Седрик Хауин: Афганистандагы кыргыздардын жашоосу өтө оор

Седрик Хауин Афганистандагы кыргыздарды тартып, National Geographic сүрөт конкурсунун баш байгесин алды.

 АКШда жашап иштеген, түбү франциялык сүрөтчү Седрик Хауин Афганистандагы кыргыздарды тартып, National Geographic сүрөт конкурсунун баш байгесин алды. Чыгырмачыл чөйрөдө Вариал деген ат менен таанымал сүрөтчү былтыр бир нече апта бою Афганистандын Кичи Памир аймагына барып, кыргыздардын журтунда жашап, алардын жашоо-турмушунан үзүндүлөрдү тарткан.

Америкадагы National Geographic коомчулугунун саякат багытындагы конкурсуна 152 өлкөдөн 6615 сүрөтчү 12000дей сүрөтү менен катышкан. Алардын ичинен Памирлик кыргыз аялдын бозүйдүн ичинде кызы менен чогуу машине тигип олтурган сүрөтү 2012-жылдын эң мыкты сүрөтү деп табылды.

Би-Би-Си мына ушул эмгектин автору Седрик Хауиндин өзү менен байланышып, сүрөттүн таржымалын чечмелеп берүүнү сураган.

Седрик Хауин: Мен Афганистандын Вахан корридоруна өткөн жылы жай айларында баргамын. Бул аймак Афганистандын эң алыскы жана кишинин буту баспаган жерлердин бири деп саналат. Бул аймак дүйнөдөн дагы, Талибандан дагы обочодо калган. Баш аягы 300 чакырымдай созулган бул корридордо эки чакан коомчулук жашайт. Биринчиси — жергиликтүү вахи уруусу, экинчиси — бийик тоолуу аймакта отурукташкан кыргыз көчмөндөрү.

Бизди журт башынын инисинин үйүндө конктошту. Сүрөттөрдү дагы ошол жерден тарттык. Демейде, сырттан келгендерди конок бозүйгө жайгаштырышат экен. Жергиликтүүлөр менен жакшы тил табышып, сүрөттөрдү тартып, палароид аппаратынан өздөрүнүн сүрөттөрүн дагы чыгарып берип турдук. Ошондон улам, алар бизди жакшы сыйлады.

Журт башчысынын туугандарыныкына сый тамакка чакырылдык. Биз бул жерге жетиш үчүн төрт жүз чакырымдай жолду ат-эшекчен, жөө-жалаңдап басып өттүк. Жол татаал болду. Кыргыздардын журтунда үч аптадай өргүдүк. Биздин баамыбызда 8-9 айылда сегиз жүзгө жакын кыргыз жашайт экен.

Сүрөттө боз үйдүн ичиндеги кыргыз аял жана анын кызы машине тигип олтурушат. Алар кызгылт түстөгү улуттук кийимдерди кийишкен. Бозүйдүн ичинде колго жасалган чебер буюмдар. Арасында телевизор, радио сыяктуу заманбап техниканы дагы көрүүгө болот.

 Ибраим Нуракун уулу: Америкадан барган кишиге, сиз айтмакчы, кишинин буту басып барбагандай бул аймактагы элдин жашоо-шарты кандай көрүндү?

Седрик Хауин: Жашоо абдан катаал экен. Орточо жаш узактыгы дагы абдан кыска. Болгону 45 жаш. Ал эми балдардын өлүмү эң жогору экенин уктук. Балдандын алтымыш пайызы чарчап калат экен. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткуч десе болот. Жашоо-турмуш чектелуү, адамдар эптеп эле жашап жатат десек болчудай. Ошого карабастан алардын мейман-достугу, ачык маанайлыгы бар экен.

Адамдык сапаттары жогору экен. Бул корридор Жибек Жолунда жайгашкандыктан, ал жерде жашаган кыргыздар Пакистан, Тажикстан жана Кытайдан каттаган кишилерди коноктоп турушат. Мындай оор шарттагы жашоону өмүрүмдө көргөн эмесмин. Бул элге ушунчалык оор турмушка чыдап жашап жатышканына баа бериш керек.

Ибраим Нуракун уулу: Кичи Памирдеги кыргыздардын маданий турмушу тууралуу эмнени айтып бере аласыз?

Седрик Хауин: Маданий турмушу абдан чектелүү. Бул уруулардын негизги максаты — тукумун сактап калуу. Жай мезгили төрт эле айга созулат. Кыш мезгили октябрь айында эле келип, абдан суук. Күндөлүк түйшүгүнүн негизги бөлүгү иче турган суу ташып келүү менен өтөт.

Топоз, кой, эчкилерин жайытка чыгарышат. Негизги продуктысы ун жана топоздун сүтүнөн жасалган сары май, курут жана быштактар. Маданий жашоо жокко эсе. Эч кандай музыка, же бир башка бир нерсени күтүүгө болбойт. Жылына бир жолу Памир деп аталган маданий фестиваль болот экен. Бирок, биз барган жылы ошол иш-чара өтпөй калды.

Ибраим Нуракун уулу: Эми National Geographic коомчулугу тарабынан жылдын эң мыкты сүрөтү деп табылган сиздин сүрөтүңүзгө кайтып келели. Ал сүрөттө боз үйдүн ичиндеги кыргыз аял жана анын кызы машине тигип олтурушат. Алар кызгылт түстөгү улуттук кийимдерди кийишкен. Бозүйдүн ичинде колго жасалган чебер буюмдар. Арасында телевизор, радио сыяктуу заманбап техниканы дагы көрүүгө болот. Сиз өзүңүз бул сүрөт эмне учүн 2012-жылдын эң мыктысы чыгармасы деп аталууга татыды деп ойлойсуз?

Топоз, кой, эчкилерин жайытка чыгарышат. Негизги продуктысы ун жана топоздун сүтүнөн жасалган сары май, курут жана быштактар. Маданий жашоо жокко эсе.

Седрик Хауин: Менин оюмча бул сүрөт Афганистандын алыскы аймагындагы көрүнүштү камтыганы үчүн тандалды болушу керек. Дүйнө коомчулугу Афганистандагы турмуштун башка өңүттөрүн дагы көргүсү келет. Афганистан жаратылышы абдан кооз аймактардын бири. Соңку 20-30-жылдан бери Афганистан дегенде согуш жана терроризм тууралуу гана ойлойбуз. Саясий өңүттөн алганда да, эл аралык күчтөр Афганистандан чыгып жатканда бул өлкөнүн башкача турмушун көргөзүү маанилүү.

Бул сүрөткө адистер кандай көз карашта карап, тандап алганы тууралуу эч нерсе айта албайм. Нью-Йорк Таймс гезитиндеги берилген мүнөздөмөдө эң мыкты сүрөт деп айтылган. Мен буга сыймыктанам. Менин көз карашымда сүрөттө Афганистандагы жашоо, байыркы менен азыркы турмуштун айкалышы чагылдырылган.

Бир нече апталар бою бир дагы адамды жолуктурбастан жол басып келип, анан кыргыз айылына туш келгенибизге абдан таң калдык. Аларда телевизор, радио жана спутник антенналары бар экен.

Мен бул сүрөттү «көпөлөк» деп атап койдум. Анткени кыргыз аялдар тигип олтурган машиненин кыймылы мага көпөлөк канатын кагып жаткандай сезилди. Сүрөттөгү тигүүчү машинени карасаңыз байыркы бир буюмдай сезилет. Бирок, чындыгында ал эски эмес, Кытайдан 2010-жылы эле чыгарылган заманбап машине экен. Ал машинени кыргыз үй-бүлөсү Кытай тараптан жол басып келишкен соодагерлерден бир нерсеге алмаштырып алышыптыр.

Бас Седрик Хауиндин Кичи Памир аймагынан тарткан сүрөттөрү көрүңүз

ВВС Кыргыз кызматы, 27.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий