«Жээрилген» сөздөрдөгү катылган сырлар

Диалект («жээрилген») сөздөр да адабий тилдеги сөздөрдөй эле элдин тилин, б.а., ошол тил диалект тейлеген элдин башынан өткөн турмуш-тиричилигин, материалдык көрүнүшүн, адамдардын ички туйгусун, көз карашын туюндуруп, ооздон оозго көчүп келген өз тили болуп саналат. Демек, мындай болгондон кийин диалект сөздөрдүн маани-маңызын чечмелөө – элдин тарыхын, этнографиясын, фольклорун, тилин үйрөнүүгө, ошол элди таанып билүүгө маалымат берген эбегейсиз бай казына экендигин ар ким эле түшүнө бербейт.

Кыргыз диалект, элдин оозеки сөздөрүнүн узактан берки тарыхы бар. Алар, миңдеген жылдардан бери жашап келе жатат. Бул баалуу сөздөр өз учурундагы турмуштун тилге чагылган изи болуп, жоголгону жоголуп, жоголбогону канчалаган кылымдарды карытып, эми бизге жетип отурат эмеспи. Ал сөздөр азыр илимдин алкагында таркалып, илимий талдоого алынып, элди таануунун эң башкы булагы болууда.

Ошол сөздөрдүн тилдик не бир кызык кубулуштарынын сырларын, тарыхын ачуу – азыркы күндүн талабына жатат. Себеби, ал сөздөрдүн байыркы кездеги формасы же ага жакын түрү кыргыз адабий тилинин өзүндө, диалектилеринде, говорлорунда сакталып калган. Бирок, тилекке каршы, тилдеги мындай айырмачылыктар, өзгөчөлүктөр улуттук маданияттын көп кырдуулугунун, тереңдигинин белгиси эмес, аймакка, түндүк, түштүк маселесине — бөлүнүүнүн белгисине айланды. Жакында эле бир гезиттен төмөндөгүдөй маанидеги кайрылууга көзүм чалып калды. Анда автор: «Түштүк эли, силер канкор Бакиевдин сүйлөгөн диалектисинен качан арыласыңар? Бул кыргыз тилинин тазалыгына болгон кайдыгерлигиңер» — деп күнөөлөптүр. Бир туруп күлкүң келсе, бир туруп зээниң кейийт… Демек, диалект дагы саясатташып кеткен тура деп аргасыз жылмаясың… Албетте, автор бул диалектилерде кыргыз тилинин карт тарыхы, байыркы маданияты камтылып жатарын билбесе керек. Бирок, «оштуктардын» тили деген атка татыган диалектилер бир гана аймактык эле, тарыхый жалпы улуттук өзгөчөлүктөргө ээ экендигин билсе кана… Түндүк саруулары менен түштүк саруулары аймактык өзгөчөлүктөргө карабай бир говордо сүйлөшүп жатканы буга далил болуп берет. Мындан, диалект чын эле ажырымга алып келеби? Мындай тилдеги өзгөчөлүк башка элдерде дагы кездешеби, алар дагы биз сыяктуу тилдеги айырмачылыктардын негизинде бөлүнүп жарылабы деген табигый суроо жаралбай койбойт.

Кыргыз тилинин диалектиси деп аталган белгилер чоң элдердин тилдериндеги диалектилик өзгөчөлүктөр менен салыштырганда «говор» деп айтканга да татыбай калат. Кытайдын эки негизги кантон жана мандарин диалектилеринде сүйлөшкөн кытайлар (андан башка майда говорлор толтура) адабий тилге салып баарлашмайын, бирин бири түшүнбөйт. Бирок, кытайлардын биз сыяктуу, сен «аркалыкча», сен «оштукча» сүйлөйсүң деп бири-бирин жээригенин, кырды бычак болуп, эки элге ажыраганын уккан эмесмин. Алтургай дүйнөлүк тил деген атка ээ болгон англис тилиндеги аймактык айырмачылыктар да кездешет. Бирок, андан саясат жасашпайт. Түрк элдериндеги диалектилер да бир топ. Бирок, алар тилдин табияты, анын табигый өзгөчөлүгү катары кабылдашат, аны бөлүнүүнүн, жектөөнүн белгисине айлантышпайт.

Кыргыз тили бардык аймактагы говорлордун жыйындысы болгондо гана жалпы толук кандуу кыргыздын тили боло алат. Бул жерде бир эле аймактагы кишилер гана пайдаланган сөздөр жөнүндө болуп жатпайт. Маселе миңдеген кыргыздардын ата бабадан, муундан муунга мурас катарында калып, өз ара сүйлөшүүлөрүндө пайдаланылып келе жаткан сөздөр жөнүндө болуп жатат. Андыктан, «оштуктардын» тили, же «аркалыктардын» тили деп жээригендин ордуна, ал сөздөрдүн түпкү маанисин чечмелегенибиз оң. Ошондо гана бул диалект сөздөр жөндөн жөн келип чыкпагандыгын, алар байыркы Енисей кыргыздарына дагы тиешелүү тил экендигине ынанасың. Ошол себептен, тилибизди бир жактуу тар багытта гана карап, анын колдонуу мүмкүнчүлүгүн чектөө — бул ата бабалардын мурасын, аманатын жок кылууга жасалган аракети, кыргыз тилине болгон кыянаттыгы болушу мүмкүн. Кыргыз тили өзүнүн диалектериндеги буга чейин анча эске алынбай келген сөз байлыкты орток тил казынабызга  тартып, аны колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, негизинде андан ары байышы керек деп эсептейм.

Талаада чачылып жаткан тарууну терген сыяктуу сөздөрдү терип-тепчип чогулткан профессор Жээмбай Мукамбаевдин 32 миңге жакын сөздү камтыган «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүндө» тереңдиги тилдин тарыхына, байыркы карт тарыхка жетелеп кете турган лексикалык материалдар бар. Себеби, диалектилик сөздөрдөн элдин тарыхы, этнографиясы, фольклору, чарбасы, тили жана башка үн бергидей белен, даяр сөздөр табылып калат. Алар кандайдыр бир тилдик бөксөлүктү толтурушка жардамга келип калышы да мүмкүн. Диалектилерде өз боюна сыр жашырып, илгерки өткөн күндү, же такыр эле унутулуп кеткен зат, буюм, көрүнүш, кубулуш, жасалга же башка бир окуя, ишке байланышкан маалыматты сактап калган сөз, сүйлөм, же жөн эле туюнтма жолугуп калат. Алардын бир нечесин мисал келтире кетсем:

Агыл. Баткен, Сузак, Өзгөн жакта «малкана», «мал короо», «мал сарай» деген маанини берет. Бул сөз байыркы жазма эстеликтерибизде да «агыл» түрүндө болуп,  ушундай эле маанини берип келген. Түрколог Нурдин Усеевдин эмгектеринде бул сөзгө мындайча мисал келтирилет: «Сужи жазма эстелигинде бул сөз «Агылым он, йылкым сансыз эрти, иним йети. Урым үч, кызым үч эрти (мал короом он, жылкым сансыз эле, иним жети, уулум үч, кызым үч эле)» сүйлөмүндө колдонулуп, мал короо, малкана деген маанинин берет». Бул сөз фонетикалык жактан, башкача айтканда, г – й тыбышына өтүшүнөн улам азыркыча айыл деген түргө ээ болуп калган.

Сака. Баткен, Лейлек (түштүк жергесинде) «атууга ылайыктуу салмактуу жана коночок чүкө», жалпы эле чүкөнүн аталышын жана тоголок формасын туюндурууда колдонулган. Бирок келип чыгышы бир маанини берген.

Мурда көбүнчөсү аркар-кулжанын, тоо-текенин чүкөлөрү сака болгон. Осетин тилинде «саг» сөзү«бугу» маанисин берет. Ушуга караганда, байыркы мезгилде кыргыз тилинде да сака «бугу»маанисинде колдонулган дешке болот. Бугунун чүкөсү уйдун томпоюнан кичине келип, кой-эчкинин чүкөсүнөн чоң болгондуктан, аны сака кылып алууга ылайык болгон. Бирок, азыркы күнү бугунун томпоюнан сака кылууга мүмкүн болбой калган. Анын ордуна кулжанын, текенин чүкөсүнөн сака кылууга туура келген. Ошондо мурда колдонулуп келген сака сөзүнүн функциялары бирдей болгондугу үчүн кичинекей сакаларга карата да айтыла бергендиктен, ал бугунун чүкөсү эмес, жалпы эле чүкөлөргө карата да айтыла турган болуп калган.

Эгиз. Түштүк тарапта «бийик», «түпсүз», «чексиз» деген мааниде колдонулат. Мисалы, «Асман эгиз, жер тегиз, Айланып келбейт он сегиз». Эгиз сөзү байыркы кыргыз, түрк тилдеринде эдиз түрүндө айтылган. Ал кезде д жана г тыбыштары бирин-бири алмаштырган. Ал эми азыркы түрк тилдеринин айрымдарында эгиз формасы сакталып калган.

Төз. Ысык-Көл жакта көп колдонулат. Мисалы, «Төркүнү ким, төзү ким?».

Байыркы тилибизде бул сөз активдүү колдонулуп, тотем, бир уруунун сыйынган жаныбары, кушу деген маанини берген. Мисалы, Н. Усеевдин эмгегинде төмөнкүдөй баяндалат: «Баян-Көл жазма эстелигиндеги «Элим угрыңа төзүм казганмышым (элимдин урматына төзүмдү алдым)»сүйлөмүндө тотем, бир уруунун сыйынган жаныбары, кушу дегенди билдирген. Мисал катары берилген сүйлөмдө жазма эстеликтин ээсинин мамлекетинин урматына төзүн, тотемин тапканы, башкача айтканда, ошол тотемде алып жүрүү урматына ээ болгону жазылган». Демек, төркүн-төз кош сөзүндөгү төркүн сөзү келиндин түздөн-түз ата-эне, тууган-туушкандарын билдирсе, төз сөзү анын уруусунун тотемин, сыйынган жаныбарын, кушун билдирген. Жаңы келген келинден «Төркүн-төзүң ким?» деп суроо менен, туугандарын, кайсы уруудан экенин билип алуу мүмкүнчүлүгү туулган. Ушул жерде эркек балдардан жети атасынан суралса, аялзатынан уруусун тотемин суроо менен билинген.

Ача. Таласта уруунун аты. Байыркы түркү эстеликтеринде «эчи, эчү, ичи» тувача бул сөз «ата», хакасча «улуу ага», уйгурча «улуу эже» деген маанини берет. Бул сыяктуу тарыхый диалектизмдерди миңдеп санай берүүгө болот. Демек, диалект сөздөр ошол чектелген аймактын гана сөзү эмес, анын артында баа жеткис тарыхыбыз, көөнө тилибиз жатарын унутта калтырбашыбыз абзел.

Профессор Жээмбай Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү» 40 жыл убактан кийин гана китеп болуп чыгышына Кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору Кадыралы Конкобаев канчалаган жылдарын, убактысын жумшап жүрүп жарыялады. Муну менен кыргыз үчүн чоң эмгек кылгандыгын эскерте кетмекчибиз. Өкүнүчтүүсү — улуу иштин убайын автордун өзү көрбөй кетти. Жээнбай Мукамбаев басса-турса колунан түшүрбөгөн алакандай кагазга уккан сөздөрүн эрикпей түшүрүп, анын маани-маңызын сурамжылап, түйшүгү түмөн жумуштун оорчулугуна кайыл болуп жүргөнүнө ал кишиден таалим-сабак алып калган студенттери, кесиптештери, шакирттери күбө.

Бул сөздөрдө кыргыздын жашоо-тиричилиги, тарыхы, салт-санаасы камтылган. Айталы, сөздүктө тамак-ашка, чарбачылыкка, кийим-кечекке, кооздук үй жасалгаларына, үй буюмдарына, идиш-аяк, музыкалык аспаптарга, күүлөр, оюндар, сайма-көчөттөр, этнонимдик, мифологиялык түшүнүктөрдү туюндурган керемет баалуу сөздөр орун алган. Автордун өзгөчөлүгү диалект сөздөрдү иргеп, топтоп эле койбой, алардын маанисин терең ачып бере алгандыгында. Мисалы, оюндардын ойнолуу тартибин, эрежесин, ал эми тамак-аштардын түрдүү аталышынан тартып, жасалыш технологиясына чейин чечмелеп берген. Айталы, тамак-ашка байланышкан сөздөрдүн ичинен аталанын (арпа, буудай, жүгөрүнүн талканынан коюураак кылып, ачытылбай гана муздатылып ичилүүчү тамак) төмөндөгүдөй ондон ашык түрлөрүн мисал келтирет: ачык атала, курут атала, док атала, жарма атала, жуwган атала, жүгөрү, жылма атала, талкан атала, тарык атала, атала ваш, загыра атала, зиркөw атала, кәчә атала, кесме атала, киндик атала, кош атала, көчө атала, кыйма атала, май атала, сапырма атала ж.б. Бул сөздөрдүн аталышын эле эмес, ар биринин жасалышын, өзгөчөлүгүн, «даамын» ачып берген.

Кыргыз тилин азыркы жаштарга англис, орус, кытай тилдери сыяктуу чет тилдерди сөздүк менен үйрөткөн сыяктуу кыргыз тилинин кайталангыс бөтөнчөлүгүн, табиятын ушул сөздүк аркылуу үйрөтпөсөк болбой калды.

Мындай сөздөрдү азыркы жаштарды эсепке албаганда жоон орто жаштагы эле кыргыз баласы биле бербейт. Андыктан, жаштарыбыз тилдеги мындай өзгөчөлүктү аймактык бөлүнүүнүн белгиси катары карабасын десек, мектеп окуу программасына кыргыз элинин оозеки тилин терең окутууну колго алуу зарыл. Тилекке кашы, муну ойлогон эч ким жок. Ал эми натыйжасын көрүп турасыздар. Ата бабабыз байыртан колдонуп келген сөздү жерибей, кыргыз өздүгүн, кыргыздыган жерий баштадыбы  деген аргасыз ой кетет. Аттиң ай, «колдо бар алтындын баркы жок» деген ушул тура…

Айшат Ботобекова, «24.kg» MA, 23.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий