тарбия алганбыз, бардыгыбызды окуткан, сүрөтчүлүк өнөрдүн сыйкырдуу таасирин ачып, үйрөткөн. Бул киши искусствого көп эмгек кылган киши.

Г.Айтиевдин сүрөтчү болушуна В.Образ­цовдун, Касаткиндин, С.Чуйковдун таасирлери өтө чоң деп айтсак болот. Г.Айтиев педтехникумда окуп жүргөндө, В.Образцов биринчи жолу сүрөт кружогун уюштурган. Ага Г.Айтиев, Жоламанов, С.Акылбеков биринчилерден болуп катышышкан. 1935-жылы Москвадагы көркөм сүрөт окуу жайына кирет, анда орустун белгилүү сүрөтчү-педагогдору Н.Крымовдон, П.Петровичтен таалим-тарбия алат, окуйт ошолордон, анын профессионалдык жактан өсүп-өнүгүшүнө албетте, бул чоң сүрөтчүлөрдүн таа­сири зор. Кыргызстанда 1934-жылы алгачкы сүрөт көргөзмөсү ачылганда Гапар Айтиевич ага «Боз үй», «Колхоз секретары Имангазы» жана башка сүрөттөрү менен катышкан. Андан кийинки эмгектеринде Алыкул Осмонов, Муса Баетов, Чалагыз Иманкуловдой өзүнүн замандаштарынын портреттерин, образдарын жараткан, ошондой эле көптөгөн пейзаждарды, жанрдык картиналар «Колхоздун короосу», «Фронттон кат», «Түштүктөгү кеч», «Чак түштө» ж.б. жазган. «Түштө» деген чоң, дүйнөгө белгилүү картинасы Третьяков галереясына алынган.

Эсимде, биринчи жолу Г. Айтиевдин иштеринин көргөзмөсүн Москвада 1970-жылы ачканбыз. Анда мен Кыргыз Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп калдым эле жана да СССРдин сүрөтчүлөр Союзунун секретары болчумун. Ошол жылы Гапар Айтиевичтин 60 жылдык юбилейи эле, анан биздин классик, белгилүү сүрөтчү Г.Айтиевдин көргөзмөсүн ачалы деп маселе койдук. Ал учурда көргөзмөлөрдүн жылдык планы бекип калган экен, эмки жылга деп сунушташты. Ага карабай, мен юбилей болуп атса деп, ошол эле маселе менен менин окутуучум, Сүрөтчүлөр союзунун төрайымы Екатерина Белашовага кайрылдым. Ал жардам кылып резервдик планга коюшту, орун болуп калса өткөрөбүз деп. Орун болуп калып Москвада «Кузнецкий мост» деген көргөзмө залында уюштурдук. Ага Екатерина Федоровна өзү катышты, элдер көп болду, менин окутуучум, дүйнөгө белгилүү скульптор Сергей Коненковду дагы чакырдык. Ал киши айтты “бара албай калдым, мен ишемби күнү барайын” – деп (көргөзмө жума күнү ачылган эле). Ал күнү мен өзүм Сергей Тимофеевичти байбичеси Маргарита Ивановна менен чогуу алып келдим. Ошондо жолдон ал сурап калды: “Сен Г. Айтиевди аксакал, классик эле дейсиң, ал канча жашта?” – деп. Мен айттым, “60 жашка келди, улуу киши” – деп. Анда ал “Ой, бала турбайбы!” деди. Мен ошондо ойлонуп калдым, эмне үчүн минтип айтат деп, көрсө, ошондо Сергей Тимофеевич 95 жашта экен, Г.Айтиев менен 35 жаш айырма бар экен, анан албетте, антип айтышка укугу бар. Көргөзмөгө барып көрдүк, эл көп болду, Сергей Тимофеевич пейзаждардын баарын жана башка чыгармаларды көрдү. Бир жума өтпөй «Известия» гезитине макала жазып, анда ал Г.Айтиевдин чыгармалары жөнүндө өзүнүн жакшы ойлорун айткан.

Г.Айтиевдин чыгармачылыгы жөнүндө сөз кылып жатып анын талантынын өсүшүнө түрткү болгон насаатчыларынын эмгегин белгилей кетпесек болбойт. Өзүнүн мугалимдеринин бири жөнүндө ал 1983-жылы мындай деп жазганы бар: “Н.Крымов мага искусстводо жаратылыштан таалим алыш керек деп көп айткан. Бул ой мен үчүн мыйзам болуп калды. Менин пейзаж жазууга басым жасаганым, этюд кылууга кызыгуумду арттырган нерсе – жаратылыш. Менин оюмча табигаттан көргөнүңдү автоматтык түрдө көчүрүүнүн кереги жок, анын эң маанилүү жерин көркөмдөп бериш керек. Менин этюддарымды карасаңыздар, алар чоң сүрөттүн жаралышынын башаты болушу мүмкүн”. Бул сөздөр Г.Айтиевдин чыгармачылыгы жөнүндө көп нерсени түшүндүрөт жана ошону менен бирге эле жаш сүрөтчүлөргө жакшы сабак боло алат.

1940-жылдары анын жекече чыгармачылык методу калыптанган десек болот. 1970-жылдарга чейин анын эмгектеринде ата-мекенге арналган тема, тоо койнунда жашаган элдин дүйнөсү эң негизги каарман катары сүрөттөлөт.

1940-жылдарга таандык анын “Фронттон кат”, “Түштүктөгү пахта терүү”, “Колхоздун короосу” жана башка иштери элге жакшы белгилүү. 1952-1954 жылдары ал В. Вейс, В. Тюрин менен бирге Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын көрүүчү залынын плафонундагы композицияны иштеп чыккан. Кийинки жылдары скульптурада да иштеп, Т.Жукеев-Пудовкиндин, А.Токомбаевдин, Т.Сатылгановдун, С.Каралаевдин образдарын жараткан. Живописте да көптөгөн белгилүү коомдук жана маданият ишмерлеринин портреттерин жараткан. Айта кетсек, К.Молдобасанов, М.Адышев, С.Токтакунова, М.Алыбаев жана башкалардын портреттеринин чоң галереясын түзгөн. Андан тышкары Ж.Кожахметов менен биргеликте айтылуу “Акындар” (1957) деген чоң картинасы жакшы белгилүү.

Гапар Айтиев активдүү коомдук ишмер да болгон. 1940-1968-жылдары Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун башкармалыгын ийгиликтүү жетектеп келген.

Колхозчулар эс алууда, 1936
Фронттон кат, 1943.
Эски кыштак, 1976.

Тургунбай САДЫКОВ, СССР дин Эл сүрөтчүсү, КР Баатыры,
“Кыргыз Туусу”
, 21.09.2012-ж.,
сүрөттөр Г.Айтиев атындагы музейдин сайтынан алынды  

Соц тармактар:

Добавить комментарий