Көп кырдуу жигит – Памирбек

Памирбек Казыбаев көп кырдуу инсан. Адабиятчы, публицист, чебер журналист жана маданият ишмери. Быйылкы күздө алтымыш жашка кол берип, ашуудан отчет берип турган кези. Улуттук китепканада өткөн анын чыгармачылык көргөзмөсүндө алтымыштын ашуусуна куру кол келбегенине коомчулук күбө болду. Көрсө, ал айтылып калгыдай албан эмгектерди жаратып келген экен. Анда сөзүбүз ирээти менен болсун.

Кыргыз элинде Алыкулду сүйүүчүлөрдүн саны огеле көп, бирок алардын ичинен өтө таанымалы, тактап айтканда “Алыкулга күйүүчү” десек да жарашат, Памирбек Казыбаев экендиги көпчүлүккө маалым. Биз бир курста окуган парталаштарданбыз. Мындан 30-35 жылдар мурунку жаштыгыбызды эстесем, ошондо эле Памир Алыкулду сүйгөндүгү билинген. Ырларын жатка окуп, күйүп-жанган жигит эле.

Мен дагы Алыкулдун күйөрманымын да. Андан бери заман алмашып, таанылгыс өзгөрүүлөр көп болду. Бирок Памирбек өзгөргөн жок. Дагы эле Алыкулду сүйгөн бойдон калды. Базар экономикасы келген учурда авторлор үчүн китеп чыгаруу чечилбеген маселеге айланды. Ошого карабастан эптеп жолун таап чыгарып жатышат. Памирбек ушунда да өзүнүн китебин эмес, Алыкулдун китептерине басым жасап, өзүнүкүнөн көбүрөөк чыгарып жатканы белгилөөгө татыйт. Ал эмес “Аккан суу”, “Көл толкуну” ырлар жыйнактарын англис тилине да котортуп чыгарып жатат. Жакынкы жылдарда Алыкулдун атактуу котормосу Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” дастанын кайталап басмадан жарыкка чыгартты. Бул окурмандардын сүйүктүү чыгармасы катары 7-чыгарылышы.

Адамдын жүрөгү бир нерсеге берилүү менен киришсе, ал иш сөзсүз ишке ашат деген чын. Бишкекте Алыкул Осмонов жашаган үй залкар акындын көзү өткөндөн кийин колдон-колго өтүп, башкалардын менчигине айланган. Мына ошол үйдүн тарыхый баалуулугун кайра ордуна келтирүү үчүн шаардык мэрияга маселе коюп, бир нече жылдар чуркап жүрүп, акыры Алыкулдун үй-музейине айлантканы, ага экспонаттарды чогултуусу чоң эмгек деш керек. Мен да акынга күйөрман катары колдон келген жардамымды аяган жокмун. 2001-жылдан ал үй “Алыкул үй-борбору” коомдук бирикмеси аталып, калемгерлердин ыйык жайы болуп калды. Бул бирикменин демилгеси менен борбор шаарыбыздагы №68-мектеп-гимназияга, Ысык-Көлдөгү бир кемеге, 4060 метр бийиктиктеги Ала-Арча капчыгайындагы чокуга Алыкулдун аты ыйгарылды. Бул бир дейли.

Памирбектин жүрөгү ушунчалык сезимтал, коомубуздун күрөө тамыры менен бирге согуп тургандай сезилет. Кезегинде дүйнө элине угулуу менен “Манас-1000” тарыхый окуя катары белгиленбедиби. Ошол жылдары Памирбек “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына даярдануу жана аны өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы адиси, “Манас-маалымат” басма сөз борборунун жетекчиси болуп турган эле. Жалпыга маалымдоо каражаттарында анын жүздөн ашык макалалары жарык көрдү. Анын жетектөөсү менен “Манас”, “Манас-1000” фото альбомдору түзүлүп, кыргыз, түрк, англис тилдеринде жарыкка чыкты. Лондондо “Манас-1000” китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн уюштуруучусу, “Манас” энциклопедиясынын авторлорунун бири болду. Бул эки дейли.

Ашым агайдын “Шекерден Теңирге” аттуу дагы бир китебин жарыкка чыгарууда уюштуруучу-редакторлукту аткарды. Бул үч дейли.

Кыргыз элиндеги кыргын окуясы болгон 1916-жылдагы үркүндү кантип унутабыз. Совет мезгилиндеги кыргызга антисаясат дегичелик жогорку бийлик аны жаап, айттырбай келгени жалган эмес. Эгемендикке жетүү менен тарыхтын өжөр чындыгы бул окуяны кайрадан суу үстүнө жайылган майдай калкытып алып чыкты. Мында да Памирбек четте калган жок. Өзү туулуп өскөн Асылбаш айылында алгачкылардан болуп Үркүн окусына арналган эстеликтин курулушуна демилге көтөргөн. “Кыргызстандагы 1916-жылдагы элдик эркиндик көтөрүлүш” аттуу архивдик документтерди, көтөрүлүшкө катышуучулардын эскерүүлөрүн чогултуп, керектүү далилдерди таап чыгып, ал тарыхый окуя тууралуу китептин түзүүчүсү болду. Ал эми жакында 16-жылдагы көтөрүлүш боюнча дагы бир китеп даярдап, басмадан чыгуу алдында турганын айта кетүү жөндүү. Андагы айтылгандарды фотосүрөттөр коштогону окурмандарга абдан кызык болмокчу. Бул төрт дейли.

Жеке чыгармачылыгында да бир топ ийгиликтерге жеткенин белгилей кетүү керек деп ойлойм. Памирбектин Алыкул тууралуу изилдөөлөрү “Мезгил жана Алыкул” аттуу китебинде жакшы берилген. Анда мындан 25 жылдай мурун таланттуу калемдеш досубуз Мундузбек Тентимишевдин Ташкентте окуп жүргөн кездеги Алыкулдун жубайы Зейне апа тууралуу жазган каттарынан бери бар. Дегеле Алыкул тууралуу элге белгисиз көп окуялар жыйналган. Бул анын адабиятчы катары жараткан чоң эмгеги, ал китеби үчүн Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул атындагы адабий сыйлыгы ыйгарылган.

“Нышаа жана анын жашаган доору” аттуу 26 басма табактан турган тарыхый-популярдуу китебинде кыргыз элинин 17-кылымдагы жана 18-кылымдын экинчи жарымындагы тарыхы чагылдырылган. Башкы каарман Нышаа Кудайменде уулу Асылбаш айылынан чыккан баатыр жана элчисинин аткарган каармандык иштери аркылуу ошол мезгилди окурмандардын жүрөгүнө сүртөт. Даректүү маалыматтар кытай, орус, казак тарыхынын булактарынан алынган. Ошондой эле кыргыз санжыраларына, тарыхчы окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянуу менен Памирбек Казыбаев бул китепти төрт бөлүмдөн түзгөн. Бул эмгекти түзүүчү катары өтө чебердикте иштеген. Өзүнүн дагы “Бала Айылчы баяны” жана “Нышаа таануу” аттуу макалаларынын эң кызык чыкканын китепти колуна алып окуган окурман дароо баамдайт.

Кыргыз тарыхынын жазма түрүндө башатын ачкан белгилүү окумуштуулар Радлов, Бернштам, Абрамзон, Реми Дордун эмгектерин кыргыз тилине котортуп, жарыкка чыгарууда кошкон салымы да зор. Мажарстандын улуу таланты Шандор Петефинин китебинин кыргызча которулушу менен кайра чыгартуу иштерине да эмгеги чоң. Учурунда аны Алыкул которгон. Азыркы мезгилде Памирбек дагы бир жаңы китебинин кол жазмасын басмага даярдоодо. Бул беш дейли.

Памирбекти “Чокморовчу”, “Жакыпбековчу” деп да тамаша-чындан айтып жүрөбүз. Дүйнөгө кыргызды тааныткан улуу актер, СССРдин эл артисти Сүймөнкүл Чокморовдун ысмы эске алынбай, баркталбай жүргөнүнө күйгөндөрдүн бири да ушул Памирбек. Белгилүү жазуучу Ашым Жакыпбековду кыргыз журтчулугу жакшы билет. Ашым агайдын “Теңири Манас” романы прозадагы ыр десе болот. Улуу эпосту кара сөздө жорго сөздөр менен шөкөттөп, өз бийиктигинен түшүрбөй кемелине келтире жазган эмеспи. Кийин автор көзү өткөндөн кийин ал эмгекке Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлык ыйгарылды. Мында да Памирбек күйүп-бышып бир нече макалаларды жазып,ушундай улуу эмгек унутта калбоосу, өз баасын алуусу үчүн жүрөгү менен берилген демилгечилердин бири болду.

Негизинен эле Памирбек өмүрүн журналистикага, басма ишине арнап келди. “Экран” журналында котормочу-редактор, “Кино жаңылыктары” жумалыгынын жооптуу катчысы, “Кыргызстан” басмасында, “Учкун” ААКсында жооптуу кызматтарда эмгектенди. 2008-жылдан бери “Маданият” журналынын башкы редактору кызматын аркалоодо.

Памирбек үй-бүлөдө да бактылуу ата. Чыгармачыл үй-бүлө десек да болот. Өмүрлүк жары Мистегүл тарых илиминин кандидаты, окумуштуу, уулу Шомор Сыргак Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты. Кызы Аида АКШда, кийин Венгрияда билим алган. Күйөө баласы Даут Кара тарых изилдөөчү окумуштуу. Кичүү кызы Ариет япон тилинен адис. Мына ушундай, биздин замандашыбыз, каламдашыбыз Памирбек Казыбаев алтымыш жашка арбын эмгектери менен келип, жүзү жаркып турган учуру. Бирок, албетте, бул чек эмес. Алдыда дагы чоң максаттарды көздөгөн ашуулар бар. Ошого жетсин деген тилекти айталы.

“Кыргыз Туусу”, 23.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий