Сахна ханышасы – Сабира Күмүшалиева

Улуттук сахнанын чебери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл артисти, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты Сабира Күмүшалиеванын 1934- жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында чыгармачылык тушоосу Касымалы Жантөшевдин “Карачач” драмасындагы Карачачтын ролу менен кесилген. Ал Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумдун даярдоо курсунда окуп жаткан.

Кыргыздын профессионалдык театрынын жаңыдан телчиге баштаган ошол мезгилинде театрдын труппасын таланттарды тандоо менен толуктоо болуп жаткан. Сабира Күмүшалиева ошентип турмуш менен сахна жашоосунун айкалышкан сабагын алып, улуу университеттен өткөндөй тагдырга туш келди. Атактуу актриса биринчи аткарган ролунда эле образга терең кирип, турмуштун өзүндөй ойногон.

Ошондон башталган жол согуш жылдарында коюлган спектаклдерде өсүп, өргө тартып жүрүп олтурду. Атап айтканда травести деп аталуучу тестиер балдардын ролунан тартып карыган кемпирдин ролуна чейин кирген кеңири пландагы татаал образдардын эсте каларлык катарын жаратты. Атап айта келсек К.Жантөшевдин “Курманбек” драмасында ал жараткан Гүлгаакынын образы романтикалык пландагы каарман болсо, В.Губаревдин “Павлик Морозов” спектаклиндеги Алешанын образы балалыктын баёолугунан чыга элек, али жаш баланын образы. Ал эми К.Маликов менен А.Куттубаевдин “Жаңыл” драмасындагы Кантайдын образын ал ичи тар, жамандыкты гана жасоодон канаат алган терс каарман катары кемелине келтире аткарган.

С.Күмүшалиева комедия жанрында өтө чебер иштеген бирден-бир мыкты актриса десе болот. Ал жараткан комедия­лык образдардын галереясын карап олтуруп, кейипкердин кемчилигине, же актрисанын куудул мүнөздү алып чыккандыгына күлбөстөн, ошол кырдаалда көргөзүлгөн жагдай күлкүгө карк кылат. Демек, анда адамды шылдыңга алган күлкү эмес, аны көргөн соң ошондой болбоого ойлонткон күлкү жаралат. Мындай учурду Т.Абдумомуновдун “Каркыралар кайтканда” спектаклинде Батыйнанын, “Жыгылган оогонго күлөт” спектаклинде Бурманын, “Жарыктык карыларымда” Үпөл, Р.Шүкүрбековдун “Жашыл токой” комедиясында Жалжалдын, “Жапалак Жатпасовдо” Седептин, Ж.Садыковдун “Күйөө жолдошундагы” Багымдаттын ролунан көрүүгө болот.

С.Күмүшалиеванын артисттик өзгөчөлүгү өзүнө берилген каармандын ички дүйнөсүн таап, мүнөзүн өздөштүрүп, тереңден изденип, анан сахнага алып чыккандыгы. Ошон үчүн ал сахнанын улуу чебери болду. Айтмакчы театр изилдөөчүлөр, сынчылардын пикири боюнча Күмүшалиевадай эпизоддук каарман аркылуу аттын кашкасындай таанылган актерлор аз. Мисалы М.Тойбаевдин мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун өмүрүнө арналган “Жарык жылдыз” аттуу драмасындагы эпизоддук эле каарман белимчи кемпирдин ролдун аткарып, сахнанын бир учунан экинчи учуна чейинки аралыкты басып өтүп кеткени да көрүүчүлөрдү ыраазы кылып, турмуштун өзү кандай болсо дал ошондой элес, таасир берип, алакан чаптырган экен. Дагы бир эске түшкөн нерсе, кемпирдин ролун аткарып жатып гөлөшүн көпчүлүктө жоготуп албас үчүн чечип, колуна кармап алып, олтурган жерине бекиткенин режиссер үйрөткөн эмес дешет.

Мындай кесипкөй артисттер режиссер үчүн табылгыс байлык. Ошондон улам даярдалып жаткан спектакл­дерде байкалбай турган майда ролдор боло калганда аны Сабира Күмүшалиеванын аткарып берүүсүн суранган учурлар көп болгону чындык.

Сабира эже өзү ролду тандап кербезденген мүнөз күткөн жан эмес. Кандай ролду сунушташса дагы ошол кейипкерге айланып, кылдат иштеп, элге жарк эттирип алып чыккандыгы элдин да эч качан көз жаздымында калбаса керек.

Ал Кыргыз академиялык драма театрына бүткүл өмүрүн арнаган актриса. Т.Абдумомуновдун “Тар капчыгайында” Майсалбүбү, Цао-Юйдун “ Тайфунунда” Фандын, А.Көбөгөновдун “Болот менен Тынарында” Мастандын, Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетейинде” Чыйырдынын, Б.Жакиевдин “Атанын тагдырында” Оңолкандын, А.Абдуллиндин “Он үчүнчү башкармасында” Саубан апанын, А.Дыйканбаевдин “Мүрөктүн суусунда” Шербеттин ролун өтө чебердикте изденүү менен алып чыккан.

Кыргыз киносунун калыптануу жолу менен дагы тагдырлаш болуп келе жаткан актриса бул тармакта да өзүн чыныгы нукура талант экендигин таанытты. Болот Шамшиевдин “Ак кеме” жана Төлөмүш Океевдин “Уркуя” көркөм тасмаларындагы бирине-бири карама-каршы образдарды кандай гана керемет, турмуштун так өзүндөй образга кирип ойноп салган. “Эл арасында”, “Арман”, “Бөрү зындан”, “Он үчүнчү небере”, “Кызыл алма”, “Эрте жаздагы турналар”, “Биринчи”, “Лифти бар үйдөгү тепкичтер” ж.б. кино тасмалардагы ойногон ролдору ар бири өзүнчө мүнөздү берсе да, баары эженин өзүнө гана жарашып турат, жүрөккө жакын. Ал каармандарды башкалар андай ойной албачудай сезилет. Элибиздин кулагына тааныш “Төкөлдөштүн төрт кызы” деген даңазалуу сөз бар. Улуттук маданиятыбыздын алгачкы плеядасынын карлыгачтарынын бири, атактуу ырчы Сайра Кийизбаева, андан соңку муундун чыгаандары Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева төртөө бир айылдын кызы. Буларды артист деп айткандын ордуна сценанын устаттары, искусствонун чеберлери деп атоого татыктуу. Анткени артисттерден көп неме жок. А булардын жараткан образдары көрармандын көңүлүнөн өчпөй орноп, дагы көрүүнү эңсеттирет, суусаттырат. Ошон үчүн чеберлер.

Сабира эже бир жылдары чыгармачылык иште жолугушкан маектешүүдө: “Тигил үчөө СССРдин кызы болсо, мен нак эле кыргызымдын өз кызымын”-деп тамаша-чыны аралаш айтканы бар. Анткени ал үчөө тең театр сценасында дүйнөлүк жана советтик, улуттук классикадагы чыгармалардан каармандарды чебердик ойноп чыккандыгы бааланып, учурунда СССРдин эл артистигин алышкан эмеспи. Балким андай наам ошондо Сабира эжеге деле берилмек, буюрбаса айла жок да. Элибизге эгемендүүлүк келгени ага “Кыргыз Республикасынын Баатыры” ардактуу наам берилиши. Сабира эженин оозуна сала бергендей жогорудагы сөзүнүн чындыкка айланып торколуу 90 жашка караганда Баатырдыкты алышы бактылуу тагдырдын ээси экендигин бекемдеди.

Бу кишинин улуу жөнөкөйлүгүн да көрүп калдым. Ошо баатырдык наамды алгандан кийин деле өзүн баатырдай көрбөй, баягы эле жөнөкөй пейли менен “алдыңа кетейиндер” деп турганын угуп бир эсе таң калып, бир эсе сыйлагың келген жылуу сезим пайда болчу эле. Ошо күндөрү маектешүүдө дагы бир мындай сөзү эсимден кетпей калды: “Ушу кыргыз элимден кагылайын, мага окшогон чүкөдөй кызын тоонун башына жеткире көтөрүп, баатыр атап койгонуна таңмын. Өзүмчө ойлоном да, бу элиме өмүр бою эркелеп келе жатам, ошончолук эмне кызмат кылдым дейм да, же боюм болсочу, же бир чүрөктөй өңүм болсо экен”.

– Сиздин талантыңыз бийик, сулуу да эже, – дейм.

– Кой, алдыңа кетейин, мен ушул кыргыз элим үчүн канча жашка чыксам да акыркы күнүмө чейин иштеп беришим керек. Кудай мени театр үчүн жараткан. Мен ушул театрды көрбөсөм жашай албайм, – деп адеми боюн чыкыйта түздөп ойлонуп олтуруп калганы көз алдымда калды.

Сабира эже сахнада 70 жылдан ашык убакыт узанган экен. Бул жылдар аралыгында ал жараткан образдар театр менен кино искусствосунда өзүнчө эле бир каармандардын галерея­сын түзгөн. Ал – түбөлүк өлбөстүккө айланган сахна ханышасынын кыргыз элине калтырган эмгеги.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 23.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий