85 жаштагы драматург Бурулча апа

Бурулча ШАДЫКАНОВА апа быйыл 84 жашка чыгыптыр. Жагымдуу, тың, шайыр, тамашакөй, коомдо болуп аткан окуяларды кыя өткөрбөй талдап турган зирек эне экен. Андан да кызыгы, Бурулча апабыз көп жылдардан бери өз алдынча чыгармачылык менен алектенип келатыптыр. Азыр «Жолборс терисин жамынган баатырды» драмалаштырып театрлар союзуна тапшырдым дейт. Бизди таңгалдырган, сүйүндүргөн, ыраазы кылган энени сөзгө тартып, болгон сөздү окурмандар менен бөлүшкүбүз келди.

— Бурулча апа, баш-аягы канча чыгармаңыз бар?
— Толуп атат чыкпай калган чыгармаларым…

— Буга чейин жазган пьесаларыңызды эч жерге сунуш кылган эмессизби?
— Бир көшөгөлүү «Менин сырым» деген чыгармамда өзүмдүн бала күнүмдө көргөн окуяларым сүрөттөлгөн. Менин биографиялык драмам десем болот. Алар чыкпай атат. Айрым бир көшөгөлүү комедияларым чакан сахналарда ойнолуп жүрдү. Баса, Ош шаарында коюлган экен бир комедиям. Бирок алар мени таппай калышыптыр.

— Чыгармачылыкты качан баштадыңыз эле?
— Бала күнүмдөн эле калем алып аны-муну жазып жүрчүмүн. Негизинен драма жазганга кызыгар элем. Мектепте окуп жүргөндө мен пьеса жазып, аны өзүбүз ойночубуз. Бир чети ушундан улам драма жазганга кызыгып калганмын го.

— Мектепти бүткөндөн кийин андан ары чыгармачылык менен кете алган жоксузбу?
— Атам оорулуу болуп аны карап, кийинчерээк өзүм да ооруп калдым. Анын айынан 6-класстан баштап окуй албай, кийинчерээк эптеп документ алып 8-классты бүттүм. Анда да ооруп эки эле чейрек окуп калдым. Анан ошол кездеги Фрунзе шаарына келип кечки мектептен 10-классты бүттүм. Көшөгөлүү пьесаларым гезит-журналдарга чыгып жүрдү. Орто мектепти эптеп бүткөндөн кийин жогорку окуу жайына окуюн десем атам такыр көнбөй койду. Орустун тарбиясын көрсөң, анын тилин үйрөнсөң адам болбой каласың дээр эле жарыктык киши. Ушундан улам билим ала албай калып, кийин шаарда орус тили өкүм сүрүп турганда мен өзүмдөн өзүм басынып калдым. Бирок чыгармачылыгымды таштаган жокмун. Өз алдымча иштей бердим. Учурда ошол чыгармаларымды жарыялаш үчүн чуркап жүрөм. Алардын ичинен эң көлөмдүүсү Алыкул Осмоновдун «Жолборс терисин жамынган баатыр» котормосу. Аны буга чейин эч ким драмалаштырган эмес. Бул менин көп жыл мурдагы эмгегим. Аны кайрадан карап, оңдоп түзөп койдум.

— Жакында бүткөн драмаңызда эмне тууралуу сөз болду?
— Ал комедия. «Болушбектин үйлөнгөнү» деп аталат. Үч көшөгөлүү. Анда үй-бүлө бага турган кезинде өз кара башынын кызыкчылыгын жогору коюп, жалкоолуктун айынан үйлөнбөй, бирок алтындай убактысын талаага чачып колоктоп арак ичип көчө таптап жүргөн акылсыз баланын абалы сүрөттөлүп, анан аягы үйлөнүү менен аяктайт. Бул азыркы коомдогу жигиттердин абалы. Жок дегенде ошол драмам сахналаштырылса жакшы болот эле.

— Өзүңүз каяктын кызысыз?
— Мен Көлдүн кызымын, чүйлүк жигитке турмушка чыккам. Баса, чалым Сейден Айдакеевдин көзү өтөрүндө уулум Кадырбекке, анан мага жазып кеткен ырлары бар экен, мени кое туруп абышкамдын ырларын гезитиңе берип койчу. Уулум Кадырбек аскерден келип үйлөнүп, сырттан окуп, иштеп жүрүп үч балалуу болгон. Ал окуусун бүткөн кезде союз ыдырап, чаң-тополоң болуп жаштар жумушсуз калып туш-тушка тарай башташкан. Чалым Сейден жаш кезинен оорукчан болуп, көздөгөн окуусун бүтпөй калып устаканада иштеп жүрүп пенсияга чыккан киши эле. Ал өз уулуна төмөнкү ырды калтырган экен:
Бакытты өз жериңден изде
Ак уруп акча, акча деп,
Алыс жакка безбегин.
Азбы-көппү топук деп,
Өз жериңде иштегин.
Башчы болсоң кокустан,
Эл энчисин жебегин!
Айтып жүрсүн түбөлүк,
Ак иштеген эмгегиң!
Улуу кыргыз элиңди,
Урук, урууга бөлбөгүн!
Калк ичине тарасын,
Калыс жүргөн өрнөгүң.
Бали азамат дедирип,
Намысыңды бербегин.
Тирүүлүктө бакытты,
Өз жериңден издегин!

— Маегиңизге рахмат апа, кудай буюрса жүзгө чыгасыз, аман болуңуз!
— Ой жүздү эмне кылмак элем, эгер чыгармаларым чыкканын көрсөм кийинки жылы 85 жаш курагымда деле кете бергенге даярмын айланайын.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий