Өмүр бою чындык үчүн күрөшкөн

Кыргыз журту 15 жыл мурдагы оор жоготуудан соң кайрадан баш кошуп, 100 жылдыгын бийик деңгээлде өткөргөн Түгөлбай Сыдыкбеков кайталангыс адамдык тагдырга, өлчөөсү жок өзгөчө касиет-сапаттарга ээ болгонун билгендер да, билбегендер да бар. Минтип айтканымдын себеби – кыргыз адабиятынын эң бир көрүнүктүү өкүлү Т.Сыдыкбеков сыяктанып тарыхый үч башка доорду – Орусия оторчулугу тушундагы азап-тозокту, Совет мезгилиндеги оош-кыйыш көрүнүштөрдү, эгемендик келгендеги кубаныч менен кыйынчылыктарды өз көзү менен көрүп, өз башынан кечирген эмес.

Адабиятыбыздын көч башчылары К.Ты­ныстанов, С.Ка­рачев, К.Бая­линов, А.Токомбаев, М.Элебаев ж.б. ушул үч доордун алгачкы экөөн көрүп, алар жөнүндө элес-сезимдерин, көргөн-билгендерин жазып калтырышса, азыр токсонду тегеректеп турган Кыргыз Республикасынын Баатырлары С.Эралиев менен С.Жусуев баштаган көзү тирүү акын-жазуучуларыбыз Совет доору менен эгемендик жылдардын жандуу күбөлөрү. Ал эми Т.Сыдыкбеков жашап өткөн 85 жаштын алгачкы алтысы Орусия тушундагы оор турмуш менен Улуу Үркүнгө туш келген, 70тен ашыгы Совет мезгилинин ар кайсы кырдаал-шарттарына байланышкан, акыркы алты жылы эгемендикке кез келип, Кыргызстандын туңгуч журт башчысына расмий аземде ак батасын берип, тон жапкан, анын колунан өзү да алгачкы болуп Кыргыз Республикасынын Баатыры деген бийик наам алган. Мындай өмүр кыргыз адабият тарыхында болуп көрбөгөн окуя! Ошон үчүн жазуучунун өзү акыркы китебин “Мен миң жыл жашадым” деп канааттана  атаган.

Т.Сыдыкбековдун адамдык экинчи эрдиги – жаш кезинде жармашкан жаман илдетке – кургак учукка баш бербей, өжөрлүк, көктүк менен күрөшүп, 85 жашка жеткени. Болбосо ушундай эле илдетке чалдыккан дагы бир залкар акыныбыз А.Осмонов 35 жашында эле жайрап калбадыбы!

Т.Сыдыкбековдун өмүрүндө жана чыгармачылыгында эске алчу дагы бир өзгөчөлүк бар: эгер кыргыз адабиятынын алгачкы өкүлдөрү жана баштоочулары 1920-жылдары негизинен педагогикалык-гуманитардык билим алышса, Т.Сыдыкбеков адегенде Фрунзеде, андан соң Ашхабадда айыл чарба окуу жайларында окуган. Мындай жолду кийинчерээк Ч.Айтматовдун кайталаганы белгилүү.

Бирок Т.Сыдыкбековдун адабиятка эрте аралашкандыгында (18-19 жашында) кандайдыр бир кокустук болгон эмес. Ал өзүнүн “Жол” жана “Бел-белес” деген өмүр баян романдарында ачык жазгандай, кенедейинен эле куйма кулак, сөзгө ынак болуп, “Манас” баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын, санжыра, уламыш, өтмүштөрдүн казанында кайнаган. Буга анын атасы, апасы, башка жакын туугандары түздөн түз шыкакчы, көмөкчү болгон. Кийин ал кыргызча да, орусча да мектептерде окуган, өмүрүнүн акырына дейре дүйнөлүк тарых менен адабиятты көп окуп, анын айрым үлгүлөрүн кыргыз тилине которгон.

Т.Сыдыкбековдогу башка бир баалуу сапат – тыным билбес эмгекчилдик десе болот. Анын калтырган көп тармактуу, көп жанрлуу, көп темалуу адабий мурасына (35-40 том) сан жана көлөм жагынан эч бир кыргыз акын-жазуучусу азырынча жете албайт.

Ошол эле мезгилде Т.Сыдыкбековдун адабий мурасы эстетикалык сапат, философия­лык тереңдик, стилдик көп түстүүлүк жагынан бир кылка эмес. Айталы, анын жаш кезде жана кийин жазылган көптөгөн жомоктору, аңгемелери, очерктери, публицистикалык макалалары, ырлары менен поэмалары, драмалары, айрым повесттери менен романдары адабиятыбыздын башка баштоочуларындай өз мезгилинин тарыхый-адабий фактылары катары гана саналбаса, бүгүнкү күндүн жана айрыкча келечектин көзү менен караганда чыныгы көркөм туундуларга, искусство чыгармаларына коюлчу талаптарга, эстетикалык чен-өлчөмдөргө анча төп келбейт.

Башка кеп – Т.Сыдыкбековду Сыдыкбеков кылган, анын кыргыз адабиятынын тарыхындагы бийик ордун аныктаган бир катар романдары.

Жалпысынан Т.Сыдыкбековдун романчылык өнөрү 2 этапка бөлүнөт. Биринчиси – жазуучунун 25 жаш курагында колунан чыккан “Кең-Суудан” (2 китептен турат) тартып “Темир”, “Биздин замандын кишилери”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында” эпопеясына чейин. 20 жылдык чымырканган изденүүнүн, кажыбас кайратты талап кылган бул жол – Т.Сыдыкбеков үчүн азабы да, жыргалы да бар чыныгы чыгармачылыктын, дүйнөлүк адабиятта эң татаал, эң бийик деп эсептелген роман жанрынын табиятын кыргыз кыртышында өздөштүрүп, өстүрүүнүн мектеби болгон.

Натыйжада анын кыргыз калкынын көчмөн турмуштан отурукташкан жаңы маданиятка, уруучулук-патриархалдык психологиядан жаңы, азат аң-сезимге өтүшүн таамай жана элестүү чагылдырган “Биздин замандын кишилери” жана айрыкча “Тоо арасында” роман-эпопеясы авторду эле эмес, бүтүндөй кыргыз адабиятын ошол кездеги СССРге жана алыс­кы чет өлкөлөргө тааныткан. Бул Т.Сыдыкбековдун чыгармачыл эрдиги, өз элине жасаган баа жеткис эмгеги эле. Ушуга байланыштуу салыштыруу иретинде эки факт кошумчалагым келет.

1931-1932-жылдарда дүйнөгө таанымал советтик психолог-окумуштуу Р.Лурия Орто Азияга келип, жергиликтүү калктын акыл-эси жаңы шарттарда кандайча өзгөрүп жатканын эксперимент сыпатында изилдеп, “Аңдап-таануу жараяндарынын тарыхый өнүгүшү жөнүндө” деген классикалык эмгегин жазган. Ошол эле 1932-1933-жылдары швейцариялык саякатчы жана жазуучу Элла Майяр атайын Орто Азияга келип, “Теңир-Тоодон Кызыл-Кумга” деген китеп жазып, 1934-жылы Парижде чыгарган экен. Ошол китеп өткөн жылы кыргызчага которулуп чыкты. Аны окусаң дал “Тоо арасындагы” окуялар, шаарлар, айыл-кыштактар, чокулар, тоолор эсиңе келет. Бирок “Тоо арасынданын” олуттуу айырмасы – кеңдигинде, тереңдигинде, образдарынын жандуулугунда, тилинин байлыгында, улуттун ажарынын ачыктыгында. Дегинкисинде “Тоо арасында” – кыргыз турмушунун 1920-30-жылдардагы даана тартылган көркөм энциклопедиясы го!

Т.Сыдыкбеков 1960-жылдардан кийин да көп роман жазды. Алар “Батийна”, “Зайыптар”, “Курбулар”, “Ыманбай пейили”, “Жол”, “Көк асаба”, “Бел-белес” деп аталып, кыргыздардын байыркы тарыхынан тартып, азыркы студенттердин турмушуна дейре камтыйт. Ал эми деңгээли, сапаты ар түрдүү. Ачыгын айтканда, тарыхый жана өмүр баяндык баалуулугу, жаңылыгы жагынан “Көк асаба”, “Жол”, “Бел-белес” романдары гана өзгөчө көңүл бурууга арзыйт.

Тарых, тил, “Манас”, маданий мурас, каада-салт – Т.Сыдыкбековду  атуул, жазуучу жана илимпоз катары такай түйшөлтүп келген темалар болду. Ал бул темаларга пьеса, роман, көп сандаган макала, маек, изилдөөлөрүн арнады, акыркы эмгектерин топтоп “Мезгил сабактары”, “Мен миң жыл жашадым” деген көлөмдүү жыйнактарын чыгарды. Кезегинде Кыргызстанда эле эмес, Союздук даражада сый-урматка ээ болгон жазуучу дал ушул маселелерге астейдил мамиле жасап, тайманбас, кайтпас, чынчыл позицияда турганы үчүн бара-бара расмий бийликтер ага аркасын салып, “улутчул” деген жарлык тагышты, диссидент санашып, ар кандай бут тосууларды, ур-токмокко алууну уюштурушту. “Көк асаба” романын көп жыл бою чыгарышпады. Бирок өзү да алп, сөзү да алп Түкөбүз ага моюн сунган жок, тескерисинче, кең пейилдигин, айкөлдүгүн, токтоолугун көрсөтүп, өзү сыяктуу ыйык көргөн калемдештерине, өзгөчө жаштарга дем берди. Ушул мааниде анын К.Жусубалиевге, К.Жусуповго, Ө.Даникеевге, Т.Касымбековго, К.Акматовго ж.б. көрсөткөн колдоосун, берген батасын унутпашыбыз керек. Деги эле анын куттуу үйү улуу-кичүү болобу, баары үчүн ачык болчу. Мен муну өз башымдан көп жолу өткөзгөн, улуу жазуучу менен маектешип, кат жазышкан адам катары айтып отурам.

Тарых дайыма тактыкты, чындыкты талап кылат. Аны жымсалдап, түзөтүү мүмкүн эмес. Орустун не бир көрүнүктүү жазуучулары, Борбор Азиянын М.Ауэзов, С.Муканов, Б.Кербабаев сыяктуу классиктери, өзү­бүздүн залкарлар М.Элебаев, А.Осмонов, Ж.Бөкөнбаев, атактуу окумуштууларыбыз И.Ахунбаев, М.Адышев, Б.Жамгырчиев менен дос болгон, жаштарга дайыма кам көргөн Т.Сыдыкбеков адабиятыбыздын өзү сыяктуу баштоочу-классиктеринин бири А.Токомбаев менен ымаласы келишпегени, дайыма чыгармачыл талашта болгону маалым. Убагында К.Тыныстанов менен башталган адабий-идеялык талаш кийинчерээк А.Токомбаев – Т.Сыдыкбеков мамилелерине өтүп кеткенин адабият тарыхынан сызып салууга болбойт. Бул, бир чети, өкүнүчтүү, экинчи чети мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени турмуш, айрыкча чыгармачылык – көз караштардын күрөшүнөн, таланттардын таймашынан жаралат. Акыры келип тарых дегенибиз деле  ушундай.

А биз үчүн, кийинки муундар үчүн К.Тыныстанов да, А.Токомбаев да, Т.Сы­дыкбеков да бирдей, үчөө тең адабиятыбыздын негиздөөчүлөрү, классиктери. Өкүнчү жагдай – экономикалык тартыштыктын, кээде кайдыгерликтин айынан биз мындай улуу адамдардын арбагына, мурасына жетиштүү көңүл бөлбөй  келдик.

Ырас, убагында Т.Сыдыкбековдун айтылуу романдары жөнүндө бизде да, Москванын гезит-журналдарында да мактаган да, сындаган да көп пикирлер, атүгүл атайын изилдөө китептери чыккан. Бул жагынан айрыкча К.Асаналиевдин, К.Бобуловдун, А.Салиевдин, М.Бор­бугу­ловдун, С.Дароняндын, Л.Скоринанун, З.Кедринанын, Г.Ломидзенин ж.б. изил­дөөлөрү, ой-пикирлери баалуу. Кезегинде Ч.Айтматов да “Тоолор бөксөрбөйт” деген макала жазып, Т.Сыдыкбековду тоого салыштырган эле.

Жазуучунун романчылык өнөрүнө кыргыз адабиятчыларынын кийинки муундарына кирчү биз да кош көңүл караган жокпуз. Айталы, ал тууралуу К.Даутов, О.Ибраимов, А.Акматалиев, И.Жумабаев ж.б. өз ойлорун, изилдөөлөрүн жарыялашты. Алардын арасында мен да кыргыз жана орус тилдеринде бир топ макала, атайын изилдөө жазганымды устатка карата урмат катары канааттануу менен белгилеп кетким  келет.

Бирок бүгүнкү күнү өмүрү өрнөккө, чыгармачылыгы көөнөрбөс мураска айланган бул улуу адамга коомдук-саясий жана илимий мамиле башка баскычка көтөрүлүшү керек деп эсептейм. Айталы, ал өзү салып, жашап өткөн үйү музейге айланышы, санаалаштары менен такай ары-бери басчу Эркиндик саябан багына эстелиги орнотулушу, үйүнүн тегерегиндеги чоң, борбордук көчөлөрдүн бирине аты коюлушу зарыл. Ал эми чыгармаларынын илимий жактан изилденишине келсек, ириде чыкпай, жарыяланбай калган кол жазмалары иретке келтирилип, иликтениши, жазуучунун философиялык, тарыхый, тилдик, эстетикалык жана этикалык көз караштары өз-өзүнчө каралып, бааланышы абзел. Ошондо анын алп келбетинин ажары андан бетер ачылат, чыгармачылык мурасынын көп кырдуу табиятына төп келерлик иш  болот.

Т.Сыдыкбеков өмүр бою чындык үчүн күрөшкөн адам жана жазуучу эле.

Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, КР УИА академиги,
«Кыргыз туусу», 05.10.2012

Соц тармактар:

Добавить комментарий