“Борбордун” көңүл борборунда – маданият, адабият, тарых, салт-санаа…

«Кыргыз маданият борборунун» түзүүчүсү Марат ТОКОЕВ менен маек.

– Марат, сиз түзгөн «Кыргыз маданият борбору» блогу жөнүндө маа­лыматты өзүңүздөн алсак?

– Адам  кыйналып турганда кара курсактын камы биринчи орунга чыгып, жан азыгы тууралуу көп ойлонбойт. Бизде да ошондой болду. 1990-жылдардан кийинки  экономикалык жана социалдык кырдаалдан улам эл көбүнчө кара жанынын камын көрүп калды. Мындайда маданият, адабият арткы планга жылып калат экен.

Ошондуктан 4-5 жыл мурда кыргыз маданиятына, адабиятына, салтына, улуттук дүйнө таанымына, улуттук оюндарына, улуттук тамак-ашына  байланыштуу кыргыз тилиндеги маалыматтарды жайылтуучу интернет булактары дегеле жок, атүгүл, кыргыз тилиндеги интернет сайттар да өтө аз болчу. Ошол мезгилде журналисттер Жыргалбек Касаболотов, Олжобай Шакир үчөөбүз кыргыздын тарыхын, адабиятын   көтөрүү үчүн  «Кыргыз маданият борбору» деген фондду ачуу идеясын көтөрдүк.

Бирок үчөөбүз үч жерде иштегендиктен көпкө чейин  оюбуз  ой бойдон калып, максатыбызды ишке ашырганга чыгына  албай жүрдүк. Анан блог ачуу мүмкүнчүлүгү пайда болуп калды. Карасам, Кыргызстанда мындай веб-сайтты KLOOP порталында акысыз өзүң ачсаң болот экен. Ал кезде бул порталда 500гө  жакын  блог бар болчу. Ошентип 2009-жылы блог түзүлдү.

Блог деген – интернет күндөлүк.  Бирок сайтка караганда мүмкүнчү­лүктөрү  кичине  чектелген. Ошол кезде  500 блогдун экөөсүндө гана кыргызча жазылган айрым макалалар бар экен. Ошентип толук кыргыз тилинде блог ачтым. Ал жерге маалыматтарды топтоп, жазып  чыгарыш керек. Алгач биз жумасына бир макала чыгарсак чыгардык, болбосо жок. Карасак, мындай ыргак менен иш алга жылчудай эмес.  Анан биз кызыктуу  материалдарды башка булактардан да издеп,  өзүбүз жазгандан тышкары башкалардын жазгандарынан кызыктууларын чогултуп, иргеп, тартипке салып койдук. Кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, улуттук өнөр, дүйнө таануусун, улуттук тамак-ашын,  улуттук оюндарын чагылдырган материалдарды блогдо топтоого, аларды иреттөөгө аракет кылдык. Блогду «Кыргыз маданиятын сактап, өнүктүрүүнү каалагандардын  блогу» деп атадык.

Блогубуздагы эң бай жана окумдуу бет “Адабият” бети болду. Үчөөбүз тең адабиятка жакын болгондуктанбы, акын-жазуучуларга көп кайрылдык. Интернеттеги кыргыз акын, жазуучуларын  кыргыз тилинде кеңири чагылдырган маалымат булагы биздин блог болсо керек. Бул бөлүгүбүздө чет элдик акын-жазуучулар тууралуу маалыматтарды, алардын которулган чыгармаларын да койдук. Окурмандар кызыгышса фольклорду, жомокторду, макал-лакаптарды, жаңылмачтарды, табышмактарды, эпос, дастан, уламыштарды да таба алышат. Энциклопедияларды да коюуга аракет кылдык. Бирок моюнга алыш керек, көп татыктуу, таланттуу  акын, жазуучуларыбыздын чыгармаларын бүгүнкү күнгө чейин интернеттен табуу мүмкүн эмес. Көбүн өзүбүз издеп, таап, терип коюудабыз. Мисалы Жолдошбек Зарлыкбековдун айрым ырларын өзүбүз алып келип, терип чыктык.

– Блог боюнча окурмандардын пикири кандай?

– Жакшы. Азыр акын-жазуучулар өздөрү таанышып, башка авторлордун чыгармаларын кеңири окуй турган болуп калышты. Түзгөн блогуң барып-барып  өз балаңдай болуп калат экен. Эл көбүрөөк окуса, кызык-туураак болсо, жасалгасы жакшы болсо, дагы кандай темалар кызыктуу болоор экен деп кам көрө баштайсың.  Убактымдын көбү ушул блогго кетип калып жатат. Маалыматтарды издейбиз, чыгармачыл инсандар арасында сынактарды  уюштурабыз. Мисалы акындарды шыктандыруу максатында өткөн жылы «Бир ырдын сынагын»  жарыяладык. Буюрса, жеңүүчүлөрдүн ырлары китеп болуп чыгуу алдында турат. «Бир жылдын төрт мезгили» деген аталышта болот деп болжолдоп жатабыз. «Бийиктик» басмасы демөөрчү болду.

Мындан сырткары Кыргызстанда «Кайсы китептерди сөзсүз окуш керек?», – деген сурамжылоону жүр­гүзгөнбүз. Сурамжылоого 1000ге жакын окурман катышты. Окурмандардын пикиринин негизинде 20 китепти тандап алдык дагы, алардын тизмегин интернетке чыгарып койдук. Белгилеп кетүүчү жагдай, бул сурамжылоого окурмандар абдан кызыгып, активдүү катышышты. Негизинен блогго кызыгып, аны ар дайым ачып окуп, биз менен байланышка чыгып,  өздө­рүнүн пикир-сунуштарын айтып турган окурмандарыбыз көп. Алардын айрымдары «блогду сайтка айландырбайсыңарбы, кыргыздын  тарыхы, салт-санаасы, үрп-адаты менен   жаштар силердин блогдо гана тааныша алышат»  деген пикирлерин айтышууда. Көп окурмандарды биздин чет мамлекетте жашаган кандаштарыбыздын тагдыры, жашоосу кызыктырат. Окурмандар алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерде жашаган  кыргыздар, алардын жашоосу, салт-санаасы  менен тааныша алышат. Алардын катарында Ооганстанда, Кытайда, Түркияда жана башка чет мамлекеттерде жашаган кыргыздар тууралуу  маалыматтар, алардын айрымдары менен маектер, пикир алышуулар бар.

– Блог  окулуп  жатканын кайдан билесиздер?

– Биринчи кезекте блогго канча киши киргенин, макаланы канчасы окуптур, кайсы беттеги материал көп окулганын, кандай пикирлер бар  экенин карайм. Бул тууралуу маалыматтарды берген эсептегичтерди блогго бекитип койгом.

Азыр блогдордун  саны кеминде 3 эсе өстү. Башында биз эң артында жүрчүбүз. Анан ортосуна, кийин биринчи орунга чыктык. Азыр дагы алдыңкы катардабыз. Албетте, чынын айтсам,  кээде ылдыйлай түшкөн учурларыбыз  да болот.

Жаз айларында блогго күнүнө 300-400дөй адам кирип турду. Менин максатым – бул санды кеминде 1000ге жеткирүү.

Ар бир  окурман орточо алганда 3-4 бетти ачып окуйт. Кызыктуу  сунуштарын, пикирлерин айтышат. Блогдон кайсы теманы окугулары келишкенин билип турабыз.

– Көбүнчө кайсыл беттерди ачышат?

– Адабият  бетине кызыгуулар арбын. Анан  улуттук оюндар бөлүгүн да көп ачышат. Ак терек, көк терек, Ак чөлмөк, Алты бакан, Аркан тартыш, Ачекей-жумакей, Беш таш,  Жоолук таштамай  сыяктуу оюндарды кызыгып ачып окугандар көп. Андан сырткары  улуттук салт-санаага, кыргыз даамына кызыгуулар  да арбын. Акталган чай, Гүлазык, Куурма чай, Олобо деген тамактын түрлөрүн биринчи угуп жатышканын  жазгандар да болду. Кой союп, устукан тартуу тууралуу  бөлүгүбүз тез-тез ачылат.  Кыргыздын улуттук буюмдары, алардын жасалышы, усталар менен уздар, “Манас” эпосу боюнча маалыматтарга да кызыгуулар көп.

Мүмкүнчүлүк болсо “Манасты” мындан да терең изилдеш керек. “Манас” биздин улуттук  байлыгыбыз, тарыхыбыз. Кылымдан-кылымга  ата-бабаларыбыз муундан-муунга оозеки сактап келген эпосубузду терең изилдеп, сактап калуубуз керек.  Маалымат кеңири болсун, талаштан тактык жаралат дегендей,  эпосту иликтеп, изилдеп, байытуу максатында  “Манас” боюнча маалыматтарды кеңири  чогултканга аракет кылып келатабыз.

– «Үйрөн (сөздүктөр)» деген бетиңиздер да бар экен?

– Анда кыргыз тилине байланыштуу сөздүктүн бардыгын чогултууга аракет кылганбыз. Кыргыз тилинен башка тилдерге, башка тилдерден кыргызчага которуу, кыргыз тилин үйрөнүү  боюнча кандай сайттар, кандай окуу куралдары бардыгы жөнүндө көп маалыматтар бар. Айрымдарын бизден ачса болот, айрымдарына  башка булактарга шилтеме кылынган. Андан сырткары кыргыз тарыхына байланыштуу, кыргыз тилин үйрөнүүгө керек болгон айрым программалар боюнча маалыматтарды же шилтемелерди тапса  болот.

– Сиздер бардык эле акын, жазуучулардын чыгармаларын коёсуздарбы?

– Албетте, баарын коё албайбыз. Биринчиден, бардык акын, жазуучулардын  чыгармаларын таба элекпиз. Экинчиден, башкаларга  өрнөк боло турган, чыныгы поэзия ушундай болуш керек дегендей,  ырлары, чыгармалары  күчтүү  авторлордун чыгармаларын  коёбуз.

– Менин чыгармамды койсоңуз­дар деп кайрылгандар да болот чыгаар?

– Андай кайрылуулар да болот. Өзгөчө  жаштардын чыгармаларын оңдоп-түзөп койгон учурларыбыз көп. Айрымдарга  чыгармачылыгың өнүксүн, такшал, анан блогго коелу деген учурларыбыз да болот. Шыктандыруу  максатында идиреги барлардын бирин-экин чыгармаларын оңдоп, түзөп коюп да жүрөбүз. Бирок такшалып калган акын-жазуучуларга талап башка.

– Бир кездеги адабий чөйрөдө   өзүнө гана тиешелүү  стили бар Марат Токоевдин  ырлары, чыгармачылыгы кантти экен,  же таштап койдуңузбу?

– Таштап койгон жокмун, аз-аздан жаза коюп жүрөм. Бирок, моюнга алыш керек, баштагыдай көп жаза албай жүрөм.  Биринчиден, убактым аз, экинчиден, ар дайым иш үстүндө  жүргөндүктөн  ойлонуп, изденип  иштөөгө мүмкүнчүлүгүм жетишпей келет.

– Маектин акырында  ошол “Кыргыз маданият борборунун” дарегин окурмандарга айтып койбойлубу. Бүгүнкү күнгө чейин ушундай блог бар экенин биле элек окурмандарыбыз да бар чыгар…

– Блогдун интернеттеги дареги http://kmb3.hostenko.com/. Биз менен байланышкысы келгендер бул дарекке жаза алышат: kmborboru@gmail.com. Бул дарек блогдун байланыш  барагында жазылып турат. Азыр интернети барлардын бардыгы блогубузга кире алат.

Жыпар АКУНОВА, “Кыргыз Туусу”, 25.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий