Замандаштар жүздүн кырында

«Тарыхты эл жаратат»,- деген кеп бар кыргыз элинде. Ушул  кептин төгүнү жок. Анткени тарыхты айрыкча элден чыккан эрендер, акылдуулар курушат эмеспи. Элдин, өлкөнүн келечегин жакшы жакка бурууда, анын жер менен жексен кылып жок кылууда да, ошол эрендердин ролу чоң болот тура. Бактыга жараша кыргыз элинин маңдайына биздин тарыхты жараткандар мыкты чыгышыптыр. Алсак, мындан туура бир кылым мурда кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөп, маданиятын, адабиятын жаңы тепкичке көтөрүп, эл тагдырын ойлогон ондогон уул-кыздар төрөлгөн экен. Быйыл, 2012-жылы биз алардын жүз жылдыгын белгилеп, өткөндү эске салып турган кезибиз.

ГАПАР АЙТИЕВ
Мындан туура 100 жыл мурда, 1912-жылы сентябрдын  28инде Оштун  Төлөйкөн айылында болочоктун залкар сүрөтчүсү Гапар Айтиев туулган эле. Ал жараткандан берилген таланты менен жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жаш сүрөтчүнүн  жаштыгы кыйын кезеңдерге тушугуп, бирок чыныгы оргуштаган талант ага ээ-жаа бербей, жакыр жашоого баш ийбей,  окууга тапшырып 1932- жылы Кыргыз институтун бүтүргөн сүрөтчү  1932-1934-жылдары Жалал-Абад педтехникумунда мугалим болуп иштейт. 1935-1938-жж. Москвадагы «1905-жылдын элесине» көркөм сүрөт окуу жайында Н.П. Крымов менен П.И. Петровичтерден билим алат. СССРдин Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын биринчи Республикалык Көркөм выставкасынын катышуучусу болуп эмгектенип, 1941-1945-жж. Ата Мекендик Согушка катышат. 1944-1968-жж. Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзун жетектейт. Жаңы муундагы кадрларды даярдайт жана сүрөт искусствосунун ар кыл жанры жана түрүнүн өнүгүүсүнө жол түзгөн.

АБДЫ СҮЙӨРКУЛОВ
Убагында  Кыргызстан Министрлер кеңешинин төрагасы болуп, бир катар маанилүү объектилердин курулушуна түздөн-түз катышы бар Абды Сүйөркуловдун көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка чыкмак. Ал 1912-жылы азыркы Токтогул районунун Торкен айылында жарык дүйнөгө келген. Абды Сүйөркулов партиялык жана мамлекеттик ишмер  катары кыргыз элине опол тоодой эмгек кылганы менен көп убакыт анын аты көмүскөдө калып келген.  Ал өзүнүн иш жолун райондук деңгээлдеги кызматчыдан баштап, Министрлер кеңешинин төрагалыгына чейин жеткен.  1950-жылы Кремль Абды Сүйөркуловду Министрлер кеңешинин төрагалыгына дайындаганда  38 жашта болгон. Жаш жетекчи бул кызматта  8 жыл олтурган. Мына ошол убакта кыргыз жериндеги көп өнөр жай ишканалары ачылып, имараттар курулган.

ЫСАКБЕК МОНУЕВ
Тарых барактарында  аты түбөлүк калган кыргыздан чыккан биринчи генерал Ысакбек Монуевдин  да быйыл 110 жылдыгы белгиленет.  Уникалдуу инсан, генерал Ысакбек Монуев өткөн XX кылымдын I жарымында кыргыздын намысын коргоп, эл аралык масштабда аскердик иш жүргүзүп, өзгөчө зоболо күткөн коомдук жана мамлекеттик ишмер болгон.  Ысак генералдын жаш чагы өткөн Кытайдын Шиңжаңда 1928-жылы  Гоминьдан өкмөтү  тарабынан адилетсиз саясат жүрүп, Шиңжаңдагы этникалык кыргыздар менен башка улуттарга коркутуп-үркүтүү, баш көтөргөндөрүн басуу, маңкуртташтыруу саясаты башталган. Ысакбек анда 25 жашта болгон. Намысына келген жигит Шабдандык өкмөттүк отрядды таштап, өзүнчө басмачыларга каршы аскер кураганга бел байлайт. Бул этникалык кыргыздарды эле эмес, азап көргөн башка улуттун өкүлдөрүн да боштондукка чыгарууга болгон биринчи аракети эле.

Ошентип, Ысакбек Монуев 1934-жылы Түштүк Шиңжаңды  басмачылардан биротоло тазалап бүтөт. Ушул эле жылдары Кашкарда Сабитдамылла Абдулбакиев түзгөн англиялык багыттагы Чыгыш Түркстан өкмөтү да Ысакбектин күчү менен жоюлган. Мына ушундай жагдайлардан, жеңиштерден кийин гана Үрүмчүдөгү жаңы Үрүмчү өкмөтү  Монуевге кол сунуп, мамиле түзүүгө аргасыз болуп, аны кыргыздан чыккан биринчи генерал деп аташат.  Ысакбек андан көп өтпөй,  1935-жылы Улуучат ооданына аким болуп  шайланат. Ал аким болуп турган чакта, Кашкардан Эркечтамга каттай турган  265 км. узундуктагы таш жол салынган экен.

РАХМАНКУЛ ХАН
Ооган кыргыздарынын ханы аталган Рахманкул хандын көзү тирүү болгондо   быйыл 100 жашка чыкмак. Рахманкул Жапаркул уулу Азыркы Чоң Алай жергесинде  1912-жылы жарык дүйнөгө келген.  Бирок, 1949-жылы совет бийлигине каршы чыгып, өзүнүн санаалаш жана туугандары менен кошо Кытай тарапка качып, түркүн кырдаалдан,  Ооганды жердеп отурукташып, өзүн-өзү хан көтөрүп, 1964-жылы кыргыздардын өкүлү катары Лоя Жиргага (Чоң Жыйынга) катышкан экен.  Рахманкул хан өзгө жерде жүрсө да өтө чечкиндүү жана бай болгон. Рахманкул хан убагында бир эле оогандык кыргыздарды башкарбастан, чоң-чоң жайыттарды ээлеп, соода карым-катнаштарын да, өзү көзөмөлдөп тургандыгы айтылып жүрөт.  1978-ж. Ооганда Саур ыңкылабы  деп аталган жана Кремль тарабынан козутулган төңкөрүштөн соң Кабулдагы борбордук таянычынан ажыраган хан ошол жылдын июль айында Кичи Памирдеги кыргыздардын жоон тобун Пакистанга көчүрүп кеткен. Маалыматтарга караганда, Рахманкул хан кыргыздарды АКШнын Аляска аймагына көчүрүү тууралуу да сүйлөшүү жүргүзгөн. 1982-ж. август айында Рахманкул хан 293 түтүн (1138 адам) кыргыздары менен аба жолу аркылуу Түркияга (Ван көлүнүн боюна) көчкөн. Кыргызстанда Советтер Биримдиги кулаган соң гана Рахманкул хандын ишмердүүлүгүнө оң баа бериле баштаган.

КАРАМОЛДО ОРОЗОВ
Ысык-Көл районунун Корумду айылында мындан туура 130 жыл мурун 13-октябрда улуу комузчу, композитор, Кыргыз эл артисти Карамолдо (Токтомамбетов) Орозов жарык дүйнөгө келген.  Андыктан кыргыз эли   улуу комузчу, композитордун 130 жылдыгын белгилөө алдында турушат.  Ушул күндөрү Корумду айылында,  Карамолдо Орозовдун музейин ачуу пландалып жатат. «Чоң Камбаркан», «Насыйкат», «Такмаза», «Ибарат», «Жаа толгоо», «Чоң кербез», «Жаш кербез», «Көкөй кести», «Арман күү», «Сынган бугу», «Ал сабак», «Кызыл чок» күүлөрдүн автору бүтүндөй өмүрүн кыргыз маданиятын чыңдап, музыкасын даңазалоого аракет кылган.

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ
Быйыл жүз жылдыгы белгилене турган дагы бир көрүнүктүү инсаныбыз, жазуучу, кыргыз романчылардын залкары  Түгөлбай Сыдыкбеков. Даркан жазуучу мындан жүз жыл мурун  Ысык-Көл өрөөнүндөгү Кең-Суу айылында  туулган. Болочоктогу жазуучу көп балалуу үй-бүлөдө төрөлүп, атасы оо дүйнө сапар тарткандан энесинин колунда тарбияланат. Жазмакерчиликке дилгирлиги бар бала кандай кыйынчылыктарды баштан кечирсе да окууга бел байлап,  1928-1931-жж. Фрунзедеги айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуган.  Бирок, кесибинин чыгармачылыкка такыр катыштыгы жок болсо да болочок жазуучу 1931-1936-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, 1937-1947-жж. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи, 1949-1951-жж. Кыргызмамбаста редактор болуп эмгектенип, адабий чөйрөгө аралашат.

Т.Сыдыкбеков «Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга чоң салым кошуп, «Манас» – «Сейтек» эпосунун жыйынтыкталган вариантынын 3 томдугунун үчүнчү бөлүгүн редакциялаган жана басмага даярдаган.

Т.Сыдыкбеков А.С.Пушкиндин, Н.А.Некрасовдун, Д.Бедныйдын, А.П.Чеховдун, М.Шолоховдун ж. б. чыгармаларын кыргызчага которгон. Т.Сыдыкбековдун «Люди наших дней» деп аталган романына 1947-жылы 3 даражадагы Сталиндик сыйлык берилип, кийин ал сыйлык СССРдин мамлекеттик сыйлыгы болуп аталып калган.

АШУБАЕВ ЖЕКШЕН
Быйыл жүз жылдыгы белгилене тургандардын катарын  жазуучу, акын-драматург Жекшен Ашубаев да толуктайт. Ал 1912-жылы мурунку Пржевальск районундагы Маман кыштагында туулган. Жекшен Ашубаев  жазуучулукка жаштайынан аралашканы менен көп жылдар мамлекеттик кызматтарды ээлеп келген. 40-жылдардын башында анын  «Терең кечүү» аттуу повести жарыкка чыккан. Ага чейин  «Мөмөлөрүм» аттуу пьеса жазган. Хамзанын, Хаким-заденин, Низаминин, А.Церетелинин, Т.Сатылгановдун жана калмак эпосу «Жангар» чыгармачылыгына арналган публицистикалык макалаларды жазуудан тышкары А.С.Пушкиндин жомокторун, М.Ю.Лермонтовдун ырларын жана Н.В.Гогольдун прозаларын кыргыз тилине которгон инсан дал ушул Жекшен Ашубаев болгон. Дегеле бул инсан котормо тармагында көп эмгек жасагандардын катарында биринчилерден болуп турат.

АБДРАСУЛ ТОКТОМУШЕВ
Өзүнүн котормолору менен окурмандарды багындыра  алган  Абдрасул Токтомушевдин  да быйыл 100 жылдыгы. Абдрасул Токтомушев 1912-жылы Чоң-Кемин айылында туулган. Чыгармачылык жолу 1930-жылы башталып, 30-жылдары жазылган ырлары «Балбандар» деген ат менен 1936-жылы жыйнак болуп чыгып, «Какшаалдан кат» поэмасы 1958-жылы орус тилинде басылып чыккан.

Акындын балдарга арналган «Хан жана Жуматай», «Тынчтык үнү», «Достук» ж.б. чыгармалары бар.

А.Токтомушев ыр менен жазылган «Алтын Too» аттуу романынын биринчи бөлүгү 1965-жылы, экинчи бөлүгү 1968-жылы басылып, 1974-жылы бул чыгарма Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси.  Жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеевдин айтымында, Абдрасул Токтомушев чебер котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Лермонтовдун, кубалык акын Николай Гильендин ырларын кыргызчалап, кыргыз адабиятынын казынасын байыткан.

Даярдаган Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА, «Эркин-Тоо», 23.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий