1070 китептин ичинде күлүк барбы?

Союз учурунда басма сөздө мамлекеттик сырды сактоо боюнча башкы башкармалык бар эле. Ал министрлер Советине баш ийип, басмаканадан жарык көргөн китептерди, теледен, радиодон кеткен материалдарды газета-журналдарга чыгуучу макалаларды көзөмөлдөп туруучу.

Ошондо кээ бир жазуучулар, басма сөздү көзөмөлдөө болбосо, жазган чыгармаларыбызды көзөмөлдөбөсө, укмуштарды жаратат элек деп айтып жүргөндөрүн да билебиз. Кудай жалгап, СССР кулап түшкөндө, эгемен өлкө болуп өзүнчө түтүн булата баштаганда, жүз миңдеген нускалар менен чыгуучу китептер миңге азайып, солгундап калган.

Бүгүнкү күндө китеп чыгаруу көйгөй эмес. Эч кандай текшерүү, көзөмөлдөө жок. Оозуна келгенди оттоп жазса да, басмаканалардан китеп чыга берет. Эң башкысы акчасын төлөсө болду. Анын үстүнө жеке менчик  басмаканалар да дүрүлдөп учкан таранчыдай көбөйдү.

Маселен, менин кабинетиме  китебин чыгаргандар күнүнө бирден китеп алып келет. Анын ичинде эң мыкты, окуй турган адамдын жан дүйнөсүнө азык болчу жыйнактар менен бирге  эле эки сүйлөмүн окуган соң ыргытып жибере турган китептер бар.

2011-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик китеп палатасынын эсеби боюнча 1070 китеп басмадан жарык көргөн. Анын ичинде 12 автореферат, диссертациялар, 35 журнал, 195 газета бар. Китептердин көпчүлүгү 500 нусканын тегерегинде басылат. Мурдагы жылдарга караганда көркөм чыгармалар көп жарык көргөнү айтылууда. Ал эми балдар үчүн топтомдор бир топ азайыптыр.

Бул эми каттоодон өткөн китептер. Каттоодон өтпөй чыгып жаткан китептер мындан 4-5 эсе көп деп айтып жүргөндөрдү да угуп жүрөмүн. Бирок, негедир жымжырт. Мына мындай укмуш чыгарма жазылыптыр деп жар салып жүргөн кишилерди көрбөдүм. Бул балким, адабиятка болгон элдин кызыгуусунун солгундап калганынан чыгар. Тарыхый романдар ыргыткан таштардай жабыла жарык көрүүдө. Негедир “Сынган кылычтын” деңгээлине жеткен китепти көрүү оголе кыйын. Ар бир колоттун жазуучусу өзүнүн колотундагы кыйындарды, жылкы уурдап келгендерди баатыр кылып, мейкинге алып чыгууга  аракет кылууда. Тарыхый роман деп аталгандардын баары журналистикалык макала. Жазуучунун деңгээлинен жогору көтөрүлбөгөн маалыматтарды камтыган жөнөкөй эле катардагы китептер. Аны эргип окуй албайсың. Тарыхый роман деп атап коюш оңой эле. Аны ошол деңгээлге жеткириш ар бир эле калемгердин колунан келе бербейт. “Айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарат”, дегендей макала жазып алып, роман кылып ийгендер кийинки кезде өтө көбөйүп кеткенин айта кетүүбүз абзел.

Жогоруда айтылган 1070 китептин сегиз жүз элүүсү көркөм чыгарма болсо, сегиз жакшы чыгарма бардыр деп эсептейм. Бирок азырынча деңиздин үстүнө калпып чыгалек.

Белгилүү акын Кожогелди Култегин: “Чыңгыз Айтматов каза болгондон кийин кыргыздар баарыбыз эле тептегиз жалпайып жатып калдык” — деп, айткан эле.

Чуркап өтүп бараткан 1070 китептин бирөө-жарымы, балким күлүк болуп чыгаар. Күтө туралы.

Карбалас БАКИРОВ, “Эркин-Тоо”, 05.10.2012 ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий