Фу-йү кыргыздары

Илим изилдөө максатында ушу жылдын август айында акчийлик котормочу Анаркүл (көлдүк уруусунан) болуп Фу-йү кыргыздарына жол тарттык. 2001-жылдагы 5 жолку жыл эсептөөсүнүн негизинде Хейлунжан боюнча 1473 адам, анын ичинен Фу-йүда – 1155, Достук айылында – 337, Фу-йү мал чарбалык фермасында 289, Фу-йү базасында – 239, Таха айылында – 209, Лоң-эн-чиао базарында – 46, Фу-хай базарында – 30, Ардао-ванда – 8, Ужасун (Ужакент) – 276, Чижасун (Чижакент) – 151 адам жашайт.

Кыргыздардын, түрктөрдүн, уйгурлардын жана башка Борбор Азиядагы түрк, монгол элдеринин IX–XIII кылымдагы жер которууларын изилдөө азыркы мезгил тарых наамасындагы актуалдуу маселелердин бири.

Манжуриянын фу-йү кыргыздары, маселен, өздөрүн алигиче “кыргыз” деп атап келишет. Кытайдагы монгол императору Кубилай (Хубилай) бийлеген маалда, XIII кылымдын акырында Эне-Сай кыргыздарынын бир бөлүгү Кытайдын түндүк-чыгыш тарабындагы Хэйлунцзян (Хайлуңжан) аймагына көчүрүлгөн. Маалыматты тастыкташ үчүн тарыхый жазма булактарга кайрыла турган болсок, Юань династациясынын жыл наамасы “Юань-шиде” (Юань тарыхы) байыркы Эне-Сай кыргыздарынын жерлерин төмөндөгүдөй белгилейт: Цзилицистердин (кыргыздардын) ээлиги Цянь Хэ (Кэм, Жогорку Эне-Сай) дарыясы (кыргыздардын) борборунан агып өтөт да, түндүк-батышка карай агат. Апу (Абакан) дарыясы бар, ал эми түндүк-чыгышында – Юсюй (белгисиз дарыя). Айтмакчы, “белгисиз дарыя” – В.Я.Бутанаевдин ою боюнча, Эне-Сайдын эң негизги куймасы Туба дарыясы же хакасча Упсу-Уссу. Бул дарыянын аты жазма булактарда алгач XIII кылымда жолугат.

“Юань-шиде” дарыялардын баары Цяньга (Кэмге) барып кошулат да, Анкеле (Ангара) дарыясына барып куят. Ал эми түндүгүндө болсо деңизге куят деп айтылат. Юань династиясынын тушунда эле кыргыздар туулган жеринен көчүп кетишкендиги Юань-шиде мындайча баяндалат: Халабулунун биографиясында 1293-жылы император Ши-Цзу (Хубилай монгол ханы – Кубилай) Халабулуга кайрылат: “Найандардын байыркы жери Абалах (Бушха Цицикардын түндүгүндө). Эми мен ал жерге шаар курдурдум жана үч уруу: юаньсухан, хакастар жана цзилистер (кыргыздар) ал жерге отурукташты”. 1295-жылы Цзинь-шань (Алтай) тоо кыркаларында жашаган кыргыздар Шаньдунга көчүшүп, аларга жер, үрөн берилди.

Көчүп келген кыргыздар дыйканчылыкты терең өздөштүрө баштаган. Дагы бир кызыгы, Хубилай кыргыздарга чек араны кайтартканы жөнүндө да маалымат кездешет. Хэминге (Каракорум) цзилицистерден (кыргыздардан) турган аскер күчтөрү жиберилген. 1293-жылы Ши-Цзу (Кубилай) Хэ Сыхэ жерине 700 кыргыз аскер үй-бүлөсүн жиберген (чек араны кайтаруу максатында). Фу-йү кыргыздары чек араны кайтарып турушкан жана кыргыздардан турган атайын тайпалар түзүлгөн. Кыргыз калкынын жарымы чек аралык аскерде кызмат өтөшкөн. Ал эми кээ бирлери аскердик чиндерди да алып жүрүшкөн. Бул маалыматтардан Фу-йү кыргыздары Эне-Сай жана Иртыштан көчүп келгендигин тастыктайт.

Ал эми 1990-жылы Фу-йү ооданына караштуу Хэйлунцзян аймагындагы Достук кыштагына илимий максатта барган экспедициянын мүчөлөрү: “Достук кыштагында ар түрлүү улут жашайт”, – деп белгилешет. Манжурлар, монголдор, даурлар, эвенкирлер, хандар жана кыргыздар (кытайча аталышы крэркэци, цызркизы, кыркыдцы). Бет келбети жана чарбанын өзгөчөлүгү боюнча кошуналарынан абдан айырмаланып турушат. Негизинен алар ак түстөгү адамдар, бет келбети европеиддерге окшош, ал эмес кээ бир чачтары сарылар да кездешет. Тамак ашынын негизин сүттүү тамактар түзөт, дагы курут жана айран жасашат деп белгилешет. Фу-йү кыргыздары өздөрүн Эне-Сайдан келгенбиз дешет. Алар 6 урууга таандык Табхын, Чигдыр, Сандырдыр, Белтырлар, Орттыр жана Кэргэси.

Айрым илимпоздор Фу-йү ооданындагы кыргыздардын тилинде байыркы Эне-Сай кыргыз тилинин көптөгөн элементтери сакталып калган дешет. “Ал тургай грамматикалык жактан Фу-йү кыргыздары менен байыркы Эне-Сай кыргыздарынын тилинде анча айырма жок”, –  деп белгилейт кытай тарыхчысы Ху Чжэн  хуа.

Харбин шаарында Фу-йү кыргыздарын терең иликтөөгө алган У-Жан-Жу аксакал менен маек курдук. Анын изилдөөлөрүнүн негизинде Фу-йү кыргыздары 1637-жылы 2-августта 200 нече адам Эне-Сайдан Чыгышка көчүп келип, 100дөйү Чыгыгарга жайгашып калган деп эсептейт. Алар Табын, Ичике, Ыкчыгы, Керкидзи, Сайдыр, Белдир урууларына бөлү-нөт.

Фу-йү кыргыздарынын негизги төрт өзгөчөлүгүн белгилөөгө болот:

1) Көчмөн элдин белгилерин сактап калышкан.

2) Дин ишеними боюнча айырмаланып турат (Будда дининин ламаизмине ишенет).

3) Шаманизмдин белгилерин байкоого болот. Фу-йү кыргыздары жылкы жана жыланга табынышат. Жылкынын этин ыйык тутуп жебейт.

4) Фу-йү кыргыздарынын тилдик өзгөчөлүгүнө изилдөө жүргүзгөн окумуштуу Ху-Чжен-Хуа байыркы Эне-Сай кыргыздарынын ооз эки адабиятына тектештигин аныктаган. Алардан Ху-Чжен-Хуа Эне-Сайды сагынуу тууралуу ырларды жазып алган. Бирок бүгүнкү күндө тилекке каршы фу-йү кыргыздарынын салт-санаасы бара-бара жоголуп бара жатканын байкоого болот.

Өлүк коюу жөрөлгөсү Эне-Сайдан көчүп келгенден кийин маданият жөрөлгөсүн монголдордон кабылдаган. Эркектер да, аялдар да өлүк коюуда күмбөзгө барышат.

Фу-йү кыргыздарында шаманчылыктын белгилери бар, 1910-жылдары гоминдан партиясы куралган учурда жылкы, жыландын айкелдерине табынышкан. 1958-жылы жылан жана жылкы айкелдерин талкалашып салышкан. Изилдөөчү У-Жан-Жунун эскерүүсү боюнча: “Мен 10 жашымда жылан жана жылкынын айкелин көргөм. Жылкы жана жыланга сыйынуу Эне-Сайдан көчүп келгенде эле бар экен. Мамлекет динге каршы туруусу менен айкелдер талкаланганына карабастан, жашыруун үйдөн сыйынгандары эсимде. Ооруп, сыркоолоп калган адамдары жылан жана жылкынын сүрөттөрүнө шам жагып сыйынаар эле”, – деп билдирди.

Жылкы баласын “Ат адамдын канаты” – деп, күлүк чыккан аттарга атайын белги салышып, ыйык тутушат. Хан-Шу-Жын 78 жашта, Ужасун айылынын тургуну, табхын уруусунан. Апанын эскерүүсү боюнча: “16 жашымда кыздар чачтарын беш көкүл кылып өрүп, кызыл көйнөк кийип, чачтарына гүл тагып жүрөөр эле. Ал эми турмушка чыгаарда күмүш менен кооздолгон шөкүлө кийишчү. Келин болгондон кийин чачтарын түйүп жүрүшчү эле”, – деп билдирди.

Бирок, мезгилдин нугуна байланыштуу бүгүнкү күндө узун чачты өстүрүү жана узун көйнөк кийүү жоголуп бара жатканын өкүнүү менен Хуан-Шу-Жын апа айтып жатты. Фу-йү кыргыздары көптөгөн кыргын-сүргүн, азап-тозокторду башынан өткөрүп, өздөрү аз болсо да, ушул кезге чейин сакталды. Алардын этнографиясын (салт-санаасын, ырым-жырымдарын ж.б.) диалектилик өзгөчөлүктөрүн изилдөө үчүн кандаштарды турган жеринен үйрөнүү кыргыз тарых таануучуларынын олуттуу милдети.

Гүлзада АБДАЛИЕВА, тарых илимдеринин кандидаты, «Кыргыз туусу», 25.09.2012-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий