“Манас” эпосуна жан тарткан жетекчи

Совет доорунда, Коммунисттик партия өкүм сүрүп турган мезгилде Кыргызстандын партиялык уюмун 13 адам башкарган. Алардын улуту да, эмгекке болгон жөндөмү да, элге, мамлекетке сиңирген эмгеги да, келечекке болгон көз карашы, ой-чабыты да ар кандай болгон. Арасынан якут элинин легендарлуу уулу Максим Кирович Аммосовдун өзгөчө орду бар. Анын кылган ак кызматын, жазыксыз жерден күнөөгө кириптер болуп калганын кийинки муундар билип калсын деген максат менен архивдик материалдардын негизинде жазылган ушул макаланы сунуш кылып олтурабыз.

Аммосов Максим Кирович 1897-жылы Якут округунун Нам улусундагы Хатырык деген жерде туулган, улуту якут, 1917-жылдын мартынан тартып партиянын мүчөсү болгон.

Ал убакта Якутскиде көптөгөн эски большевиктер катарында турган социал-демократтардын күчтүү уюму болгон. Айрым саясий сүргүнгө баргандар менен кошуна жашап калгандыгына байланыштуу алар менен жакындан мамиле түзөт. Е.М.Ярославскийдин идеялык таасири менен Аммосов марксисттик адабияттар менен тааныша баштайт. 1916-жылдын декабрынан баштап жергиликтүү революциячыл кыймылга, Якутияда болгон Февраль революциясына активдүү  катышат.

М.Аммосов Москвада, Якутияда жана Казакстанда партиялык кызматтарда иштеп такшалган соң 1937-жылдын 22-мартында ВКП (б) Кыргыз обкомунун 8-пленумунда биринчи секретарлыкка,1937-жылдын 16-июнунда Кыргызстан КП (б) БКнын биринчи секретарлыгына шайланат. Партиянын 11, 13, 16, жана17-съезддерине делегат, СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин бир катар чакырылыштарына мүчө болуп шайланат.

Мурдагы СССРдин башка союздук республикаларындай эле, 1937-1938-ж.ж. Кыргызстандын тарыхында кара тамга менен жазылган каардуу, кандуу жылдардын биринен болуп калды. Бул жылдарда жазыксыз жерден камалып, 1961-жылдын аягына  чейин акталгандардын саны 2 миңге жакын адам болгон. Алардын арасында элибиздин мыкты уулдары, мамлекеттик ишмерлер: Ж.Абдракманов, Т.Айтматов, И.Айдарбеков, О.Алиев, Э.Эсенаманов, Б.Исакеев, Х.Жээн-баев ж.б. болушкан. Мындай оор тагдыр М.Аммосовдун башына да келген.1937-жылдын 7-ноябрында Кыргызстан КП (б) БКнын бюросунун жыйынында Борбордук Комитеттин биринчи секретарынын кызматынан бошотулуп, бюронун курамынан чыгарылат. 16-ноябр­да негизсиз күнөөлөнүп, камакка  алынат.

ССР Союзунун Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы 1938-жылдын 28-июлу күнү М.Аммосовду эң жогорку кылмыш жазасына – атууга өкүм кылат. Соттун өкүмү токтоосуз аткарылат. Сөөгү атылган якутиялыктар менен бирге Москванын жанындагы НКВДнын”Коммунарка” атуу полигонунда коюлган.

1956-жылдын 23-майында КПСС БКнын партиялык көзөмөлдөө комитетинин чечими менен М.К.Аммосов акталган (өлгөндөн кийин).

М.Аммосов Кыргыз ССРинин экономикасын көтөрүүгө, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга, маданиятын өстүрүүгө, партиялык-уюмдаштыруу иштерин өркүңдөтүүгө, кадрларды тандоого жана тарбиялоого өз салымын кошкон. Ал республиканын жетекчи кадрларынын жана интеллигенциясынын арасында чоң абройго ээ болгон.

Максим Аммосов Кыргызстанга иштөөгө келгенге чейин “Манас” эпосунун айрым эпизоддорун орус жана кыргыз тилдеринде чыгаруу боюнча аракеттер жүргүзүлүп келсе да, бул ишке байланыштуу айрым адамдар камакка алынып, атууга кетишкен. Ошого карабас­тан М.Аммосов Кыргызстан КП (б) БКнын биринчи секретары болуп шайлангандан жарым ай өтпөй, башкача айтканда 1937-жылдын 1-июлу күнү партиянын Борбордук Комитетинин бюросунда “Манас” эпосунун айрым эпизоддорун орус тилинде чыгаруу боюнча маселе көтөргөн. 1937-жылдын  5-ноябрында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бюросунда “Манас” эпосу жөнүндө маселе каралып, эпосту чыгаруу боюнча редколлегиясынын курамы жаңыртылган. Бирок, тилекке каршы бюродо “Манас” эпосун колдогон М.Аммосов, Б.Исакеев, О.Алиев, Айильчинов жана редколлегиянын сегиз мүчөсүнүн бешөө камакка алынып, эл душманы катары атууга кетишкен.

Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаев мындай деп эскерген:

“Когда М.К.Аммосов приехал к нам, я работал председателем Союза писателей Киргизии. Мы несколько раз с ним встречались и беседовали, он спрашивал меня о нашей истории, культуре. Интересовался киргизской литературой. Сам хорошо знал историю киргизов. Максим Кирович сразу полюбил нашу природу, очень хотел побывать на Тянь-Шане. Но не успел…

…Последний раз я его видел на октябрьском Пленуме ЦК нашей партии, где выступил с речью. После выступления, сойдя с трибуны кивком головы попрошался с ним и вскоре меня арестовали. Мы в тюрьме заплакали, узнав об аресте Максима Кировича. При помощи стука, нам сообщили, что ему очень плохо, в первый же день ему перебили пальцы рук. Вскоре его увезли”.

(“Максим Аммосов – политический и государственный деятель тюркских народов СССР”, Якутск, Бичик, 2002, стр.258-259.)

1937-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү, партиянын Ысык-Көл райкомунун биринчи секретары болуп иштеген Д.Т.Туратбековдун М.К.Аммосов жөнүндө эскерүүсүн да жогоруда аталган китептен тапса болот.

М.Аммосовдун үй-бүлөсү жөнүндө кыскача маалымат бере кеткенибиз да жөндүү. М.К.Аммосов жубайы Раиса Израилевна Аммосова-Цугель менен Аэлита, Яна, Лена аттуу үч кыздуу болушкан. Кыздарынын баары окумуштуу даражасына  жетишкен.

Бактыбек МАКСҮТОВ, “Айкөл Манас баяны” фондунун төрагасы,
«Кыргыз туусу», 09.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий