Калемгер касиети

Жашынан эл оозуна илингенди; кичи пейилдиги, элпектиги, тил алчаактыгы, боорукердиги, чынчылдыгы билингенди – абийирлүү өсүп баратат дешип, ага ак тилектүү алкыш жаайт. Боюна бүткөн абийирине чаң жугузбай, көпчүлүктө көмө жүрүп, көрүнгөнгө көмөгүн аянбаган; ар тараптан өсүшкө аракетин арттырып; жан дүйнөсүнө күл азык даярдаган; жаздым кетирбейин деп аярланган улан ошол калыбын терең улгайганча карманса – касиеттүү карыды дешет. Андан акыл сурап алкыш, бата алалы деп айланчыктайт. Ала-Тоо аймагында касиеттүү карыларыбыздын карааны анча суюла элек. Азыр биз, кеп ура турган ошондой карыларыбыздын бири – Кыргыз эл жазуучусу, согуштун жана эмгектин ооруктагы ардагери, “Эл агартуунун мыктыcы”, Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору, кезинде “Чалкан” журналынын башкы редактору, элүү жылдап адабият майданында ат салышып, жыйырмадан ашык роман, повесттердин жана “Көсөмдүк жана чечендик” дарсын ачып, “Оозеки китеби” менен жогорку окуу жайларына коомдук башталышта насаат окуган таалимчи, 500дөн ашык очерк, публицистика, фельетон жанрларынын автору Калканбай АШЫМБАЕВ жөнүндө азыноолак аңгеме-дүкөн курмакпыз.

I

Калканбайдын түп атасынан бери башка чукак келип, жалгыздан тукум калып, аларга тагдыр өнөрдүн ар салаасынан шыпаа айткан. Чоң атасы Ашымбай колунан көөрү төгүлгөн уста, чоң энеси сөзмөр, өз атасы Мамбеталы манасчы, энеси Кенжекан кошокчу, жез оймок атыккан ишмер болушкан.

Калканбай чоң атасынын тарбиясында болуп, аны өнөрчүлүккө үндөгөн, бирок ал сөз тыңшап, ой-тоону тынымсыз кыдырган жөө күлүк атыгат. Атасы Мамбеталы Ашымбаев 1937-жылдары колхоз театрына кирген. Саякбай Каралаев экөө ээрчишип жүрүп, Өмүрдүн уулу Чойкеден “Манас” үчилтигин толук үйрөнүшкөн. 1939-жылы Мос­квада өткөрүлгөн кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышып, Кремлде Алмамбеттин арманын, ал эми Саякбай Каралаев Каныкейдин жомогун айтышкан.

Ошентип Калканбай жаш күнүнөн кунарлуу сөзгө, кулачтуу ойлорго каныгып, Улуу Ата Мекендик согуштун күн-түн тыным албаган мезгилинде кайратына эмгек эткен. Улуу Жеңиш жергебизге байрагын желпип келген учурдун соңунда он беш жашында “Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы (1941-1945) эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланган.

Калканбай ошол жылдары мектептин дубал гезитинин редактору болуп, окуучуларды жашынан абийир күтүүгө үндөгөн. Анын чыгармачылыкка шыктанышына, адамгерчиликке ыкташына ошол учур жөлөк да, өбөк да болгон.

II

Мен 1954-жылдары “Кыргызстан пионери” гезитине адабий кызматкер болуп орношком. Ошол кезде Калканбай Кочкор райо­нунун мектептеринде математикадан сабак берип жүрүп, макала, очерк жазып турду. Көрсө, ал жазуучу болом дебей, математик болушту көксөп Караколдогу мугалимдер институтунун физика-математика факультетине кирип, аны 1952-жылы бүтүргөн соң Кочкор районунун мектептерине чектелет. Ошол учурда адабиятка кызыгып, аңгеме, очерк, сатира жазып кирет.

1959-жылы “Ленинчил жаш” гезитине чакыртылып, адабий кызматчылыкка орношот. Баса, алтымышынчы жылдары жаш жазуучулардын республикалык тунгуч кеңешмеси ачылып, докладды “Ала-Тоо” журналынын башкы редактору Касым Каимов жасады. Докладга бир топ жаш жазуучулардын ысымдары аталды:

– Өз үнүн, өз стилин тапкан Чеховдун изин баскан Калканбай Ашымбаевдин “Түйүлгөн топурак” аттуу аңгемеси татыктуу деп табылып, журналга басылды. Талбай изденсе, талантын өөрчүтөрү шексиз, – деген Касым Каимовдун баасы ага аскар зоодой колдоо болгон. Ошол кеңешмеде Түгөлбай Сыдыкбеков жаш прозачыларга таалим-такшалуу жагынан өтө керектүү кеңештерин айтып, акыл-насаатын берген. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө дейре окуганын жашоосуна, чыгармачылыгына айкалыштырып келет. Ошол күндөн ушул күн философия, педагогика, тарых, медицина илимдерине ынак. Анткени калемгер “Ден соолук”, “Мугалимдер газетасы”, “Кыргызстан маданияты” жумалыктарында иштеп, ар тараптан такшалды. “Чалкан” журналында он жылдап кызмат өтөп, адилдиктен тайбай өстүрөр сынды курал этип, коомдогу ыпластыкты өрткө айлантышка көмөгү тийди.

III

Көркөм ойлор көрөңгүлөнүп, калем такшалган сайын көлөмдүү чыгармаларды жаратууга ашыкты. Жазуучу кыйла чыгармаларын зарылдыктан улам жазды. Ал кезде калемгер “Кыргызстан маданияты” жумалыгында проза жагын тейлеп турган. Күндөрдүн биринде жогортон көрсөтмө болуп, “Интергельпонун” элүү жылдыгына карата очерк басууга туура келди. Башкы редактор Касым Каимов кызматкерлерге кайрылды:

– Кана, “Интергельпо” жөнүндө кимибиз жаза алабыз?

Эч ким жооп кайырбаган соң, акын Кудайберген Жуманазаров:

– Калканбай физик, математик, илгери ТЭЦ курулуп жатканда репортаж жазган. Ушунун гана колунан келет.

Каимов күлүп:

– Ушундайбы, кандай дейсиз? – дейт.

– Барып көрөйүн…

– Очерк жаз… Биздин өнөр жайды түптөшкөндөрдү унутушка болбойт. Бир жумалык командировка…

Ошол күндөн баштап, калемгер “Интергельпону” алгач ирет уюштуруп, там-тарагын пулдап, станокторду жүктөп келишип, Фрунзе калаасынын четине завод, фабрика курушкандарга жолугат. Фрунзе атындагы айыл чарба заводунда узанышкан, алардын уул-кыздарына кездешип, сыр тартышып, иштери менен таанышат да, “Адам жана гигант” аттуу көлөмдүү очерк жаратат. Очерк­ти КРнын эл жазуучусу, кыргыз совет адабиятын түптөөчүлөрдүн бири Касымалы Баялинов жогору баалайт.

Калканбай ал тилекти угуп, жумушчулардын турмушун жазганга бел байлап, бир нече жыл изилдеп отуруп, элүү жылдык курбалына карата “Интергельпо” романын жарык көргөздү. Калемгер геология илимине чыйыр салган Үсөнгазы Асаналиев жөнүндө “Академик өмүрү”, дүйнөлүк медицинага салым кошуп, Орто Азия чөлкөмүндө алгач ирет жүрөктүн кемтик дартын дарылаган Иса Коноевич Ахунбаевдин өмүр жолуна арналган философиялык этюддардан турган “Даанышман” аттуу романдарды жаратты. Анын “Жанчар”, “Жолдогу өмүрлөр”, “Теңиз жан”, “Кантсин бечара”, “Жарты жан” аттуу жыйнактары сөздү барктагандардын китеп текчелеринде туруу менен мектептен тышкары сабактарда окулууда.

IV

Мурдагы СССР жоюлганы мүнөз, аң-сезим өзгөрдү, абийир, ар-намыс алыстады. Ошентсе да ак ниеттүүлөр коому ата-баба наркынан кол жууган жок. Бирок, калайык калктын жан дүйнөсүнө азык болор, улуу көчүнө багыт болуп, жарыгын чачар көркөм ой дүйнөсүнө бөгөт болор караңгылык туманы каптады. Калемгер кантээр айласын таппай тумчукту. Алардын асыл ойлору кагазга топтолду. Бирок, өлбөс-өчпөс эл турганда “Кызыл от кысыр калмак кайда?! Колунда жугу барлар, жазуучунун калеминен сөз кунары, ой булагы агыларын баамдагандар анын китептерин четинен жарык көргөзө беришти. “Чалдарында бата жок, балдарында ата жок” заман келбегей эле”, – дептир Арстанбек.

Чынында улуулар бата бериштен четтеген экен. Буга абагир чеккен жазуучу “Батакөй чал” деген философиялык этюддарын жазды. Батаны арбын берип, алкыш жаадырган карылар көбөйгөй эле деген тилекте жаралган чыгарманы бир боор карындашы, акын Бурулуш Ашымбаева баш-аягы эки миң нускада жарык көргөздү. Китеп колдон-колго өттү; радионун алтын казынасына коюлду; “Кыргыз Туусуна” сандан-санга басылды. Элге билим берүү министрлиги мектептерде окулсун деген жарлык кабылдады.

Энелер молдолорго барып тумар чийдирмекке далбасташты. Не дегенде, өспүрүмдөргө каада-салт, жорук-жосун жөнүндө акыл-насаат өтө аз айтылды. Ушул көкөй кести окуядан улам жазуучу “Бой тумар” аттуу китебине асыл-ой берметтерин, акыл-сезим дүрмөттөрүн топтоду. Бул чыгарма да улуттук радионун алтын коруна алынып, басма сөздөргө басылды. Эл агартуу министрлиги “Бой тумарды” мектептерге окулсун деген жарлык кабылдады.

V

Бири кем дүйнө деген ушул экен; эл самаган китеп жарык көрөт, бирок нускасы аз, сатып алышка пулу жок. Мындай кыжаалат күндө жазуучу “Оозеки китеп” дегенди тапты. Жогорку окуу жайларына, техникумдарга, кесиптик лицейлерге, мектептерге барып, терме, санат накыл уютмалуу сөздөрүн жатка академиялык бир саатка бекер окуй баштады. Студенттер, жаштар абдан кызыкты. Ошондон улам анын китептерин арзан баага сатып ала башташты. Окуу жайлары китепканаларга алышты. Кыргыз-славян мамлекеттик университетке кырк саат; башка ЖОЖдордо төрт сааттан окуду. 2005-жылдан бери миңдеген улан-кыздардын жан дүйнөсүнө акылман сөздөрдүн үрөнүн септи. Ал өнөрүн дале улантып келет.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик универси- тетте “Чечендик жана көсөмдүк” аттуу дарс ачып, атайын программа менен бир семестр сабак берди. Ошондон улам жазуучуга “Ардактуу профессор” илимий наамы ыйгарылды.

Жазуучу жаштарга акыл демелбей, ата-баба салтына, наркына сугарылбай дендароо, маңыроо болушуп, салам укпаган, бата жукпаган; көөдөнү өлө уктаган; кулагын бүтөгөн; жан дүйнөсү жутаган жаштардын катары өсүп баратканына кейиди. Ошол себептен көчө-көчөдө топтошкон жаштарга “Ассалоому алейкум” айтып, ар бири менен кош колдоп алакан алыштырып, ар бирине ар башка бата узатат. Ошондо тигилер дымырап, калемгерди таңдана карашат.

Көп кабат үйлөрдүн жанындагы, мурдагы мекемелер жатаканасы болгондун тегерегиндеги тестиер балдар: “Салам, салам” – деп алдын утурлап жүгүрүшөт. Ана, калемгер дагы жоон тобуна бата берип, акыл-ой уругун чачыратып барат.

– Сталиндин сүрөтү бар медаль. Ошол сандаган орденге татыйт, –деп тамашалап калат. Кезинде атак-даңкка, байлыкка сугун артпады. Ошого карата өзүнүн накыл сөзү менен аяктайлы.

– Сөз баккандын эмнеси бар – деп акылмандан сураса, муну айтыптыр:

– Сөз баккандын малга толбойт короосу, данга толбойт ороосу. Бирок, жамы журтка жагымдуу асыл ой, акыл ордосу.

Калемгердин бактысы да, касиети да ушунда.

Сексен жылдык курбалың кут болсун, даанышман курбу!

Абзий КЫДЫРОВ, акын, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын лауреаты,
“Кыргыз Туусу”, 19.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий