Таш-Рабатты кантип оңдогонбуз?

Азыр Ат-Башы жергесинде, республиканын Кытай менен чектешкен аймагында жайгашкан атактуу Таш-Рабат жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып жатат. Телевизордон дайым жарнамалап көрсөтүлүп, туристтер барган сайын арбын каттап калган – суктандырган жайга айланды. Таш-Рабат – чынында эле сыймыктанчу жер. Бир санасаң, саны – 30, бир санасан – 31 болуп, калың дубалдуу бөлмөлөрү жалаң таштан салынып, төбөсү да таш менен жабылып, кербен сарай катары байыркы Жибек жолунун эң түйүңдүү жеринен орун алган.

Мен анда Нарын облустук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштөөчү элем. Ошол мезгилде Ат-Башы райондук аткаруу комитетинин төрагасынын кызматын аткарып турган Шаршек Нурманбетов экөөбүз курдаш болчубуз.

Бир жолу Ат-Башыга барсам, ушул Шаршек: “Жуман Акималиевич, Таш-Рабаттын акыбалын бир барып көрбөйлүбү, тийиштүү аракет жасабасак, ушул сонун эстеликтен ажырап калганы турабыз”, – деп, өзүн түпөйүл кылган, ага чейин облустук жана райондун канча бир жетекчилери элес албай келген чоң маселени айтты. Мен да катуу ойлоно түштүм.

Барып көрсөк, Таш-Рабаттын ичиндеги койдун кыгы үйүлүп-үйүлүп отуруп, эң бийик төбөсүнө жеткени калыптыр. Малчылар ага, тээ илгерки учурдан бери эле, күн сууктап калганда эшигине чейин шыкап кой киргизишет. Мисалга, ортодо чоң залы бар, ошого киргенде, баягы Москвадагы Третьяков галереясына коюлган «Бүркүт кармаган кыргыз байы» деген сүрөттүн автору, атактуу орус сүрөтчүсү В.В.Верещагин 1812-жылы кызыл сыя менен кол коюп, атын жазып, келген күнүн көрсөтүп кеткен чептин төбөсү тоодой үйүлгөн кыктан араң-араң кылтыйып көрүнүп калган экен. Таш дубалдары, төбөсү да урай баштаган. Заманында Самарканд курулуштарынын үлгүсүндө салынган ажайып жайдын кандай акыбалга жеткенин карабайсыңбы.

Көрүп келгенден кийин, мен Таш-Рабаттын абалы жөнүндө ошол кездеги маданият министри, рес­публикалык Тарых жана мада-ният эстеликтерин коргоо коомунун төрайымы Күлүйпа Кондучаловага түшүндүрүп, ал киши менен кеңештим. Күлүйпа Кондучаловна айтты, Өкмөткө маселе койгула, бул абдан керек нерсе, колдоо көрсөтүү керек, мен да өз мүмкүнчүлүгүмө жараша жардамымды берем деп. Мындай маселеге жедеп көзү канык, иш көйгөйүн чечүү жагынан тажрыйбасы бай эженин бул сөздөрү мени абдан шыктандырып, эми акырына дейре артка кайтпас жигер менен ишенимдүү аракеттенүүгө түрткү берди. Мен сөз кылган мезгил 1978-1980-жылдар аралыгы эле.

Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомунун, маданият министрлигинин жана облаткомдун атынан Өкмөткө маселе коюп, тийиштүү кагаздар менен Министрлер Советинин төрагасынын орун басары Сакин Бегматовага бардым. Ал маселени шар чечкен, бар десе – бар, жок десе – жок деген сөзүнөн кайтпаган кыйын жетекчи эле. Аябай кызыгуу менен таанышып көрүп, катыңарды калтыргыла, финансы министрлигине жиберебиз, жардам беребиз деп ачык эле айтты.

Анда финансы министри Алиас­кар Токтоналиев эле. Ал да мындай маселеге түз карачу. Сакин Бегматовна экөөнүн жардамы менен акча бөлүнүп, биз Таш-Рабатты оңдоп чыгуу үчүн алгач зарыл болгон консервациялоо иштерин жасадык. Бул жумушту аткарууда Күлүйпа Кондучаловна көп кеп-кеңешин берип, өзү да Таш-Рабатка чейин барып, маданият министрлигинин алдындагы рес­таврациялоо өнөрканасынын адис-кызматкерлери менен бирдикте келечектеги чоң долбоорду толук калыбына келтирүү планынын жаралышына негиз салды. Аталган реставрациялоо өнөрканасын ал кезде Анатолий Иванович Беккер деген чоң тажрыйбалуу курулушчу, эң сонун адам башкарчу, ушул жетекчинин көмөгү да бизге көп тийди. Эң башкысы, Таш-Рабат талкалануудан, кык-көңгө басылып, анчейин бир маанисиз чарба кой короосуна айланып жүрө берүүдөн сакталып калды. Мындайча айтканда, жетиштүү, такай кайтарылган деңгээлде болбосо да, мамлекеттин көзөмөлүнө алынып, эмдиги туристтер суктанган кынтыксыз түр-келбетине келүүнүн көп эмгек сураган баштапкы баскычында турду. Ал жерге, эстеликке көз салуу үчүн, кароолчуга бир бөлмөлүү үй куруп берүү жагын да Күлүйпа Кондучаловна ойлонуштуруп койгон экен, кийин уксам.

Бирок, аңгыча Күлүйпа Кондучаловна маданият министринин, Сакин Бегматовна өкмөт башчысынын орун басарлык кызматынан бошоп, мен партиянын Нарын шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп кеттим. Ошону менен ушул маселе бүтпөй калып, консервациялоодон кийинки – ойдо, көңүлдө жүргөн реставрациялоо иштери толук аткарылган жок. Ошондой болсо да, ыраазы болгонум: эгер убагында биз антип чечкиндүү киришип, маселе көтөрбөсөк, азыр чет өлкөлүк туристтерге чейин алпарып көрсөтүп жаткан – чөлкөм боюнча жок Таш-Рабаттын сөлөкөтү да калмак эмес. Он бешинчи кылымга таандык деп эсептелген эстелик койдун кыгына көмүлүп жатып, андан ары эмне боло тургандыгы белгисиз болучу. Анын тазаланып, кадимки абалында сакталып калышында ошол кездеги Күлүйпа Кондучаловна, Сакин Бегматовнадай жетекчи эжелерибиздин салымы чоң болгон.

Бир жолу, атактуу композитор Калый Молдобасановдун кыркылыгында, куран окутуп чыгып келатып, Күлүйпа Кондучаловна менен сүйлөшүп калсам: «Баягы биз жасаган Таш-Рабатты баары эле жарнама кылып мактанып жатат, бизди айткан киши жок», – деп тамашалап сүйлөдү. Күлдүк. Чын-чынын айтканда, Таш-Рабаттын бузулбай сакталып калышы – ушул аталган адамдардын учурунда демилгечи болуп аткарып калган эмгеги.

Жуман АКИМАЛИЕВ, КРнын эмгек сиңирген врачы,
Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунун директору,
“Кыргыз Туусу”, 16.10.2012-ж.

 

Сүрөттөр http://www.sayakat.kghttp://www.ast.uzhttp://www.dst.kghttp://www.informer.kg сайттарынан алынды.

Соц тармактар:

Добавить комментарий