Үмүтай Эралиева

Эралиева Үмүтай – 1980 – 1985-ж.ж. Наймандагы балдардын музыкалык мектебинин комуз классында беш жыл билим алган. Комузчу. Республикалык студенттердин «Ала- Тоо жазы – 89» фестивалынын лауреаты. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Акын.1990 — жылы К.И.Скрябин атындагы айыл- чарба институтунун экономикалык факультетин аяктаган. Кесиби экономист – бухгалтер. Үмүтай бала кезинен эле колуна калем кармап келе жатат. Анын чыгармалары райондук, областтык, республикалык мезгилдүү басылмаларга тынымсыз жарыяланып келүүдө. Эралиеванын кыргыз адабиятындагы сейрек кездешүүчү өзгөчөлүгү дарыгерлерди абдан аздектеп, урматтаганынан, «Ден соолук» темасына аларды даңазалап 500 (беш жүз) куплеттен көп ыр арнаган. Бул жагынан орто муундагы акындардын арасынан өзгөчө ачылыш деп баа берсе болот. Үмүтайдын ырларын окугандан кийин дарыгерлерге болгон сүйүүң артып, жан дүйнөң тазарып, куландан соо болуп, ден соолукту сактап жүргүң келет. Эралиеванын ар бир ыры өзүнүн улууларды урматтап, кичүүлөрдү сыйлаган, жибектей созулган мүнөзүндөй назик, табигый, терең ойлуу. Азыр «Манас» коомдук бирикмесинде басма сөз катчысы. КР Улуттук китепканасында башкы кызматкер болуп иштейт. Жаш акындын чыгармачылыгын баалап, КРнын Маданият министрлиги, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын, Кыргыз Өкмөтүнүн балдар жана өспүрүмдөрдүн «Жеткинчек» («Кыргызстан пионери») гезитинин «Ардак грамоталары» менен сыйланган. Үмүтай келечектен көптү үмүттөндүргөн акын болушуна ишенемин.

КРнын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ.

Ырлар

 

БАКЫТ КЕЛДИ

(22 жылдан кийин, кайрадан чыгармачыл дүйнөгө келдим)

Көпкө күттүм, бакыт келди кечеңдеп,
Жолун издейм, сырын анын чечем!- деп.
Чачыранды үмүттөрдү чогултам,
Анын солгун, чабалдарын – «бечел»- деп.

О, жарыктык теп- тегиздей туюлган,
Мага эмес бөлөктөргө буюрган.
Тилесем да канча дегдеп, негедир,
Көкүрөктө муңдуу ыза уюган.

Турмуш өзү – төө өркөчү… Бул да чын,
Бирде — булбул, бирде анык ылаачын.
Сезимимди тоңдурса да муз кылып,
Махабатка кенен менин кулачым.

Тагдыр согуп, элегинен өткөрдү,
Жан чыйралып турмуш ойнун көп көрдү.
Жаман күндөр жүрөгүмө дак болуп,
Жакшылары жомок болду көркөмдүү.

Куру үмүт түбү тешик жамайын,
Анык өзүн өндүрүп да багайын.
Саргарсам да жетер болсом акыры,
Сабыр кылып, күтүп тосуп алайын.

Чөкпөдүм мен карегиңе кусалуу,
Кыйнаганга, кордогонго жан чыдап.
Бакыт келди, келди бөлөп жыргалга,
Кубанычтын жашы көздөн тамчылап.

Түндөн кийин таң аткандай, акыры,
Кусалыктын сары чөбү өрттөнүп.
Бакыт келди, ала келип жыргалды,
Жан дүйнөмдүн ичи жаркып, көрктөнүп.

Чыдамкайлык  жеңет  баарын турмушта,
Максатына тың, ишенип басканды,
Жеңиш күтөт. Үмүтүңдү үзбөгүн,
Булут такай каптай бербейт асманды.

 

КЫРКТЫН КЫРЫНДА

Кечиктиби? Балким келди адашып,
Өмүрдөгү ыйык кырктын кырында.
Махабатым жатканымда бейкапар,
Жүрөгүмдү ээлеп алып чынында.

Аяр сылап, эркелетип назданам,
Уккум келип мукам, жумшак үнүңдү.
Моокум канбай, кумарланып искеймин,
Кучак толо атыр жыттуу гүлүңдү.

Арзуу толгон мээримиңден жып- жылуу,
Арман болбой жашарамын кылымга.
Анткени мен ааламдагы эң ыйык,
Сүйүүлөрдү даңазалайм ырымда.

 

ЖҮР, КЕТЕЛИ…

Бактылуумун калганыма төрөлүп,
Айлуу түнү ак бешикке бөлөнүп.
Жашоо шарты ушул экен кантебиз.
Тагдыр жазган мыйзамына көнөлүк.
Макул болуп буйругуна биз анын,
Табияттын бурмалабай мыйзамын.
Ак сүйүүнүн кереметин көрөлүк,
Мекенине жүр кетели… жөнөдүк!

Жарык дүйнө бар экенин көргөнүм,
Суусун ичип, жемишин жеп, өнгөнүм.
Ысык, суугун өз башымдан өткөрүп
Кылыгына көңүлүмдү бөлгөнүм.
Бейиш эмей, эмне анан чынында?
Жашоосуна адам эмес, чымын да,
Ыраазы. Мен го өмүрүмдү өрнөгүм,
Деп көз жумсам, арман болбос өлгөнүм!

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий