Ысык-Көлдө Алыкул Осмонов жашаган

«Көлдө жүрдүм, көл боюнда бойлодум,
Токсон ирет көргөнүмө тойбодум»
(Алыкул)

Жыл сайын Ысык-Көлгө дегдеп келем. Бала чакта бир көргөнүмдөн тартып түбө-лүк арзуума айланган көлдүн кереметтүү сулуулугу менен көк ирим мөлтүр тунук суусунан башка да өзүнө тарткан дагы бир касиети бар. Ал улуу таланттуу акын Алыкул Осмоновго байланыштуу.

Көл кылаасына келген сайын Алыкул акындын баскан-турган жерлерин, жашаган үйүн көрсөм деп эңсечүмүн. Таң эртелеп, же кечке жуук ээн калуучу жээкти бойлоп басып жүрүп анын элесин издеп, кыя­лымда сырдашчумун. Бирок, көп жылдар бою бул тилегим ишке ашпады. Алыкул өмүрүнүн акыркы жылдарын (1946-1950) өткөргөн Чолпон-Атада бир нече жолу болсом да ал жашаган үйдү издөө аракетим текке кетти. Жергиликтүү жашагандар деле болжоп айтышат, бирок түз ээрчитип бара турган адамды таппадым. Анын үстүнө жайкы эс алуу учурунда ысык-көлдүктөрдүн убактысы да жок. Бир жылдык жашоо каражатын таап алуу үчүн кара жанын карч урушат эмеспи.

Бактылуу кокустук өткөн жылы мени сүйүктүү акынымдын 4 жыл турак алып жашаган үйүнө туш кылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги 2011-жылдын жайын­дасы журналисттер үчүн Ысык- Көлдүн боюнда жайгашкан балдардын ден соолугун чыңдоо санаториясына уюштурган басма сөз-туруна катышып калдым. Санатория Чолпон-Ата айылындагы тынч жана бак-дарактуу жашыл дөңсөөдө жайгашыптыр. Эңкейиште көл шарпылдап, желаргы айдаган жыты менен абасы Алыкулдун «көкүрөк чарчап турганда шамалың, жаным, Ысык-Көл…» деген ыр саптарын эстетет. Дарактардын арасынан чалкайып көрүнгөн көгүлтүр көл кудум эле кооз картинадай көз арбайт. Катар тизилген теректер, суйсалган ак кайың, бутак-шактуу талдар көшөгөлөп турса да көлдүн абасы менен жыты көңүлдү сергитет.

Башкы дарыгер санаториянын абалы менен тааныштырып жатып, бул кургак учук илдетине чалдыккандардын ден соолугун чындоо жайында 1945-жылдары кыргыз адабиятынын гиганты Алыкул Осмонов да жашап жүргөнүн, ал тургай жакын жерде анын үй-музейи да бар экендигин белгилеп өттү. Бул сөздү уккандан кийин бир топ журналист акын жашаган үйдү көрүү үчүн дилгирлене баштадык. Башкы дарыгердин орун басары орус улутундагы аял да Алыкулдун поэзиясынын күйөрманы окшойт, бизге жол баштап барууга дароо макул болду.

Биз эңсеген үйгө алып баруучу таш төшөлбөгөн боз топурактуу жол көл жээгиндеги коюу бакты аралап өтөт экен. Кыркаар тизилген бай түп теректер, жалбырактары сеңселген жоон кайыңдардын коюу жалбырактары жайкы күндүн ысык нурун өткөрбөй көлөкөлөп турат. Жымжырт жана жапжашыл дүйнө, көпкөк көл, көлөкөлүү бак жана бир аяк сокмо жол мага Алыкулдун биз али толук ача элек терең жана сырдуу дүйңөсүнө кез кылчудай бир башкача сезилди. Ал ушул жерди эмне үчүн жүрөгүн чаап, кумары канбай суктанып, сүйүп калды экен?

1946-жылы күзүндө Койсары менен биротоло коштошуп, Чолпон-Атанын боорунда жайгашкан Бирлик айылына байырлады. Акынды бул айылга тагдыр айдап келди. Жайы салкын, кышы жумшак, «сагынткан өзгөчө касиети бар», эли алпейим жана эмгекчил Чолпон-Атаны ал өтө жактырып калып, өмүрүнүн аягына чейин жашаган. Белгилүү жазуучу, публицист Кеңеш Жусупов «Ыр сабындагы өмүр» аттуу даректүү баянында Алыкулдун Чолпон-Атада өткөн өмүрүн кеңири жана элестүү баяндаган. Бирлик айылы ал мезгилде колхозго кароочу экен. Жергиликтүү эл эгин эгип, апийим өстүрүп керээлден кечке колхоздун талаасында алек. Алыкул көлгө чукул, коктучада салынган балдардын санаториясындагы жыгач үйдө жашоочу. Балдар эс алууга жайында гана келишчү. Калган убакта имарат бош калат. Санаторияга жакын жердеги тектирчеде турган жапыз там Алыкулдун экинчи үйүнө айланды. Ушул жердик Курбанбай аттуу жыгач устанын үйү ага боор тартып имерип алды. Күздүн, кыштын жалгыздыкка чөктүргөн кусалуу күндөрүндө акын ушул үйгө үч маал илкип келчү. Оорулуу акын биротоло айылдык болууга куштарланды. Көл жээгинен чыгармачылыгына бай азык таап, калеминин сыясын кургатпай кажынып иштеди. Алыкулдун эң мыкты ырлары ушул жылдары жазылып, пьесалар жаралды, «Лайли менен Мажнун», «Евгений Онегин» сыяктуу дүйнөлүк классикалык чыгармаларды кыргыз тилине которду. Ал бул дүйнөдөн узаарында өтө оор абалда ооруп турганына карабастан узак жол басып көл менен коштошуу үчүн Бирликке келген. «Көп кыйналбай, капаланбай көөмп кой, Ысык-Көлдүн толкун чачкан боюна», – деп керээз калтырат замандаштарына… «Көл боюнда атым турса эмне арман?.. Муштумдай бир кара таштан»… Көлдү терең сүйгөн улуу калемгердин бул керээзи аткарылбады…

Улуу талант өмүрүнүн акыркы жылдарын өткөргөн үй көл жээгинен 100 метрдей гана алыс­та жайгашыптыр. 30-жылдары орус тибинде салынган үй. Жыгач терезе-эшиктери, эски дубалы акталып, сырдалса да тамдын канча доорду арытып койгонунан кабар берип турат. Короосу жол жактан зым тосмо менен айланта тосулуптур. Ал дагы кыйшайып жыгылууга аз калган. Атайын келип, үйдү окчун жерден карап коюп кете берүүгө жүрөк түтпөдү. Тосмонун бир капталынан өйдө көтөрүп жөрмөлөп өттүк. Эшигинде кулпу. Алыкулду издегенсип үйдү айланчыктап, ар жак бери жагын умсунуп карап жаттык. А түгүл бир-эки түп арча дарак, терек, ар кайсыл жерде серейген бирин-эки гүл болбосо, эшик алды чөп басып, ээси жок үйдөй кунары учуп томсорот. Терезесинин айнектери ичинен кагаз менен тосулуп коюлгандыктан, ички бөлмөлөрдү көрө албай ансайын ичибиз күйдү. Санаториянын дарыгеринин маалыматына караганда бул үй Курбанбай карыядан сатып алынып, Алыкулдун үй-музейине айланган. Жылына бир жолу акындын туулган күнүнө карата Бишкектен бир топ акын-жазуучулар келишип, иш-чара өткөрүп кайтышат экен. Алар ким болсо да миң мертебе рахмат, акындын сөөгүн агартып, жоктоп коюшканына.

Акындын үйүн кыя албай кылчактап бир топ кармалдык. Кайтаарыбызда жанаша жайгашкан үйлөрдө жашагандар менен сүйлөшкүм келди. Мүмкүн, Алыкул жөнүндө жаңы кабар угаарбыз. Үй-музейине жанаша турган эки-үч үйдүн дарбазасын каккыладым. Эч ким чыкпады. Эшиктери да жабык турат. Дагы бир үйдүн дарбазасы ачык экен, үн салып чакырсак эрине басып орто жаш аял чыкты. 2-3 жашар кыз баланы жетелеп алган. Алыкул жөнүндө сурасам, башын чайкап, ушул жерде үй-музейи бар экендигин укпаганын айтты. Алар эс алуучулар экен, бул жердегилердин көбү жайкысын үйлөрүн эс алуучуларга батирге берип коюшуп, өздөрү башка жакта убактылуу жашап турушарын билдим.

Көлдүн көркүн ачып, даңазасын ашыра турган маданий, тарыхый жайлар деле көп эмес (кийинки жылдары курулган «Кут ордо» комплексин, же союз мезгилинен калган орус саякатчысы Пржевальскинин эстелигин айтпаганда). Адабияттан, тарыхтан кабары бар, жан дүйнөсү кооздукка куштарлуу адамдар үчүн бул үй-музей зыярат борбору болуп бермек. Кээ бир маалымат булактарына караганда бул үй-музей азыркы убакта фотожурналист Бактыбек Асанбаевге таандык экен. Бирок, Алыкулдун үй-музейи жалпы кыргыз элине таандык. Ысык-Көлдүн мартабасын ашыра турган баалуу тарыхый жай катары баркталышын каалар элек. Ушундай улуу акыныбыздын баркына ушул убакка чейин жете албай жүргөнүбүздү тарых кечирбейт. «Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт» деген сабы үчүн Алыкулга алтындан эстелик тургузса болот.

Ушундай ары өкүнүчтүү, ары сүйүктүү акыныбыз менен жолуккандай жүрөк жылып, керемет көлдүн бейиштей бир бурчуна өзүбүздүн да жүрөгүбүздү таштагандай кылчактап жолго түштүк.

Зинакан Пасанова, “Кыргыз Туусу”, 21.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий