Таш-Рабат кербен сарайы

Таш-Рабат кербен сарайы райондун борборунан 90 чакырым алыстыкта, Бишкек-Торугарт жолунун түштүк жагында тоо арасындагы капчыгайда жайгашкан. 15-кылымга таандык. Кыргызстандагы орто кылымдык кол өнөрчүлүк эстеликтеринен сакталып калган Бурана мунарасы, Өзгөндөгү архитектуралык комплекс, Шах-Фазиль мавзолейи жана Манас күмбөзү сыяктуу курулуш эстеликтеринин ичинен Таш-Рабат кербен сарайына өзгөчө орун таандык.

Таш-Рабат жөнүндө биринчи жолу XVI кылымдын экинчи жарымында автор Мухаммед Хайдар эскерет. Эстеликти ал 1408-1416-жылдарда Могулстанды башкарган Мухаммед-Хан курган деп эсептейт. Казактын көрүнүктүү илимпоз Ч. Валиханов Кашкардан кербен менен келатып, 1859-жылы Таш-Рабатты көрүп өткөн. Анын эмгегинде эстелик жөнүндө мындай жери бар: «Имарат чополуу сланец жалпак плита таштардан курулган, узундугу 12, туурасы 7 саржанча келет. Узун коридорду улай тегерек зал (радиусу 5 кез), үстү айдөш тоголок болуп кетет. Коридордун капталдарында кичинекей жана жапыз эшиктери бар, алардан чарчы жана сүйрүлжүн чакан бөлмөлөргө өтөт. Бул имарат бир кезде сыртынан да, ичинен да шыбалса керек».

Андан ары ал имараттын ичинен ар кайсы жеринде араб жазуусу сакталып калгандыгын жергиликтуу калктын айтымына караганда эстеликте 40-41 бөлмө бар экендигин, бул имарат кыргыздар үчүн сыйынуу жана курмандык чалуу жайы болгон. Адегенде ал рабат (дарбаза) болуп саналган. Имарат анын пикири боюнча байыркы доорго таандык.

Эстеликти 1878-жылы карап чыккан А. М. Фетисовдун макаласында Таш-Рабат жөнүндө кызыктуу жана толук маалымат бар. Ал аны кербенчи менен жолоочулар акысыз түнөп өтүүчү «Сапар мейманканасы» сыяктанат деп эсептейт. А. М. Фетисов анын Чымкенттен Ташкентти көздөй кеткен жолдун боюндагы Рабаттарга окшоштугун белгилеген.

Таш-Рабатты 1886-жылы доктор Н. Л. Зеланд изилдейт. Мурдагы изилдөөчүлөргө караганда анын эстелик жөнүндөгү баяндашы толугураак болуп саналат. Ал эстеликтин сүрөтүн кагазга тартып алган да кийин Таш-Рабаттын фотографиясын Ташкент шаарындагы археологияны сүйүүчүлөрдүн Түркстандык ийримине берген. Таш-Рабаттын эмнеге арналгандыгы жөнүндө кеп козгоп, Н. Л. Зеланд эстеликти кербен-сарай эмес, диний курулуш болуп саналат деп божомолдогон.

Таш-Рабатты 1944-жылы А.Н. Бернштамдын жетекчилиги астында Тянь-Шань-Алай археологиялык экспедициясы иликтейт. 1950-жылы анын «Кыргызстандын архитектуралык эстеликтери» аттуу китеби жарыкка чыгып, анын бир главасы Таш-Рабатка арналган. Ал главанын негизине Н. Н. Пантусовдун жарыялаган материалдары алынган. Ал эстеликти кербен сарай деп эсептөө менен бирге ал имараттын архитектурасына көчмөндөрдүн күчтүү таасири тийгендигин айткан. «Таш-Рабаттын жабуусун карап турганда, — деп жазган ал, -өзүнчө бир жасалгалуу боз үйдү тегеректеген, көчмөндөрдүн таш болуп катып калган айылы сыяктанган элес көз алдымдан кетпей калат».

Таш-Рабат жөнүндө 1952-жылы Р. А. Пугаченкованын макаласы жарык көрдү. Бул макала көп маселени козгогондугу, искусство таануу иретинде талдагандыгы жагынан, эстелик жөнүндө чыккан маалыматтардын ичинен бөтөнчөлөнүп турат. Эстеликти арналышы тууралуу кеп козгоп келип, XV кылымдын экинчи, үчүнчү он жылдыгында курулган мечиттүү кербен сарай болгон деп эсептейт.

Өзүнүн «Кыргызстандын архитектуралык эстеликтери» (1955) деген кол жазмасында Б.Н. Засыпкин Таш-Рабатка бир чоң главаны арнаган. Анда, 1940-жылы аны ченеген архитекторлордун материалдары пайдаланылган. Мурдагы изилдөөчүлөрдөй эле ал дагы эстеликти XV кылымдагы кербен сарай деп эсептейт.

Кыргыз ССР маданият минстерствосунун илимий реставрациялоочу өндүрүш мастерскойлору эстеликти калыбына келтирүү максатында архитектуралык-археологиялык жактан аны кеңири изилдөөгө киришти. Үч жылы (1978-1980) иштегенде алынган материалдар эстеликтин жалпы мүнөздөмөсүнө көп жаңы нерселерди кошту.

Таш-Рабат Кошой-Коргон шаарынын (орто кылымдардагы Ат-Башы шаары) урандыларынын түштүгүнөн 70 км жерден орун алган. Ал Таш-Рабат суусунун жээгинде Ат-Башы кырка тоолорунун бир чон капчыгайында турат. Курулуш дээрлик чарчы келип, тараптарынын узундугу 32,4*34,8 м. Эстеликтин төрт тарабы дүйнө багытын каратып салынган. Маңдайкы бети чыгышты карайт. Имарат тоо бетиндеги жасалма аянтка курулган. Фундаменти уюлма топурак катмарга кирип турат, тереңдиги 0,2-2 м. Бүт бет маңдайын, дарбаза-эшик түркүктөрүн кыдырата таш тектирче өтөт, анын туурасы 0,65-0,85 м, бийиктиги 0,6-0,8 м. Чоң коридорунун эки жаккы четинде, ортоңку залынын төрт дубалын кыдырата, ошондой эле башка имараттары менен коридорлорунун бир топ жеринде да таш тектирче бар. Чоң коридору менен залынын астына ири-ири жука таш төшөлгөн, калган имараттары менен коридорлорунун асты жер. Имараттарынын планировкасы жана өлчөмү мурдагы авторлордун эмгектеринен белгилүү болгон маалыматтардан башкачараак. Бул жагынан 9-бөлмө бөтөнчөлөнүп турат. Ал тегерек чатырлуу имарат. 20-бөлмөнүн өлчөмү ушул убакка чейинки белгилүү өлчөмдөн кыйла ашыктык кылат, ага ортоңку залдан 19-бөлмөнү аралап кирет. Эстеликтин планы менен өлчөмүндөгү ушундай туура келбестиктер анын башка бөлүктөрүнө да мүнөздүү келет.

Залынын астынан 23 жана 27 бөлмөлөрдөн чопо толтурулган ороолор табылган. 27-бөлмөдөгү ороо сүйрүлжүн анын диаметри 0,9 м жана тереңдиги 2,7 м. 23- бөлмөдөгү ороонун тереңдиги 4,2м диаметри 1,2м бирок али түбүнө чейин тазаланып бүтө элек. Ушул эле имаратта өлчөмү 0,95*0,83м. келген чарчы тешиктүү жертөлө бар.

Залдын ортосунда (18-бөлмө) кичине ороо бар. Ал ортосу тешик, чарчы жалпак таш менен жабылган. Ороону тазалаганда карапа идиштин сыныктары, жаныбарлардын сөөктөрү чыккан. Карапалар кооздолгон эмес, X-XII кылымга таандык. Имараттын айланасын казган кезде да ушундай карапалар чыккан. Ошону менен бирге эле ороолордон жана курулуштун айланасынан X-XII жана XIII кылымга мүнөздүү, жашыл, күрөң жана кара-көк сыр менен кооздолгон бир нече карапа сыныктары табылды. Бөлмөлөрдү тазалаган кезде алардын айрымдарынан X-XII кылымдардагы сырдалып кооздолгон жана кооздолбогон 20дай карапа сыныктары чыккан. Кыязы, алардын эстеликке түздөн-түз тиешеси жок болсо керек. Ошону менен катар кийинки орто кылымдардагы жергиликтүү эмес кооздолбогон керамика да табылган.

Мында 19-бөлмө томпогой чатырлуу. 11-и жантык чатырлуу, бирөө жалпагынан чоң таш такталар менен жабылган. Төбөсүндө жана жандарында жарык кире турган оюктары бар. Коридорлордун жана тик бурчтуу бөлмөлөрдүн жантык чатырлары курбу-курбу болуп кетет да, ар курбусунун кеңдиги 0,85 м келет, алар кырынан жана жалпагынан таш плиталардан кураштырылган. Курулуштун тегерек чатырлары менен дубалдары ар кыл кырчоо аркылуу бири-бирине туташтырылат. Курулуштун ички планировкасы, бөлмөлөрдун жана эшик оюктарынын өлчөмдөрү кооз жасалгасы бир катар авторлордун эстеликтин айрым бөлмөлөрү аттарды койгонго, башкача айтканда аткана болгон деген далилдөөсүнө кошулууга мүмкүндүк бербейт.

«Ат-Башы жаңылыктары» (“Дем”), 06.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий