Кыргыз качан сакал койгон?

Өткөндө бир үй-бүлөдө ата-баланын ортосунда сакалдын айынан келишпестик пайда болду. Баласы даватка чыгып келип өсүп кеткен сакалын албайм деп чырдайт, атасы эгер сакалыңды албасаң анда мен сенден кечем, балам дебейм дейт. Биз ушул маселени улуулардан сурап көрдүк.

Кыргызда атасы бар бала эч качан сакал койгон эмес. Илгертен сакалы өсүп жүргөн жаш адамды эл атасы каза болуп аза күтүп жүргөн уул деп эсептешкен. Тактап айтканда, кыргыздын салт-санаасы боюнча өлгөн адамдын жакындары 40 күн аза күтүшүп, аялдар кара кийишет. Ал эми эркектер 40 күндүн ичинде сакал-мурутун албайт. Бирок кыркы чыккандан кийин сакалын алып салса болот. Ошондой эле 40 күндүн ичинде аза күткөн адам арак ичпейт, күлкү салтанаты күтүлбөйт. Ал эми өлгөн адамдын аялы 40 күндүн ичинде жасанбайт, косметика колдонбойт. Бул күндөрү бала-чакасы да башка үйгө барбайт. Албетте, замандын өзгөрүшү менен азыр бул салт-санаа көп деле сакталбай бараткандыр. Бирок атасы бар баланын сапсайтып сакал коюп алганы азыр деле кыргыздын салт-санаасын билген ар бир атаны капа кылат.

Тилекке каршы учурда намаз окуган көпчүлүк жаштар сүннөт деген шылтоо менен ээктерине саксайтып сакал коюп алышат. Чынында ал сүннөт, сакал койсо да, койбосо да, хиджап кийсе да, кийбесе да боло берет деген сөз. Эң негизгиси сакал коюу жана сүннөт кийинүү мусулмандын сөзсүз аткара турган милдетине же парзына кирбейт. Андыктан ата-бабадан бери келаткан салтты сактабай сакал коюп, көйнөк кийип жүргөн кыргыз жигиттерин жөн гана айлана-тегерегиндегилерге намаз окуганын далилдегиси келип жүргөндөр десек болчудай.

“Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий