1898-жыл. Ийикчи Эшен окуясы

Бул жер атамзамандан Миң-Дөбө деп аталган. Ал жерде миң эки жүз адам жашап, алар эки аминдикке, он бир элүү башылыкка бөлүнгөн, өзбек, кыргыз, тажик аралаш отурукташып, килем, таар, кийиз, жип сыяктуу кол өнөрчүлөрү базар көркүн чыгарып турган, шаарга окшош болгону менен адамдар жакебелдеги талааларга чыгып, дыйканчылык кылган, коон-дарбыз, ашкабак, жүзүм, анжир, сабиз-пияз, пахта эккен. Ушул жерде Мухаммадали деген киши жашаган. Анан атасы Сабыр эшендердин кызматында жүрүп, калыйпалык кызмат алган. Ал киши уулун өзү менен кошо Букара, Чоржуо, Самаркан шаарларында алып жүрүп, ошол жактан каарылыкка берип, он сегиз жашында сопучулукка өтүп, кыраатын ачып, көп эл-жер көрүп, акыры жыйырмага толгондо Миң-Дөбөгө кайтып келет. Келет да, ошол кезде кыштагына гана эмес, Араван менен Асакеге аты дайын Султан хан төрөнүн кызматына өтөт. Жыйырма экисинен тамак-ашын тартып, талкан чайып гана суюктук ичип калат, Кулкожо Акматтын, Сулайман Бакырганийдин, Мавляна Жалилиддиндин жолуна түшүп, актыкка ооп, жыйырма тогуз жашында түшүндө пайгамбарды жана анын төрт халифин көрөт, алар Мадалиге тон жана башына сопулардын кулахын кийгизип кетет. Мүрүттөрүнө муршүт болуу даражасына көтөрүлөт. Отуз жашында Индияга барып, Бомбейден кемеге түшүп Меккеге кетет. Кабатуллада Арафат тоосуна көтөрүлөрдө бир түш көрөт, түшүндө пайгамбар чарыярлары менен келип, алтын чөмүч берип, халиф наамын тартуулайт. Мекке-Мединеде ал үч жылдай өмүр кечирет, диний билимин мыктылайт. Кийин жолдо Ыстамбулда болуп, Осмон дөөлөтүнүн султаны менен акылдашкан, анын зыяпатында отуруп, соң Кашкарда зыяратта болуп, Асхабат, Бакы, Одес, Кырым, Өфө, Севестопул, Ташкен, Узун-Ата сыяктуу шаарларды кыдырып келип, кадыр-барк жана турмуштук тажрыйба топтойт. Дервиштик жашоо кечирип, бул дүйнөнүн ырахаты унутуп, ак уруп жүрүп, адамдарга сооп кылуу, адамдарды кордуктан куткаруу анын инсандык вазийпасына айланат.

Анан ал Араван менен Асакенин орто чениндеги Шааркан суусунан көзө менен суу алып чыгып, ээн талаадан өткөн кербендерге жана жолоочуларга суу берип, чаңкоосун кандырып, алардын батасын алат, бул сооп издеген адамга өз ыкласы менен кайыр, садага, адия, назир, битир, зекет бергендер улам-улам артып отурат. Ал гана эмес, ийик жасап, ийик тартуулап, оңу келсе сатып, «Ийикчи эшен» аталат. Ээн жерге бекет кылып, абатташтырып, «суу кудайы» кылган бул жигит бара-бара өткөн-кеткендер тарабынан оозго алынып, Көк-Арт, Кетмен-Төбө, Алай, Ноокат кыргыздары ал кишини ыйык көрүп, эшен дешип, зыярат кыла баштайт. Ооган табыптан үйрөнгөнү боюнча кеселдерди эмдөө да жүргүзөт, далай кишилерди ажалдан арачалап да калат.

Миң тогуз жүз токсон беште Курманжан датка да баласынан азасы үстүндө Миң-Дөбөгө келип эшенге кол берип, экөөлөп көпкө эл келечегин сүйлөшөт.

Колунан келген элет кыргыздары Миң-Дөбөдөн жай салып берип, тамын бүтүрүшүп, Ийикчи эшендин зоболосу артып, ага кол берип, мүрит болушат. Жер-жерлерге, өзгөчө элетия кыргыздарынын арасына өз калыйпаларын койгон. Жалпы ага кол берип, мүрүт болгондордун саны акыры келип жыйырма миңге жетет. Алардын ичинен калыйпалар, казылар, манаптар чыгат, кыйласы жолун жолдор шакирттикке өтөт. Кыргыз айылдарына өз каражаты менен мечиттерди, медреселерди салып берет, ал гана эмес Оштун базарына ашкана куруп, ал жерде намаз жума күндөрү бей-бечараларга текин тамаш-аш таратып турат.

Орто бойлуу, эчки сакал, арык, буудай ыраң, каштары бири-бири менен туташып турган, акырын күлүп сүйлөгөн, көп кеп айтпаган тажикке окшош бул киши ар дайым ак жегде, ыштанчан жүрүп, суук түшкөндө анын үстүнө мала тон кийип алчу. Башына анча чоң эмес селде чалып, бутуна маасы-галош кийип гана жүрчү, анчалык элден чыгып жасанып жүрчү эмес. А түгүл алыс-жакындан келген зыяратчыларга өзү чай коюп ийчу. Тал бышканда Кадамжай, Ноокат, Апшыр-Сай жактарга чыгып, ийикке деп өзү тал кыйып келчү. Анын ийигин сатып алган кыргыздар ошол ийик менен ийрип жип кылып, соккон кийимдерди ыйык тутуп, тон кылып, аны табыттын үстүнө жапчу. Ал гана эмес, анын ийиктерин ошол кезде жаңы ачыла баштаган шайы, аллас, бөз, даки чыгарган чакан фабрикалар да алып турган.

Ошол эшен 1890-жылы беш жүз ат бата турган аткана салдырып, андан күнүнө эки жүздөй ат үзүлчү эмес, ал аттар элеттен келген кыргыз мүрүттөрүнүкү боло турган. Кызыгы канча ат болсо да бири бирине кишенеп, же тебишип, же азынашып койчу эмес. Муну Ийикчи эшендин кереметинен дешчү. Анан да эшендин меймаканасы болуп, ал жердин керемети айтып бүткүс болор эле, кимде-ким эшенге кара санатайлык менен келсе, дубалдан от чыгып, ал адамдын сакал-муруту күйүп кетчү, казандарда тамак бир паста алоосуз эле бышып калчу, онтоп ооруп келгендер эшенди бир көрүп, таза айыгып кетчү. Эшен жазган «Ибрат ал – гофилин», «Макамат» деген китептер колдон колго көчүрүлүп таратылган, анын ханаканасында китепкана болуп, анда көптөгөн китептер боло турган, аларга Зыйабидин максым өзү карап, өзүнүн Кокон хандыгынын тарыхы тууралуу окуянаамаларын да койгон, Молло Ныйаз баш болгон кыпчактардын улуу даанышман акындары келип, жазгандарын кол китепке түшүрүп, мында коюп, мындагы китептерди айылындагы медресесине кол китеп кылып көчүрүп кетип турган, Түркия султаны Хамид халиб өз колу менен берген адиялар жана анын мөөрү басылган Мадаминди пайгамбардын халифи деп тастыктаган күбөнаама да ушул жерде болор эле. Элеттен келген Токтогул, Ботобай, Жеңижок, Парпы апыз акындар, калаадан Молло Тойчу жаз-күз келип, эшендин авлисин шаңга бөлөп турчу.

Эшен жами мачиттин азан айтар мунарасын бийиктетем деп 12 газ мунаранын үстүнө дагы ушундан көбүрөөк улап, 30 газга жеткирип, үстүнө 4 газ купа кылып, жалпысы 34 газга жеткирет. Бир күнү мунарасы кыйшайып калат, мунун эшендин касиети деп билишет, болбой эле дагы бир күн мунара кулап түшөт. Кулаганда да алдындагы медресенин жарымын басып түшөт. Эки жүздөй бала окуган, өзү жеке пулуна ачкан медресенин бир ыптасындагы балдардан жыйырма үчү жан берип, он беши жаракат алат. Мунун жигин билдирбей эшен баарын тазалатып салат да, Асакеде турган участковый приставды сыйлап жолго салат. Бирок миң сегиз жүз токсон жетинчи жылдын он бешинчи декабарындагы участковый пристав Чарнышевдин Ташкенге генерал-губернаторго жазган рапортуна ылайык Ийикчи эшен катуу текшерүгө алынмак болот. Рапортто эшен тоолук кыргыздарды өзүнө тартып алганы, мүрүттөрү он миңге жеткени, балдарды окутуп, орустардын элдешкис душманы саналган түрктөргө – Ыстамбулга жиберери жазылат. Текшерүүчүлөр он эки киши – төрөлөр, акимдер, приставдар төрт извош менен келгенде эшен аларды жарым чакырым жерден баркыт паяндос салдырып, өзүнчө өргөө тиктирип, чоң зыйнаттар менен тосуп алат. Келгендерге «чаң тону» деп алтын жалатылган кымкаптарды кийгизип, дүйүм тамактарды коюп, чөнтөктөрүнө акча салып, баарын сатып алат. Тергөөчүлөр байлык десе, баарына кайыл болуп, «хорошо-хорошо» деп, мунара боюнча эч нерсе айтпай кете берет. Ошентип адамдарды сатып алуу жана адилетсиз тергөө деген нерселер Миң-Дөбөгө пысып келе баштайт.

1895-жылдарда Түркстанга дин бузар Остроумов аттуу «миссионердин» ойлору таратылат, ал киши жаннат аймакты орусташтыруу ниетинде орус-тузем мектептерин ойлоп таап, мечит-медреселерге катуу сокку урат, жаамы мечиттерде жума намазындагы кутбаларда орус падышасына жана анын авладдарына атап тилебат кылууну талап этет, Курандагы «вал мушрикни» деген жердеги «мушрикни» деген сөздү кошпой окугула деп, «каапыр» деген сөздү такыр жолотпогула деп чыгат. Ажы зыяратына барууга ман этилет. Шаардыктарды келгиндер кемсинтип, салам айтпадың менен тепкиге алса, элеттиктердин жерлерин оторчулар ээлеп, жаңы поселкаларды куруп, аларды, мисалы Көк-Арт өрөөнүндө эски аттарын өчүрүп, Михайловка, Благовешенск, Дмитровка, Николоевка, Гавриловка, Архангельск, Спасовка деп, Аксыда Успеновка деп аташып, ал жердегилерди тоого сүрүп, «туяк пулу», «чөп пулу», «ооз пулу», «кан пулу» дегендей ондогон алымдарды алып, мужуктар мурда мал жайылып жүргөн жерлерди ээлешип, ал жерге асал аарылардын жашыктарын коюп, кокус көнгөнү боюнча жергиликтүүлөрдүн малдары кирип барса, «штраф» дегенин чыгарышты. Келгиндер колбала арагын чыгарып, мас болушуп, аял-эркеги чогуу дасторконго отуруп, таң атканча ырдап-бийлеп, улуу-кичүүнү барк албай, жарым жылаңач ылдый жактан эл ичкен сууларга түшүп, пара дегенди үйрөтүп, кыргыздардын эшен, калпа, манап дегендерин да тоготпой…

Акыры азап кыйнап, миң сегиз жүз токсон алтыда Көк-Артта элетиянын элдери топтолуп, маселени хал кыла албай Ийикчи эшенге бармак болушат. Арасында манаптар жана манапзаадалар болуп, бир гана талабы – мужуктардын эзүүсүнө каршы экендигин айтып даттанышкан. Ошол жерде Шадыкан баатырдын небересин өздөрүнө башчы кылып да алат. Жыйырма беш өкүл Миң-Дөбөгө эшендин астына келип, мужуктардын поселкаларына кирип, баарын ат менен бастырып кетебиз, биздин жаныбызга тийди, биз ээн-эркин жүргөн элбиз, эгер кечээ эле келип төрүбүздү талашкандар болсо алар менен кашык каныбыз калганча кармашабыз, сиз гана казатка уруксат бериңиз дешти келгендер.

Ийикчи эшен ойлонду. Көпкө ойлонду. Намыстуу жигиттер бар экенине, тоолуктардын дымагынын күчтүүлүгүнө, жүрөктөрүнүн өлбөгөнүнө ыраазы болду. Бирок бул да кооптуу болчу. Орусия деген кылкылдап жаткан улуу дөөлөт, артында куралданган аскери бар экенин бу бир ууч атчандар ойлошмок беле. Андыктан да бир аз сабыр кылгыла, азыр бурсат келе элек, баары бир Николай зулумунун кордугунан суурулуп чыгабыз, Алла ишибизди колдосо силер эле эмес шаарлыктарды да үгүттөп бүт баарыбыз бирдей чыгабыз, газаватты бир убакта, бардык жерде бирдей баштайбыз дегендей насааттарын айтып жигиттерди тоолоруна кайтарды.

Бир жыл өтүп Кетмен-Төбө жана Көк-Арт өрөөнүнүн кыргыздары бир ашта миңдей жигит топтолуп, мужуктарга күжүм кылабыз деп Чыйбыл болуш менен казы найыбы Молдо Рахматилланын тегерегине баш кошуп, болгон куралын, союлдарын алып, буйрук күтүп даяр турушту. Каапырларга каршы казатта өлгөндөр шейит болуп, түз эле жаннатка түшөт деп молдолор айтса, Сатылган уулу Токтогул сыяктуу акындар элди эркиндик үчүн күрөшкө үндөп жүрдү. Чакырык ашка Ийикчи эшен да келди. Падышалык бийликтин адамдары да аралашты. Алар тергөөгө ала баштады. Бул жолу да иш башталбады…

Кийин Ийикчи эшен кеңешкенге жана маселени биротоло чечкенге миң сегиз жүз токсон жетинин шаввал айдын он жетисине Миң-Дөбөгө – өзүнүн сопуканасына чакырып бир нече кишиге кат жиберди. Ал каттар Ошко Курманжан датка менен анын уулу Камчыбекке, Жакып акун аалымга, Анжианга жаамы мечитинин башчысы Мухаммед Али бай Калмырза бай уулуна, мударистер башчысы Самийге жана Калыкберди дамбылдага, Маргаланга Мухаммед Жусуп эшен менен Сайид Акмат кожого, Наманганга Йака хан төрө менен Кадыр кожо ажыга, дагы-дагы башка зобололуу кишилерге жиберилди.

Катты Мадали эшендин атынан Зыйабидин максым өзү колу менен жазды. Көп жерин чийип, толуктап, кайра оңдоп отуруп жазды. Анда «Мусулмандардын эч бири бул залимдердин эзүүсүндө калууну каалабастыр. Шаарлар өзбектерге тар болгондой, тоолор кыргыздарга, элетияга тар болду, балким Түркстан мусулмандарга тарлык кылды. Эмне кылабыз, ылаажыбыз жок. Колубузда эч нерсе жок. Жетээрлик жарак жана казына жок. Эмнеси болсо да иштин акыбетин ойлоп, бей-бечаралардын тилегин аткаруучуларды колдойбуз» деп мискин жана карып Махмудали» деп айтылган эле.

Ушундан түшүнгөндөр түшүнсүн дешти.

Айтылган күн келип, Шаввал айдын он бешинде (9-март) Көк-Артта кыргыздар кылкылдап топтолуп, чакырылгандардын бир тобу Миң-Дөбөгө келип, калк жакшылардын бир ооз сөзүн күтүп турган. Элеттиктер келгиндер менен мамилесин үзүп, мужуктардын чайрикерлери менен малайлары поселкаларды таштап кетти, мурда алардын кол алдында иштегендер карыздарын үздү. Бул падышачылыктын төбөлдөрүнө угулбай коймок беле, угулду, келгин оторчуларды курал-жарак, ок-дары менен камсыздай баштады, алар топтошууга өттү.

Миң-Дөбөдөгү эшендин ханаканасында болсо элеттик кыргыздардын чабуулун колдоо-колдобоо тууралуу ар кыл каттар окулуп жатты, шаарлыктардын айрымдары ачык эле коркконун билдирсе, кээ бири силер баштай бергилечи, анан көрөрбүз деп койду. Канткен менен көпчүлүк элбашылар Мадали эшендин кыргыз менен кыпчакты, кашкарылар менен тажиктерди, түрктөр менен шаардык сарттарды шарият жолуна тартамын, жерди баскынчалардан азат кыламын деген ою ишке ашарга аз калды, кудай буйруса, түрк султандары да жардам колун сунууга маакул болду дегени шердентти.

Он эки журт башына кол койдуруп, он үч мөөр менен тастыктаган жашыруун келишим Баргана ойдуңунун ар бир айылынан Миң-Дөбөгө келип жетти. Журт башчылар, ошол эле кезде казатты баштай тургандар булар болду: Анжиандын ичкилик болуштугунун болушу Баатыр миң башы Нармат уулу, ошол эле аймактын казылыгынан Акмат молдо наиб Мырза уулу, Айтпай токсобо, айыл башы Молдо Касым амин, Арзыкул паңсат, Мухаммад Ибраим токсобо паңсат, Кулу болушу Молдо Гайыпназар Артык уулу, Алибек датка, Кайып кожо Мухаммад Мурат уулу, Сатыбай мырза, Зыйабидин максым, Өмүрбек датка.

Эрте баарда баштала турган газават аттар арык болот деп бир-эки айга жылдырылды, ал аралыкта Мадали эшен эки кыргызды Курбанбай молдону калпа деп жарыялап, Курбанкулга жүз токсон кат берип, Эки-Суу арасындагы кыргыз айылдарына ат чаптырды, анда казатты качан баштоо керектиги так айтылды.

Миң сегиз жүз токсон сегизде, жавза (май) айдын он биринде Көк-Арттан эки жүз киши Миң-Дөбөгө келди, аларга ар жерден кошулуп отуруп беш жүзгө жетти.

14-майда эшен жашыруун аскерий жыйын өткөрүп, анын чечимине ылайык Бакир Нурмат уулу менен Инаятхан төрө Маргаландагы, Өмүрбек датка Бекмурат уулу Оштогу, Мадали эшен, Кайыпназар, Зыйабидин максым баштаган топ Анжиандагы орус аскер лагерлерине кол салмакчы болду. Элге тийбей, аскерлерди алсыратуу, курал-жаракка ээ болуу планы түзүлдү.

Ийикчи эшен Көк-Артка Чыйбыл болушка кабар жиберди, ал жакта Атакул паңсат да бар, жолго чыккыла, Асаке жанында кезигишебиз деди. Ал жактан болсо азирети эшен бул жакка чыга берсин, биз жер-жерлердеги мужуктарды тындым кылып, Анжианга келебиз деген жооп келди. Баары башталды. Миң-Дөбөдө Ийикчи эшенди ак кийизге салып көтөрүп, такбир айтышып, Дулдул деген атына мингизип хан көтөрүп жиберди.

Орус поселкалары Чыйбыл болуштун жигиттерине бош келбеди, алар бүт куралданып алган экен, союл көтөргөн кыргыздарды көп эле жакын жолото коюшпады.

17-майда Миң-Дөбөнүн Тажик кыштагындагы эски мечитке миңден ашык адам жыйылды, имамдыкка эшен өзү өттү, намаз бүтөрү менен эле минтип сүйлөп кирди: Азиз, мусулмандар! Бурадарлар! Баарыңарга маалым болгондой, журтубуз мусулман, калк мусулман, хан мусулман, шарияттын өкүмү ачык, буйругу дайын. Өкүмдү Алла Таала өзү билет, биз Жараткандын колундабыз. Журтубузга орус келди, каапырлардын бийлигине өттүк. Кудаярхандын ордуна Кауфман, Өмөрхандын ордуна Черняев келди. Баргана хандыгына Москөө падышалыгы, ак пааша өкүмдар болду. Орус отан журтту басып алып, тилибизди өзгөрттү, эми аста-аста динибизди өзгөртүүгө киришти. Келгенине отуз жыл болуп-болбой орустар мусулманга жеп-ичкенди үйрөттү, адал менен арамдын айрымасы калбады. Казылар мойнуна крест тагында баштады. Шариятыбыз кордолуп, мусулманчылык карып болду. Эркиндигибизден ажырадык! Сөзгө сөлтүк болдук!

Азиз, мусулмандар! Буларга өзүбүз себепкербиз. Азыркы абалыбызга Алла да, азирети пайгамбарыбыз да ыраазы эмес. Бул кулдукка жана баскынчылыкка ким эле ыраазы болсун. Азиздер, ушинтип жүрө берсек, бу каапырлар төбөгө чыгат!

Эчен улуу дөөлөттөрдү тикелеген биздин шер жана балбан бабаларыбыз бул тымпыйып жатканыбызды кечире албайт. Кана биздин күч, кана кубат, кана ата-бабаларыбыздан калган даанышмандык? Бизге эмне болду, кандай күндө калдык?!

Төрт жүз аалымыбыз бар эле. Бардыгы мусулман, баарысы түрк авладдари, баарынын аты Мухаммад. Баарысы ханафий. Бир динден, бир агымдан, бир ысымдан, бир топуракта, Түркстан топурагында ушунча аалымдын чыккандыгы мурда жер ааламда болбогондур!

Түркстандыктар ушунубузга мактанабыз! Ушунубузга сыймыктанабыз! Ошондой ата-бабаларыбыз жашап өтсө да биз майдаланып, осол болуп, тебеленип, уктап жатабыз!

Чыныгы түркстандык болсоңор жихадга чыккыла! Жихадда өлсөк шейит, өлтүрсөк газыбыз! Жихад! Жихад!

Эшен ушинтип айтканда намазга келген миңден ашык адам «жихад, жихад, жихад» деп кыйкырып жатса, кээ бирлери уңулдап ыйлап, кээ бирлери тообо келтирип, отурганы отуруп, турганы туруп, мечит эле эмес, маалалардын баарын дүрбөлөңгө түшүрүп жатты…

Миң-Дөбөдөн куптан намазын окуп, караламан көпчүлүк газаватка аттанды. Бир топту Мадали эшен өзү Дулдул атын минип баштады. Экинчи топту сексен таяп калса да ал-күчтөн тая элек максым Зыйабидин Шарип уулу ээрчитти. Ал да ушул эле Миң-Дөбөнүн үстүнөн, Жүлгө деген айылдан. Кезегинде Кокон паашаларынын тарыхнаамасын жазган билимдүү, такыба киши. Максым ичкилик кыргыздарына өзгөчө өтүмдүү болгон.

Үчүнчү топ болуп Кулудан Кайыпназар Артык Сопу уулу колу менен кошулду.

Газаватчылар орок, келтек, найза, мылтык, канжар, кылыч, иши кылып колуна эмне келсе, ошону алып орустарды келген жагына кетирүүгө, жөөсү жөө, атчаны атчан камынып чыкты.

Миң-Дөбөдөн чыккандар түндөп жүрүп таң үрүң-бараңда Анжиандын четине – Чокандга жете келди. Келди да жаалданган топ Ооган бактагы аскердик казармага кол салып, жыйырма үч солдатты жайран кылды. Лекин көтөрүлүшчүлөрдөн да көбү өлдү. Аларды эч ким санаган да, эсепке алган да, ак кепиндеп көмгөн да жок.

Анан эмне болду? Эмне болмок эле, өз жерин коргойбуз деген адамдардын канаты кагылды. Фергана шаарынын аскер башчысы Чайковский мыкты куралданган 250 жоокери менен келип Анжиандын жаңы шаарын тыптыйпыл кылып, мусулмандардын канын агызды. Аларга башка шаарлардан дагы чакыртылган падыша аскерлери кошулду. Селде, ак допу кийип жүргөндөрдү «сеники эшен» деп уруп, камап, сураксыз ата берди. Эл базарга чыга албай калды, бири-бирин сатмай, кыз-келиндерди зордуктамай, мечит-медреселердин күлүн көккө сапырмай шаарлыктардын үшүн алды. Солдаттар өздөрү өлтүргөн өлүктөрдү кайра туугандарына сата баштады. Көмүлбөгөндөр карга-кузгунга жем болду, көркөө иттер көбөйдү.

Эшен качып кетти. Фергана губернатору эшен кармалбаса Анжиан уездин бүтүндөй окко алам деп каарданды. Миң-Дөбөнү, андагы Ийикчи эшендин авлисин үч саат аткылап, жолуккан адамды өлтүрүп, мал-мүлкүн аскерлер талап кетти. Бул жыйырма үч жоокердин куну үчүн эки миң кишини камап салды, алардын көбү кыргыздар болгон. Акыры бир нече күндөн кийип Жакып саркар менен Кадыркул миңбашы амал менен Кызыл-Үңкүр менен Арсланбап-Атанын айрылыш таш көпүрөсүнөн эшенди кармап алат. Ошондо эшен «мени оруска кармап берген колуңар менен өз башыңарды уруп, сөккөн оозуңар менен өз денеңерди өзүңөр тиштегилеп жатып өлгүлө» деп каргаган экен, кийин экөө орустар убада кылган мансапка жетип, акыры эшендин каргышындай болуп өлгөн дешет.

Зийабидин максым бир топ жигиттерин ээрчитип, орустун буту баспас жакка – Кашкар тарапка ооп кетти…

Эшен кармалгандан көп узабай июндун он экисинде Анжиандын жаңы шаар майданына бийиги сегиз-тогуз кулач келген сегиз дар орнотту, калаа калкын зордоп айдап келди, алар сегиз жүздөй чоң адамдар болсо, дагы эки жүздөй жаш балдар эле, баары ушул хадисаны көрсүн, падыша бийлигине каршы чыккан кандай болорун билсин, жүрөктөрү биротоло өлсүн дешти.

Ийикчи эшен дар алдында унчукпай башын жерге салып тура берди. Кимдир бирөө «Эй, мусулмандар! Күбөө болгула, мен айыпсыз асылып жатам. Мага бул төрөлөр зулум кылды…» деп баштады эле эки солдат келип мылтыктын кундагы менен төрт-беш жолу урду эле анын да башы шалак этип, унчуга албай калды. Асылгандардын ичинен кимдир бирөөлөр ак жеринен кетип жатканын айтса, кимдир бири бала-чакасын дайындап атты, кимдир бирөө зулумчулур жок болсун деп бата кылгыла десе, балдардын «атакелеп» кыйкыргандары угулуп турду…

Ошентип кырк беш жаштагы Мухаммадали калпа Мухаммад Сабыр уулун, же Мадали эшендин, отуз үч жаштагы Рустамбек Сатыбалды уулунун, элүү экидеги Субанбек Арабай уулунун, отуз алтыдагы Ботобой Кайыпбай уулунун, кырк бештеги болуш Кайыпназар Артык уулунун, кырк төрттөгү Мырзахамдан Осмон уулунун дарга асылышы кимдир бирөөлөр үчүн ажал болсо, кимдир бирөөлөр үчүн сабак болду, кимдир бирөөлөр үчүн оюн болду…

Он сегиз адам дарга асылды. Калп эле ырайым калган болушуп үч жүз кырк төрт адамдын өлүм жазасын Сибирь сүргүнү менен алмаштырышты.

Миң-Дөбөгө барган аскерлер адамдар калбай калып, тоок менен иттерди да ата баштады, элинин өлгөндөн калганы Маргалан менен Ошко, Наманганга качты. Миң-Дөбөгө уезд акими өзү келип, тыптыйпыл болгон үйлөрдүн араларын өлчөп-ченеп, саржандап, жаңы көчөлөрдү чыгарды. Бир ай өтүп-өтпөй арабаларда ичкери Орусиядан мужуктар, жер ээлери келе баштады.

Бул жердеги падышанын төбөлдөрү аларды «Кош келиңиздер, мархамат» деп, Миң-Дөбө аты өчүп «Мархамат» аталып калды…

Абдыкерим МУРАТОВ, «Zaman Кыргызстан» («Дем»), 14-21.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий