«Биздиз Акбар агай окуткан!»

29-октябрда ОшМУда А.Сыдыковду эскерүү кечеси жана республикалык илимий-практикалык конференция өтүү белгиленүүдө. Мына ошого карата төмөндөгү макаланы жарыялайбыз.

Ош мамлекеттик педагогикалык институтун өткөн кылымдын 70-80-жылдары бүткөндөр ушул сөздү сыймык менен айтып жүрөбүз. Мен жумушума байланыштуу өлкөнүн көптөгөн мектептерин кыдырдым – болбогон районум, болбогон мектебим жокко эсе, ошолордун баарында бизден мурда-кийин бүткөн «ОГПИчилер» менен кездеше калганда сөзсүз Акбар агайды эстеп алмайбыз бар. Анан ал кишинин өмүрүнүн кыскалыгын айтып улутунуп калабыз.

Акбаралы Сыдыков агай менен менин жолугушуум 1972-жылга туш келди. Он алтымда онду бүтүп, оозуман эне сүтү кете электе Ошто окуу бактысы туш келди. Бизге, жакынкы райондордон келгендерге, жана таанышы жокторго ал кезде жатакана берилчү эмес. Мажүрүм- Тал көчөсүнөн «Оо, айа, квартира, борми» деп, батир издемей. Ошондо бир курсташыбыз, оозун ачса өпкөсү көрүнгөн Алтымыш деген барбалаңдаган бала бизди ээрчитип, шаардын чыгыш жагындагы Кыргыз-Чек деген айылына алып кетет. Анын үйүнүн бетмаңдайында чүкөдөй болгон бир абышка жашайт. Бул Сыдык ырчы, убагында Парпы менен айтышкан чоң ырчы болгон деп калат Алтымыш. Ырасында биз анда ырчысы менен да, сынчысы менен да ишибиз жок, «декан», «куратор», «староста» деген сөздөрдү жаттай албай, эптеп жатар жай болсо ошого каниет кылып жүргөн кез.

Ары-бери өткөндө Алтымышты туурап аксакал менен кол беришип учурашып коебуз. Авабыздын балдары бүт билимдүү, булар туулгандан орус тилин билип туулушат деп суктана Алтымыш айтса, орусча алты ооз билбеген бизге ал үй-бүлө жомоктогу кереметтердей сезилчү.

Ошол Сыдык ырчы балдары жөнүндө айтып калчу. Акбар деген уулум силерди окутабы деп сурай берчү. Биз анын кичинекей бала дегендей караган Акбары көрсө кырктын кырына барып калган чоң эле киши экен. Чөптөн, пахтадан келгенден кийин сабак бере баштады. «Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынан» окутуп кирди. Көрсө, Сыдык ырчынын уулу, биздин Алтымыштын кошунасы институттагы эң билимдүү, дарсты келиштирип окуган таланттуу адис экен. Ошентип бизди – айылдан жаңы гана көчүрүлүп келген көчөттөрдү Акбар агай өзүнүн Москвадан алып келген билими менен сугара баштады. Бизди тээ тереңдерге – Манастын дүйнөсүнө баштап кетти: бир карасаң куду Саякбайча Манас айтып кирет, бир карасаң баатырлардын трагедиясында аралашып жүрөт, бир карасаң алардын күлкүлүү окуяларын айтып аткан болот, бир карасаң өзү «Манасты» кантип Москвада коргоп чыкканын сүйлөп жибергенине туш болосуң. Азыр да Акбар агайдын кыргыз фольклорун дүйнөлүк көркөм маданият менен типологиялык-салыштырма аспектиден караган лекциялары, адабият теориясынан окуган дарстары, «Манас» боюнча өткөн атайын курсу кадимкидей кулагымда жаңырып турат.

Биз Ошто Акбар агайдан билим алган ошол кездеги студенттер канчалык билимдүү, канчалык адабиятка жакын болсок, ошол жакшылыктарыбызга жол ачып бергендердин эң башында ушул Акбар агай турарын бүгүн тартынбай айта алабыз, бүгүн ошого сыймыктанабыз.

Ошол жылдары Акбар агай тууралуу мындай сөз тараган: Москвада өзү окуган М.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуп жүргөндө «Манас» эпосун орусчага (!) подстрочный (мааниси боюнча) которуп бериптир. Анын котормосун көргөн алчы-таасын жеген жөөт фольклорист-академик, докторлор бул жигиттин кыргыз экендигине, болгондо да айылдык мектепте мугалим болуп келген кыргыз экенине ишенкиребей карашыптыр. Кийин анын өзү менен сүйлөшүп, көрүп-билип, бул жигитти СССР Илимдер Академиясына алып калууга аябай аракет кылышыптыр…

Бирок… Ал жагын так айта албайм, айтор, Акбаралы Сыдыков «Манас» эпосундагы эрдиктин (баатырдыктын) идеалдары боюнча кандидаттык ишин жазуу, коргоо менен гана алектенбестен, дүйнөдөгү теңдешсиз татаал, көп катмарлуу дастанды орусчага которуу, орус илимпоздоруна жеткирүү, андан ары дүйнөгө таратуу жумушуна чоң көмөк көрсөтүптүр. Тилекке каршы, анын бул эмгеги көмүскөдө кала берди…

Акбар агайдын бир хоббиси боло турган, бул – кроссворд сыяктуу башкатырмаларды чечүү өнөрү. Эгер гезит-журналдардан ушундай мээчакмайларды көрсө басып жыгылчу да, кемпир шабдоолу жегенче баарын таап, оомийин кылчу. Анда азыркыдай жайнаган сканворд, кроссворд гезиттери жок кез, эң эле татаал кроссворддор жүздөй тапшырмасы менен эң популярдуу «Огонек» журналына басыла турган. Балким ошондон 5 миллиондой нуска менен чыккан журналдагы кроссворддордун жообун 5-6 киши гана тапса керек эле, ошолордун бири биздин Оштогу Акбар агай боло турган. Эгерде азыр Акбар агайбыз болгондо жанагы ОРТ телеканалынын «Поле чудесинин» да, «Кантип миллионер болуу керегинин» да пачагын чыгармак, алардын тапшырмалары биздин агай үчүн оюнчук болуп калмак. Ушундай эрудициясы бай, кругозору кеңири киши эле…

Агай Москвадан чыккан «калың журналдарды» калтырбай окучу. Бизге да окууга сунуш кылар эле. «Новый мир», «Дружба народов», «Нева», «Москва», «Октябрь», «Роман-газета» деген сыяктуу журналдарга жазылып алган эле. Андагы өзүнө жаккан чыгармалардын мазмунун бизге да айтып берчү. Бир жолу ошентип адабият теориясы боюнча дарсында Юрий Казаковдун «Тедди» деген чыгармасынын мазмунун айтып берген. Ушунчалык берилип, ушунчалык жандуу кылып айтып берди дейсиз, жөн эле орустун чебер аңгемечиси биздин агайга чендебей калды. Чыңгыз Айтматовдун да ар бир орусча чыккан чыгармасын, интервьюсун бизге окуп келүүгө сунуш кылчу, эгер биз окуй албай калганыбызды билсе, өзү жазуучудай жандуу кылып, кыргызча айтып берчү.

Акбар Сыдыков табиятынан акын эле, кылдат эстетик, сүрөтчү эле, ошолору анын бизге окуган лекцияларынан да сезилип турчу. Аңгеме жазарын билген эмеспиз, кийин ал шыгын китептерден окуп билдик.

Дагы бир деталь: бир жолу агай көчүп калды. Биздин, анда акыркы курс болуп калганбыз, көчүрүшүп коюубузду суранды. Макул болуп институттун жатаканасынан шаардык аскер комиссариаты аймагындагы үйгө көчүрө баштадык. Ошондо көрдүк, агайдын байлыгын – жалаң гана саартан кечке китеп ташыдык, «Дүйнөлүк адабияттын китепканасынын» 200 томдугу баш болгон не бир керемет китептер. Мындай китептер ошол кезде областтык китепканада да жок болчу. Биз агайды жайгаштырып бүткөндө ал киши бизди студенттердей сезген жок, бүгүнкү отурушубуз «мини-акыркы коңгуроо» болсун деп, бүтүрүүчүлөр катары акыл-насааттарын айтып, ичимдик бузуп берип, өзү жөнүндө да дил сырын айтып, теңтуштардай божурап отурду. Биз Сыдык аке, Манас аба, Турдубай, Алтымыш ал үйдөн ушундай бир эргүү алып, жеңилдеп, байып чыккандай шаар көчөсүнө батпай, ушул сүйүнүчүбүздү курсташтарга барып мактанганы шашып бараттык…

Насип кылып, кийин агай менен чогуу иштеп калдым. Ал киши сырттан окуу бөлүмүнүн деканы эле. Мен окуткан группадан курстук иш алып, анан ошол иштердин бирөөсүнүн колжазмасын кайрып бердим, машинкага бастырып келүүсүн талап кылдым. Бир убакта декан чакырып атат дегенинен барсам, агай баягы колжазманы кармап туруптур, мага аны сунуп, «эгер иштин ичи татыктуу болсо, колжазма менен кандидаттык коргоого да болот» деп колума карматты.

Мындай үлгү белерлик окуялар көп эле болду…

Агайды акыркы мертебе биздин айылдык Аран Мамажунусов болуп барганда көрдүк. 1982-жыл болсо керек эле. Күздө Араван районунда пахтада элек. Аран ака курсташы катары Акбар агайды абдан сыйлачу, көп сөз кылчу, анда ал Ноокаттын Свердлов атындагы орто мектебинде директор, мен мугалим. Экөөбүз жөнөп калдык, Гүлбаардан бир бөтөлкө салып алдык. Агай жакшы тосту. Ооруп айыкканы, Москва жактанбы, дарылануудан келгени билинип турат. Биздин кастарлап алып барганды сервантынын барына ачып салды эле, биздин арак алеки түрдүү-түмөн бөтөлкөлөрдүн ичинен изин таппай калды. Аран аке экөөбүз кийин ушуну көпкө айтып жүрдүк…

Акбар агай ошондо курсташы Аран аке менен эзилишип сүйлөшүп алган. Ошондо балким коштошуп жаткан белем, керээзин айтып жаткан белем, айтор, мен көп кенебептирмин…

Кийин-кийин Акбар агай тууралуу Бектурсун Алымов түзгөн «Бүтпөгөн дастан» деген китепти окугандан соң биздин насаатчыбыз, агайыбыз, таалимчибиз ким болгонуна дагы бир жолу сыймыктанып, дагы бир жолу көтөрүлүп алгамын…

Менден бир ийгилик же кичине жакшылык болсо «Бизди Акбар агай окуткан» деп сыймыктанып айта алам…

Шакирттин бактысы ушунда эмеспи…

Абдыкерим Муратов, «ZAMAN Кыргызстан» гезити (“Дем”), 31.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий