Кыргыз Бальзагынын мурастары

М.Макенбаев өзү жашап өткөн өмүрүндө кыргыз адабияты үчүн опол тоодой эмгек калтырды. Бирок, эмнегедир акыркы жылдарда кыргыз сынында, адабият таануу илиминде анын чыгармалары жөнүндө сөз деле жок. Болгону, жети-сегиз макала таптым. Анын да үч-төртөө жазуучунун көзү тирүүсүндө берген маеги экен.

1992-жылдан 2002-жылга чейинки аралык Мелис Макенбаев он эки романы менен кыргыз романдарын сан жагынан гана көбөйтпөй, сапат жактан да бийиктикке көтөргөн жылдар. СССРдин убагынан бери жетимиш, сексен жылдап жашырылып, жабылып келинген зым тикенектүү дүйнөнүн жашоосу, андагы жазылбаган мыйзамдар, эгемендүүлүк жылдарындагы рынок шарты, жумушсуздук, көпчүлүккө түшүнүксүз болгон, көрүп-көрбөгөн, билип- билбеген кыйын шарттагы жашоо тууралуу ачуу чындыктар анын чыгармаларынын тулкусун түзөт.

Замандын мындай оош-кыйышы, кыйналган элдин турмушуна арачы түшө албай калган мамлекет, оор тагдырга туш келген адамдар туурасында жүрөгү ооруган автор улам жаңы чындыкты, улам жаңы романды жазып калууга шашылган тура. Ошентип, жазуучунун романдары адам жана коом проблемасын ар тараптан жаңыча, болгондо да кыргыз романисттеринин али колу тие элек темада “кылмыш дүйнөсүнүн” чөлкөмүндө иликтеген өзгөчө чыгармалардан экенин мойнубузга алышыбыз керек.

Өмүрүнүн кыскасын сезгенсиген жазуучу өтө тездик менен талбай иштеп, кыргыз окурманына өзүнүн он эки романын калтырып кетти. Бул жагынан аны атактуу Оноре де Бальзакка салыштырсак болчудай.

Айткандай, мен диссертациялык ишимди жактадым. Коргоого келгенде адабиятчылардын, ошол кеңештеги окумуштуулардын айрымдары каршы ойлорду айтып жатышты. “Түрмөдө жаткан киши жөнүндө да илимий иш корголобу?” – дегенге чейин барышты. Бирок, мени Макенбаев чыгармаларын каякта отуруп жазды деген нерсе кызыктырбаганын, керек болсо романдарында кезиккен айрым кемчиликтери да ойлондурбаганын, анын зым тор артындагы окуяларды чагылдырган чыгармаларындагы адам жана коом маселесин изилдегендигимди айтып, мен өз чындыгымдан тайбай ишимди коргодум, анан да биздин кыргыз адабиятына абактагылардын жашоосун, андагы ачуу чындыкты жазуу менен жаңылык алып келгенин, корголуп жаткан илимий ишимдин жаңычылдыгы да ошондо экенин белгиледим. Менин жообумду адабиятчылар, кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк бөлүгү колдошту, жакшы деп баалашты.

Жашоосунда М.Макенбаев өз тагдырын өзү жараткандай. Мелис жарык дүйнөгө келген кезде атасы жаш болгон экен. “Ал бала тарбиялаганды үйрөнгөн кезге чейин эле мен чоңоюп, көчөдөн тарбия алып калыптырмын”, – деп эскергени бар. Үйүнөн качып, көчө балдарына кошулуп, күн кечирген күндөрү көп болгон. Андай жашоого Мелис өтө эле эрте келгендей.

Өзүнүн мүнөзүн айтканда ал: “Эч кимге, керек болсо атама да баш ийчү эмесмин”, – дегени бар. Ошентип, тоң моюн Мелис, эки жолу түрмөгө отурат. Биринчисинде жети жарым ай, экинчисинде үч жыл. Экинчи кесилген кезде жазуучунун курагы отуз жетиде экен. Кыркка чыкканда түрмөдөн чыгып, элүүгө толо электе дүйнөдөн өткөн. Ушул он жыл М.Макенбаев үчүн өзгөчө эргүү, чыгармачылыгынын зор ылдамдык алган жылдары болгон экен.

Жазуучунун чыгармачылыгы гүлдөп турган убагында айрым жазуучулар: “Тыйып койбойсуңарбы”, – деп каршы болушкан. Ошондо жазуучу өз күчү менен конференция уюштуруп, ошол конференцияда адабият­чылар Л.Үкүбаева, И.Абдувалиев оң бааларын беришип, ал эми О.Султанов: “М.Макенбаевдин келиши менен адабиятка жаңылык кирди” – деген. Ошондон кийин жазуучунун чыгармачылыгында даңгыр жол ачылган.

Жазуучунун өмүрү да өзүнчө кызык окуялар менен коштолгон. Ал 1954-жылы 15-октябрда Балыкчы шаарында төрөлгөн. 8-классты аяктаган соң Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайына келип кирет. Бирок, аны толук аяктаган эмес. Кийин 1972- жылы Кыргыз мамлекеттик университетине кирип, аны 1977- жылы аяктаган. 1978-1980-жылдары “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы болуп иштеген. 1980-жылы жазуу­чунун “Балалык” деген биринчи повестинин үзүндүлөрү ”Ала-Тоо”журналына жарыяланган. Бул повести үчүн Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. Кийин ал бир топ жыл ар кайсы жерде жүрүп түркүн иштерди жасаган. Сокмо согуп, шыбакчы да болгон. Тапкан акчасына кийим алганды жакшы көрчү дешет. Бирок, тез эле купайке кийип келип калчу. Көрсө, аны көчөдө жүргөн селсаяктарга берип же жерде томолонуп жаткан бирөөнүн үстүнө жаап койчу дешет.

Бир туугандары бала кезинен эле эртелеп үйдөн кача баштаганын, бир жерге тура албаган мүнөзүн кеп кылышты. Окуп жүргөндо чоң муштум болгонун, бирок кийин аларын эстеп өкүнгөнүн, кийин эки жолу үйлөнгөнүн, кайра ажырашканын билдим. Ошондо апасы: “Жакшынакай эле келинчегиң турат, жөн жаша!” – дегенине: “Мага түз жүргөн, тамагымды жасап, көйнөгүмдү жууган аял эмес, балким мага зек аял керектир”, – деп жооп берип, аябай тил укканын айтышты. Балким, ошондо чыгармачылык таланты жанын жай алдырбай жүргөндүр. Өзүн түшүнгөн адам издеген чыгаар.

Бул ыр жазуучунун калемине таандык:

Келген кезде эшик кагып акыр саат,
Коштошкону келээр бекен таанышым.

Дарманы жок кебетемди табалап,
Кандай ойдо калаар экен душманым.
Кабарымды угаар замат шашылып,
Чогулабы баш жагыма балдарым.
Же болбосо таарынычы күч алып,
Көрсөтүшөөр пендечилик кыялын.
Калган-каткан сезимимди тебелеп,
Өмүр кечи батып барат кантейин.
Күрөш менен өткөн күндөр эсимде,
Эл журтума мээнет кылдым анчейин.

Акыркы ыры деп аталган бул ырды бир туугандары катып жүрүшкөн.

Макенбаевдердин үй-бүлөсүнүн да чоң арманы – кайткыс сапар тартып бара жаткан акыркы мүнөттөрүндө жазуучунун кашында баласынын, бир туугандарынын эч кимиси болбой, акыркы сөзүн укпай калышканы. М.Макенбаев өзүнүн көзү тирүү кезинде иниси Таалайга “Шамал түнөгөн шаар” аттуу романын кол жазма боюнча берген. Ал романын ошол боюнча сактап келген экен. Эми Кудай буюрса, жакын арада бул тогуз томдон турган романынын үзүндүлөрүн “Ала-Тоо” журналына жарыялайбыз деп турушат.

Мира СЫДЫКБАЕВА, филология илимдеринин кандидаты, КМЮАнын доценти,
“Кыргыз Туусу”, 23.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий