Улуу комузчу, элдик музыканын классиги

Улуу комузчу Карамолдо Орозов чыныгы элдик киши, элдик комузчу, улуттук музыканын классиги. Ал 1882-жылы туулуп, 1960-жылы 8-июлда 77 жаш курагында каза болду. Анын кыргыз элинин музыкалык искусствосу өсүп, бүгүнкү деңгээлге жетишине эбегейсиз зор салым кошкондугу баарыбызга белгилүү. Карамолдо атабыз туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Корумду жериндеги Олжобай – Чоң-Чарык айылы тээ илгертеден эле “Комузчулардын айылы” деп аталып келген экен. XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башы ченде Карамолдо, Каптагай деген эки залкар комузчу чыккан. Каптагай канчалык атактуу комузчу болсо да, бактысы өтө тайкы адам болуптур. 1916-жылдагы үркүндө Каптагайды комуз черткен 20-30дай шакирттери менен орустун бир солдаты беш атар барденке мылтык менен чилче атып салган. Өлүктөрү көмүлбөй, карга-кузгунга жем болот.

Ал эми Карамолдонун бир тууган иниси чоң комузчу Ороз уулу Усуп жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт. Эки бир тууган тең өсүп, бала кезинен жарыша комуз чертип, экөө тең айылда теңдеши жок чоң комузчулардан болуп чыга келишет. Алар жигит болуп калган кезде айылдын кадырлуу аксакалдары эл ичиндеги комуз күүсүн уга билген, баалай билген адамдарын чогултуп, Карамолдо менен Усупту комуз черттирип, экөөнү жарышка салганда Усуп жеңип чыгат. Бирок, Усуп “Мен агамдан жол талашмак белем”, деп жолду Карамолдого берген.

Жолду агасына берүү менен Усуп аксакал комуз чертпей калган жок. Ал айылдагы чоң комузчу болуп кала берди. Ал эми Карамолдо эл аралап даңазасы барган сайын артып, республикалык масштабдагы теңдеши жок комузчуга айланат. Анын атагы бара-бара союзга да белгилүү болот. 30-жылдардын башында Молдокем кыргыз музыкалуу драма театрында, андан кийин филормонияда иштеди. Анын залкар таланты жогору бааланып, 1935-жылы “Кыргыз ССРнин эл артисти” деген наам берилет. Кийинки жылдарда “Эмгек Кызыл Туу” жана “Ардак белгиси” ордендери менен сыйланат. 1957-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болду. СССР Композиторлор Союзуна мүчө болуп, Москвада обончу аспапчылардын Бүткүл союздук курсунда окуйт. Анын күүлөрү П.Шубин, С.Ргузов, А.Жумакматов, Э.Жумаев тарабынан оркестрге салынат. Ал оркестр азыркы учурда Карамолдо Орозов атындагы оркестри.

Эмесе, кыргыз элинин көрүнүктүү айрым улуу инсандарынын Карамолдо Орозов жөнүндө эскерүүлөрүнө көңүл бура кетели.

Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ, жазуучу:
“Элибизден не деген залкар таланттар чыкпады. Алар бир китептин ичине сыйган чоң маанини бир эле сөз менен айтып салууга жетишкен. Көркөм сөздүн укмуштуудай күчү мына ушунда. Залкар күүлөр өзүнө бүтүндөй бир тагдырларды, эл турмушун камтып турат. Карамолдо Орозовдун күүлөрү да мына ушундай касиетке мол.

Карамолдону мен кыргыз филармониясында иштеп жүргөн мезгилде таанып, алгач көрдүм. Орто бойлуу, эң эле жөнөкөй, ченемсиз айкөл киши экен. Баарынан да мени таң калтырганы өмүрүндө ачууланбагандыгы, бир да адамга катуу сөз айтпагандыгы болду. Мына ушундай адамгерчилиги менен ал өз мезгилинде замандаштарынын арасында зор кадыр-баркка, терең урматтоого ээ болгондугун жакшы билебиз.

“Карамолдо дүйнөдөн өтүптүр” деп укканыбызда бир чоң тоо кулап кеткендей эле болду. Не деген залкар комузчу эле! Мындай адамдардын өмүрү экөө болот: биринчиси – өзүнүн өмүрү, экинчиси – руханий өмүрү, көөнөрбөс чыгармаларынын өмүрү. Демек, Карамолдонун өзү өлсө да, анын чыгармалары, эл тагдырын таасын чагылдырган күүлөрү эл арасында түбөлүк жашай берет”.

Токтоболот АБДУМОМУНОВ, драматург:
“Карамолдо теңдеши жок комузчу жана мыкты адам болгон. Анын бактысы – өз учурунда Атай, Мураталы, Ыбырай, Осмонкул сыяктуу залкар адамдар менен замандаш болуп калганында. Мына ушулардын баарын мыкты таланттар деп айтаар элем. Бирок, комузду так чертүү жагынан Карамолдонун жанына караандап барган адам чанда эле.

Чынында ал аз сүйлөчү да, көп чертчү. Ошондуктан бир жолу “Эмне үчүн сүйлөбөйсүз?” – деп сураганыбызда “Экөө жарышканда болбойт, комузум сүйлөп жатпайбы”, – деген.

Карамолдонун күүлөрүн изилдөө жөнүндө сөз болуп калганда, бир нерсени айткым келет. Ал – стиль маселеси. Эгер Карамолдонун күүлөрүнө жакшылап көңүл бурсак, анда күүнүн өсүп-өнүгүүсү өтө мыкты. Ушул жагынан алып караганда Карамолдонун улуу комузчулугу, залкар талант экендиги таасын көрүнөт”.

Калый МОЛДОБАСАНОВ, композитор:
“Айкөл адам, алп талант. Молдокем чыныгы элдик киши эле. “Биз эл үчүн төрөлгөнбүз, элден айланайын, элден эч аянууга болбойт. Бизди көкөлөткөн да, көтөргөн да эл. Өнгөн элден, өзгөргөн жерден эмгегиңерди түк аябагыла. Элди ачыш үчүн адам болгула”, – деп бизге дайыма акыл-насаатын айтып, эл кадырына жеткен адамдардан болушубузду тилечү. .

Молдокемдин адамдык асыл сапаттары толук бойдон классикалык күүлөрүндө сакталып турат. Анын алп чыгармаларынын ар бир кайрыктарынан токтоолукту, сабырдуулукту туябыз. Молдокем элдик аспаптык музыкабыздын алтын казынасын түзүп, аны байыткан жана калкыбыздын калың катмарына жайылткан адам.

“Элден алып, элге бер” дегендей, Молдокем элдик күүлөрдү, обондорду энеден кайра төрөлгөндөй көркөмдүүлүктө, назиктүүлүктө, тереңдикте, маңыз­дарына маңыз кошуп, кайрыктарына жаңы кайрыктарды кошуп, аны тереңдетип, нукура чыгармачылык менен кайра иштеп чыкчу. Айталы, “Сынган бугу”, “Көкөй кести”, “Койчулардан коңур күү”, “Бек арыстан тайчы” деген жана башка залкар күүлөрдүн негизги тектери элдик обондор болгон. Аларды Молдокем азыркыдай тереңдиктеги кайрыктарга жеткирип, кайталангыс классикалык күүлөрдү жаратат.

Ал элдик күүлөрдү иштеп чыгып, жаңы залкар күүлөрдү жаратуу менен комуздун тилин булбулдай сайратып, комузда болгон бүткүл кудуретти, касиетти толук пайдаланып, тек гана өзүнө мүнөздүү ыкмаларды алып, таң каларлык залкар кайрыктарды таба алган. Күүлөрүн черткенде таза, так, ар бир кайрыкты калыпка салып койгондой дайыма өз орду менен бөтөнчө бир коңурдуулукта, өзгөчө бир кооздукта кош дооштонто аткарар эле. Айкөл адам, алп музыканттын классикалык күүлөрү канча кылым өтсө да, көөнөрбөстөн элибиз менен бирге жашап, жаңы угуучуларыбыздын жан дүйнөсүн асылданта бермекчи”.

Чалагыз Ыманкулов, комузчу:
“Карамолдо экөөбүз азыркы Ысык-Көл районундагы Корумду кыштагынанбыз. Ал менден 4-5 жаш улуу болчу. Атасы Ороз азыраак чарбасы бар, жоош адам болгон. Чокчо кара сакалчан, кызыл жүздүү, орто бойлуу адам эле.

Анча-мынча күү чертчү. Молдокем кичинекейинде эле атасынын комузун чертип, ойноп жүргөнүн билчүмүн. Аны көрүп, өзүм да комузга кызыкчумун. Ошол кезде Шамыркан деген адамдын менден улуу Каптагай деген баласы да комуз чертип жүрчү. Карамолдо менен Каптагайга кошулуп, бирге ойноп жүрүп, 12 жашымда мен да комуз чертчү болдум. Ал кезде мыкты черте албайбыз. Бирок, комузду өтө сүйөөр элек.

Көкүрөгүндө дээри бар балдар бирин-бири көрүп өсөт окшойт. Бизди көрүп, менден 3 жаш кичүү Ашыраалынын баласы Орозакун да комуз черте баштады. Бир айылдан чыккан 4 бала айыл-ападагыларга белгилүү боло баштадык. Кыз оюндарда, чоңдордун тамашасында да бизди чакырат. Өзгөчө жаштардын тамашасы бизсиз өтпөйт. Ал жылдар болжол менен XIX кылымдын аяк чендери. Карамолдо күүлөрдү арбыта баштап, эл арасына даңкы жайылды. Мурун өзүбүздүн айылда гана чертсе, кийинчерээк Ысык-Көл айланасына белгилүү комузчу болду. Күңгөй-тескей эли Карамолдонун чоң комузчу экенине көзү жетти.

Кудайбергенге Карамолдо боз улан кезинде азыркы Тоң районундагы Ала-Баш деген жерде бир чоң ашта жолугат. Ал кездерде ырчы, комузчу, сурнайчы бир-бирине ошондой жерде гана жолугууга мүмкүн эле. Кудайберген орто жаштан өтүп бара жаткан кези болот. Ал Молдокемди черттирип көрүп, өтө ынтаа коюп угуп: “Балам, мен уккан комузчулардан сенин бир өзгөчөлүгүң көрүнүп турат. Комузуңдун күүсүнүн өзгөчө бир жагымдуу кош үнү чыгат экен. Сен узак кетесиң”, – деген экен”.

Чыңгыз АЙТМАТОВ, жазуучу:
“Эгерде Карамолдо өз убагында музыкалык билим алып, консерваторияны бүтүрсө, бүт дүйнөлүк аренага чыккан улуу композиторлордун бири болмок.

Карамолдо Орозов кайталангыс фигура. Эми мындай кайталангыс адамдар чыга бербейт, ал элдик композитор. Улуттук маданият, улуттук музыка үчүн түгөнгүс кенч, булак болуп кала берет”.

Жалил САДЫКОВ, акын:
Бир сырдуу, унчукпаган, момураган,
Дүйнөдөн өттү, кетти ээ сонун адам.
А бирок, таштап кеткен күүлөрүн айт,
Көлгө окшоп, бөксөрбөгөн соолубаган.

Ал бир кенч, сансыз күүнү кылган тартуу,
Ал – Чолпон, ал бир таңда кайра жанчу.
Анткени, күүлөрүндө керемет бар,
Жүрөгүн адамдардын ээлеп алчу.

Кыргыз элине мына ушундай теңдеши жок комузчуну берген Олжобай – Чоң-Чарык элиме, ошол элдин кулуну болуп калганыма, мен дайыма сыймыктанам. Бүгүнкү күндө элдик музыканын классиги Карамолдо Ороз уулунун 130 жылдык мааракеси белгиленүүдө. 130 жылдык мааракеге карата Кыргыз консерваториясына Карамолдо Орозовдун ысмы ыйгарылса мыйзамченемдүү көрүнүш болоор эле. Муну бүткүл кыргыз эли, бүткүл музыкалык коомчулук колдойт го деп ойлойбуз.

Нуриддин ИСАЕВ, «Кыргыз Туусу», 12.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий