Кыргыз рекламасы жана мамлекеттик тил

Рекламада ой туюндуруу так берилбесе, айрым ашыкча сөздөр, фотосүрөт, көрүнүш-кубулуштар керектөөчүнүн кабыл алуусун татаалдаштырып жиберет. Айрыкча, рекламалык ураандын кыргыз тилинде ынанымдуу, таасирдүү жазылышына жана башка тилден так, сабаттуу которулушуна басым жасалуусу абзел. Себеби, ал товарды өндүрүүчү ишкананын девизи, чакырыгы катары рекламадагы ойдун каймагын, идеясын туюндура алат. Айрым мисалдарга токтолуп көрөлү:

«Билайн» — Аалам менен байланыш!

«Кыргызстан обондору» — Жашоо керемет!

«Ысык-Ата» — Мөлтүр суунун мекени.

«Аршан» — Чындыгында пайдалуу суусундук.

«Coca-cola» — Арзан баалар, жогорку сапаттар.

«Indesit» — Биз иштейбиз, Сиз эс аласыз.

«MegaCom» — Муундар байланышы.

«Садачок» — Жакшы адамдардын ден соолугу үчүн!

«Тынчтык жана бакубаттуулук үчүн!» — «Республика» партиясы.

«Ыймандуу жана таза коом үчүн!» — «Акыйкат» партиясы.

«Ак тилек менен, асыл ой менен, ак бата менен, Ак шумкар менен оңолобуз» — «Ак шумкар» партиясы.

«Жаңы адамдар, жаңы кадамдар» — «Республика» партиясы.

Рекламалык ураан рекламалык тексттин эң маанилүү бөлүгү. Айрым статистикалык маалыматтарга таяна турган болсок, рек-ламаны кабыл алууда адамдардын көпчүлүгү рекламалык ураанга көңүл бурушат. Андан соң рекламанын калган бөлүгүнө көз жүгүртүшөт.

Мыкты жазылган айрым рек-ламалык ураандар мезгилдин өтүшү менен күндөлүк кебибизге кеңири сиңип кетүүдө. Себеби, реклама — искусствонун, санаттын бир тармагы катары сөз жаратуучулук мүнөзүнө да ээ. Ал товардын маркасын, анын сапаттык өзгөчөлүктөрүн эле туюндурбастан коомдогу жүрүм-турум эрежелерин, сүйлөө маданиятын, жашоо образын, стиль, салт сыяктуу түшүнүктөрдү калыптайт. Себеби, реклама жаратуучу бир гана рекламаны эле эмес, азыркы маданиятты да түптөөгө салым кошот. Бул ойду айрым рекламадагы баш сөздөр, ураандар мезгилдин өтүүсү менен учкул сөздөргө айланганынан көрүүгө болот. Мисалы, «Шылтоо болсо, шынаа табылат» аттуу айтым «Есть повод — есть «Аю» (Шылтоо болсо — «Аю» табылат!); «Кыргызстан обондору» — Жашоо керемет!; «Миң кыял» — Кыялдар орундалат! ж.б.

Көпчүлүк реклама жаратуучулар башка тилдин өкүлдөрү же кыргыз тилин жакшы билбеген улутташтарыбыз болгондуктан, рекламадагы ураандарды ката, сабатсыз которгондоруна күбө болосуң. Себеби, рекламанын тексти орусча жазылып, андан кийин гана кыргызчага которулгандыктан, түпкү мааниси жоголуп кеткен учурлар аз эмес.
Көрнөк-жарнактар тууралуу мыйзамдын 27-беренесинде «Кыргыз Республикасында көрнөк-жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар, жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат. Башка тилдеги текстин ариби мамлекеттик тилдин арибинен чоң болбоого тийиш» деп ачык жана так жазылган. Тилекке каршы, жарнактар ар кайсы тилде да жазылып, мамлекеттик тил колдонулбай калган учурлар көп. Алардын арасынан сыртынан эстетикалык жагынан көрксүз эле эмес, тил нормалары сакталбаган, маанисиз которулган реклама көрнөктөрүн кездештирүүгө болот.

Көчөдөгү рекламаларга жакшылап көңүл бурсаң, көбү ката жазылган, котормолору чалагайым. Өзгөчө кыргыз тилиндегиси. Чындыгында эле, которуу жана туура жазуу маселесинде, рекламачылар кыргыз тилине орой мамиле жасашат. Кыргыз тилинин сүйлөм курулушунун мыйзамына туура келбеген ката, сабатсыз жазылган ураандарды жолуктуруу кыйынчылык деле жарата бербейт. Мисалы, төмөндөгү көрнөктө «Айдоочу эсиңде болсун! Сага адамдардын өмүрү ишенилди!» деген сүйлөм туура эмес жазылган. Себеби, «ишенилди» сөзүндө — кыргыз грамматикасында этиштин туюк формасы кыймыл объектиге багытталбай, ага жете таркабай субъектинин айланасында кала берет. Бул сыяктуу айрым этиштин туюк мамилелерине өтпөстүк маани берилип калат. Ошондуктан, стилдик ката катары кабылданат.

Рекламадагы ураанды кыргызчалатуу котормо жаатында дагы да орчундуу. Мындан эки жыл мурун Россиянын көрүнүктүү актерлору катышкан «Любовь-морковь» деген тасма тартылган эле. Албетте, ал тасма биздин кинотеатрларга да тарап, Кыргыз Республикасынын Тил мыйзамына ылайык тасманын атын кыргыз тилине которуу зарылчылыгы келип чыккан. Натыйжада, тасма кыргыз тилине «Сүйүү-сабиз» деп которулуп, борбордук көчөлөрүбүздүн биринде кашкайып эле илинип калды. Анан эле бир күнү «Күйүү-сүйүү» болуп өзгөрүп калды.

Мындан башка деле көчөлөрүбүздө, мекеме-жайларыбызда кездешкен каталар сансыз. Анда бул каталардын бир канчасын мисал келтирели: «Открытие загран страниц — Паспортко чет өлкөгө чыгуучу бет ачуу», «Касса — Казына» , «Обед — Танапис», «Зебры — Зебрлер», «Бюро живых знакомств — Тирүү таанышуу бюросу», «Центр Развития — Өнүктүрүү борбору», «Управляй мечтой — Кыялыңа бийлет», «Самый большой магазин очков — Эң чоң көз-айнектер дүкөнү», «Мир красоты — Аалам периси», «Гоячие путёвки — Күйүп турган жолдомолор», «Классика звука — Ун классикасы», «Салон цветов — Гулдор салону». Көпчүлүк жарыялар «ө», «ү», «ң» тамгаларынын ката жазылганын жана сүйлөм мүчөлөрүнүн туура эмес уланганын көрүүгө болот. Ал эми айрым жарыяларда кыргызчалатууну өз билемдикке салып которгонун «бухгалтер» — бугалтыр деп которулганын көрүүгө болот.

Тилге жасалган мындай терс мамиле коомчулукту көчөлөрдүн аттарын туура эмес айтууга мажбурлайт. Ал кийин көндүмгө айланып кетүүдө. Айталы, айдоочуларга жүргүнчүлөрдүн «Исановадан токтотуп коёсузбу?!», «Шопоковага жетпей токтоп койгулачы!» деген сөздөрүн көп эле угуп жүрөбүз. Жаштар Шопоков, Исанов деген ысымдар тааныш болгону менен, бул инсандарды жакшы биле беришпейт. Айрыкча, Байтик аты өчүп, Б.Баатыра деп жазылып турганын көрүп жаның кейийт.

Рекламанын кандай гана түрү болбосун биринчи, кыргыз тилинде, андан соң расмий тилде жазылышы керек. Арийне, мындай мыйзам бузуулар бир гана өндүрүш ишканалары же реклама жаратуучулар тарабынан эле эмес, айрым учурда белгилүү саясий ишмерлердин үгүт реклама көрнөктөрүнөн да кеңири көрүүгө болот. Шайлоо учурунда ордо калаабызда илинген саясий багыттагы билборддор, постерлер, көрнөктөр орус тилине басым жасалса, экинчи борбор калаабыз Ошто үгүт иштерине байланышкан көрнөктөр өзбек тилинде чыга баштаганына баарыбыз эле күбө болдук.

Ал эми жакынкы убакыттан бери Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы жарнама департаментинин жардамы менен пайда болгон социалдык рекламалардын көпчүлүгү да орус тилинде. Көрнөк-жарнактар тууралуу мыйзамда «Кыргыз Республикасында көрнөк-жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар, жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат» — деген 27-берене Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы жарнама департаментине тиешелүү эместей.

Рекламалар көп болсун, албетте, биз ага каршы деле эмеспиз, бирок, мэрияга караштуу көрнөк илинчү жайлар социалдык маанидеги рекламалардан, улуттук духту чагылдырган керемет макал-лакаптардан, насаат ырлардан, белгилүү инсандардын учкул сөздөрүнөн турса жакшы болор эле. Биринчиден, мындай көрнөктөр тарбиялык жагынан, экинчиден, мамлекеттик тилдин кадырын көтөрүүдө орчундуу кызмат аткармак.

Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамда мыйзам бузгандардын жоопкерчилиги каралган эмес. Жоопкерчиликке тартылат деп жазылып турганы менен, бирок андан ары кандай жоопкерчиликке тартылары так айтылган эмес. Мыйзамда жоопкерчилик тартылары берилгенден соң, «мамлекеттик тил мыйзамын бузган киши айып пул төлөсүн» деген берене киргизилиши ылайыктуу. Чындыгында эле мамлекеттин тил мыйзамын бузсаң эч кандай чара көрүлбөй калса, анда рекламалардын жазылышы, которулушу мурдагы эле абалында кала берет. Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы Рыскелди Момбековдун айтуусу боюнча, жаңы даярдалып сунушталган беренеде: жеке адамдар мамлекеттик тил мыйзамын көз көрүнөө тебелеп-тепсеп буза турган болсо ага миң сомдон эки миң сомго чейин, ал эми юридикалык тараптар мыйзам бузса 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин айып төлөйт. 8-9-беренелерге мындан кийин мамлекеттик кызматтарга келе тургандардын баары мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүп, «кыргыз тилин билет» деген тастыктама алышы кошумча киргизилген.

Албетте, бул беренелердин баары мамлекеттик тилге болгон муктаждыкты жаратат. Ошондо гана көчөдөгү реклама көрнөктөрдүн туура, сабаттуу жазылышы көзөмөлгө алынмак. Ошондо гана кыргыз тили Кыргызстанда мамлекеттик тил катары өзүнүн ордун ээледи деп айта алат элек. Азырынча антип айтууга эрте…

Айшат Ботобекова, “Алиби” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.10.2012-ж.,
Сүрөттөр Уланбек Эгизбаевдин «Кыпкыргызча» facebook баракчасынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий