Омор Султанов

Кыргыз Акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган.

Омор Султанов — азыркы кыргыз акындарынын бири. ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин төрагасы (2007-2009) болуп да иштеген. «Жаңы Ала-Тоо» журналын негиздегендердин бири (2009). Бир нече ырлар жыйнагын жарыялаган.

1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факуль-тетин бүтүрүп, «Ала-Тоо» журналында эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын 2-катчысы, СССР Жазуучулар союзунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жетекчиси болгон. 1980–1986-жж. кайрадан Кыргыз Жазуучулар союзунун катчысы болуп, Кыргызстан коммунисттеринин XIII съездинде Борбордук Комитеттин мүчөлүгүнө шайланган. Омор Султановдун чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жарык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тоо күндөрү» деген ат менен 1961-жылы жарык көргөн. «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан экрандаштырылган «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» ж.б. даректүү жана көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган. Кыргыз прозасында мурда болбогон курч окуялуу жанрдагы «Пираты поневоле», «Остров дракона», «Таинственный всадник», «Вести с того света» деген романдардын сериясын орус тилинде жазып, (немец жазуучусу Лео Герман менен бирдикте) жарыкка чыгарган. О.Султановдун чыгармалары орус, англис, немец, испан, француз, монгол, поляк, украин, венгер, словак, чех ж. б. тилдерге которулган. Ал А.Пушкин, М.Лермонтов, Бартольд Брехт, Пабло Неруда, Габриела Мист-раль, В.Маяковский, Н.Хикмет, К.Кулиев, Р.Гамзатов, И.Драч, Э.Межелайтис ж.б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1986-жылы Эл аралык Ысык-Көлдү коргоо фондун түзгөн жана анын президенти. Кыргызстандын чет өлкөлөр менен байланыш союздарынын вице-президенти, Кыргызстан-Тажик достук коомунун президенти, Москвадагы Эл аралык Жазуучулар союзунун тең төрагасы болуп шайланган. 2007-жылдан Кыргыз улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы. 1985-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардак наамы, 1995-жылы «Манас» эпосуна миң жыл медалы берилген. Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын ээси, «Манас» ордени, Казакстандын Президентинин Жарлыгы менен «Астана» аттуу Алтын медаль менен сыйланган. 2007-жылы Женевадагы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалына татыктуу болгон. 2008-жылы Россиянын Ломоносов атындагы, Достук ордендери менен сыйланып, Россиянын коомдук тартипти сактоо жана коргонуу академиясынын академиги болгон. 1978-жылы Норильск, 1979-жылы Южно-Сахалинск, 1977-жылы Киров шаарларынын, 1989-жылы АКШнын Түндүк Каролина штатынын борбору Шарлотта шаарынын жана Астана шаарынын ардактуу жараны.

 

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

  • Тоо күндөрү: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 92 б.
  • Жылдыздуу түндөр: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 115 б.
  • Ак жол, көк асман: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 224 б.
  • Отузунчу станция: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 87 б.
  • Аэропанорама: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 103 б.
  • Улуу дайра: Очерк, аңгеме, повесттер. – Ф.: Мектеп, 1972. – 295 б.
  • Көз ирмем: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 128 б.
  • Аралдар арасында: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 155 б.
  • Мухитке жол: Сапар баяны. – Ф.: Мектеп, 1977. – 90 б.
  • Дүйнө: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 72 б.
  • Чарчоонун жүзүнчү ыры: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 288 б.
  • Адамдын турмушу: Роман жана ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 172 б.
  • Ашуу төр. Ырлар, поэмалар. – Б.: Бийиктик, 2003.
  • Жан берели сүйүүгө: Роман, поэмалар, ырлар. – Б., 2003.

Орус тилинде

  • Всегда со мной: Стихи и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 108 с.
  • Белая дорога, синее небо: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 400 с.
  • На ветрах Иссык-Куля: Стихи и поэмы. – М.: Сов. Писатель. – 1973. – 111 с.
  • Дорога к океану: Путевая книга. – Ф.: Мектеп, 1979. – 76 с.
  • Утро на перевале: Стихи и поэма. – М.: Сов. Писатель, 1979. – 87 с.
  • Песни усталости: Стихи, поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 118 с.
  • Предназаначение. – М.: Гослит, 1986. – 311 с.
  • Суть: Стихи, поэмы. – М.: Сов. писатель, 1987. – 127 с.
  • Пираты поневоле. – Б.: Шам, 1998. – 256 с.
  • Остров Дракона. – Б.: Шам, 1998. – 262 с.
  • Таинственный всадник. – Б.: Шам, 2002. – 265 с.
  • Весть с того света. – Б.: Шам, 2006. – 270 с.

КОТОРМОЛОРУ

  • Г.Мистраль. Сен сүйгөн ыр. – Ф.: Кыргызстан, 1987.
  • Лермонтов Ю. Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986.
  • Лермонтов Ю. Азреил. – Ф.: Адабият, 1987.

Уикипедиядан алынды

Омор Султанов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Бир ырдын тарыхы

Омор Султановго Лермонтов сыйлыгы ыйгарылды

Чарчап, чарчабас Омор

Омор Султанов, Кыргыз эл акыны: “Арманды адам өзүнө өзү таап берет”

ПОЭЗИЯГА келаткан жолдо

Омор Султанов, Кыргыз эл акыны: “Жантөрө Сатыбалдиев убадасын берген, бирок…”

Омор Султанов: Сүйүүнү акылым түгөнгүчө жазам

 

Ырлар

 

АРЗУУ ЫРЛАРЫ

***

Сен жөнүндө баштап бүтпөс поэма,
Каламыма бердим таап зор бакыт.
Сени ойлоп ар бир баскан кадамда
Сени менен күн да батып, таң атып.

Ушул саптар касиети сөзүмдүн
Жазарымда өрүк болуп эзилдим.
Сүйүү мени кете жазды эритип
Өзүмө өзүм оттон ысык сезилдим.

Кайдан келип, кайда мени алпарат?!
Түшүп бердим толкунуна сезимдин.
Эми ар дайым жүрөгүмдө салтанат
Эми ар дайым сенсиң, анан өзүммүн.

Мага келчү майда өкүнүч, кайгылар
Урундуңар тоскоолдукка урабас.
Эми мени кебелте албай калдыңар
Мен чынармын кылым көктөп куурабас.

 

***

Билбейм кайдан табылгансың сен мага
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм буйрук алып тагдырга
Башкалардын миңи сага татыбай.

Же атайы сен жаралып мен үчүн
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн
Зарлап тапкан перзентимдей көрөмүн.

Биз жолуктук майдын жумшак түнүндө
Ал түн мага сени эскерткич боёктой.
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдө
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.

Уктаганда сенин уйкуң менде бар
Ойлоруң да ойлорума киришкен.
Биз экөөбүз эки сандай барабар
Биз экөөбүз эки суудай бириккен.

 

* * *

Мен эми кайда кетип, кайда барам?
Багытым калды сынып, карып сапар.
Дарчыдай басып өткөм араң-араң
Сүйүүнүн ок жолундай жолун татаал.

Түн каткан жолоочудай кетти жаштык
Таскактап таштуу жолдо ат дабышы.
Биз бастык, эч ким баспас жолду бастык
Суктантып кабар алган кары-жашты.

Буюрулбас жөрөлгөгө айып-күнөө
Жөн гана өмүр жолу ал бир эски.
Сага эми кезиксе экен мендей бирөө
Болбосо менден жакшы, менден эстүү.

Таалими айкөл, таза өзүңө окшоп
Муңдурбас тамашакөй болгой эле…
Баары бир бассаң-турсаң мени жоктоп,
Баары бир ойлойсуң го болбой эле…

 

АБЫШКАЛАР

Кайгырсам же бир жүрсөм ойноп-күлүп
Ар дайым мени менен болот алар:
Көчөдөн кармап алып жибиттирип
Чачымды алып берген абышкалар.

Кез келсем учкаштырып же өңөрүп,
Мейли алар келатпасын кайда барып
Эч качан тил айтпады жаман көрүп
Аттарын көп үркүттүм жата калып.

Мүнөзү чимирилген балалыктын
Бар туруп жок болушту өчүргөндөй.
Мен билген ошол кызык абышкалар
Түгөнүп же баратат көзү көрбөй.

Турмушту кайдан гана барып көрбө
Көз ирмем токтолбогон айлампалар.
Басышты өткөндөрдүн ордун элде
Башкача каадасы бар абышкалар.

 

ООГАНДАН КЕЛГЕН ЧЫМЧЫКТАР

Канатына ала кирип коога алган
Кара чымчык ооп келген Оогандан.
Чымчыктардын моджахеди өңдөнөт
Кан кыргындан таш жамынып соо калган.

А булардын көрбөгөнү калбаган
Алар эмне Европага барбаган?
Канаттууга Кавказ деле жайлуу жер
Азиядан бизди эмнеге тандаган?

Келгин куштар аба жиреп өткөндүр
А кээ бири бизге конуп кеткендир
«Уурдайт экен президенттер быякта»
Деген кабар куш тилинде жеткендир.

Элин тоноп жешет экен чоңдору
Канында агып уурулуктун жолдору.
Ооганда биз октон башка жебейбиз
Ошояктан болобуз деп олжолуу, —

Чымчыктардан чалгынчылар келгендир
Жайнап жүргөн ууруларды көргөндүр.
Биздин момун таранчылар, кептерлер
Айласыздан курман болуп бергендир.
24.01.2011-жыл.

 

БЕЛЛА АХМАДУЛИНАГА КОЮЛГАН МҮРЗӨ ГҮЛ

Акындары алтымышынчы жылдардын
Көргөн жокпуз ал учурдун жыргалын.
Жүрдүк куулуп жалаң жеме, тил угуп
Азабынан курч жазылган ырлардын.

Анын бири — Белла Ахмадулина
Акын болчу таланттуу да, сулуу да.
Өзгөчө эле өжөрлөнүп киришкен
Өмүр үйүн жалаң ырдан курууга

Өзү деле турушунда ыр өңдүү
Таамай эле ташка чыккан гүл өңдүү.
Агын сууга каршы айдалган кайыктай
Ташка тийип мизи курчуп бүлөндү.

Канча курдай сагынышып көрүштүк
Жыргап, куунап кучакташтык, өбүштүк.
Көңүл чөгүп, жүрөк канап турса да
Кайрат алып сырыбызды бөлүштүк.

Андай эмес акындардын баары эле
Айтып чыкса ырдан мөндүр жаар эле.
Эми деле кепке кошуп бере албайм
Экөөбүздө бир жакындык бар эле.

«Переделкино» чыгармачыл үй эле
Луконин, Межировдор. . . тирүү эле.
Мен алардан жаман дагы, жаш дагы
Бар максатым ырдын сырын билүү эле.

Смеляков ал жердеги аксакал
Үнү да жоон үңүрөйгөн башка чал.
Ырлары үчүн Колымага айдалып
Келген экен акын мизин ташка чаап.

Смеляков Белла менен ырдашат
Эми гана сен деп мени ырдатат
Ю. Казаков зор жазуучу болучу
Шахтерлорчо сөгүнгөнү жыргатат.

«Переделкино» акындардын мекеси
Жыргал анда «Поэзия кечеси»,
Ыр окуган Андрей В. шамшардай
Кремлге тийип канайт чекеси.

Бардыгында жакын жашоо-курактар
Гитарада Окуджава Булат бар.
Мен бөксө эмес, алар да анда толтура
Кайран достор, эми жетпес ыраакта.

Алар мени Омар, Амор дешчү эле
Азыр таппайм жоксуңар да эч жерде.
Менден көз жаш акпайт сыртка дечү элем
Агып чыкты кечээ Белла кеткенде.
3-4-декабрь, 2010-жыл.

 

ЖЫЛДЫ УЗАТУУ

Сен да кеттиң кеткен жылдын бириндей
Баягы мен жакшылыктан түңүлбөйм.
Күнөөм бардай басып жүрөм жер карап
Май түгөнгөн чыракка окшоп үлүңдөйм.

Сырымды айтып баарын сенден чыгардым
Сен үндөбөй өзүнө окшоп чынардын.
Булар деле оңолбойт го деп ойлоп
Курганалбай кир санаага чыландым.

Булар деле баягылар сыяктуу
Ойлоп койбой ыйман, намыс, уятты.
Бирин бири аяр алдап турушат
Күлүп сүйлөп, келип сөздүн кырааты.

Улуураагы жашыраагын көөлөшөт
Жаштар кайра улууларды жөөлөшөт.
Сары эшекти Аккула деп, буудан деп
Эрегежээлди элден чыккан дөө дешет.

Күчөп турат жер-жерлерде дуу-дуулар
Калайык-калк киши таппай туу кылар.
Турган кезде айла кетип карайлап
Уурдап атат баягы эле уурулар.

Сенде эмне кеп? Сен бир Айкөл караансың
Мезгил деген мелмилдеген араансың.
Акыл калчап жер чукулайм ой менен
Жоо чапкандай мынча эмнеге таландым?!

Кан жыттанган каракчыдай түндөгү
Кантип, кайдан тоноп кетти ким мени?
Кандай гана болуп атат билбеймин
Калп өңдөнөт кары, жаштын күлгөнү.

Болду дечи, менде да иштер ар кандай
Айла жоктон жалган айтмай, алданмай.
Кокус мен да жаңылышып турамбы
Кол чабыштар маа сезилет жалгандай.

Көптөр менен арасында көчүңдүн
Көрүп туруп көр сөздөргө көшүлдүм.
Ата Журтту уурдап, тоноп кетишти,
Акын туруп айтпаганга, кечиргин.
02.01.2011-жыл.

 

МАНАСЧЫ

Күндө өткөрүп көр турмуштун тирлигин
Замандаштар билбей кимдин кимдигин,
Убагында ушаланган өмүрдүн
Өтөт экен баалай албай бир-бирин.

Көп ээрчидим, аз ээрчитип Сакемди
Алтымышта болгон менен жаш өңдүү, —
Жүрөөр эле баскан сырты табышмак
Метеориттен үзүлгөн кан таш өңдүү.

Бирок турчу байкаганга зор болуп
Олтурганда кабылан өңдүү комдонуп.
Анда деле билермандар кор болчу
Көрбөдүмбү, жашап өттү көр болуп.

Бул жашоонун чен-чегине баталбай
Буудан күлүк көрүнгөнсүп кашаңдай.
Кетти Сакем бийик баасы билинбей
Гений деген ысым менен аталбай.

Кино жазып «Манасчыны» тарттырдым,
Айкөлдү айтып түшөсүң деп шарт кылдым.
Абалкы өткөн Айкөлчүлөр арбагы
Саякбайды колдоп берип карт кылды.
27.01.2004-жыл.

 

НИЗАМИ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ

Жашчылыкта көргөн өңдүү жаз күндү
Жолуктуруп, «Лейли менен Мажнунду».
Калагы жок кайык менен жөнөгөм
Сүйүү деген Деңизинде наз үндүү.

Жаш теректей жаңы гана бүрдөгөн
Жаш күкүктөй жазда алгачкы үндөгөн.
Сүйлөшүпмүн сени менен анда мен
Сүйлөшкөндөй нурун төккөн күн менен
Сенин үнүң нур чыгарып чыгыштан
Дүнүйөгө салтанатын курушкан.
Хандар, бектер элди басып кырышса
Сен курупсуң Азияга «Ырстан».

Сыртың көркөм, көркөмүрөөк жүрөгүң
Сулуулуктун кайратмандык үрөнүн,
Мезгил аттуу чексиздикке айдадың
Түшүмү мол поэзия мүрөгүн.

Мен да анын даамын татып искедим
Кыял-ойго аста сиңип күч демиң.
Жыргап жашап өмүр сүрдүм жаштыкта
Жыргап уктап көрүп сүйүү түштөрүн.

Канча кылым зуулап өттү шамалдай
Канча шаар, канча эл учту самандай
Сен турасың көркөмүңдөн кебелбей
Жер шарындай — ааламдагы аралдай.
15. 01. 2011-жыл.

 

СЕН ЖӨНҮНДӨ ПОЭМА

Нуруна окшош түндө жанган жылдыздын
Сүйүүсүнөн кыздарынын кыргыздын,
Асыл таштай миң кубулуп көрүнгөн
Махабаттан бир эстелик тургуздум.

Кыргыз жаштар аны көрүп өтүшөт
Анда толгон Сүйүү көлүн кечишет.
Элестетип көзгө жыргап жаш алып
Кеч күздөгү конушуна көчүшөт.

Жаңы муун жаңы жолдо келишет
Сүйүүлөрүн бир-бирине беришет.
Бир-бирине магнитсиз тартылып
Эриндери кызарганча өбүшөт.

Экөөбүздөй сүйүү аларды мас кылып
Көркүнө бир чыгып берет жашчылык.
Аны билбейт өмүрү өткөн көпчүлүк
Аны билген бул дүйнөдө азчылык.
27. 06. 2011-жыл.

 

* * *

Президенттер качып кеткен, качалек
Балага окшош итий болуп басалек.
Кетишти го үмүттү үйлөп өчүрүп
Жыйырма жылдай эл эс алып жаталек.

Президенттер боло турган бир короо
Жан талашып акча жыйнап шайлоого.
А дыйкандар үрөн жыйнап жан үрөп
Кам урууда күздүк эгин айдоого.

Ишенимдин үшүп гүлү күбүлгөн
Үрөй учкан, айла кеткен, түңүлгөн.
Жер, суу, тоо, таш, айыл, шаар — баарысы
Жоо карактап кетпей эле бүлүнгөн.

Канкакшаган канча сезим сыздады
Канча көңүл муздай тоңуп муздады.
Канча жүрөк, кан тамырлар жарылып
Сүйүү күчүн алсыраттык биз дагы.
07. 07. 2011-жыл

 

* * *

Ууру жолдо учуп жүрбөйт Ак шумкар
Анын жолу Ала-Тоонун ак кымкар.
Ууруларга уурдап бере баштады
Ууру жолго түшүп алган байкуштар.

Ууру жолдор уурдаганга алпарат
Аны билип көрүп турат чар-тарап.
Миң мертебе калп айттырып кудайга
Жалап, жуктап сөз айттырат чампалап.

Күн да, түн да азгырыкта бүлүндү
Буга ыймансыз көп шумпайлар сүйүндү.
А кээ бирөө ачык айтып киришти
Чоң мурун деп махабатты, сүйүүнү.

Биздин сүйүү ынак ысык, сулуу да
Баралбайбыз ууру жолго, ууруга.
Кол кармашып коюндашып киребиз
«Сүйүүбүздүн жүз биринчи» ырына.
07.09.2011-жыл.

 

БАРДЫК ЭЛДИН, БАРДЫК ЖЕРДИН КЫЗДАРЫ

Таалайы бар, кыздар сонун жансыңар
Тандырбаган таттуусуңар, балсыңар.
Берилгенде көз бозоруп көр болуп
Бектер, хандар, президенттер алсыраар.

Ар кимиңде бар бир улуу касиет
Азамат, эр дал ошого баш иет.
Кайдан, кантип келип калат билбейсиң
Жанды эритип козгогон бир масилет.
Окшойсуңар суу төгүлгүс жоргого
Дайым даяр тер төгүүгө жолдордо.
Бакыт конуп батасыңар жыргалга
Балкып эрип бойго жетип толгондо.

Эңсеттирип турат дайым көзүңөр
Жакшы гүлдүн жытына окшоп сөзүңөр,
Жан сергитип турасыңар жадырап
Табышмактуу тагдырсыңар өзүңөр.

Бардык элдин, бардык жердин кыздары
Кызыл гүлдөй өсүп турган кыштагы.
Качан болсо сулуусуңар бактылуу
Силерсиңер, сарсанаанын душманы.

Сүргөн өмүр ал мен үчүн кызылдай
Сүйүүм өсөт, — деп жазгамын, — кызымдай.
Ал андыктан бардык кыздар мен үчүн
Нурун төгүп турган бакыт кызылдай.
17.06.2005-жыл

 

АЗЫРКЫНЫН БЕШИК ЫРЫ

Алдей, алдей ак бөпөм
Ак бешикке жат бөпөм.
Көп ыйладың кой, бөпөм
Көк сүтүңө той бөпөм.
Эмчегимде сүтүң жок
Тамак ичпей күчүм жок.

Тоолоруң бар көк жашыл
Койну толо көп асыл.
Көлүң жатат көйкөлүп
Толкун — тоого сөйкөнүп.
Айланаңда тынччылык
Азыр келет күн чыгып.

Көрөөр күнүм, жыргалым
Көпкө тынбай ыйладың.
Айдап чыгып жатышат
Эл бадага уйларын.
Балким, сезип жатасың
Башчылардын катасын.

Бири эки беттүү эле
Убадага эптүү эле.
Казынанын алтынын
Уурдап алып кетти эле.
Сызга олтуруп эл калды
Сыздап калың жер калды.

Экинчиси качыптыр
Элди Ак үйдөн атыптыр.
Банктан уурдап акчаны
Башка жерге катыптыр.
Башчы кылган буларды
Баарын кудай урарбы.

Митингге эл баратат
Талкалашат, талашат.
Партиябыз дегендер
Парламентке баратат.
Болуп алып депутат
Болушунча жеп, жутат.

Айласы жок атаң да
Айылда бош жаталбай.
Кетпедиби шаарга
Үлүш жерин саталбай.
Биз ошондо шорлодук
Өмүр бою кор болуп.

Аргасынын жогунан
Снайпердин огунан, —
Жан бергенде көтөрдү
Аянттагы эл чогулган.
Аны сезип жатасың
Атып калсын атасын.

Зарыңды ыйлап сен калдың
Зар какшаган мен калдым.
Сексен, токсон шейиттер
Мекендешти жер алдын.
Арбактарда үнүбүз
Азырынча тирүүбүз.

Алды жакта кар, кыш бар
Ак жаан болду каргыштар.
Агып турат төбөдөн
Аны көрбөйт байкуштар.
Улуу тоолор кечээги
Уурулардын мекени.

Кыңкыстаба периштем
Тамагың жок жеп-ичкен.
Сен да ууру болосуң
Булар менен келишсең.
Ууру жолдо бөртөсүң
Уурулардын өлкөсүн.
2-январь, 2011-жыл.

Соц тармактар:

Омор Султанов: 1 комментарий

Добавить комментарий