Мекенин чексиз сүйгөн адам эле

Казакстандын ай сайын жарык көрүүчү “Нива” аттуу белгилүү адабий-көркөм жана коомдук-саясий журналынын үстүбүздөгү жылдын апрель айындагы төртүнчү санына казак жазуучусу Сабит Кинеевдин “Сүймөнкул” деген повести басылып чыкты. Анын аталышынын өзү эле кабарлап тургандай, чыгарма элибиздин залкар уулдарынын бири – Чокморовдун өрнөктүү өмүр жолуна, татаал тагдырына жана көп багыттуу кайталангыс талантына арналган. Эгерим, аталган журналдын 1990-жылдан тарта, 1000 нуска менен жарык көрүп келатканын, жана аны өз өлкөсүнүн гана эмес, ошондой эле, КМШнын курамына кирген айрым бөлөк республикалардын адабият сүйүүчүлөрү да далайдан бери кызыгып окуйтургандыгын эске алсак, анда биздин даңазалуу жердешибиздин кызыктуу жана трагедия-луу таржымалы менен көптөгөн адамдар тааныша алышты деп айтууга негиз бар.

Ушул жерден повесттин автору жөнүндө азыноолак кеп козгой кетүүнүн зарылчылыгы туулуп олтурат.

Сабит Айдар уулу Кинеев – Казакстан Республикасынын белгилүү жазуучусу, адабий сынчысы жана котормочусу. Ал аталган кесиптерди өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери карай аркалап, ушул аралыкта: “Жөнөкөй эле тарых”, “Ыр”, “К. жана К.” жөнүндө повесть”, “ХХ кылымдагы казак жазуучуларынын 21 аңгемеси”, “Номаддын ыры”, “Бригада”, “Уйкулар жана уйкусуздуктар”, “Четке сүрүлгөндөр”, “Талаа менен шаарды көкөлөткөндөр”, “Номаддын жолу” повесттерин жаратса, быйылкы эле жылы “Ду Фунун асмандашы” жана “Сүймөнкулдан” тышкары, биздин дагы бир жумгалдык жердешибиз – Досой Кадыров жөнүндөгү – “Француздук партизан” деген повестти жазып бүтүрдү. Анда Улуу Ата Мекендик согуш учурунда немистердин колуна түшүп, бирок туткундан качып чыккандан кийин Франциянын улуттук каршылык көрсөтүү кыймылына кошулуу менен, анын “Маки” аттуу партизандык отрядында фашисттерге каршы салгылашкан кайраттуу мекендешибиз жөнүндө сөз жүрөт. Автордун мага билдиришине караганда, чыгарма Астанадагы Франциянын элчисинин чоң кызыгуусун жаратып, ал аны өз эне тилине которуу жагын ойлонуштуруп жатыптыр.

С.Кинеев казак, орус, француз, кытай поэзиясы жөнүндөгү мыкты адабий изилдөөлөр менен макалалардын жана бир кыйла котормолордун да автору. Анын чыгармалары орус, немис, кытай, француз тилдеринде басылып чыккан. Бөтөнчө басым жасай турган дагы бир маанилүү жагдай – ал сөздүн толук маанисиндеги, кыргыз элинин чыныгы досу, анын адабиятынын, маданиятынын, тарыхы менен көркөм өнөрүн, ырлары менен күүлөрүн өзүнүн таза жүрөгү, ак дили менен кастарлап сүйгөн инсан. Сабит Айдар уулу Ч.Айтматовдун, Т.Сыдыкбековдун, Т.Касымбековдун, Б.Жакиевдин чыгармалары, Т.Океевдин, Б.Шамшиевдин, М.Убукеевдин, Г.Базаровдун кинотасмалары менен абдан жакшы тааныш жана аларды өтө жогору баалап келет.

Эң эле кейиштүүсү – ал кыйла мезгилден бери өтө оор дартка чалдыгып, үч-төрт ирет операциялык столго жатууга жана үзгүлтүксүз дарыланууга мажбур болуп олтурат. Ушуга байланыштуу, Сүймөнкул Чокморовдун кан кудасы, белгилүү коомдук ишмер, генерал, шейх Кеңешбек Орозалиев ажы тарабынан уюштурулуп, повесттин улуттук китепканада өткөрүлүүгө белгиленген бетачаары токтотулуп калды.

“Сүймөнкул” повестинин жанрдык өзгөчөлүгүнө бир-эки ооз сөз менен эле, кыскача мүнөздөмө берип кетүү мүмкүн эмес, анткени ал даректүү – таржымалдык да, көркөм-публицистикалык да, илимий-изилдөөчүлүк өңүттө да, ийине жеткизилип , өтө бийик чеберчиликте жазылган чыгарма. Эң негизгиси, автор С.Чокморовдун бейнесин так жана даана тарыхый далилдер, айкын-ачык мисалдар, турмуштук чындык менен карама- каршы кырдаалдардын агымында толук жана жеткилең түрдө ачып берүүгө жетишкен. Азыркы учурдун эн-ченинен алып караганда, анын абдан эле кыска, бирок толук кандуу, маңыздуу, бир күн да тыным албастан, жалаң күрөш менен коштолгон татаал өмүрү менен байсалдуу эмгек жолун өтө жандуу жана элестүү кылып көрсөтө алган. Элибиздин улуттук сыймыгы болгон Сүймөнкулдун республиканын маданияты, көркөм өнөрү менен рухий байлыгын арттырууга кошкон зор салымына автор тарабынан абдан туура, акыйкат жана калыс баа берилгендигин белгилебей кетүүгө болбойт. Чыгарма орус­тун бай, жатык, тез кабыл алынуучу адабий тили менен жазылгандыгы ага айрыкча артыкчылык мүнөз берип турат деп ырастай алаар элек. Анын дал ушул касиети – китепти бир дем менен, кызыгып, маашырланып окуп чыгууга мажбурлайт десек, аша чаап кетпейбиз го деп ойлойбуз.

Повестте калкыбыздын меймандостугу, мээрмандыгы менен марттыгы, жергебиздин көз тайыткан, кереметтүү жаратылышы ачык боёктор, салыштыруулар, талдоолор аркылуу өтө ынанымдуу чагылдырылган. С.Кинеев өзүнүн башкы каарманы С.Чокморовдон тышкары: Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, Ж.Мамытов, Т.Океев, Б.Жакиев, Б.Шамшиев, Б.Миңжылкыев ж.б. өңдүү биздин атактуу адамдарыбызга да токтолуп, муну менен бирге Сүймөнкулдун өмүрлүк жары жана кесиптеши Салима, уулу Бактыгул, өйдөдө кеп жүргөн кудасы Орозалиев, таанымал журналист, полковник Ж. Бузурманкулов, асыресе, менин өзүм жөнүндө да учкай баяндама берип кеткенин айта кетүүгө тийишмин.

Чыгарманы окуп чыккандан кийин биздин көз алдыбызга калкыбыздын кадырман уулу, “кыргыз өңү С. Чокморовдун өңүндөй,” деген учкул аныктамага татыган Сүймөнкулдун бирдиктүү жана жандуу образы тартылат. Биз аны өзүнүн жарандык эрдиги, таңгалдырчудай адамдык күчтүү эрки менен кайтпас оор илдетке кыйла жылдар бою туруштук бере алган, төбөдөн баскан кыйынчылыктардын баарын зор кайраткерлик менен көтөрө билген, канчалык кыйчалыш жана опурталдуу кырдаалдарга кириптер болуп турса да, эч качан ууртунан жылмаюусу жанбаган, оптимист, айкөл адам катары дагы бир жолу элес­тей алабыз. Элибиздин, коомубуздун жана мамлекетибиздин алдында сиңирген ак эмгегинин арты менен өлбөс-өчпөс атакка, бийик наамдарга татыган чыныгы, улуу инсан экендигине көзүбүз жетет.

“Сүймөнкул Чокморов – сейрек кездеше турган, тубаса эмгекчил инсан, өзүнчө бир жаралган сүрөтчү, эң мыкты киноактер болгон. Ал – ички маданияты өтө бай, көз карашы кенен, өз Мекенин чексиз сүйгөн адам эле. Эгерде, мындай атактуу кишиге жаштар гана эмес, каалаган башка өлкөлөрдүн жарандары да теңелишпесе, анда алар кимге теңелишмек!? Бул, өзгөчө, бүгүн, Сүймөнкулдун Ата Мекени гүлдөп-өнүгүүнүн багыттарын издеп табуунун жолунда бараткан кезде, айрым бир коомдук ишмерлерге, бизнесчилерге жана саясатчыларга тиешелүү деп ойлойм”, – деген пикирин билдирет автор. Өзүнүн каарманга карата болгон көз карашын андан ары ал мындайча улантат: “ Ал – кыргыз элинин сыймыгы болгон. Адам чыдай алгыс кыйноо тартып жатканына карабастан, ал боорукерлик менен анын өзүнө колдоо көрсөтүүгө тийиш болгондорго жардам берип келгендиги таң калтырат. Сүймөнкул – чыныгы, анык интернационалист, ошондуктан ал ар кандай өлкөлөрдүн адамдары менен дароо эле тил табышып, жеңил жана өтө жылуу достук мамиле түзө алган. Чокморов – кыргыз маданиятынын зор жана эң бийик чокусу. Ал жөнүндө мейли үч жүз, же миң жолу жазышсын, бул – ага кызыкдар болгондордун өз эрки, анткени ал жөнүндө ар ким ар башкача жана өз алдынча жазат эмеспи”, – деп сыпаттайт автор өзүнүн биздин атактуу мекендешибизге арнап чыгарган адабий эмгегинде.

С.Кинеев Астанадан мени менен бир нече сапар байланышып, эгерде анын аталган эки повести кыргыз тилине которулуп, кыргыз боордоштор окуп калышса, өзүмдү бактылуу сезет элем деген оюн муңайым таризде билдирди. Жакын арада “Сүймөнкул” жана “Француз партизаны” деген повесттери бирдиктүү китеп болуп, окурмандардын колуна тиймекчи. Аларды эне тилибизге сапаттуу кылып которо турган адистер табылат, андайлар бизде арбын, бирок, тилекке каршы, бул иш-чараны каржылай турган булактардын жоктугунан, алар ошол эле орус тилинде жазылган боюнча кала берчүдөй өңдөнөт. Эми, болоор иш өз кезегинде болоор. Биз, эбептен себеп болуп, атактуу жазуучунун сакайып кетишин тилейличи.

Тилектеш ИШЕМКУЛОВ, БГУнун профессору, “Кыргыз Туусу”, 19.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий