Кыздар поэзиясындагы кызгалдактуу кыр

Өткөн жылы “Турар” басмаканасынан  белгилүү акын кызыбыз Фатима Абдалованын “Эсимде” аттуу көлөмдүү ырлар жыйнагы жарык көрдү. Аталган китепке баш сөз жазган филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева Фатиманын ырларында чыныгы поэзия шоолалары жанып тургандыгын баса белгилеп кетиптир.

Китеп бир топ бөлүктөрдөн турат. Алгачкы бөлүм “Ата-Журтум алдейим” деп аталат. Автор эгемен жылдар ичинде “акыйкаттык” жана “адилеттик” деп толкуган карапайым кыргыз элиме арнаймын”-деп жазыптыр.

Ата-Журтум боройлогон жолдордо,
Алыкулдай из караган уулуң аз.
Асыранды балдар чыкты оңбогон,
Өз балаңдын үнү да пас, жүүнү пас…

Акын кызыбыз айткандай, эгемендик 21 жылдын ичинде өлкөбүз өрдү карай өспөй, чокудан төмөн карай кулаганын жалпы журт  жакшы билет. Жол карайын токтой турчу Ата-Журт деген Алыкулдай уулду чындыгында оңой менен табалбайт окшойт. Ошонун айынан элибиз кедейленип, жакырчылыктын кырына келип токтогонун автор поэзиянын тили менен жеткиликтүү түшүндүргөн.

Не тойбойсуң, сен эмне үчүн тойбойсуң?
Жейсиң, жейсиң же “жедим” деп койбойсуң.
деген эки сапта 2 тонна ой жатат.
Жегениңе кыйын болуп олуттуу,
Букаранын азабында тойлойсуң.

Эми ушул төрт эле саптын маани-мазмунун түшүндүрүп отурсак, өзүнчө бир китеп болот. Акчаларды жүктөп качып кеткен өлкө башчыларын айтпай эле коёлу. Бирөөлөрдүн, элдин ырыскысын жулуп алып, бактысыздыктын үстүнө бак-таалай курамын деген киши акыры өз жазасын алат. Азыр эч кимге  жооп бербесе, Кудайдын алдында жооп берет. Бул поэмада Кыргызстандын көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн көйгөйлөрү катылган. Маселен чет өлкөгө сатылып жаткан балдар жөнүндө, балдар үйүнүн көбөйүп баратканы жөнүндө, бомждор, селсаяктар жөнүндө, көчөдө денесин саткан кыздар жөнүндө деги койчу, баары бар. Аталган поэмадан кыргыз элинин кандай абалда жашап жатканын даана көрөсүң. Бир жагынан орус элинин акыны Некрасовдун “Россияда ким жыргайт?” аттуу поэмасына да окшоп кетет. Себеби, экөөнүн тең көтөргөн көйгөйлөрү элдин турмушу.

Экинчи бөлүм бир, эки, үч, төрт саптан түзүлгөн. “Ой саптар” бөлүмү.

Жүрөгүмдүн күңгөй жагын көргөзүп,
Тескей жагын жашырдым.
Капалыкты калп күлкүгө көмкөрүп,
Келсе дагы жашыгым…

Ооруп төшөктө жаткан кыргыздан ал-абалың кандай деп сурасаң, “жакшы” деп жооп берет. Жаманмын деп жооп берген кыргызды жолуктурган киши барбы? Менимче, жок болсо керек. Фатима айткандай, баарыбыз тең тескей жагын жашырып, күңгөй жагын көргөзгөнгө аракет кылабыз.

Калп күлкүгө капалыгыбызды бастырып коюп, шайыр көрүнөбүз. Бир карасаң жөнөкөй эле сөздөр. Ошол жөнөкөй эле сөздөрдө кандай жаркын чындыктар катылган. Автор кыйналбай, кысталбай эле басып баратып айтып койгондой туюлат. Бир жагынан жөнөкөйлүк, бир жагынан ойдун тереңдиги,  бир жагынан мында колго кармалып, кармалбаган поэзия бар. Поэзия деген менимче ойду аз сөз менен жеткиликтүү түшүндүрүү, же болбосо мына бул эки сабын алып көрөлү:

Башкалыгың, өзгөлүгүң эсимде,
Байрактарды илип кеткен сезимге…

Дубалдын бооруна кагылган шыпка шапке, тебетей, калпакты илгенин көрүп жүрөбүз. Ал эми сезимге байрак илген ал ким? Бул саптар негизи сүйүү темасына байланышкан. Ал жакшы көргөн адамынын өзгөчөлүгү, башкачалыгы сезимине байрак илип кеткендигиндеги элесин даңазалайт. Делбиреген сезимдерде желбиреген байрактарды элестетип көргүлө.

Байпактарын жамап атып баламдын,
Бактысы бүтүн болсо,-дедим каралдым.

Фатима ойчул акын. Бул саптар бир жагынан япон акыны Басёнун ырларына да окшоп кетет. Байпактын жыртык жерин жамап атып, уулунун бактысынын бүтүн болушун тилегени жөн жерден эле чыга калган жок. Ойдун калкып чыгышына байпак түрткү болду. Муну накта турмуштан келген философиялык ыр десе болот. Болгону эки сап. Бирок ошол эки саптын ичинде алтын катылып жатпайбы, күкүмдөй ою жок күргүштөтө уйкаштырылган ырлардын далайын окуп жүрбөйбүзбү.

“Ким бар үйдө?”-десең, чалып телефон,
“Өзүң барсың”-десем, күлүп акырын.
Сен ойлоно түшүп анан бир топко,
О, бир топко барып анан каткырдың.

Бир карасаң жөнөкөй эле телефондон сүйлөшүү, баарлашуу, бирок ал акындын жан дүйнөсүнөн аралап өткөн соң сонун төрт сапка айланган.

“Бейтаанышка” аттуу ыры да кызык:

Кармалдым, сени уурданып караймын деп,
Билинип калды сага “уурулугум”.
Уялдым буга ичимен кабатыр жеп,
Билингим келген эмес эле ныпым…

Фатиманын байкатпай караган, “уурулугунда” поэзия жатат. Ал ушундай колго кармалып-кармалбаган ойлорду кубалаганды жакшы көрөт. Табиятынан ошондой.

Фатиманын ырлары философияга бай. Ал тема издеп убара  болбойт. Тема даяр. “Эсимде” жыйнагындагы “Кудайдын эрке балдары” поэмасы эч бир окурманды кайдигер калтырбайт. Андагы окуялар драмага жык толгон. Лайли Үкүбаева эжебиз айткандай, “Миң уккандан бир көргөн” жакшы, окуп чыгыңыз окурман демекчимин.
“Эсимде” өзүнө өзү сыйбаган абалдагы акындын ырлары экендигине мен чын дилимден ынанганымды айта кетүүм абзел.

Жалпы жонунан алып караганда, Фатиманын ырлары май айындагы кызгалдактар жайнаган адыр-дөңдөрдү элестетет. Шамалында, лепилдеген желинде жаздын жыты аңкып, сезимдерди сергитип, көңүлүңдү көтөрөт. “Эсимде” ырлар жыйнагы менимче Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ат салышууга татыктуу китеп деп эсептейм.

Карбалас БАКИРОВ, «Эркин-Тоо», 02.10.2012 ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий