Алтын мөөрлүү Тарбагатай кыргыздары

Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу,  ШУАР “Тил жана котормо” журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору, профессор Шинжаңдын түндүгүндөгү Тарбагатай дубанында Кытай кыргыздарынын бир бөлүгү эсептелген кыргыздар бар.

Алардын эң чоң өзгөчөлүгү –  саны аз болгонуна карабай, мусулман дини жана кийин лама динине өткөн эки динге ишене турган кыргыздар болуп эсептелет.

Тарбагатай кыргыздары» деп айтылып жаткан бул түшүнүк Тарбагатай дубанында жашаган кыргыздарды көрсөтөт. Тарбагатай деп аталган бул чөлкөм мурда Жуңгар ойпотундагы Эмил (моңгулча – «ээр» деген сөз экен) дайрасынын алабы  болуп, ал жерге кийин Дөрбүлжүн шаары (чарчы шаар) курулат. 1764- жылы ал Эмил дайрасынын алабына Тарбагатай («суурлуу» деген сөз) дубаны курулат. Дубан курулганга чейин, кыргыздар ошондон 30 жыл мурда, ошол Эмил (Дөрбүлжүн) шаарынын түндүк жагындагы Оркочорго (Кызылтоого) келип конуш алып, «Кыргыз элибиз, Кызылтоо (оркочор) жерибиз!»- дешип ураандашып жашап жүргөн экен. Айтмак, Тарбагатай деген ат коюлуудан мурда кыргыздарды өз ичине алган түрк элдери ал жерди «Чөйчөк» деп атап келген. Азыр да, кээде ушул ат Тарбагатайдын дагы бир аталышы болуп айтылып  жүрөт.

Ал эми ошол Тарбагатай дубанында жашаган кыргыздардын жөн-жайын ушул күнгө  чейин ар ким ар кандай баяндап келет. Мендеги колдо бар материал – 1958-жылы Кытай илимдер академиясы жагынан уюштуруп,  коомдук текшерүү алып барган кездеги материал. Аны  1987-жылы “шинжаң” эл басмасы ханзуча «Кыргыз улутунун коомдук тарыхын текшерүү» деген ат менен журналча кылып басмадан чыгарган. Мындан тышкары 2002-жылы “Күйтүң» басмасынан жарык көргөн Кудайберген Кика уулунун «Тарбагатай кыргыздары» аттуу 77 беттүү китепчесиндеги баяндарга (төмөндө «Китепче» деп аталат) таянып, алтын мөөрлүү Тарбагатай кыргыздарынан кеп салып, кызыктуу таасирлерди, кыргыздар өз төркүнүнөн ажырап калган жагдайда кантип күн көрүп, кантип элин сактап калгандыгынын мисалын Тарбагатайлык кыргыздардан көрсөтүүгө далалат жасап көрдүм. Мында өзгөчө бөлүп айта турган бир нерсе – Тарбагатайдагы Оркочорлук кыргыздарды бир алтын мөөр сактап калган. Мен ошону сап кармап, бир улуттун «мөөрлүү – мөөрү жок» жашоодогу күнү кандай өткөнүн окурман дилине «курч ийненин учундай» тыз тийгизип алууну ойлодум.

Теги. Тарбагатайдагы кыргыздардын түпкү теги Кыргызстандын Ала-Тоосунан болгон. Алар 1730-жылдарда Ала-Тоодон ооп келген. Жазма материалдарга таянганда, «Чанлуңдун 30-жылдарынан (1766-жылдар) баштап Дөрбүлжүнгө кыргыздар ооп келип конуштанды, алар ары-бери чачылып барып, 90 түтүн, 700дөй жан адам болуп чогулганда, Мукуртай айланасында бир сум (кент) болуп конуштанган»  «Дөрбүлжүн ооданы тарыхы материалынын 2- бөлүмү) деген маалыматты алабыз. Бул маалымат Оркочор кыргыздарынын жыйналып, көлөмдөшкөнүн көрсөтөт.  «Журналчада» Кыргыздар Оркочорго ооп келген кезде 40 түтүн, 400 жан киши эле деген маалымат берилген. Оркочор кыргыздарынан 1833-жылы Бейжинге (Пекин) барып алтын мөөр алган кездеги падышага жазган арызында «350 түтүн элбиз» деп, кадиресе ошого карай, бир заңгилик (кенттик) бийлик алган. 1945- жылы оркочорлук кыргыздардан аскер алганда, 400 түтүн, 3500 жан кыргыз эсебине карай аскер алган («китепчеде») деген маалымат бар. Азыр бүт Тарбагатай аймагында 2113 жан (2009- жылкы жан санакта) кыргыз  жашайт.

Ал эми Оркочор кыргыздарынын ооп келүү себебин 1958-жылкы текшерүүдөгү «Журналчада» мындай үч уламышты жазып алган: «Уруу­лар ортосунда ат байге чыры чыгып, андан таарынгандар быякка көчүп баса берген; туугандар ортосундагы мүлк талашуу аразы менен таарыныч этип быякка көчүп кеткен; эки уруу ортосунда кудалык жаңжал чыгып, Садыр деген баатыр жигит өз жаатын алып быякка көчүп келген («журналчанын» 59-бети).

Оркочор кыргыздары уруулук курам жагынан: сарбагыш, мундуз, барың, найман, сарт, кытай, керей, кара калпак («китепчеде») болуп айтылат.

Жашоодогу жигердүүлүк – алтын мөөр. Кандай себеп менен келсе да оркочорлук кыргыздар алгачында келгенде 350 үйлүүдөн кем эмес экени уруулук курамынан, келген соң жергеге жайгашуу көлөмүнөн билинип турат. Дегинкиси, белгилүү көлөмдү ээлеген эл экени алардын ушул күнгө дейре кыргыз атын өчүрбөй, ал тургай күн сайын өнүгүп-өсүп келгенинен да байкоого болот.

Оркочордогу кыргыздардын жашоосу көчүп келгенден кийин эле ийгиликтүү болуп кетпеген. Жазма маалыматтарга караганда, 1833- жылга чейин болгон 100 жыл аралыгында кыргыздар мийзамдуу жергеге ээ боло албай, жайыт, конуштарды майлап мал багып, тили буруу элге малай болуп күн өткөргөн. Өздөрүнүн тапканына өздөрү ээ боло алышпай кордолгон. Ал кордукка чыдабаган Манас кандуу кыргыздар илбээсиндин терилерин чогултуп, аны акчага айлантып «суу кылып» алган соң, бул кыргыздардын ичинен чыккан Карач баатыр жанына нөөкөр алып, азыркы Бейжинге, Чиң өкүмөтүнүн падышасына арызга барган экен. Арызында: «Биз –  кыргыздар, 350 түтүн эл элек, моңгулдардын заңгисинин (уруу аксакалынын) бийлигинде болуп калдык, падышам, өз улутубуздан бийлей турган заңги коюп, өзүбүздү өзүбүз башкарууга уруксат суранабыз» («Журналчанын» 60-бети) деген экен. Анын арызы кабылданып, 1833- жылы падышалык коолу чыгып, «Бул эл бөтөн эсептелбей, чөптүн чүйгүнүн жеп, суунун тунугун ичүүгө акылуу» деген коолуну түшүрүп, бир эл катары жүрсүн деп колуна алтын мөөр берген болот. Алтын мөөрдүн бетине Манжуча, Моңгулча, Уйгурча, Ханзуча (Кытайча) төрт жазууда кат ойдурган экен. Бирок ал мөөрдү алып кайтаарда мындай бир күйүттүү уламыш окуясы болгонун 1958-жылы текшерүүдө Дөрбүлжүндөгү эл ичинен жазып алган.

Уламыш «Алар алтын тамганы алып, Бейжиндин көчөсүнөн чыгып бара жатканда, бир төлгөчүгө туш болушат. Төлгөчүдөн биз бул жолку элге кайтуу сапарыбызда аман-эсен жетип аларыбызбы, төлгө салып бериңиз, – деген экен. Тигил төлгөчү, – жолдо бара жатканда, бир ак кийимчен, ак боз атчан жетимди көөмп кете алсаң аман жетесиң, – дейт. Аны уккан Карач баатыр аябай убайым жеп кыйналып турганда, нөөкөрү: «Мен жетиммин, ак боз ат тапсаңыз гана болду, мен ак кийим кийип, кыргыз элинин эгемендиги менен эркиндиги үчүн жанымды курмандык кылууга даярмын», – дейт. Ошону менен, Хыйлоңжаңдан (Манжуриядан) ак боз ат табышып келет да, жолдо ал жетим ат менен кошо жанын кыят. Ошондон соң Карачтын жолу байсалдуу болуп, аман- эсен элине кайтып келип, элинин кастарлаган адамы болуп калат. Алтын мөөр жеткен соң кыргыздар өзүнчө кент болуп, ошол кезде Дөрбүлжүндө 9 кент бар экен да, кыргыздардын бир кенти кошулуп 10 кент (заңги) болуп эсептелген. Ал Карач кыргыздын биринчи заңгиси болгон» («Журналчанын» 60-61-беттери).

Оркочор кыргыздары алтын мөөрлүү эгемендикке жетишкен соң, алар үчүн алтын мөөр өзүнчө ыйык нерсеге айланганын Кудайберген Кика уулунун «Китепчесинде» мындай эскерткени өзгөчө болгон: «Көктөм майрамынын 1-күнү мөөрдөн бакыт тилеп, ага баш урмай, ал алтын мөөрдү алып жүргөн кишини өзгөчө мартаба менен сыйламай адат болгон. Ал мөөрлүү заңги келсе, балаа-казаа кетип, бакыт келет, – деген ишеним калыпташкан». Бул мөөргө сыйынуу жөн гана ишеним болбой, Оркочор кыргыздарынын эгемендикти, эркиндикти канчалык көксөп, аны ыйык билгенин көрсөткөнү эле. Чын эле, ал алтын мөөрдү ортодо буруу элдин колуна түшүрүп жиберип, анын бетиндеги жазууну өзгөртүп салган окуя да айтылат экен («Журналчада»). Алтын мөөр соңунда, эң акыркы Кыргыз заңгисинин өз колу менен 1949-жылы жаңы өкүмөттүн архывына тапшырылган.

Оркочор кыргыздары ата конуштун канчалык ыйык экенин өз жүрөктөрү менен сезингенин дагы бир таасирлүү мисалдан көрсөтүүгө болот. Бир кезде жер талашы болуп, Оркочордун көлөмүн кайра бекитээр болуп, тээ жогорудан жер тескеп бөлүүчү өкүлдөр келет. Бирок алар бийик чокуга чыгып, бүт айлананы дүрбү менен карап, чеп бөлмөй болот. Ал унаа чыга албаган тоо чокусуна өкүлдөрдүн чыгуусу кыйын болуп, өөндөн карап гана адилетсиз жер бөлүп салмай болгондо, оркочорлук кыргыздар өз жерине күйүп, өкүлдөрдү кийизге олтургузуп, тоонун чокусуна көтөрүп чыккан окуяны Кудайберген Кика уулу «Китепчесинде» атайын эскерткен. Айтмак, Оркочор кыргыздары жашоочу мекен, бут коёр жерди колго келтирүү үчүн «алтын мөөр алуу» окуя­сы, «өкүлдөрдү тоого көтөрүп чыгуу» окуясы, андан кийинки эле кездерде Шинжаңдын бийликтерине (мисалы, Жын шурунга чейин) канчалаган арыздар менен талыкпай баскандык мисалдарын билген киши бул адамдардын жашоосундагы жигердүүлүктү байкайт. Ал жигердүүлүк «кыргыз болуп калалы» деген максатка кызмат кылганын көрүү кыйын эмес, болбосо, башка элге кошулуп кетүүнү кааласа, андай жер кайгысын тартпай эле кошулуп кетсе, башкалар деле койнун ачып, кошуп алмак.

Ошентип оркочорлук кыргыздар 1833-жылы (100 жылдан кийин) алтын мөөргө жетишип, биринчи жолу улуттук бийликке ээ болуп, көз каранды жашоо менен кош айтышат. Ошондон кийин өз салты, өз чарбасы менен жашоого жетишет. Кудайберген Кика уулунун «Китепчесинде» бир нече балбанды, чеченди, кыргыз кентиндеги 18 заңгинин (уруу башынын) аттарын, алардын жасаган иштерин санактап айткан. Анда, биз эринбей, бул Оркочордогу кыргыздардын кадимки эле баба салтын кандай улантып жүргөнүн байкатуу максатында, ал кишинин китепчесинде айтылгандардан бир нечени окурмандарга кайра окута кетели.

Төртөй чечен. Өз кезинде Дөрбүлжүндөгү 10 кентке башка элден укирдай (айыл башы) коюлуп, Жалынгайды аттуу моңгул келээри менен, андагы уруу аксакалдарын чакырып жыйын курат. Ал элден:

– Менин укирдай болуп келгениме кубанып жатасыңарбы, же капа болуп жатасыңарбы?- деп сураганда, бардыгы “Сиз сыяктуу билимдүү, өнөрлүү адамдын келгенине кубанып жатабыз,-дешип колдоо көрсөткөн экен. Анда ошол айылдын (укирдайдын) катчысы болуп иштеп жатка Төртөй чечен:

«Башкалар кубандык дегени менен, мен байкушуң, капа болуп жатам. Анткени ушул 8 кент элдин ичинен сиздей бир адам чыкпай, сиздин айыл башы болуп келгениңизге капа болуп олтурам», –  деген экен.

Тогузбай чечен. Тогузбайдын үйүндө куран жогору жагында, алтын мөөр төмөн жагында илинүү турганын көргөн бир буруу улуттун мансаптары: – Токо, мына бул касиеттүү заттарың кандайынча коюлган? – дегенде, – Жогоруда турган касиеттүү куран – ал дүйнөнүн камалы, төмөндө турат делген бул алтын тамга –дүйнөнүн амалы – деген  экен.

Дагы бир чечендик сөздү келтирсек, бир киши кыргыздын калпагын, чепкенин кийип, бөлөк улуттун мансаптарынын алдына жумуш менен барса, тиги мансаптар заарканып аны эмне кийдиң деп суракка тартканда, тигил: –Бул калпактын үч жакшылыгы, үч жамандыгы бар, – дейт.

– Эмне жакшылыгы, эмне жамандыгы бар экен? айтчы, дегенде, тигил:

– Жаанга, күнгө, өзүмө жакшы, шамалга, итке, төрөгө жаман, – деп жооп берген экен («Китепченин» 26-бети). Булардан көрүнгөнү, оркочорлук кыргыздар дале бабанын чечендик салтын ала жүргөн экен.

Көгөнбай балбан. Көгөнбай балбан (сарбагыш уруусунан) Оркочор эле эмес, алыс-жакынга даңкы чыккан балбан экен. Ал бир жолу жүктүү төөнү аңдан тартып чыгарган окуяны «Китепчеде» мындай баяндаптыр: Бир көчтүн төөсү жүгү менен кыядан аңга түшүп кетиптир, аны 10 чакты адам тартып чыгара албай шайы кетип турганда Көгөнбай баатыр үстүнөн чыгып калат да, дароо чапанын чечип ыргытып, жалгыз өзү төөнү жүгү менен аңдан тартып чыгарат. Ошондо маасынын тапандыгы ажырап кеткен экен дейт («Китепченин» 30-бети). Балбандык мына ошентип Оркочордогу кыргыздардын сөөгүндө дале жүргөнүн  көрсөтөт.

(Уландысы  бар)

«Кыргыз туусу», 28.09.2012-ж.

Тарбагатайлык кыргыздар тууралуу дагы бир макала

Соц тармактар:

Добавить комментарий