Алтын мөөрлүү Тарбагатай кыргыздары

(Уландысы. Башы)

ининдеги бөлүнүш. 1958-жылдагы оркочорлук кыргыздардын коомдук тарыхын текшерүүдө, ал Кыргыздар Ала-тоодон ооп келген XVIII кылымдын башында ислам  дининде болгон экен. Ал ошол текшерген жылы Оркочордогу кыргыздардын (өз кезинде, 5-райондун 7-айылындагы кыргыздарды текшерген) 80 пайызы лама динине, 20 пайызы мусулман динине ишенип калышкан деген маалыматты берген («Журналчанын» 60-бетинде). Бул маалымат азыркы Тарбагатайда жашаган кыргыздардын абалына төп келет.

Оркочордогу кыргыздардын ислам дининен лама (будда) динине өтүшүнүн себебин 1958-жылкы текшерүүдө мындай уламыш менен айткан: «Моңгулдун заңгиси Кыргыздын заңгисин меймандарчылыкка чакырып барып, абдан мас кылып, алтын мөөрүңү мага көрсөтчү деп сураганда, тигил Кыргыз заңги мөөрүн алып берет. Ошону менен Кыргыздар алтын мөөрүн алдырып жиберип, бийлигинен дагы бир жолу айрылып калат.

Ошондон көп өтпөй, моңгул ламасы 5 кыргыз баланы будканасына окууга алат. Анын ичинен экөө качып кетип, үчөө окуп, лама дининин билимдерин өздөштүрөт» («Журналчанын» 61- бети). Ал эми, оркочорлук кыргыздардын дининин бөлүнүшүн Кудайберген Кика уулу «Китепчесинде» мындай баяндаган: «Кыргыз эли эки динге бөлүнгөнү 1860-жылы бугу-кулжа айларында, Дөрбүлжүн ооданына караган «төмөнкү-көрөдөн» башталыптыр. Беш-Терек менен Кызыл-Тамактын куйганындагы Көктүбөк деген конушка үч ак үй тигилип, ал кыдырма будкана болуптур. Анда жатар жери, тамак-ашы белен экен. Лама динин үгүттөөчүлөрдөн 5 (моңгул) лама келип «сиздерге дин ала келдик» деген жарашыктуу үгүттөрүн айтып, жаздай туруп, 5 бала шакирт кабылдаган». Бул Оркочордогу кыргыздардын биринчи жолу лама динине кире баштаганы болуп эсептелет. Ал 1880-жылы моңгулдун көрөсүндө (будканасында) Чар унзт, Понск аттуу эки кыргыз лама окуусун окуйт (унзт — «окуусу жетилген» деген мааниде экен). Чар унзт (кыргыз) будканада олтуруп барабан кагып жатканда, жанында олтурган калмак келең (сопу) «көзүмдү чыгара чаба жаздадың – ит» деп сөккөн экен, тигил арданып, кыргыз айылына кайтып келет. «Кыргыздын эл башчылары андан намыстанып, будкананы эл ичинде өз алдынча курууну чечим кылат. Ошону менен кыргыз жергесинде 1890-жылы тунгуч жолу «Кыргыз көрө» аталган лама будканасы Оркочордо курулуп, Чар унзт биринчи лама болуп чыга келген да, ошондон баштап кыргыздын ламалары өзүнөн чыккан. 1938-жылдагы маа­лыматта, лама дин окуусун окуган келең (сопу), кечилдер 100 кишиге жеткен экен (алар бүт эле будканада отуруп, үй тутунуу, тирчилик оокатын иштөөдөн кечкендер эсептелет   экен).

«Кыргыз көрө» будканасынын курулуп, ага адамдардын тартылуусу тууралуу Кудайберген Кика кеменгер «Китепчесинде» мындай турмуштук жагдайды айткан: «Манчың өкүмөтү тушунда, ламага 4 сер күмүш, эмчиге 3 сер, келеңге 2 сер, кечилге 1 сер, манжиге жарым сер күмүш айлык берип турган. Минго тушунда, элден салык жыйылып, «көрө» өздөрү теңшеп турмушун камдаган. Ал диндик даража улам окуусу жогорулаган сайын көтөрүлүп турган» (карңыз, «Китепченин» 61-бети). Будканада бекер олтуруп өз кезинин турмушуна толук жетерлүү айлыкка жетишүүсү, кандай эле болбосун күн өткөрүү, ал будда окуусун окуганда мартабалуу болуу сыяктуу көр турмуштун ажатынан лама динге тартылуу өз кезинин иш жүзүндүк жагдайы экенин жоромолдоого болот. Дагы бир себеп, ошол кездеги оркочорлуктардын жагдайынан алып айтканда, лама дин окуусун окубагандардын коомдук орду, кишилик катары кемсинтилген. Ал үчүн бир мисалды Кудайберген кеменгердин «Китепчесинен» окуйлу: «…Менин атам күндө, болуп турган кезинде, Антоф деген кыргыз жоросу менен Мадан (калмак) укирдайдыкына (айыл башчыныкына) иш менен барат. Барган үй аларга жайпак табакка куймак менен чай коюптур, ошондо Антоф табактагы куймактан сындырып ооз тийген экен. Дасторкон жыйналарда, малайына «тигил кыргыздын кетип жеген куймагын өзүнө салып бергиле», – деп катуу айтыптыр («Китепченин» 25-бети). Мындай мисалдар көп болгон. Ошого өз кезинде, кээ бир кыргыздар моңгулдар арасында окуу (лама окуусу) аркылуу коомдук ордун көтөрүү максатын көздөп, «кыргыз көрө» (будкана) кургандыгы  билинет.

«Кыргыз көрө» 1958- жылы тараган. Ал 1962-жылы Оркочордогу кыргыздарды Тарбагатайдын ар кайсы жерлерине көчүргөн. Ошону менен Оркочордогу кыргыздардын дини эки бөлүнүп, конушу таракайлаштырылып, жашоого туура келсе да «Кыргыз» деген бир сөздү эч нерсеге алмаштырбай, эч кимге кошпой, бүгүнкү күнгө жеткиргени чоң жигердүүлүк, улуу улуттук рух болгон деп ойлосо   болот.

Салт-санаасы. Оркочордогу кыргыздар көчүп келгенден эки динге бөлүнгөнгө чейин бирдиктүү жалпы эле кыргыз улутунун салтын карманган (1890-жылга дейре). Лама динине өзгөргөн кыргыздар жана ислам дининде калган кыргыздар кыйла бир мезгилге чейин бир эле көрүстөнгө ата-бабаларынын сөөгүн коюшуп жүргөн. Кийинки бир мезгилде бир суунун өйүз-бүйүзүнө көрүстөндү бөлүп коймой болгон. Бирок, оркочорлук кыргыздарды сөөктү ата бейитке, бабалардын көрүстөнүнө коюу салты өзгөрбөй, Оркочордо кыргыздардын бир нече көлөмдөшкөн көрүстөндөрү бар экен (Кыргыз көрүстөндөрү «Китепчеде» кенен айтылат). Ислам дининдегилерден башкаларында, кийим-кечигинде да чоң өзгөрүш болуп, лама динине ылайыкташтырылган кийимдерди кийүү жагына ыктаганын 1958- жылы коомдук текшерүүдө байкалган. Алар эки динге айрылган мезгилге чейин кыргыз тилин унутушпай, бир кенттин адамдары чогуу турган кездеринде кыргызча сүйлөшүп жүргөн. Кийин улам лама дининин, окуусунун таасири менен моңгул тилин колдонуучулар көбөйгөн. Ислам дининде калгандар казак тилин коомдук байланыш тили катары урунуп калышкан. Ушул күндө ханзу тилин өздөштүргөндөр арбыган. Бирок Кудайберген Кика уулу эл ичинде кыргыз тилинин бир канча сөздөрү жашап турганын термелеп жазган. Ал казак сөздөрүнөн бөлүнүп көрүнгөнүн ал киши дайым байкап жүргөн. Ал тургай, кээ бир макал, ылакаптар, кошоктор кыргыз тилинде унутулбай айтылып келгенин «Китепчеде» кенен айткан.

Тарбагатай кыргыздары ушул күндө байыркы орду Оркочордо (Дөрбүлжүн ооданында) басымдуу жашабай (ал жерде ушул күндө 313 жан киши гана калган), азыркы басым бөлүгү Чөйчөк шаарына караштуу малчылык фирмаларында, атап айтканда, 1742 жан кыргыз Чөйчөк шаарына тике караштуу Ой-Жайлоо, Чагычы, Эки-Суу, Калажың сыяктуу фирмаларда мал багып  жашайт.

Макаланын оозун буур сөз: ушул күндө Тарбагатайдагы кыргыздар өздөрүнүн улуттук салт-санаасын, тилин, маданиятын калыбына келтирип жашоону көксөшөт. 2011- жылы бирдин айында «Тарбагатай кыргыз маданият борборун» куруп, баш кошушуп кыймыл өткөрүшкөн. Бирок кыргыз тилин, кыргыз кийимин, кыргыз ырларын издеп жүрүшөт. Биз – жыйнакы кыргыздар колубуздан келишинче ал боордошторго кучак жайып боорго алып, алардын көксөөсүнө тилектеш болуп, «Кыргыз» деген атын өчүрбөй келе жатканына «Оо деген төөгө медет» кылып кетпесек, биздин эле тушубузда ал боордоштор түгөнүп кетүүсү  мүмкүн.

Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу,
ШУАР “Тил жана котормо” журналынын башкы редактору,
филология илимдеринин доктору, профессор,
“Кыргыз Туусу”, 02.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий